Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Медиа

Электрондук өкмөт аркылуу бюрократиянын азайтуу
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 30 Jan, 2012 – 17:43 | No Comment

Эгерде коомдо бюрократиянын чектелбеген иш-аракеттери боло турган болсо, анда экономиканын бардык мүмкүнчүлүктөрүн туура колдонуу менен дүңгүрөп өсүүсүн элестетүү кыйын. Бүгүнкү күндө бюрократиянын аштоосуна бөгөт койбосо болбогондой, антпесе ал коомдук көйгөйгө айланып дагы калды. Бизнести жөнү жок текшерүү жана көзөмөлдөө – бул кереги жок нерсе экенин баары түшүнө баштады. Кандай жол менен бюрократияны кыскартууга (дебюрократизация) болот – өкмөттүн функционалдык бөлүгүн кыскартуу мененби? Бул макалада эң эффективдүү ыкмалардын бири болгон – электрондук өкмөт жөнүндө баяндайбыз. Ар бир мамлекеттик мекемени дыкааттык менен карап чыгып, алардын иш-аракетин кескин кыскартпасак, электрондук өкмөттү ишке ашыруу максатыбызга жетүү кыйын.

Түштүк Корея, Эстония жана Сингапур мамлекеттеринде электрондук өкмөт (ЭӨ) күнүмдүк турмуштун эле көрүнүшүнө айланган. Казакстанды ала турган болсок, ал жерде мамлекеттик башкарууда ЭӨ киргизүү менен көптөгөн жетишкендиктерге жетише башташты. Ал эми Кыргызстанда бул тууралуу көптөгөн талкуулар жүрүп келгени менен, тилекке каршы, калктын көп катмарында электрондук өкмөттүн артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты билгендер жокко эсе.

Электрондук өкмөт – бул өлкөнүн жарандарына жана бизнеске маалымат технологияларын колдонуу менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыкмасы болуп саналат. ЭӨ иш кагаздарын жүгүртүүдө жана башкаруу процесстерин автоматташтырууга шарт түзөт. Мисалы, сиз өзүңүздүн маалыматыңызды ар бир мекемеге алып баруунун кажети жок, ал маалыматты бир гана мекеме кабыл алат, башкача айтканда мекемелер аралык маалымат алмашууну мамлекет өзү колго алат. Анда паспортту, айдоочу күбөлүктү, күбөлүктү, уруксаат берүүчү кагаздарды алуунун убактысы жарым сааттан ашпайт. Жарандар жөнү жок убакыттарын, каражаттарын коротпостон, керектүү маалыматтарды мамлекеттик органдардандын электрондук базаларынан бир нече мүнөттүн ичинде таба алышат. Ар бир адам өз үйүнөн чыкпастан эле, мамлекетти башкарууда да өз салымын кошо алат. Технологиянын өнүгүүсү менен шайлоолорду интернет аркылуу өткөргөнгө да шарттар түзүлгөн, бул өз убагында шайлоого кеткен убакытты жана каражаттарды кескин азайтканга алып келет.

Электрондук-санарип кол коюу (ЭСК) – бул электрондук өкмөттүн эң негизги аспабы жана кадимки кагаздарга кол коюудан баш тартуунун бирден-бир булагы болуп саналат. Бул аспапты колдонууда ар кандай макулдашуулардын жана уруксат берүүчү кагаздарынын саны кескин түрдө кыскарат. Электрондук өкмөттүн кагазы жок иш-кагаздарын жүгүртүү иштеринде, биз миллиондогон бюджеттик каражаттарды үнөмдөп калат элек. Бир гана Экономика жана монополияга каршы министрлигинин бир айлык чыгымын алсак, иш-кагаздарын жүгүртүү үчүн кеткен чыгым 1,5 млн. сомду түзөт экен. Жогорудагы технологияны ишке киргизүү менен мекемелер аралык кагаз документтерин ташуу, же аларды райондук, облустук, борбордук бийлик арасында жүгүртүү өз актуалдуулугун жоготот.

E-stonia

Электрондук кызмат көрсөтүү жагынан Эстония мамлекети дүйнөдө биринчи орунда турат. Эстонияда “өкмөт бизнеске” (G2B) деген кызматташуусу, бизнеске болгон чектөөлөрдүн кыскарышынын негизинде өнүккөн, мисалга алсак, бул өлкөдө кандайдыр бир компанияны интернет аркылуу каттоодогу сарпталган убакыт 18 минөттү түзөт! Электрондук тармак аркылуу каалаган лицензия жана сертификатты алууга болот. Контролдоочу мекемелердин кызматкерлери менен түздөн-түз сүйлөшүү кыскарган, бул болсо коррупциянын көлөмүнүн азайышына алып келген. Калктын 90%дан ушуун салык декларацияларын интернет аркылуу толтурушат жана жөнөтүшөт. 2005 жылдан тартып Эстония мамлекетинин жарандары кайсы гана жерде болбосун, шайлоо убагында интернет аркылуу шайлаганга шарттар түзүлүп берилген.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин ишин жүзөгө ашырууда, электрондук башкаруу жергиликтүү калкка бийликтин иштерине катышууга шарт түзүп берет. Кабыл алына турган чечимдер тууралуу маалыматтар менен жарандарды камсыз кылуучу өлкөдөгү баардык муниципалдык башкаруу органдарынын официалдуу сайттары бар. Муниципалитеттин отурумунда каралуучу кандайдыр бир маселеге жергиликтүү калк “макул” же “каршы” деген добушун бере алат. Ушундай иш чараларды өткөрүү менен жергиликтүү бийлик жарандардын оюн, алардын бийликке болгон ишенимин биле алышат.

Эстония мамлекети ЭӨ программасын, өлкөдө информатизациялоонун деңгээлинин төмөндүгүнө карабастан ишке киргизген. Биздин мамлекеттин ушул тармактагы окшош абалын эске алып, бул балтика мамлектинин жүргүзгөн тажрыйбасын биз да колдонсок болот. Эстонияда ЭӨ долбоорун иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу, бул тармакты жакшы өздөштүргөн бизнес чөйрөсүнө тапшырылган, ал эми мамлекет болсо алармандын гана ролун ойногон.

Биздин курулай аракеттер жана иммитациялар

Кыргызстанда ЭӨ долбоорун ишке ашыруу демилгеси жөнүндө көбү биле беришпесе керек. Кыргызстанда бюджетти автоматташтыра ала турган, анын ачыктыгын жогорулатуу үчүн “IS: Казына. Бюджет 1.0” деген маалыматтык системасы иштелип чыккан. Тилекке каршы бюджеттик процессти автоматташтырууга кандайдыр бир себептердин негизинде каржы министрлиги жана борбордук казыналык ишке ашыра алышпай жатышат. Башка мекемелерде иштеп келе жаткан автоматташтырылган долбоорлор, эл аралык донорлордун каржылоосу токтогонуна байланыштуу кыймылдабай турат. Системалык, ырааттуулук ыкмасы жок болгондуктан, кээ бир министрликтердеги түзүлгөн электрондук базалар бири-бири менен төп келишпей, иштебей турат. Бийликте отурган кээ бир чоңдордун жаңы технологиялык стандарттарга өтүүнү каалабастыгы, бул проектти ишке ашыруу боюнча демилгечи топту аябай үмүтсүздөндүрөт.

Read the full story »

“Google Translate Кыргызча” долбоору
Written by Рысбек Арунов, Tuesday, 3 Jan, 2012 – 13:50 | No Comment

Бүгүнкү күндө интернет колдонуучуларынын көбү Google сайтын билсе керек. Ал сайт аркылуу керектүү маалыматтарды таппастан, каалаган сөздөрдү же болбосо тексттерди да которууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Google Translate аркылуу бизге керектүү маалыматтарды, Googleга киргизилген 56 тилдин каалаганына которо алабыз.

Долбоордун негизги максаты кыргыз тилин “Google Translate” кызматына киргизүү. Кийин кыргыз тилин дайым колдой турган интернет платформасын түзүү болуп саналат. Бул кызмат аркылуу жеке гана сөздөрдү, тексттерди которбостон, веб баракчаларын да которууга шарттар түзүлгөн.

Бул кызматта кыргыз тилинин пайда болушу, биздин тилдин сакталып калышына, анын өнүгүүсүнө чоң шарттарды түзүп бере алат. Башка тилдерде сүйлөгөн адамдар кыргыз тилиндеги ресурстардан маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Борбор Азия мамлекеттериндеги тилдердин арасынан эң биринчилерден болуп Google Translateке кыргыз тили киргизилип жатат. Бул кыргыз эли үчүн өтө сыймыктана турган жаңылыктардын бири.

Ушу убакытка чейин өкмөт жазабаган иштерди, күчтүү, билимдүү, кыргыздын патриот уулдары биригип, жакшы иштерди жазап жатканына алкыш айтышыбыз керек.

Кепти эми бул кызмат кантип иштээрине бурсак. Буга чейин бирдей маанидеги кыргызча жана орусча тексттер же сүйлөмдөр кошулса, азыркы убакта кыргызча жана англисче тилдеринде киргизилип жатат.

Анткени, кыргызча маалыматтарды француз тилине которобуз десек, ал маалымат биринчи орус тилине которулуп, анан англис тилине, акырында француз тилине которулат. Мындай учурда баштапкы маалыматтын кээ бир жерлери өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Ошого байланыштуу кыргыз-англис тилинде маалыматтар киргизилип, башка тилдерге которууда англис тили ортомчу болуп, башкы маалыматтын мазмунун толук сактап кала алат.

Мындан тышкары интернетке кирүүчүлөр, эгерде аларда кыргыз жана англис тилдеринде даяр маалыматтар бар болсо, анда алар өз алдынча сайтка кирип, ал маалыматтарды кошо алышат.

Ал үчүн www.enetil.kg сайтына кирип, катталып, долбоор кошуу деген бөлүкчөгө кирип, өзүңүздүн маалыматтарыңызды кошо аласыз. Бул видео аркылуу маалыматты кантап киргизүү керек экенин билсеңиз болот.

Бүгүнкү күндө системдеги баардык сөздөр 599,227 сөз, алардын 460,757 сөзү каралууда, ал эми 135,435 сөз киргизилген.

Бул долбоордун уюштуруучуларынын максаты 1млн.сөздү киргизүү болуп саналат, эгерде ошончо сөз киргизилсе, “Google Translate Кыргызча” долбоору толук кандуу ишке киргизилет экен.

Урматтуу окурман эгерде сиз бул долбоорго жардам берем десеңиз, даяр маалыматтарыңызды жогорудагы сайт аркылуу киргизсеңиз болот. Ал эми акчалай жардам бергиңиз келип жатса, шаардагы соода түйүндөрүндөгү Qiwi терминалдары аркылуу кирип, ал жерден “Google Translate Кыргызча” долбоорун таап, каалаган суммаңыздагы акча жүктөп колдой аласыз.

Эгерде билсеңиздер, акыркы жылдары кээ бир эксперттер кыргыз тилин дүйнө жүзүндөгү жоголуп бара жаткан тилдерге кошо башташкан. Биз өз тилибизди өнүктүрүшүбүз керек, улут өз тили менен улут – деп бекер айтылбаса керек.  Ошондо гана кыргыз тилин сактап кала алабыз.

Келгиле достор биргеликте эне тилибизди өнүктүрөлү.

Twitter дүйнөсүнө кош келиңиздер!
Written by Lazat, Thursday, 22 Dec, 2011 – 8:31 | No Comment

Мобилдүү, коммуникабелдүү жана заманбап интернет технологиялары менен жакындан тааныш  болуу  – учурдун талабы. Андыктан, твиттер дүйнөсүнө кош келиңиздер!

Твиттер деген эмне?

Twitter (Твиттер) -  140 белгиден турган кыска кабарды жарыялоого мүмкүндүк берген микроблогинг платформасы.  Twitter - англис тилинен которгондо “чыйпылдоо”,  “сайроо”, “кепирлешүү”  дегенди түшүндүрөт. Өзү эле айтып тургандай, бул достор менен баарлашууга, жаңы тааныштарды күтүп,   акыркы жаңылыктар менен  кабардар болууга ылайыктуу байланыш түйүнү.

Өзүнүн катышуучуларына твиттер бир гана жөнөкөй суроого жооп берүүнү сунуш кылат: «Азыркы учурда эмне кылып жатасың?» (англ. «What are you doing?»). Бирок,  суроону түз кабыл албаңыз. Эгерде, ар ким эле эмне кылып жатканын жаза берсе, бул сервис мындай популярдуулукка ээ болбойт эле.   Твиттерде  өзүңүздүн оюңузду жана идеяларыңызды жазып, жаңылыктар жана кабарлар менен бөлүшсөңүз болот. Ошол эле учурда, башка колдонуучулардын  жаңылыктары менен таанышып, өзүңүздүн жарнамаларыңызга  жооп ала аласыз. Жүздөгөн колдонуучуларга байкоо жүргүзүп, бир теманын тегерегинде баарлашып жаткан адамдардын сөздөрүнө кийлигише берсеңиз болот.   Мындай кабарлар аркылуу коомдо болуп жаткан жаңылыктар  жөнүндө кабардар болуп турасыз.

Твиттердеги эң биринчи кабар же твит  20006-жылдын 21-мартында твиттердин негиздөөчүсү Джек Дорси тарабынан жазылган. Ал убакта долбоор twttr деп аталгандыктан, ал “жаңы гана өзүмдүн биринчи twttr мди жасадым” деп жазган. Ушул эле жылдын 15-июлунда твиттерге баардык каалоочулар өз жаңылыктарын жазууга мүмкүнчүлүк алышкан.   Аз убакыт ичинде твиттер  чоң популярдуулукка ээ болуп,  2011-жылдын 1- январына  твиттерде 200 млн. ашык  колдонуучу  катталган.

Твиттердеги башкы түшүнүктөр:

Твит – твиттерге жарыяланган кабар.

Following (фолловинг) – сиз активдүүлүгүнө байкоо салып, “жолун жолдогон” твиттер колдонуучусу.

Follower (фолловер) –  сиздин артыңыздан жолдогон твиттер колдонуучусу.

Reply (реплай) –  кабарга берилген жооп; реплай аркылуу сиз башка твиттерчилердин маалыматына комментарий жазсаңыз болот. Реплай төмөнкү формада жазылат: «@USERNAME кабардын тексти».

Mentions (Меншионc) – өз кабарыңызда кимдир-бирөөнү көрсөткүңүз келсе,  анын твиттердеги атын жана анын астында @ белгисин коюу керек; твиттерде сиз өзүңүздү болгон эскерүүлөрдү дагы ушул белги боюнча текшерсеңиз болот.

Direct Message/ DM (директ месседж) –   ачык эмес, бир же бир нече адамга гана түз жиберилген жашыруун  кабар.

Retweet (ретвиит)- фолловингиңиздин жаңылыгын таркатуу же жайылтуу максатында фолловерлериңиздин арасында дагы бир жолу кайталап жарыялоо.

Hashtag (хэштег) – бир темага же окуяга байланышкан сөз же фраза; ал аркылуу адамдар кабарларды бириктире алышат.

Activity (эктивити) –  микроблогдо сизге байланышкан твиттерчилердин жасаган иш-аракеттери.

Твиттерянин – твиттердин активдүү колдонуучусу.

Твитертаст – твиттердеги пассивдүү колдонуучу.

Белгилүү хэштегдер:

#freekg  –  «Эркин Кыргызстан» деген маанини түшүндүргөн бул хэштегти твиттерчилер көбүнчө өлкөгө байланыштуу жана маанилүү жаңылыктарды жазганда колдонушат;

#enetili  же #2kun-  ар жуманын экинчи күнү твиттерчилер бул хэштегтин астында  кабарларды кыргыз тилинде гана жазышат;

#JashtarCamp  – өлкөнүн жаштарын бириктирген  маалымат жыйынын чагылдырган хэштег;

#FridayFoolow  – бул хэштег аркылуу ар жума сайын (бешинчи күнү) твиттерчилер өзүлөрүнүн фолловерлерине кызыктуу же жаңы твиттерчилерди сунушташат.

Урматтуу окурманым,  сиз твиттер жөнүндө билип,  андагы негизги түшүнүктөр жана белгилүү хэштегдер менен тааныштыңыз. Эми, аны өздөштүрүүгө жана багынтууга убакыт жетти. Твиттерге катталуу эң жөнөкөй жана ал үчүн www.twitter.com сайтына өтүп катталыңыз! Ийгилик!

Кыргыз Уикипедиячыларынын Биринчи Республикалык жыйыны
Written by adilet, Friday, 25 Nov, 2011 – 17:48 | No Comment

Урматтуу котормучулар тобу жана блоггерлер!

Катышыңыздар!

“Сорос-Кыргызстан” Фондунун маалымат программасы “Кыргыз Уикипедиячыларынын Биринчи Республикалык жыйынына” катышууга чакырат!

Максаты:

Кыргыз уикипедиясынын өнүктүрүүчүлөр жамаатын колдоо аркылуу эркин толтурулуучу http://ky.wikipedia.org энциклопедиясын өнүктүрүү. Жыйындын катышуучулары wikipedia энциклопедиясын толтуруу ыкмаларына үйрөтүлөт. Үйрөтүү тажрыйбалуу укипедиячылар тарабынан жүргүзүлөт. Үйрөтүүдөн сырткары сиздерди кызыктуу мелдештер, оюндар жана байгелер күтүп турат.

Жыйындын орду жана мөөнөтү:

Керемет Ысык-Көлдүн жээгинде Талисман Вилиж эс алуу борборунда Бештин айынын (декабрь) 16-18 чейин өтөт.

Ким катыша алат?

Кыргыз тилиндеги маалыматтарды өнүктүрүүнү каалаган жана кыргыз тилинде “Эмне үчүн уикипедияны кыргыз тилинде өнүктүрүү керек?” темасында баян (эссе) жазып жиберген кыргыз жарандары. 2011 ж. Бештин айынын 2сине (2 декабрь) чейин жазма баяндарды жана резюмеңизди wikiweek@gmail.com э-дарегине жөнөтүңүз. Сынакка талапкерлик кылгандар арасынан 10 катышуучу тандалып алынат. Жыйынга түз сынак аркылуу өткөндөрдөн сырткары ЖОЖдор аркылуу жөнөтүлгөн студенттердин тобу катышат.

Google Translate Кыргызча.
Written by Төлөгөн Аматов, Wednesday, 2 Nov, 2011 – 15:21 | No Comment

Google Translate котормосуна кыргыз тилин киргизүү боюнча долбоор.

Бул долбоордун максаты – тил которуу боюнча дүйнөдөгү эң таанымал “Google Translate” кызматына кыргыз тилин киргизүү жана кыргыз тилин такай колдоо үчүн интернет платформасын түзүү.

Google Translate котормочусу – бул 58 дүйнө тилинин ортосунда көз ирмемде которуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү акысыз котормо кызматы. Ал сөздөрдү, сүйлөмдөрдү жана веб барактарды киргизилген тилдердин каалаганынан каалаганына которо алат.

“Кыргыз тилинин “Google Translate-те” пайда болушу… Read the full story »

Реформаторлор же шүмшүктөр командасы
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 22 Oct, 2011 – 12:34 | No Comment

Мамлекетке жана элге эң коркунуч туудурган бул – реформаторлор.Ал эми революция алар үчүн жашоонун булагы”. Генри Брукс Адамс (1838-1918), тарыхчы.

Акыркы 2-3 жылдан бери дүйнөдөгү мамлекеттерде болгон реформалар жөнүндө көптөгөн чоң талкуулар болуп келүүдө. Алсак, Грузия мамлекетиндеги реформаларды көбү мисал кылып келишет.

Чындыгында чоң өзгөрүүлөр бар, ошол эле учурда жүргүзүлгөн реформалардын терс жактары да болбой койбойт. Жалпысынан алганда бул мамлекетте көптөгөн өзгөрүүлөр жүрүп, башка начар мамлекеттерге чоң мисал боло алды.

Бийликке көптөгөн жаңы, жаш, таза жана профессионал кадрлар келишти. Буларды биз реформаторлор командасы деп так айта алабыз.

Ал эми биздин мамлекетибизди алсак, реформаторлор эмес тоногучтар командасы келди деп айтууг болот.

Эгемендүүлүктү алган жылдан тартып, өлкөдө баш мыйзамды өзгөртүүнүн реформаторлору гана болбосо (реформаторлор деп деле айтууга тил барбайт. Башка өлкөнүн баш мыйзамынын көчүрмөчүлөрү – ушу туура болотго), системаны толук өзгөрткөнгө эч кимдин күчү жетпеди.

Ушуга чейин үч жетекчи келди, эч кандай реформанын жыты жыттанбайт. Реформа жасадык деп бир министерствонун, агентсвонун жетекчисин алмаштырып, кызматкерлеринин санын кичине кыскартымыш болушат, булар үчүн ушу реформа аталат.

Ар бир өкмөт башчы келген сайын министликтерди кыскартат же көбөйтөт, анан бир эки кызматкерин кетиримиш болуп, коомчулукка жар салып, реформа жасаган кейпин көрсөтүшөт. Мына бизде жүргүзүлгөн реформалардын негизги өзөгү ушу.                                            

Кыргызстанда реформаторлор деп кимди айта алабыз? Негизи ушундай адамдар барбы бизде? Бар болсо кимдер? Алар кандай реформа жасай алышты? 5 каналды парламеттик канал кылгандарды, бийликтин ар кайсы бутактарын өзүнүн менчигиндей кылып, үчкө бөлгөндөрдү, криминал менен коюн колтук алышып, аларды актап боштондукка чыгарып жиберген жетекчилерди реформаторлор деп айта алабызбы? Жок, аларды жеп-ичкичтер, тоногучтар деп айта алам.

Реформа такыр жок деп да айтууга боолбойт. 2008 жылы бизнес жаатында жүргүзүлгөн реформалардын негизинде Кыргызстан Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлүүчү “Бизнес жүргүзүү” сурамжылоосунда, алдыңкы 10 өлкөнүн ичине кирген.

Бул да болсо жакшы көрсөткүч. Акыркы убактары Экономикалык Тескөө Министри У.Ташпаевдин сунуштаган сунуштарын да колдоого алса болот.        Мисалы, саны көп, сапаты жок мамлекеттик органдарды жоюу, виза маселеси боюнча иштер.

Өлкөнүн өнүгүшүнө ишенем. Келечекте көптөгөн реформалар жүрүп, биз да башка мамлекеттерге мисал боло алабыз. Аны үчүн бөлүнүп жарылбай, баарыбыз реформа жасашыбыз керек.

Телекоммуникация – Кыргыз Телеком
Written by adilet, Saturday, 1 Oct, 2011 – 15:45 | No Comment

 

Байланыш азыркы убактагы эң пайдалуу өндүрүш тармагы экендиги баарыбызга белгилүү. Себеби интернет, электрондук почта, IP, IT жана башка байланыш кызматтары жок күнүбүз өтпөйт. Азыр байланыш тармагы жок күнүмдүк турмуш-жашообузду элестетүүнүн өзү кыйын. Эмне үчүн майлуу-сүттүү тармактарды өкмөтүбүз жакшы пайдалана алышпайт? Мындай тармактардан эффективдүү башкаруу болсо эле бир жылда тапкан пайдасы эле 30-40 млн. доллардан кем болушу мүмкүн эмес. Мындай тармактардын катарына “Кыргыз Телеком” да кирет. 

“Кыргыз Телеком” ачык акционердик коому өлкөдөгү байланыш боюнча башкы операторлордун бири болуп эсептелинет жана бул ишканага азыркы замандын талаптарына жооп бере турган өлкөдөгү жаңы маалымат структурасын түзүү талабы жүктөлгөн. Бул ишкананын телекоммуникациялык тармактагы биографиясы 130 жылды түзөт. Бул убакыттын ичинде ишкана айым башкарган жөнөкөй коммутатордон баштап, санариптик телефондук станцияларга жана жаңы телекоммуникациялык жабдууларга жетишкен. Абоненттердин өсүшү жана жарандарга кеңири көрсөткөн тейлөөлөрү ишкананын стабилдүү өнүгүп жатканына далил болуп бере алат. Улуттук оператордун башкы максаты – Кыргызстандын ар бир жашоочусу өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун, дүйнөнүн баардыгы менен байланышта болуш керек.

Баарыбызга белгилүү болгондой мамлекеттик ишканалардын азыркы кебетеси абдан эле начар десем болот. Анткени, мамлекеттик болгондон кийин коррупциянын деңгээли жогору болуп, бул ишканалар эффективдүү иштебей жатат. Мындай ишканалардын катарына Кыргыз Телеком, Энергетика тармагы, ТЭЦ, Дастан, Кыргызгаз, ГЭСтер киришет. Ар бир жаңы бийлик келген сайын ушул объектилерди ар кайсы жака жулкуп башташат. Бакиевтердин кланы буларды арзан баада сатышып, элдин мүлкүн тартып алабыз деп үмүттөнүшкөн. Бирок, булардын ойлогондору ишке ашпай бул объектилер кайра мамлекетке кайтарылып берилген.

Бирок азыр мындай суроо туулат: мамлекеттик ишканалар начар иштешип, киреше алып келбегенден кийин мындай ишканалардын эмне кереги бар? Менин оюмча мындай ишканалардын акцияларынын жарым пайызын жеке ишкерлерге менчикке берсек, кичине өзгөрүүлөр болот. Анткени, жеке ишмер өзүнүн ишканасын эффективдүү иштетип, ар кандай коррупциялык схемаларга жол бербейт жана ишкананын өнүгүүсү бир топ эрте жүрөт.

Бирок, мындай мамлекеттик мүлктү сатууда ачык конкурс жарыялап, баардык ишкерлерге бирдей шарт түзүп бериш керек. Коррупциялык жол менен сатуу схемаларды токтотуп, ишти жакшы билген ишкерлерге берсек алда канча жакшы болмок.

Телекоммуникация тармагы
Written by Рысбек Арунов, Friday, 30 Sep, 2011 – 9:49 | No Comment

Телекоммуникация – бул кандайдыр бир маалыматты жакын жана алыскы аралыкта компьютердик технологиялардын жана заманбап байланыш түйүндөрү аркылуу жеткирүү.

Эгемендик алган жылдан тартып өлкөдө болгон мамлекеттик тармактардын баары талкаланып, көбү менчикке өтүп кетти. Менчик ээлеринин кээ бири инвестиция тартып, кичине болсо да өзгөртүүлөргө алып келсе, калгандары аягына чейин талап-тоноп жок кылышты.

Ошондойлордун бири болуп телекоммуникация тармагы саналат. Буга: интернет, телефон байланышы, телерадио берүү, уюлдук байланыш жана “фиксированный” байланыш ж.б.кирет.

Акыркы убактары мамлекеттин бюджетине көп киреше алып келе турган тармактардын бири айланды.

Телекоммуникация жеке гана маалымат таратуучу тармак болбостон, бизнестин чоң киреше табуу булагына айланды.Буга мисал катары өлкөдөгү уюлдук байланыш компанияларын атаса болот.

Эгерде ар бир тармакты өзүнчө карасак: телефон байланышын алсак, көбүнчө чоң шаар, шаарчаларде эле болбосо, айыл жергесинде телефон байланышын кездештирүүгө өтө кыйын.

Уюлдук байланыштын өнүгүүсү менен телефон байланышынын кардарларын азайтууга алып келди. Ал эми уюлдук байланыш эң биринчи 1998 жылдан тартып көрсөтүлө баштаган.

2000 жылга карата колдонуучулардын саны араң 10 миңге гана жеткен. Себеби, байланыш өтө кымбат болгон жана ар бир адам колдонууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Улюдук байланыштын күлдөп өсүүсү 2003-2004 жылдарга туура келет. Анткени, бизде 3-4 уюлдук компаниялар иш алып барып, байланышка болгон кызмат бир топ арзандаган. Ошого байланыштуу уюлдук байланышты колдонуучулардын саны жыл санап өсүүдө.

5,5 млн.калкы бар Кыргызстанда 4млн. жакыны уюлдук байланышты колдонушат экен.                                                                                                                                         

“Фиксированный” байланышты алып көрсөк, кичине жылыш бар, бирок колдонуучулардын саны анча деле көп эмес. Көрсөткөн кызмат баасы жогору жана кызмат чоң-чоң шаарларда гана көрсөтүлөт.                                                                                         

Интернетти алып көрсөк, бул жерде чоң жылыш бар. Эгерде 2009 жылга чейин интернет колдонуучулардын саны 750 миң адам болсо, 2009 жылдан кийин 2,1 млн.адамды түзгөн.

Себеби, интернет провайдерлердин саны 60га жеткен жана интернеттин баасы да кичине арзандаган. Буга уюлдук телефондор аркылуу кирген адамдарды да кошууга болот. Алыскы райондордо көбү телефон аркылуу киришет.Интернет колдонгон адамдардын орточо жаш курагы 10дон 30 жашка чейин.                   

Телерадио берүүлөр жөнүндө сөз кылсак, өзгөчө телеканалдар эски форматта иш алып барышат. Көбүнүн техникасы эскирип, иштөөсүнө тоскоолдук жаратат. Цифровой форматка өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүгү жок, заманбап чет элдик каналдардан артта калууда.  Эксперттердин айтуусунда, телекөрүүчүлөрдүн саны да азайууда. Көбү интернет аркылуу көрүшкөндүктөн, телеберүүлөр бүгүнкү күндө актуалдуулугун жоготууда.

Мындан ары да жаңы технологиялар менен камсыз кылып, көптөгөн инвестицияларды тартып, көптөгөн иштерди алып барышыбыз керек. 21 кылым – маалыматтын кылымы деп бекер айтылбаса керек.

Кыргызстандагы ММКалардын ролу кандай?
Written by adilet, Friday, 23 Sep, 2011 – 10:34 | No Comment

Массалык маалымат кызматтар мамлекеттин коомдук саясий жашоосунда эң чоң ролду ойногон инструмент катары баарыбызга белгилүү. Азыркы турмушта, дүйнөдөгү баардык мамлекеттерде ар кандай күчтөр өздөрүнүн максаттарына жетиш үчүн ММКларды колдонушат.

Биздин мамлекетти алып көрсөк: ММКлардын тарыхы бир топ оор жолду басып өттү десек болот. Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен ММКлар да өздөрүнүн эркин, ачык өнүгүүсүнө жол ачылды десек жаңылбайбыз. Бирок, мамлекетте авторитардык режим орнотулганы менен бул тармактын эркин өнүгүүсүнө бут тосулган. Профессионалдуу журналистер чет өлкөлөргө кетип, жогорку квалификациясы бар журналистер өлкөдө аз калган жана өлкөдө болуп жаткан окуяларды ачык жазганга көптөрүнүн эрки жеткен эмес.

Кыргызстандагы жашаган элдин пикирине чечүүчү таасир бере турган күч катары Коомдук Телерадио компанияны атасак болот. Анткени, өлкөнүн баардык бурчунда баарыбыз КТРди көрө алабыз. Бирок, КТР коомдук деген гана атка жамынбастан 20 жылдан бери кайсы бийлик келбесин, ошонун ырын ырдап, өлкөдө болуп жаткан коомдук саясий окуяларды ачык, объективдүү чагылдыра алышкан эмес. Бул ММК бийлик тарапты гана жактап, элдин кыжырын келтирген. Бирок, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин бул ММКнын саясаты бир топ эле өзгөрүп, окуяларды объективдүү чагылдырганга умтулуп жатышат. Азыр каржылоо дагы деле мамлекет тарабынан болуп жаткандыктан, орус тилинде айтылгандай “хозяин барин” – деп, кандай болсо дагы бийликтин сөзүн сүйлөшөт. Менин оюмча мындай мамлекеттик ММКаларды менчиктештирип, жеке ишмерлерге берсек, булардын ишине бийлик кийлигише албай калат.  

Азыр эми жакында боло турган президенттик шайлоодо ММКалардын ролу бир топ чоң. Анткени, былтыркы болуп өткөн парламенттик шайлоону эстеп кетсек, ММКалардын жардамы менен кээ бир партиялар өз тарабына жактоочуларды тартып алса, кээ бир учурларда кандайдыр бир күчтөр кара пиарды колдонушуп, кээ бир партиялардын кадыр баркын түшүрүшкөн. Чет өлкөлүк ММКаларды колдонушуп, өлкөнүн шайлоо процессине тоскоол болушту десем жаңылбайм. Ошон үчүн азыр парламент агитация убагында, 1 айга чет өлкөлүк телеканалдардын ретрансляциясына тыюу салды. Бул бир четинен туура, бирок чыгымдар 100 миң доллардан ашык болот деп эскертишти. 

Мамлекеттин өсүп өнүгүшүнө, кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүүгө жана укуктук мамлекет болууга ММКалардын кошкон салымы зор. Бекеринен ММКаларды мамлекеттин төртүнчү бийлик бутагы деп атап коюшкан эмес.

“Тозок аралына” айланып бара жатабызбы?
Written by Рысбек Арунов, Wednesday, 21 Sep, 2011 – 10:00 | No Comment

Бакиевдин бийлигин кулаттык деп төш кагып, жыргап келебиз бир жылдан бери. Бирок акыркы убактарда болуп жаткан массалык маалымат каражаттарына болгон кысымдар акырындык менен күчөп келе жаткансыйт.

Акаев заманында мактанчу элек, Кыргызстан “Демократия аралы” деп. Ал арал Бакиев убагында “Тозок аралына” айланганын баарыбыз билип, көрүп эле келгенбиз.

Апрель төңкөрүшүнөн кийин кичине үмүттөр пайда болгон, жакшы жакка өзгөрүп бара жатабыз, сөз эркиндиги ушу экен деп, бийликтегилерин, оппозициядагыларын шыбап, мактап дегендей…..

Себеби, 11 июлда Жаза кодексине өзгөртүүлө киргизилип, журналисттер эми жазага тартылбай, административдик жоопко гана тартылгандай кылып өзгөртүлгөн. Ушунун негизинде баардык журналисттер ээн-эркин иш алып барышып, башында турган оор ташты алып салгандай эле болушту.

Бирок бул өзгөртүүлөр да терс жактарын бербей койгон жок. Эркиндик деген ушу экен деп, кааланын жазган маалымат каражаттары да жок эмес. Көбүнчө кыргыз гезиттери ушак айыңдан чыга албай, өздөрүнүн чабалдыгын көрсөтүп келе жатышат.

Ал эми телеканалдар жөнүндө кеп козгосок, бул жерде абал башкача. Маалымат каражаттары 4 бийлик деп бекер айтылбаса керек, ошондуктан коомдук жалпы пикирди жаратууда да булардын ролу чоң.

Акыркы жарым жылдан бери Жогорку Кеңеш кээ бир телеканалдарды өзгөртөбүз, өзүбүзгө баш ийдиребиз таризинде иштеп жатышат. Мунун себеби баягы эле Президенттик шайлоого, шайлоонун шайтан оюндарына келип такалат.

Акыркы 5 күндөн бери 5-каналдан Парламентте эмне болуп жатканын көрбөй калдык. Апасына таарынган кыздай болуп Парламент 5-каналдын саясатына таарынап жаткандай сезим калтырат.

5-каналдын журналисттерине макам бербей, ЖК имаратына киргизбей коюшкан. Себеби, депутаттарды жамандайсыңар, эч качан жакшы жактарын айтпайсыңар – бул бир, экинчиси – силердин статусуңар эмдигиче чечиле элек.

Дагы кошумчалай кетчү нерсе, жыйындар залынан депутаттарды маңдайынан тартканга тыюу салышты. Эмне сагыз чайнап отурганыбызды эл көрүп калат деп коркуп атышабы? Же журналисттерге көрүнбөйт, ээн-эркин уктап алсак болот дегендериби?

Мына ушунун негизинде макамынан ажыратып салышкан. Андай болсо эмне Пирамида каналын ажыратып салышпайт? Алардын деле статусу аныктала элекко?

Парламенттик канал ачкылары келсе бирөөнүн даяр менчигин басып алып өзгөрткөндүн ордуна, жаңы канал ачышпайбы өздөрү? Мындайда акча табылбай калат, ал эми чет мамлекеттерге сайрандап, аялдары менен учканда жерден чукушса табышат!?

Парламент каналы ачылганда эле эл көрө коёт! Мисалы алардын бири-бири менен тытышып, сагыс чайнап, уктап, жалжактап күлүп, ички кайым-айтышууларын көргүм келбейт!

Минтип массалык маалымат каражаттарына болгон кысымдар күчөй берсе, анда журналисттер куржунуңарды түйүп, даярдана бергиле…..Булар тирүүлөй жутуп жешээри турган иш….

Сүрөт Knews.kg сайтынан алынды.

Barcampca.kg – бул идеяга бай жаштардын жыйыныбы?
Written by Рысбек Арунов, Monday, 12 Sep, 2011 – 16:40 | No Comment

Barcamp CA Kyrgyzstan 2011 – аталыштагы конференция 9-11 сентябрда Бишкек шаарында болуп өттү. Бул эл аралык конференция болуп саналып, анын катышуучуларынын жардамы аркылуу түзүлөт. Баркэмптин эң негизги өзгөчөлүгү – эшик баардыгы үчүн ачык. Конференция убагында ар бир катышуучу өзү каалаган аудиторияга барып катыша алат.

Эгерде болуп жаткан тема жакпай калса, башка аудиторияда болуп жаткан конференцияга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Баркэмп доклад, тренинг, презентация, талкуу форматында өтөт.

Талкуулана турган темалардын негизги өзөгүн социалдык тармактар, блог, Веб 2.0, старттап, open-source жана жаңы түшкөн сунуштар жана идеялар түзөт.

Ал эми официалдуу эмес ачылыш тууралуу маалымат

9 сентябрда Баркэмптин официалдуу эмес ачылышы Sun Cityкөңүл ачуу борборунда болуп өттү. Ар кандай оюндар уюштурулуп, утуучуларга Beeline компаниясынын белектери берилип жатты.

Саат 21:00 атайын автобус даярдалып, келген конокторду Loftимаратына алып келишти. Ал жерде да оюн-зооктор уюштурулуп, Баркэмптин катышуучулары бири-бири менен жакындан таанышып жатышты.

Официалдуу ачылышы

10 сентябрда саат 10:00 официалдуу ачылышы Кыргыз Юридикалык Акадаемиясындаболуп өттү. Катышуучулардын саны 600 адамдан ашып кетти. Ар бир катышуучуга уюштуруучулар тарабынан Баркэмптин сүрөтү тартылган футболка, блокнот, калемсаптар таратылып жатты.

Ачылышында алдыда боло турган доклад, тренинг, презентациялар жөнүндө кыскача маалыматтар айтылып, кызыктуу музыканын коштоосунда болуп өттү.

Эң биринчи презентациясын “Новый Репортер” өкүлдөрү өткөрүштү. Кыскача NewReporter жөнүндө маалымат беришип, акырында социалдык тармактарды кантип колдонуш керек, пайдалуу жана терс жактарын айтып берүү менен аякташты.

Саат 11:40дан 12:10го чейин , бир убакта 4 аудиторияда 4 башка презентация, доклад, тренинг өтүп жатты. Алар K-News, Kloop.kg ж.б.

Мен Kloop.kg сайтынын докладын укканы бардым. Ал жерде бул сайт тууралуу көптөгөн маалыматтар айтылып, Kloop.kg сайтынын жардамы аркасында каалаган адам бекер блог ача алаары айтылды. Блогду кантип колдонуу керек? Кандай кылганда окурмандар көбүрөөк кирип окушу мүмкүн деген суроонун тегерегинде талкуу жүрүп жатты.

Кыскача айтканда ар бир аудиторияда кызыктуу маалыматтар айтылып, кызыктуу талкуулар жүрүп жатты. Ошентип түшкү тамакты ичээр убакыт да келип жетти. 700гө жакын катышуучуларды Begemotкомпаниясы өзүнүн даамдуу, таттуу гамбургери менен тамактандырды.

Түшкү тамактан кийин Баркэмп кайра уланып, Россиядан келген белгилүү блоггер Сергей Доляөзүнүн кантип белгилүү болгонун, эмне жөнүндө жазаарын кыскача айтып берди.

Ал бүтөөрү менен Google компаниясында иштеген биздин жердешибиз Тилек Мамутовго сөз берилди. Ал Google жөнүндө кызыктуу нерселерди айтып берип, Борбор Азия мамлекеттеринде Google аркылуу элдер эмнелерди көбүрөөк издешээрин айтты.

Билинбей эле саат 17:00 болуп кетти. Биринчи күндү жабык деп жарыялашып, конференциянын уландысы Olives, Velvet, Biblioteka, Moskva кафелеринде улантылды.

11 сентябрда Баркэмптин экинчи бөлүгү улантылды. Түшкө чейин Neweurasia.net сайтынын өкүлдөрү келип, бул проект жөнүндө маалыматтарын беришти. Бул сайт Борбор Азия мамлекеттеринде иш алып барарын, орус, англис, кыргыз, казак, өзбек, тажик тилдеринде макалалар жазыларын маалымдашты.

Түшкө жакын Сергей Доля 10 сентябрда Ала-Арчадагы коттедждерде эс алганын кыскача айтып берди: “ Россияда тыюу салынган Грузин виносун ичтим. Кафелердин биринен шорпо, боорсок, каймак, шакарап, сүзмө, беш-бармак, максым, шиш-кебек жедим. Мага аябай жакты.”- деп билдирди. Анан “Канткенде белбилүү блоггер боло аласың” деген темада өзүнүн презентациясын айтып берди.

Сергей Долядан кийин Тилек Мамутов Google Map жөнүндө толук маалымат берип, өзү кантип картаны колдонгонду катышуучуларга көрсөтүп берди.

Конференциянын эң кызыктуу жери Ideas Market келип такалды. Уюштуруучулар  14 адамдын проектисин жактырышып, аларды финалга алып чыгышты. Алардын арасынан утуучусун тандаш үчүн атайын жюрилер тандалып, алар акырындан ар бир катышуучуга баа берип жатышты.

Эң күлкүлүү проект болуп Vmeste.kg саналды окшойт. Залда отургандын баарына жакты. Ал эми утуучу болуп Эсен Жуманов табылда. Негизги байге Ipad Эсенге ыйгарылды. Проекттин негизги идеясы Кыргызча аудиокитептерди түзүү.

Ошентип баардык катышуучуларга байгелер ыйгарылып, Баркэмп жабык деп жарыяланды.

Мына окурман 3 күн ичинде өткөн Баркэмп тууралуу кыскача маалыматты бердим окшойт. Келбегендерге кыргызда сөз бар “Ичин күйчө туз жала” деген сөздү айткым келет.

Өзгөртүлгөн телеканалдар ажыдаарларга пайда алып келеби?
Written by Рысбек Арунов, Monday, 27 Jun, 2011 – 15:00 | No Comment

Ажыдаар дегенимдин себеби, азыркы Премьер Министр А.Атамбаев бир кездери (2006 жыл, ноябрь митинги) бийлик бутагында тургандарды ажыдаарлар деп атады эле. Аларды жомоктогу желмогуздарга салыштырган. Ошондон бери канча убакыт өтүп, бийлик да алмашты. Алардын ордуна 120 ажыдаар менен кошо, дагы 2 ажыдаар келди бийликке. Мына ушулар бүгүнкү күндө сөз эркиндигин муунтканга өтүштү. Өкмөткө таянып, жеке менчик каналдарды, интернет сайттарын жаптырганы турушат. Андан тышкары да НТС, 5-каналдын журналисттери сабалды, бүгүнкү күнгө чейин эч ким кармала элек.

Парламенттик республикабыз, борбор Азиядагы башка мамлекеттерге караганда бизде демократия бар дегенибиз менен акыркы убактары болуп жаткан нерселерди көрүп, биз кайра Бакиевдин заманына бара жаткан турбайбызбы деген ой келет.

Туура мыйзамсыз сатылган, менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтарыш керек, бирок туура жолдо, туура чечим менен кабыл алынса жакшы болмок. Анан кызыл кандуулукка салып, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген принцип менен иштебей.

Кеп бул жерде 5-канал менен Пирамида каналы жөнүндө болуп жаткандыктан, ушулардын бирөөсүн Парламенттик канал, ал эми экинчисин көңүл ачуу кылып өзгөртүү зарыл беле? Эл эмне суусап турабы, бизге Парламенттик канал ачып бергиле деп? Буга чейин Парламент радиосун ачышты эле, аны эл угабы? Укпайт! Парламент каналын ачса эл эмнени көрөт ал жактан? Булардын бири-бири менен урушканын, чукуганын, сагыз чайнап отурганын, 120 депутаттын ордуна 27 депутат добуш берип жатканын көрөбүзбү?Бул бир, экинчиси Президенттик шайлоо жакындап келе жаткандыктан, сөзсүз өздөрүнө тиешелүү ММК керек. Буларда бир гана жол бар, ушу эки каналды өзгөртүп, өздөрүнө баш ийдирсе, шайлоодо кыйла жеңил болот.

Акыркы убактары ММКга бут тосуу, кысым көрсөтүү күч алып бара жатат. ОТРКга Жогорку Кенеш тараптан болгон кысым, Фергана.ру сайтынын жабылганы жатканы, журналисттердин сабалганы. Эмне себептен? ММК баардык чындыкты айтып, көздөрүн чукуганы, ажыдаарларды тынч уктатпай жатабы? Же буларга ошончо эле тоскоол кылып жатышабы? Айтор, бул жерде бир нерсенин башы кылтыйып чыгып тургансыйт. Жакында ушундай иштерден улам бир нерсенин ичинен чыкпасак болду.

Кийинки кысым кимге болот болду экен? Деги кошуна мамлекеттердей болуп, бир жылдан кийин жабык мамлекетке айланбасак болду.

Кыргызстанда сөз эркиндиги жок болобу?
Written by Асель Шабданова, Monday, 27 Jun, 2011 – 10:00 | No Comment

Акыркы күндөрү коомдук уюлдарда Жогорку Кеңеш май айында эле кабыл алган ” Шайлоо тууралуу” мыйзамдын жалпы маалымат каражаттары тууралуу бөлүмү  чоң талаш-тартыштарды туудурууда. Азыркы учурдагы президенттин колун күтүп турган мыйзамдын мааниси мындай: ” Шайлоо маалында Кыргызстанда көрсөтүлүүчү чет өлкөлүк маалымат каражаттарында шайлоо агитациясын жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо болуп жаткан кезде, чет өлкөлүк теле-компаниялардын көрсөтүүчү жазылып, анан гана көрсөтүлүшү керек. Чет өлкөлүк каналдарды ретрансляция кылуучу жергиликтүү каналдар,  шайлоого катышкан кандидаттардын абийирине жана репутациясына доо кетирүүчү маалыматтар үчүн жоопкерчиликтүү болушат”. Кошумчалай кетсек, бул мыйзамды март айында эле АтаМекен фракциясынын лидери -Өмүрбек Текебаев сунуштаган.

Регнум маалымат агентствосунун корреспонденти Григорий Михайловдун айтымы боюнча, бул кадам келечектеги шайлоону чет өлкөлүк мамлекеттердин терс таасирин жок кылууга багытталган. Терс  пиардын, эң башкысы Россиялык каналдардын, таасирин төмөндөтүүгө арналган. Мыйзамды сунуштаган Өмүрбек Текебаев акыркы шайлоо учурунда НТВ каналынын терс рекламасынан жапаа чегип калган.

Бул мыйзам бир четинен этикалык жактан гана эмес, практикалык жактан дагы бир топ кыйынчылыктарды туудурат. Биринчиден, бул мыйзамы бузууда кандай санкциялар колдонулат, белгисиз. Биздин ретрансляция кылуучу каналдарын көбүнчөсү туура эле спутниктен эфирге чыгарышат. Эми болсо, каналдар цензорду, же башка специалистти отургузушуп, кайсы жерде жамандаган сөз, кайсы жерде маалымат кеткенин аныктап туруш керек.

Ал эми Интерньюс Нетуорктун директору Мария Раснердин пикиринде, жергиликтүү ретрансляция кылуучу каналдардын  чет өлкөлүк каналдардын берүүлөрүн көрүп чыгууга каражаттары да, адамдары да жетишпейт. Ансыз деле татаал шайлоо учурунда журналисттер өз жумушун аткаргандын ордуна, коркуп жүрүшөт. Эгерде, чет өлкөлүк каналда Кыргызстан деген эле сөз кетсе, биздин каналдар аны жаап салууга муктаж болушат. “Натыйжада, чет өлкөлүк ЖМКлар эмес, жергиликтүү журналисттер (байкабай калышса), көрүүчүлөр гана оор абалга түшүп калышат. Эгерде алар терс маалымат пайда болуусун каалашпаса, журналисттерди такабай, башка жол менен чечиш керек. Анткени, бул саясат көйгөйү. Мындай цензура коомдо начар кабыл алынат.”

“Азаттык” радиосунун директору Султан Жумагулов бул суроо боюнча өз пикирин билдирди. “Өмүрбек Текебаев, сөз эркиндигине күрөшүп жүрүп, мындай мыйзамды жактаганы жаман болду. Бирок, башка жагынан алып көрсөк, мурдагы шайлоодо болуп өткөн көрүнүштөн кийин, Ө.Текебаевде өзүн сактоо инстинкти жеңип кетти”.

Өз учурунда билинбей кабыл алынып кеткен   мыйзам мамлекеттик цензураны киргизүү, сөз эркиндигин кысуучу аракет болуп жатат.

Биздин депутаттар өздөрү жөнүндө жаман маалымат кетсе эле, журналисттерди жамандап жиберишет. Менин эсимде, жакын арада эле, каналдарга депутаттардын мурдун чукуп, уктап, аялдар ооздорун боеп жатканын көрсөтүүгө тыюу салышкан. Эмне үчүн мындай маскаралык кыймылдарды кылып алышып, мындай көрүнүштөргө эл күбөө болгонду каалашпайт?

Цензураны киргизүү  бир гана теле-каналдарга эмес, интернетке дагы жетип келди. Июнь окуяларын талдаган депутаттык комиссиянын чечиминде, Кыргыз республикасынын территориясында “Фергана.ру” сайтын  жабуу айтылган. Бул сайт өзүнүн өкмөткө жагымсыз жана критикалык пикири менен белгилүү. Ал тургай эл сүйгөн “Дизель” сайты Турсунбай Бакир уулунун оюнда, эл ынтымагын бузуучу деп белгиленген. Анын оюнда, парламенттин пресс-службасы “Дизель” жана  буга окшош сайттар тууралуу маалыматтарды топтоп, сотко бериш
керек.

Бир четинен бул мамлекеттеги болуп жаткан шайлоого чет өлкөлүк мамлекеттердин таасирин жок кылуу аракети  жакшы деле болуш керек. “Биз өзүбүз чечебиз”,-дегендей. Бул бирок, бир гана шайлоо маалында эле болуп жатпайбы. Бир гана депутаттардын имиджин бузбаш үчүн. Демек, бул калкты ойлоо эмес, өздөрүн эле камын ойлоо.  Эгерде бир политикти жамандаган маалымат элге көрсөтүлбөсө, анын жакшы көрүнүшүн бузуп калса,  кайсы сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөсөк болот?