Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Медиа

Беш себеп: Эмне үчүн блогдошуу Кыргызстанда өнүгүшү керек
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 15 Oct, 2007 – 6:50 | 6 Comments

Алгач, тизмелеп жаза кетсем:1. Сөз эркиндиги2. Массалык маалымат каражаттарынына альтернатива түзүүчү күч3. Саясый маданияттын/демократиянын өнүгүүсү4. Коомдук тармакташуу5. Интернеттешүү процессин тездетүү үчүнАлбетте, бул менин талдоом жана классификациям. Демек, балким бардык тармакты ала албай, толук эмес болуусу мүмкүн. Бирок, менин оюмду түшүнүү үчүн ушул макаланы акыр-аягына чейин окуп чыгыңыз.Эми ар бир пунктка бирден параграф берип, эмне үчүн блогдошуу (блоггинг) биздин өлкөбүздүн өңүгүүсүнө жардам берээрине көз жүгүртөлү.1. Сөз эркиндиги. Ооба. Азыркы учурда бардык өлкөлөрдө интернет өнүгүп-өрчүп жаткандыктан, мамлекет башчылары интернет-колдонуучуларга каршы эмне гана уюштура койсом деп башын мыкчып олтурушат. Ал эми интернетте аныгы сөз эркиндигин көтөрүп чыгып, ММКлар бербеген маалыматтарды, эч кандай тыюуга карабай өз блогдоруна чыгарып жаткан кербездери. Авторитардык өлкөлөрдөгү блоггерлер көбүн эсе атын жашырып, ар-кыл жасалма аттарды өздөрүнө ыйгарып, эч кандай коркпостон нака чын маалыматтарды таркатышууда. Бул албетте интернеттин эң позитивдүү жетишкендиктери болуп эсептелет. Демек, азыркы Кыргызстандын жаңыдан демократия жолуна түшүп, алигече кепилдик бере албаган бийлик жөнүндө жазуу үчүн блогду колдонсо – эч кандай коркунучсуз, жана калын аудиторияга маалымат тарката алышат.2. Массалык маалымат каражаттарынына альтернатива түзүүчү күч. Жогоруда айтып кеткендей, блогдор массалык маалымат каражаттарын кандайдыр бир деңгээлде ээлеп, чыныгы журналисттердин ролуна киришет. Блог жазууда эч кандай цензура, редактор жок болгондуктан, адамдар өз ойлорун так жана айкын билдиришип, мамлекетте эмне болуп жаткандыгы жөнүндө кабар беришет. Биздин Кыргызстанда кай-бир эларалык радио, интернет-гезиттеринен башка маалыматты эч кимге тартпастан бере ала турган каражат деле жок. Мына ошондуктан, интернет колдонуучулар, блог ачса боло турган бекер платформаларга (маселен: livejournal.com, wordpress.com, kloop.kg, blogs.akipress.org) киришет да, ал жерден өздөрүнө счет (account) ачышып, андан соң, кадимки эле электрондук дарек менен колдонгондой эле ар-кыл макалаларды (блог тилинде «пост» деп аталат) жазуу менен аудиториясын кеңейтип, ойлогон оюн, билген маалыматын жаза алат.3. Саясый маданияттын/демократиянын өнүгүүсү. Албетте. Кантип эле сөз эркиндиги менен альтернативдик массалык маалымат каражаттары пайда болгон соң укуктук мамлекет түзүүгө, демократиялык институттарды өлкөдө орнотууга эшик ачылат. Мындан тышкары, блоггерлер жөндөн-жөн жалаа жаап, же болбосо туура эмес маалыматтарды таркатуудан алыс болушат: себеби алар өздөрүнүн даражасын сый тутуп, ар-дайым туура, так жана керектүү маалыматтарды таркатуу менен алек болот. Кыргызстанга дал ушул нерсе керек болбогондо, дагы эмне керек?4. Коомдук тармакташуу. Бул термин аркылуу мен англисче «social networking» дегенди түшүндүрмөкчүмүн. Мунун негизги фишкасы – биздин өлкөнүн дүйнөлүк интернет тармагын колдонуучулардын бири-бири менен байланышып, бири-биринин ой-пикири менен таанышууга жол берет. Бул аркылуу, бири-бирине ишенген адамдар маалыматтардын туура-туура эмес экендигин талдап, анан туура чечимдерге баруусуна алып келет. Демек, блогдун «коомдук тармакташуу» касиети – биздин өлкөбүзгө дагы абдан керек(!).5. Интернеттештирүү процессин илгерилетүү. Албетте блогдошуунун ушул акыркы функциясы дагы биздин коомчулук үчүн көптөгөн натыйжаларды алып келүүсү – алакандай ачык көрүнүүдө. Интернетте канчалык туура маалымат болуп, адамдар ага ишенип башташса, анда ошончолук интернет тармагын колдонуучулардын саны өсүп, дегеле интернеттештирүү процесси кыйла илгерилейт.Сиздин кандай оюңуз бар?

Кыргызстан 4 орунда
Written by Мирсулжан Намазалиев, Sunday, 23 Sep, 2007 – 17:22 | No Comment

Бул блогдун орусча бетине блогчойронун пульсу жонундо пост жайгаштырдым. Анда Кыргызстан боюнча пульс абдан эле аз, Борбордук Азиядагы олколордун ичинен 5 орун алганыбыз тууралуу. Кааласанар, кирип окуп чыксанар болот. Бул жакка болсо, графиканы эле жайгаштырайын:ГрафикКыргызстан, Казахстан, Узбекистан, Таджикистан и Туркменистан сурактары тууралуу 6 айлык блогчойронун пульсу

Интернет жана кыргыз тили…
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 8 Sep, 2007 – 8:12 | One Comment

Кечээ КТР коомдук аталган телекомпаниясында корсотуло турган “Азаттык+” жаштар теледолбоорунун “Кыргыз тили” темасындагы программасы тартылды. Ага конок катары келип, интернет, блогчойродогу кыргыз тилинин ээлеген орду тууралуу neweurasia.net тармагынын атынан чакырылып, суйлоп бердим. Анда айтылган жана айтылбай калган кептерге токтоло кетейин.Интернет мейкиндигинде кыргыз тилинде болгон веббаракчаларынын саны абдан эле аз, алардын ичине kg-ordo, neweurasia, wikipedia, azattyk, kerben.org, presskg жана башкалар бар. Кыргызча блогдордун ичинен, neweurasiaдан тышкары, болгону Азаттыктын корреспондентиТорокул Дооров жана Туркиядагы Женишбек Дыйкановдордун гана баракчалары бар. Бирок бул дагы болсо кубаттандыраарлык, себеби бир нече жыл мурун бул сайттар дагы жок эле.Кыргыз тилинин интернетте байыр алуусунун эмне кереги бар? Кимге керек? Менин оюмча, бул биринчиден интернет мейкиндигинде орун алган ар-туркун тилдердин арасында биздин дагы тил болуп, кай-бир кыргыз тилин гана билген, же кыргыз тилин уйронгусу келген интернет колдонуучуларныа комок боло ала турган инструмент. Коптогон кыргыз тилдуу адамдар чет олкодо жашап, бирок кыргыз тилинде суйлогону менен, орус тилин билбей, жанылыктарды, жана башка кабарларды окуганга мумкунчулугу дагы жок.Мындан дагы эн башкысы, элет жериндеги адамдар, интернетке болгон умтулуусун арттырып, кыргызстандагы болочоктогу демократия принциптерин ашырууга дагы бул жардам бере алат деп эсептейм. Себеби монополдошуп калган телевидение, радиолорго караганда интернеттен кобуроок объективдуу маалымат алууга болот.Дагы бир таанышым, азыркы учурда элеттеги элдин интернетке болгон кызыгуусу кундон кунго артып жатат деп билдирди. Эмне себептен деп сурасам, корсо, интернет аркылуу алыстагы туугандары менен суйлошууго, телефон чалууга, sms жонотууго болоорун билишкен калк, бул интернеттин керектуу экенин баамдашкан экен. Анын устундо телеканалдарда дагы кунуно интернет аркылуу кат келиптир, интернет баракчабызга киргиле деп олтурушуп, ушунчалык талапты пайда кылышкан экен.Программанын тартылып жаткан маалында биз кыргыз тили сапатын, жаштардын умтулуусу жонундо кеп салып, анда интернетке кыргызча жазуунун сапаты кичине бузулуп калышы мумкун деп, орусчалашып кеткен жаштардын кыргыз тилин унутпай сактап калууга болгон аракети тууралуу айттык.Менин оюмча, дагы жакынкы эки-уч жылдын аралыгында айыл жергесине дагы интернет жетип, анын жыйынтыгында интернет тармагы кыргыз тилдуу коптогон веб-сайттарга, маалыматтарга толот деп ишенем.

Кыргыз онлайн ырлары…
Written by Мирсулжан Намазалиев, Tuesday, 4 Sep, 2007 – 7:12 | One Comment

Бир нече жума мурун кинотартуу тозогу тууралуу баяндап жазганымда, бир нече комментарийлер тушуп, алар, эмне учун кыргыз кинолору интернет мейкиндигине чыккан эмес, ошол эле “Боз Салкын” деген кино, деп айтышкан эле.Чындап эле, интернеттен кыргыз кинолорун издеп коруп, деги таба албай койдум. Балким кай-бириниздер таба алатсыздар. Ал тугул, Ажара деген биздин авторубуз, комментарий жазып, ал жерде ал тугул ЦУМга барсан дагы пираттык эмес DVD таба албайсын деп пикир болушкон.Бирок, youtube веб-баракчасында коптогон кыргыз ырлары орундаштырылган. Маселен, эски бирок менин суйуктуу “Кыргыз Жери” аттуу ыр дагы жайгаштырылган. Бул клипти азыркы учурда 10 минге жакын адам youtube дан коргон экен. Томондогу торт бурчтуу видеого “play” ди басып коро аласыздар.

Кыргыздардын эски ырларынан томондогу дагы орун алган:

Мындан тышкары коптогон кыргыз ырларын укса болот. Кыргыз рэп, попмузыка ж.б. Маселен, Ильяс Абдыразаковдун “Арманым” аттуу ыры:

Жана ошондой эле кызыктуу рэп ыры:

Паракор нотариус – демек, ишенүү кыйын…
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 24 Aug, 2007 – 14:52 | No Comment

Блог – бул өзү адамды чындап эле ачыктыкка алып келээрин бугун дагы бир жолу байкадым. Менин таанышым, “тирүү журнал” платформасында блог ачканына бир жылга чамалап калды. Бүгүнкү анын жазган посту (макаланы блог тилинде ушинтип аташат) анын башынан бугун өткөн окуя болду.Бул кыз 18 жашка чыга элек. Бирок, ал жакында мени менен чогуу эле Казахстандын Тараз шаарында ото турган дарска бармакчы. Бирок, анын ата-энеси тең бул жерде болбогондуктан, анын ишеним кат алууга мүмкүнчүлүгү жок.Эмне кылаарын билбей, акыры эмне кылсам деп олтуруп, нотариус менен сүйлөшкөнү барат. Нотариалдык конторанын башчысы абдан чочулап, аны чалгынчы болуп калбайбы деп коркот. Бирок, акыры ишенгенден кийин, 50 сомго ырастала турган ишеним катты 500 сомго жазып берет. Бул процесстин кандай өткөнүн таанышым өзүнүн блогунда, орус тилинде абдан жакшы айтып берген.Эрезеге жете элек жаш кыздарды уурдап, же болбосо сатып жиберүүгө тоскоолдук берүү учун мындай “ишеним кат” жазуу механизми ушинтип иштебей калып жатат. Мындай жеке, мамлекеттик нотариалдык конторалар ар кыл керектүү, зарыл жана чоң суммадагы бүтүмдөрдү ырастайт. Бирок, минтип акчага оңой эле сатылып жатышса, анда жашоонун адилеттүүлүгүнө кандай кепилдик бар?

Изделген кыргызча блоггер табылды…
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 8 Aug, 2007 – 12:46 | One Comment

Коптон бери, ушул ааламдык тармакта кыргызча жазган блоггерлер бар болду бекен деп издеп жургон жаным, бугун ордуна келди. Тируу Журналда (Livejournal) бир адам табылды :) .Анын аты Женишбек Дыйканов. Анын блогунун дареги: http://diykanov.livejournal.com/. Озу жонундо бул блоггер томондогудой маалымат берет:

Кыргыздар озун жоош-момун (спокойный, круттой) калкпыз дегени менен, анча мынча мактанышты деле жакшы корот. исалы; “Асманда жылдыз, жерде кыргыз”- деп бут жер бетин багынткан тейде намек кылып коюшат;).Ошол Кыргыздардан бироосу ушул журналды ачып 10-жылдан бери Турктордун Стамбул шаарында жашап жаткан менмин :) .Бул оздук журнал дейинби, кундолук дейинби ачылышынын себеби ” ЖОН ЭЛЕ” ачылды. Балким менден башка эч ким деле окубайт … Максат ушул интернет мейкининде деле бир Кыргыздан из калсын. “Ийй ботом, асманда жылдыз, жерде кыргыз дегени да чын окшойт, ушул жерде да бизден бироолор журуптур” десин элдер. Байыркы заманда деле ункурлорго, тоо таштарга бирдемке чиймелешкен да, туурабы? Алардын арасында деле мага окшоп “жон эле” чиймелеп койгондор да бардыр. Кыскасы бул жерге кокустан, жолунуздан адашып кирип калсаныз ” Кош келипсиз!”.  Кайсы темада жазуу болот деген суроо туулса, мен да билбейм, оюма эмне келсе ошону жазам да…

Балким, бул адам дагы биздин топко кошулуп, жазышып калар деген ой менен, тааныштыруумду аяктамакчымын. Толугураак маалымат билуу учун албетте анын жеке блогуна кириниздер.

Neweurasia Бишкектеги тобу
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 8 Jun, 2007 – 19:05 | 4 Comments

Neweurasia

Бугун Бишкектеги Neweurasia кыргыз тилчи тобу кичине жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Таджикистан боюнча координатор Вадим, блоггер Тео Кай жана орус/англис Кыргызстан Neweurasia барактарынын координатору Асель катышышты. Бул кеченин негизги максаты виртуалдуу дүйнөдө эле кала бербей, бири-бирибиз менен бетме-бет таанышып, бейформал олтуруп сүйлөшүү эле. Максатыбызга жеттик.Бул сүрөттү бул бетке илгенибиздин себеби биздин окурмандарыбыз дагы биздин ким экенибизди билсин деген ой.Демек, саргыч футболка кийип, оң капталда олтурган бала – бул мен, Мирсулжан. Менден кийин Асель, анан Амантур, Нурбек, Тео, Вадим, Ажара жана Максат. Тилекке каршы бир нече авторлорубуз келе албай калды, бирок биздин оюбуз боюнча мындай жолугушуулар бат-бат өтүп турат.

Окурманга кат!!
Written by Амантур Рыскулов, Thursday, 7 Jun, 2007 – 11:56 | 4 Comments

Саламатсыңбы менин кутмандуу окурманым!!!Ал-абалың жакшыбы? Мүшкүлдүү заманды баштан кечирип жатканыбызда, баардык ой-максатың ишке ашып жатканына ишенем.Мына ошентип мен дагы  сен үчүн өзүмдүн жекече тунгуч блогумду ачып отурган убактым. Ушул блогдо менин сен сыяктуу окурмандарыма бир учкай маалымат берип, өзүмдү тааныштыра кетем.Аты-жөнүм Рыскулов Амантур Каныбек уулу. Ысыккөлдүн Жети-Өгүз деген жеринен болом. Азыркы учурда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин экономика факультетинде 4 курста окуйм. Азырынча, өзүм тууралу айтайын дегеним ушул, кадырлуу окурман. Дале сапарыбыз алдыда болгон соң, биз бири-бирибиз тууралу кененирээк маалымат алып дагы жай-баракат баарлашарбыз, бирок ал  иштер  болочокто.Эми мен нени кеп кылып, не жөнүндө жазарымды бираз маалымдай кетсем . Сага да, мага да кызык маселерди талкулап, аларды ийне-жибине дейре изилдесек. Өлкөбүздүн турмушунда не бир катаал, не бир шумдук окуялар болуп жаткан учурда жазарга далай неме табылар, бирок ошентсе да, алардын ичинен эң маанилисүн өз көз карашым менен сенин алдыңа сунуш этсемби деген асыл ой, ак ниет. Аттиң, арман, колдон келсе баарын эле жазып чыгар элең, бирок бул жалганда убакыт дегениң ченелип эле берилет экен, ошол себептүү маанилүүлөрүн гана чамамдын жетишине карап ар  кылдуу талкуулого аракет кылам.Ушул сапарда, азиз окурманым, мага көмөктөшүп, өз  ой-толгооңду, сын-пикириңди айтып, мени менен чогуу бол.Кеңешип кескен бармак оорубайт деген сыңары, баарыбыз  биргелешип иш алпарсак ишибиз алга жылар.Анда эмесе, кутмандуу окурман алга кеттик.Терең урматым менен,Амантур Рыскулов