Коом
Америкада өткөн Naga Jiu Jitsu боюнча таймашта биздин спортсмен жигиттерибиз чемпион деген наамга эр болушту.
Таймаш 2012-жылы 4-февралда Америкада Пенсильвания штатында Филадельфия шаарында өткөн.
Керим Кушубаков БИРИНЧИ орунду алды. (60 кг салмак категориясы менен (132 pound))
Абдыкеев Болот БИРИНЧИ орунду алды (85 кг салмак категориясы менен (187 pound)).
Мирбек Сагынбеков ҮЧҮНЧҮ орунду алды. (70 кг салмак категориясы менен (149 pound)).
Керим Кушубаков жана Мирбек Сагынбеков

Керим Кушубаков, Абдыкеев Болот, Мирбек Сагынбеков
Мирбек Сагынбеков
Чын журөктөн куттуктайм!
Алга Кыргызстан!
Акыркы убакта кыргыз тили тууралуу жана анын тегерегинде көбүрөөк кеп кылына баштады. Тил үйрөнүүгө арналган же жардам берген интернет булактарына кыскача сереп сала кетүүнү чечтим.
Бирок буга чейин “Кыргыз тилин эмне үчүн үйрөнүш керек?” деген суроого өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын биринин студенти Маргарита Скочилодон мекендештерибизге лирикалуу жооп:
«Биздин жер жылуулукка, жарыкка, көк-жашылга, сүйүүгө каныктырылган. Баарында жеңилдик жана мээрим сезилет.
Ал эми кыргыз тили – желдин аймаганындай жумшак. Ушул жер үчүн атайылап ушундай жаралгандай. Ал биздин тоолорубузду, өзөн сууларыбызды, кайталангыс токойлорубузду сүрөттөө үчүн жаралган. Жана жерде жок сулуулук, Кыргызстандын жүрөгү – Ысык-Көл так ушул тилде сүрөттөлүшү керек.
Биздин Ысык-Көлгө бир да океан, бир да деңиз тең келбейт. Ысык-Көл – бул кичинекей, жылуу көл. Ошол эле учурда горизонтко, оролуп келген толкундарга көз жүгүртсө, анын жаны бар экенин, ал жандуу экенин жана өз толкундарынын шыбыры менен биз менен сүйлөшүп жатканын сезсе болот.
Кай бир жерде, сенден болгону эки жүз чакырым аралыкта Ысык-Көл шарпылдап турганын билүүнүн өзү – бакыт. Ал эмес ушул көз ирмемде, так сенин өлкөңдө. Жана мен кыргыз жеринде – эң кооз жерде – жашаарымды, кыргызстандык катары ушул ыйык сууга кол тийгизе аларымды, тоо-токойдун, албууттанган дарыялардын, бутка оролгон чөптүн тилинде, көк карагай, кызгылт күн чыгыш менен көпкөк көлдүн тилинде – КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ – сүйлөөрүмдү сыймык менен айтам!»
Бул график Кыргызстандагы провайдерлер Интернетке кантип кошуларын чагылдырат.
Ар бир провайдердин астында AS (Автономдуу Системдин) номуру жайгашкан.
Өткөн жылга салыштыргандагы негизги өзгөрүүлөр:
- Мегалайн эми КыргызТелеком аркылуу эмес, түздөн-түз Казакстан аркылуу туташат.
- Elcat аркылуу азыр Fastnet жана Megacom туташат.
AS тууралуу маалымат булагы: http://as-rank.caida.org/
Графиктин автору: Тилек Мамутов
Бишкектеги интернет провайдерлеринин камтуу аймагын жөнүндө маалымат
Бүгүнкү күндө интернет колдонуучуларынын көбү Google сайтын билсе керек. Ал сайт аркылуу керектүү маалыматтарды таппастан, каалаган сөздөрдү же болбосо тексттерди да которууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Google Translate аркылуу бизге керектүү маалыматтарды, Googleга киргизилген 56 тилдин каалаганына которо алабыз.
Долбоордун негизги максаты кыргыз тилин “Google Translate” кызматына киргизүү. Кийин кыргыз тилин дайым колдой турган интернет платформасын түзүү болуп саналат. Бул кызмат аркылуу жеке гана сөздөрдү, тексттерди которбостон, веб баракчаларын да которууга шарттар түзүлгөн.
Бул кызматта кыргыз тилинин пайда болушу, биздин тилдин сакталып калышына, анын өнүгүүсүнө чоң шарттарды түзүп бере алат. Башка тилдерде сүйлөгөн адамдар кыргыз тилиндеги ресурстардан маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Борбор Азия мамлекеттериндеги тилдердин арасынан эң биринчилерден болуп Google Translateке кыргыз тили киргизилип жатат. Бул кыргыз эли үчүн өтө сыймыктана турган жаңылыктардын бири.
Ушу убакытка чейин өкмөт жазабаган иштерди, күчтүү, билимдүү, кыргыздын патриот уулдары биригип, жакшы иштерди жазап жатканына алкыш айтышыбыз керек.
Кепти эми бул кызмат кантип иштээрине бурсак. Буга чейин бирдей маанидеги кыргызча жана орусча тексттер же сүйлөмдөр кошулса, азыркы убакта кыргызча жана англисче тилдеринде киргизилип жатат.
Анткени, кыргызча маалыматтарды француз тилине которобуз десек, ал маалымат биринчи орус тилине которулуп, анан англис тилине, акырында француз тилине которулат. Мындай учурда баштапкы маалыматтын кээ бир жерлери өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Ошого байланыштуу кыргыз-англис тилинде маалыматтар киргизилип, башка тилдерге которууда англис тили ортомчу болуп, башкы маалыматтын мазмунун толук сактап кала алат.
Мындан тышкары интернетке кирүүчүлөр, эгерде аларда кыргыз жана англис тилдеринде даяр маалыматтар бар болсо, анда алар өз алдынча сайтка кирип, ал маалыматтарды кошо алышат.
Ал үчүн www.enetil.kg сайтына кирип, катталып, долбоор кошуу деген бөлүкчөгө кирип, өзүңүздүн маалыматтарыңызды кошо аласыз. Бул видео аркылуу маалыматты кантап киргизүү керек экенин билсеңиз болот.
Бүгүнкү күндө системдеги баардык сөздөр 599,227 сөз, алардын 460,757 сөзү каралууда, ал эми 135,435 сөз киргизилген.
Бул долбоордун уюштуруучуларынын максаты 1млн.сөздү киргизүү болуп саналат, эгерде ошончо сөз киргизилсе, “Google Translate Кыргызча” долбоору толук кандуу ишке киргизилет экен.
Урматтуу окурман эгерде сиз бул долбоорго жардам берем десеңиз, даяр маалыматтарыңызды жогорудагы сайт аркылуу киргизсеңиз болот. Ал эми акчалай жардам бергиңиз келип жатса, шаардагы соода түйүндөрүндөгү Qiwi терминалдары аркылуу кирип, ал жерден “Google Translate Кыргызча” долбоорун таап, каалаган суммаңыздагы акча жүктөп колдой аласыз.
Эгерде билсеңиздер, акыркы жылдары кээ бир эксперттер кыргыз тилин дүйнө жүзүндөгү жоголуп бара жаткан тилдерге кошо башташкан. Биз өз тилибизди өнүктүрүшүбүз керек, улут өз тили менен улут – деп бекер айтылбаса керек. Ошондо гана кыргыз тилин сактап кала алабыз.
Келгиле достор биргеликте эне тилибизди өнүктүрөлү.
Эгемендикти алган жылдары, Кыргызстанда экономикалык абал ич жылытаарлык эмес экенин баары эле билсе керек. Орусиянын борборунан каржыланып келген Кыргыз өкмөтү, көз карандысыздыкты алганда, аябай кыйын кезеңге туш болуп, өлкөнүн бюджети жада калса социалдык тармакта иштеген адамдардын айлык маянасын төлөгөнгө шайманы келбей калган.
Ошондой кыйын кезеңде, өлкөнүн туңгуч президенти А.Акаев жана Легендарлуу Парламенттин чечимдери аркылуу Кыргызстан бир нече эл аралык уюмдардын мүчөсү боло алды.
Гиперинфляциянын деңгээли өсүп, товарлардын жетишсиздиги күч алып, кыргыз эли кыйналып турган убакта, 1992-1994 жылдар аралыгында Кыргызстан Эл аралык Валюта Фондуна, Дүйнөлүк Банкка, Азия Өнүктүрүү Банкына ж.б.уюмдарга мүчө болуп кире алды. Жогорудагы уюмдардан көптөгөн финансылык каражаттарды алып, өлкөдө болуп жаткан абалды контролдоого чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Стабилдүүлүктүн орун алышы менен өлкөнүн экономикасы базар экономикасына акырындык менен өткөрүлүп, көптөгөн жаңы реформалар жүргүзүлүп баштаган. Бирок, кайдан-жайдан туңгуч президентибизди теке сүзүп, абал такыр башка нукка өзгөрүлө баштады.
Ар кайсынын башын айтып, жыл сайын эл аралык финансылык уюмдардан кредиттерди, гранттарды ала берип, келген каражаттарга өлкөгө пайдалуу эч нерсе жазалган эмес. Анысы аз келгенсип, мамлекеттин тышкы карызы канча бир миллиард долларга өскөн.
Эмесе, ар бир уюмду алып карап көрө турган болсок, эң биринчилерден болуп 1992 жылы 8 майда Эл аралык Валюта Фондуна мүчө болгонбуз. Бул уюм инфляциянын төмөндөшүнө, банк секторунун туруктуулугуна, тышкы карызды башкарууга кошкон салымы өтө чоң. 2007 жылга чейин Кыргызстандын бул уюмга болгон карызы 103 млн.$ түзгөн.
Ал эми Дүйнөлүк Банкка дагы 1992 жылы мүчө болуп кирип, Кыргызстандагы көптөгөн тармактар үчүн чоң жардамдар көргөзүлгөн. Мисалы , 1992 жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы каражаты 832 млн.$түзгөн 42 чоң проекттер ишке ашырылган. Кошумчалай кетчү нерсе, бул банк аркылуу берилген пайыссыз кредиттердин мөөнөтү 40 жылды түзөт.
Азия Өнүктүрүү Банкына 1994 жылы мүчө болуп, бул банктан 603,5 млн.$ карыз акча алган экенбиз. Ал акчалардын көбү айлана-чөйрөнү коргоого, жеке сектордун өсүүсүнө, инвестиция тартууга кеткен экен.
АКШнын Эл Аралык Өнүктүрүү Агентствосуна (USAID) 1992 жылы мүчө болуп катталып,ал уюмдун жардамы аркылуу көптөгөн тармактарга чоң жардамдар көргөзүлүп келе жатат. Мисалга алсак, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүдө, билим берүү тармагында, айыл чарба секторунда, экономикалык саясатты жүргүзүүдө, медициналык жардам көргөзүүдө, энергетика секторуна материалдык жана финансылык жардамдарын көргөзүп келе жатат.
Германиянын Эл Арылык Байланыщ боюнча коому (GIZ) 1992 жылы ачылып, экономикалык өнүгүүнү, укук жана сот реформаларды, саламаттыкты сактоону, баңги заттарды колдонуу жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүдөгү, билим берүү тармагында реформаларды ж.б. колдоодо салымы чоң.
Европанын Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкына 1993 жылы мүчө болуп, азыркы убакка чейин Кыргыз Өкмөтүнө 250млн.евродон ашык каражат бөлүп берген. Бишкекте жайгашкан Хаят мейманканасынын ремонттолушуна, Ысык-Көл областындагы электр зымдарынын алмаштырылышына ж.б.ушу сыяктуу проекттерди колдоп келе жатат.
Булардан тышкары Кыргызстанда Сорс Фонду, Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык уюму (ОБСЕ), Ага Хан фонду, ТИКА уюму, Жапониянын Эл Аралык Кызматташтык Агентствосу (JICA) ж.б.уюмдар иш алып барышат.
Кыргызстанда канчалаган эл аралык финансы уюмдары финансы каражаттарын бөлүп, пайызсыз кредит жана гранттарын берип келе жатышат. Кыскача айтканда, алар берген каражаттарга биздин өлкө жашап келе жатат десек туура болчудай.
Ошол берилген каражаттар туура жолдо, өз нугунда жумшалдыбы? Жок, алар мамлекеттин пайдасына эмес, кичинекей бир кландын же топтун чөнтөгүнө кетип, бүгүнкү күндө 19 кылымга кайтып бара жатабыз. Энергетика сектору жедеп эскирип, акыркы күндөрдөгү жемишин берип жатат.
Областтар, райондор аралык жолдор мышык ыйлачу абалга келип жетти. Азыр соо адамды издеп таппайсың, жашынан баштап картаңына чейин оорулуулар.
Абактардагы кыйноолор күчүп алып бара жатат, баңги затынын тегерениши, аларды колдонуучулардын саны күндөн күнгө өсүп жатат.
Кыскасы бизге жардам берип келе жаткан финансылык уюмдарга рахмат айтабыз, бул жакшы жагы. Ал эми тышкы карызыбыз күндөн күнгө өсүп, биздин жепжутаарларды байытып жатат. Минтип отурсак, бир күнү баары тең акча бербей койсо, чоңдорубуз өз жарандарын сата баштайбы?
Ушул убакка чейин чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан, дүйнөлүк жана регионалдык банктардан канчалаган пайызсыз кредитинда, пайызы бар кредитин алып келе жатабыз, ал келген финансы каражаттарынын мамлекет, эл үчүн иштегенин эч ким көрө элек.
Ал каражаттар кумга сиңген суудай болуп, жок болуп кетти. Кайда, кантип жумшалганын эч ким билбейт. Бирок, ар бир грант, кредит келгенде, өлкөбүздө бийликтин жогорку бутагында отурган адамдар, кандайдыр бир түшүнүксүзбү же сыйкырдуубу себептердин айынан байый түшөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын карызы болжолдуу эсеп менен 3млрд.$ жетти, анын 2,8млрд.$ тышкы карыз болсо, 250млн.$ ички карызды түзөт. Жакынкы убакта дагы кредиттер берилээри белгилүү болуп калды. Алар CASA-1000 проектисинин негизинде Дүйнөлүк Банк тарабынан 200 млн.$, ЕврАзЭС уюмунун Кризиске каршы фонду тарабынан 106,7млн.$ берилээри күтүлүп жатат.
Жыл сайын биздин өкмөт тыштан карыз алат, ал эми аларды төлөш керек экени, эч кимди ойлондурбайт. Баарыбыз тең бүгүнкү күн менен жашап келе жатабыз. Бул карыздарды төлөө мөөнөтү 2015-2020 жылдарга туура келет, бул жөнүндө эч кимдин да башы оорубайт.
Акыркы убактары бюджеттин тартыштыгынан, кен байлыктарыбызды жол салганга, тышкы карызыбызды кечкенге же болбосо кандайдыр бир проектти ишке ашырыш үчүн кен байлыктарыбызды акчага алмашкан атабыз.
Жаңы келген президентибиз Американын Транзиттик Жүк Ташуу борборун жабам деп жар салып чыкты, мунун артында чоң проблемалар жатканынын айгиленейт. Аны жапканда, эл аралык финансы уюмдары, мамлекеттик эмес уюмдар ж.б.организациялар жабылып, бизди эмне күтүп турганы белгисиз.
Быйыл Транзиттик Жүк Ташуу борборунан түшкөн финансылык каражаттар 211 млн.$ түзгөн, анын ичинде ижара акысы да, ж.б.чыгымдары камтылган.
Айтор, карыз акча ала берип, бир уюмдан же мамлекеттен көз каранды болуп калышыбыз, мени аябай өкүндүрөт.
Мындай карызды кийин кантип төлөп беребиз, ушундай араң жан экономикабыз менен. Канчалаган мамлекеттер бар, уулуу таштандыларын кайда көмөөрүн билбеген. Качандыр убакта, бизге алар карызыңарды кечебиз, силердин жерге калдыктарды көмөлү десе, биздин саткын саясатчыларыбыз макул болоорунан эч шек санабайм.
Ансыз да элибиз араң жашап, өз жанын өзү багып, оокат кылып жүрүшөт. Мамлекетибизде чечилбеген көйгөйлөр аябай көп. Ошол келген каражаттарды туура пайдаланып, чоңдор өз чөнтөгүн ойлобой, элдин көйгөйүн чечип берсе, пайдалуурак болмок.
Кыргызстандагы сот системасы кандай иш алып барат, соттор кандай чечимдерди чыгарат, ал жакта кандай адамдар иштейт – деген суроолор ар бир кыргызстандыкты кызыктырат. Анткени, сот системасы мамлекеттеги бийликтин бир бутагын түзүп, жасаган жумуштары калктын жашоо турмушуна бир топ таасирин тийгизет. Чыгарган чечимдери тигил же бул адамдын тагдырын чечет. Ошондуктан бул бийликтин бутагы таза, ачык жана айкын чечимдерди чыгарса биздин мамлекетте жашаган адамдардын жашоосу бир топ жеңилдеп калмак.
Биздин өлкөдөгү сот системасы илгерки совет доорундагыдай эле иштеп, мамлекеттин башка бийлик бутактарынан көз каранды болуп, өйдө жактан ар кандай берилген буйруктарды аткарышып, адилетсиз чечимдерди дагы деле бүгүнкү күнгө чейин чыгарып келе жатышат. Анткени, бул жакта иштеген соттор илгерки заманда тарбияланып, бюрократиялык нормаларды дагы деле сактап келе жатышат. Туура эмес чечимдерди кабыл алышканын дагы бир себеби катары коррупцияны белгилесек болот. Кыргызстандагы каалаган сотту алып көрсөң, биздин жашоо деңгээлибизге караганда бир топ жакшы жашашат. Ойлонуп көрсөк айлык маянасы 1000-2000 доллар болгон күндө дагы мындай байлыкты чогулта алышпайт.
20 жылдан бери мамлекетибиздин ар кайсы тармагында реформа реформа деп келе жатабыз. Бирок, көзгө көрүнүктүү эч нерсе жасалган жок. Сот системасы дагы өз алдынча болуш керек деп коюп, чынында келгенде башкача болуп калат. Мисал катары азыркы парламенттик башкаруу системасында да сотторго ар кандай бийлик өкүлдөрү тигил же бул чечимди чыгарып кой деген учурлар кездешип жатат. Мегаком боюнча талаш тартышта, Жогорку Кеңештин мурунку спикери А.Келдибеков Бишкек шаарынын сотуна чалып, керектүү чечим чыгарып койгула деп айткан. Бул жерде парламенттин спикеринин кандай тиешеси бар, же болбосо мунун артында башка сыр катылганбы?
Дүйнөдө калкынын саны аз, бизге окшогон кичинекей Сингапур деген мамлекет бар. Бул мамлекет азыр дүйнөдө эң өнүккөн мамлекеттердин арасына кирет. Экономикалык өнүгүүсү боюнча кээ бир Европа мамлекеттерин да ашып өтөт. Бирок, тарыхын карап көрсөк 50 жыл мурун эле бул мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү өтө начар болуп, коррупциянын деңгээли абдан жогору болгон. Анан бул мамлекетке Ли Куан Ю деген реформатор келип, мамлекеттик башкарууну түп тамыры менен реформалаган. Сот системасын реформалаганда таза сотторду тандап алып, айлык маянасын 100 эсеге көтөрүп, коррупцияга каршы өлүм жазасына чейин болгон мыйзамдарды кабыл алышкан.
Биздин мамлекетте дагы мындай чечкиндүү кадамдарга барбайынча өлкөнүн өнүгүүсү жөн гана сөз түрүндө кала берет!
20 ноябрда эртең менен саат 5те уйкудан зорго ойгондум. Дем алышта таң атпай туруу мен үчүн бир тозок десеңиз. Бирок, бул күнү боло турган Жаштар Кемпти эстегенде, атып эле турдум. Аэропортко автобус 6да Спорт Ордосунун жанынан кетмек. Шаша-буша кийинип, терезени карасам жаан жаап жатыптыр. Алдыда эң сонун күн күтүп турган. Андыктан, жаанга кабатыр болуу – мен эмесмин. Таксини эшиктен эле кармоону ойлоп, көчөгө атып чыктым. Ары-бери өтсөң “чоң кыз, кайда барасыз” деп тийишүүчү кырка бою тизилип турган таксистердин бири жок. Орустар “назло” деп коёт мындай учурда. Чоң жолдун аркы өйүзүндө турган таксилерди көздөй чуркадым. Көбүнчө кинолордо болгондой, караңгы, чоң көчө, жалгыз кыз… Анан эң коркунучтуусу ушул жерден башталат эмеспи. Алдымдан түнү бою уктабай “кутуруп” жүргөн мас бала чыкпаспы. “Чоң кыз” деп ээрчип алганда, жүрөгүм түшүп, жакынкы таксиге кантип жеткенимди аңдабай калдым. 5 каналдын алып баруучусу Марина Ким фейсбукка “Бишкекте мырктар көп” деп жазып койгонуна абдан жиним келген… Кээде жашооң көтөрүп жүргөн сотканын, фотоаппараттын баасы жана чөнтөктөгү акчанын көлөмү менен өлчөнүп калат эмеспи…Макул, бул тууралуу башка макалада…
Бишкектен Ошту көздөй Жаштар Кемптин катышуучулары, лекторлору жана уюштуруучулары болуп 40ка жакын адам учуп жөнөдүк. Башкалар күн мурун учуп кетишиптир. Учак 45 мүнөткө кеч кармалгандыктан, Жаштар Кемптин күн тартибин 30 мүнөткө жылдырууга туура келди. Ош мамлекеттик университетинин башкы залында бизди 400гө жакын катышуучулар күтүп туруптур. Зал жык-жыйма, бут коёрго жер жок. Ошентип, көптөн күткөн Жаштар Кемпти Каарман Кулуев “ачык” деп жарыялады. Кийинки сөз Эмил Уметалиевдин “Өлкөлүк башкача ой-жүгүртүү” деген дискуссиясына берилди. Мындан кийин 4 аудиторияга 30 мүнөттөн бөлүнгөн презентациялар башталды.
Жаштар Кемпке спикер катары өлкөдө экономика, саясат, маданият жана башка тармактарда ийгиликке жетишкен адистер чакырылган. Спикерлердин алдына коюлган максат – региондогу жаштарды “жандандыруу” эле. Азис Абакиров, Гульнара Каликова, Бакай Жунушов, Мирсулжан Намазалиев ж.б.у.с ишмердүүлүгү менен көпчүлүккө таанылып калган ишкерлер жаштарга консалтинг, менеджмент, маркетинг жана ишкердүүлүк жөнүндө жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен айтып беришти. Интернетти жана социалдык байланыш түйүндөрүн кантип пайдалуу колдонуу жөнүндө да бир топ презентация өттү.
JashtarCamp – жыл сайын өткөрүлүүчү жаштардын маалымат жыйыны. Анын негизги максаты – жаштарды активдүүлүккө жана коомдук иштерге катышууга чакыруу. Бул жерде жаштар аларды кызыктырган темаларда өз ара пикир алышып, бул тармактарда эмгектенген адистер менен баарлашып, тажрыйба бөлүшүшөт. Мындай жыйындар өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген катышуучуларга өз ара тил табышып, келечекте кызматташууга жана бири-бирине жардам көрсөтүүсүнө көмөк көрсөтөт. Жаштар Кемп лекторлордун презентациясы жана чогуу талкуу менен гана чектелбейт. Ал жерде жаштар Ideas Market аттуу “идеялардын жарманкесинде” өз долбоорлорун жактап, каражат жактан колдоо алууга да мүмкүнчүлүгү бар. Тарыхка кайрылсак, эларалык жаштар жыйыны биринчи жолу 1945 жылы 29 – октябрдан 10 –ноябрга чейин Лондон шаарында Эларалык жаштар кеңешинин демилгеси менен өткөн. Ошондон бери, жаштар уюмунун эларалык бирикмеси дүйнө жүзү боюнча жаштарды бириктирген кыймыл борбору болуп калган.
Түшкү дем алуу убагында баардык катышуучуларга Оштун “Боорсок” деп аталган гамбургерин жана кола-фанта таркатышты. “Жергиликтүү калк” буга жана Жаштар Кемптин логотиби басылган сумка, ручка ж.б. көптөгөн Билайн компаниясынын белектерине ыраазы болуп отуруп калышты. Ал эми, бишкектиктер атагы алыска кеткен “Айдар-Ата” кафесиндеги аш менен самсыга шашылышты.
Түштөн кийин жергиликтүүлөр менен бишкектиктер жуурулушуп, бири-бирине сиңишип калды десе болот. Кээ бири Сулайман Тоого жөнөштү. Кээ бири бири-биринин колу- бетине сүрөт тартса, кээ бирлери университеттин короосунда сүрөт көргөзмөсүн өткөрүп жатышты. Бирок, лекторлорду чоң кызыгуу менен угуп, мүмкүн болушунуча пайдалуу маалымат алууга ашыккандардын көп болгону кубандырбай койгон жок.
Жаштар Кемп өлкөнүн түштүк борборунда биринчи жолу уюшулуп жатканына карабастан, “ал өз максатына жетти” деп айтса болот. Бирок, аны уюштурууда жана өткөрүүдө кандай тоскоолдуктар жана кемчиликтер болгонун башкы жооптуу адамдар айта кетишти.
“Мектеп окуучуларын жана студенттерди Жаштар кемпке чакыруу үчүн биз бир топ иш-чараларды алып бардык. Буга чейин Жаштар кемп Бишкек шаарында гана өтчү. Ал жерде интернет аркылуу маалымат таратуу оңой жана тез. Бул жерде болсо, интернет колдонуучулары аз. Жалал-Абад, Баткен жана Оштогу бардык мектеп жана ЖОЖ дагы окуучулар жана студенттик уюмдар менен байланышып, алар менен тыгыз иш жүргүзүүгө туура келди”, – дейт Youth of Osh жаштар уюмунун жетекчиси Айжан Токтошева.
Жыйынга атайын Жалал-Абаддын Ала-Бука районунан келген Дөөлөт Таирбек уулу өз ара баарлашууда болуп жаткан кыйынчылыктар жөнүндө бөлүштү. “Мага кээ бир адамдардын орусча сүйлөп жатканы жакпай калды. Мен бул тилди жакшы билбейм. Кээде мен досторум менен алар эмне жөнүндө сүйлөп жатканын түшүнбөй калып жаттык. Анан башка аудиториялардан кыргызча айтып жаткандарды издеп жаттык”, – деди эч нерсени жашырбай ал.
Катышуучулардын көбү алыскы райондордон келгенин жана орусча өтүп жаткан презентацияларга жана талкуулоорго активдүү катыша албай жатканын Айжан Токтошева да белгиледи.
“Башынан эле, мындай болоорун билгенбиз. Бирок, спикерлер көбү шаарда же чет жакта окушуп, кыргыз тилинде жакшы сүйлөй алышпаарын айтышкан. Ага карабастан, алар алы келишинче кыргызча сүйлөөгө аракет кылышты. Кошумча суроолорго да жооп берип жатышты. Бул тажрыйба алардын жаштардан бир нерсе үйрөнүүсүнө түрткү болоор” , – деп кошучалады Бишкектеги Ишмердүүлүк Клубунун долбоорлор боюнча адиси Мирбек Токтогараев.
“Бизде күйүүчү май, газ же деңизге ачык жол жок. Бирок, бизде адамдардын ресурсу жана интернет бар. Ошондуктан, бүгүн бизге билимдүү, таланттуу жана алдына максат коюп, ага жетем деген жаштар керек”, – деген «Uniuque Technologies» тун директору Азис Абакировдун жаштарга болгон жалындуу кайрылуусу менен Жаштар Кемп “жабык” деп жарыяланды.
Ошентип, бул күн дагы соңуна жетти. Эми, мындай иш-чара өлкөнүн башка шаарларында да өтүп, баардык жаштарды бириктирсе деген гана үмүт бар.
Ош жергесинде болуп өткөн JashtarCamp 2011 «Сорос-Кыргызстан» фондунун, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин, Европалык Союздун өкүлгчүлүгүнүн жана башка бир катар эларалык уюмдардын колдоосу менен уюштурулган.
Кыргызстанда бийлик бутактарынын бири болуп сот бийлиги саналат. Сот бийлигинин өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп – көз карандысыздыгы саналат. Ушу күнгө чейин, Кыргызстандагы сот бийлиги, бийликтин башка бутактарына көз каранды болуп, чечимдерди бирөөнүн кызыкчылыга чечип берип, элдин бул бийликке болгон ишенимин төмөндөтүп келет.
2005, 2010 жылдардагы бийлик алмашуулардын бирден-бир себеби, сот системасынын паракорчулукка батып кеткени, соттордун өз алдынча чечим чыгара албай, бийликтин айтканын аткарып, бийликке коопсуздук туудурган адамдарды бийликтен четтетип, көзүн тазалаганга чоң жардам берип келген.
Мындан тышкары, бийликтегилердин күчтүү бийлигин түптөгөнгө, алардын кызыкчылыктарын коргогон бир чөнтөк органына айланып калган.
Тээ көз карандысыздыкты алган жылдардан тартып эле сот системасында реформа жазап эле келе жатабыз, анын бир убайын көрө да элекпиз. Тескерисинсе, пайдасынан зыяны көбүрөөк тийип жатат. Чыныгы өз ишин билген профессионал соттор келбей, коррупционер, билим деңгээли төмөн адамдар элдин тагдырын чечип жатканы, ар бир кыргыз атуулун өкүндүрөт.
Сотторду тандоодо жердешчилик, урук-тууганчылык, досчулук, акча берүү кызыкчылыгына басым жасалып, сот системасынын ирип-чиришине алып келди.
Акыркы убактагы мисалды эле алсак, сотторду тандоо кеңешинин толук кандуу иштебей жатышы, бийликтеги кандайдыр бир топтордун кызыкчылыгынан көз каранды экенин көрсөтүп койду.
Негизи, сот бийлиги эч кимден көз каранды болбош керек. Тилекке каршы андай болбой, аларды президенттин администрациясы же парламент башкарып келет. Мындай учурда эч качан чыныгы чечим чыгарылбай, көптөгөн бейкүнөө адамдар темир тор артына кетүүдө.
Мисалы, “карга карганын көзүн чокубайт” деген принципте иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен соттордун ортосунда кандайдыр бир ымалашуу болуп, адамдарды кыйнаган деген берене менен соттолуп жаткан милиция кызматкерлеринин акталышы, Бишкек шаарынын мэринин баласынын акталашы, 7 апрель окуясы, Ош коогалаңынын иштери каралбай жатканы энени түшүндүрөт?
Мындай мисалдар бизде өтө көп. Ушундай иштерди караган соттордун жашаган үйлөрүн, айдаган машиналарын карасаң, замандап, акыркы үлгүдөгү машиналар. Айына 30миң сомдон алышса, мындай кымбат машиналарды, үйлөрдү кайсы акчага алып жатышат? Ар бир каралган ишке пара алып жатышса, ушунтип кутурганга шарттар түзүлөт турбайбы.
Эмне үчүн сотторду тандоо кеңеши ушундай жактарын карашпайт тандап жатканда? Эч түшүнүксүз.
Кыргызстанда таза сот бийлигин курууга болот, ал үчүн бир гана адамдын (Президенттин) эрки, каалоосу болсо, ишке ашырса болот. Мисал Грузия мамлекетин алсак, М.Саакашвилинин эрки күчтүүлүгүнөн канчалаган реформалар жасалды.
Ошондуктан, жаңы шайланган президентибизден үмүтүбүз чоң. Ал элдин ишеничин актаар деген ойдомун.
Канча жылдан бери эле коррупция менен күрөшүп келебиз, бир да пайда чыккан жок. Ар бир жаңы келген жетекчи, сөзсүз коррупция менен күрөшөм, кыскартам, жоготом деп, элдин көңүлүн көтөрүп келет.
Ошенткени менен бир да жетекчи алгылыктуу иш жасаганын көргөн жокпуз. Тескерисинче, коррупциялык схемаларга жол ачып, өз чөнтөгүн толтургандан башка эч нерсе кылынбай келет.
Бул жолу да жаңы шайланган президентибиз коррупция менен күрөшөм, кыскартам деген сөзүн айтты. Муну эми убакыт көрсөтөт.
Кыргызстанда бүт жерден коррупцияны кездештирүүгө болот, жаңы төрөлгөн баланы төрөткөн адамга да акча берсек, кийин бала бакчага барганда, ал жакка киргизүү үчүн акча сурашат, анан мектеп, жогорку окуу жайлары, жумуш, жада калса адам өлгөндө да жерди сатышат, мунун баарын коррупцияга кошууга болот.
Ал эми мамлекеттик жогорку органдарды, депутаттарды, сотторду ж.б.коррупцияга малынганын айтпай эле коёлу. Кээ бир эксперттердин айтуусу боюнча коррупциянын жылдык айлануусунун суммасы, мамлекеттин бюджетинин 50% ашып кетет экен.
Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында айтылгандай, биздин мамлекет дүйнө жүзүндөгү эң коррупцияга баткан өлкөлөрдүн катарында. 2011 жылдын отчетунда 182 мамлекеттин ичинен 164 оорунду ээледи. Жогорудагы көрсөткүч өтө өкүнүчтүү.
Акыркы убактардагы нурданган көмүрдүн келиши, сотторду тандоо кеңешинин алдыга жылбай жатышы, премьер министр болом деп акча чачып жаткан кандидаттардын кылган кылыктары мисал боло алат коррупцияга.
Коррупциянын өсүшүнүн негизги себептеринин бири катары айлык маяналарынын аздыгы, трайбализмдин өсүшү, билим деңгээлинин төмөндүгү, чыныгы профессионал жумушчулардын кылган ишинин бааланбагандыгы, коомдун жогорку жана төмөнкү катмары деп бөлүнүшүнүн негизинде келип чыгып жатат.
Коррупцияны кыскартуу ар бир коомдун катышуучуларынын өзүнөн көз каранды.Адамдар өздөрү акча бербесе, кээ бир мамлекеттик органдар өздөрү сурашпайт.
Бизде ким коррупционер, ким таза экенин жөн эле билсе болот. Аны үчүн мамлекет башчы өзү таза болуусу зарыл. Анан салык, прокуратура, сот, укук коргоо органдарын тазалап, баардыгын бириктирип бир комиссия түзүп, шаарга чыгып чоң, кымбат машиналар менен жүргөндөрдү, алардын эки кабатүйлөрүн текшкерсе, коррупционерлерди бир айдын ичинде кармаса болот.
Эгер ал кармалган адам чындыгында ошол менчиктерин мыйзам чегинде далилдеп бере алса, анда ал таза иштеген. Эгерде аны далилдей албаса, мамлекетке конфискация кылганга укук бериш керек. Ошондо коомдо өзгөрүүлөр болуп, мамлекетибиз өнүгүшү мүмкүн, эгер андай болбосо, эски таз кейпибизди кийип отура беребиз.
Бюрократиялык механизмдерди кескин түрдө кыскартуу керек. Мисалы бизнес ачам деген адамга канчалаган кереги жок документтерди чогултуу керек, жана алар канча күндү талап кылат. Аны күтпөйм деген адам. атайын бир суммадагы акча берип, убакытты үнөмдөп, тез бүтүргөнгө шарттар бар. Мунун баары коррупциялык схемалар.
Ушундай эле мисалдарды каржы сферасында, тендер өткөрүүдө, машинаны техникалык кароодон өткөрүүдө кездештирүүгө болот.
Айтор, коррупция мамлекеттин канын сүлүк курттай эле соруп жатат. Мындай нерседен тез аранын ичинде арылуубуз зарыл. Аны үчүн реалдуу реформаларды жасап, жаш, таза кадрларды тартуу керек.
Сүрөт Time.kg сайтынан алынды.

«Пандо Нетворкс» уюму изилдөө жүргуздү, ошого ылайык Кыргызстанда Интернеттен берилиштерди көчүрүүнүн орточо ылдамдыгы седундасына 165 килобайтты тузөт.
Ушул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда экинчи орунга чыгат.
Дүйнөдөгү 224 өлкөдө 20 миллиондон ашык компьютердин көчүрүү ылдамдыгын талдап чыгып, дүйнө боюнча көчүрүүнүн орточо ылдамдыгы секундасына 580 килобайтка барабар деп тапты.
Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү коңшулардын арасында өлкөлөрдүн тизмесинде экинчи орунду ээледи. Секундасына Read the full story »
Бул картада төмөнкү провайдерлер берилген:
Jet – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү жашыл
Мегалайн – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү көгүлтүр
Хоумлайн – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү жашыл
Тотел – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү чымкый көк
Ситинет – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү кара
Fast.net – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү күрөң
http://g.co/maps/2skz9
Картаны чоңураак өлчөмдөгү картадан кароо
Булак: Клооп.KG
Стив Джобстун Стэнфорд университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзү
Бүгүн мен дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин биринин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында болушум менен өтө сыймыктанып турам. Чынын айтсам мен эч качан колледжди бүтүргөн эмесмин жана бүтүрүүчүлөргө азыркыдан жакын болуп көргөн эмесмин. Мен силерге өз башымдан өткөзгөн үч окуяны айтып берейин деп чечтим. Болгону үч окуя…









Акыркы пикирлер