Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Коом

Сот бийлигинин мышык ыйлачудай абалы
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 10 Dec, 2011 – 15:42 | No Comment

Кыргызстанда бийлик бутактарынын бири болуп сот бийлиги саналат. Сот бийлигинин өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп – көз карандысыздыгы саналат. Ушу күнгө чейин, Кыргызстандагы сот бийлиги, бийликтин башка бутактарына көз каранды болуп, чечимдерди бирөөнүн кызыкчылыга чечип берип, элдин бул бийликке болгон ишенимин төмөндөтүп келет.                                                                                                                                 

2005, 2010 жылдардагы бийлик алмашуулардын бирден-бир себеби, сот системасынын паракорчулукка батып кеткени, соттордун өз алдынча чечим чыгара албай, бийликтин айтканын аткарып, бийликке коопсуздук туудурган адамдарды бийликтен четтетип, көзүн тазалаганга чоң жардам берип келген.

Мындан тышкары, бийликтегилердин күчтүү бийлигин түптөгөнгө, алардын кызыкчылыктарын коргогон бир чөнтөк органына айланып калган.

Тээ көз карандысыздыкты алган жылдардан тартып эле сот системасында реформа жазап эле келе жатабыз, анын бир убайын көрө да элекпиз. Тескерисинсе, пайдасынан зыяны көбүрөөк тийип жатат. Чыныгы өз ишин билген профессионал соттор келбей, коррупционер, билим деңгээли төмөн адамдар элдин тагдырын чечип жатканы, ар бир кыргыз атуулун өкүндүрөт.                                                                                                              

Сотторду тандоодо жердешчилик, урук-тууганчылык, досчулук, акча берүү кызыкчылыгына басым жасалып, сот системасынын ирип-чиришине алып келди.

Акыркы убактагы мисалды эле алсак, сотторду тандоо кеңешинин толук кандуу иштебей жатышы, бийликтеги кандайдыр бир топтордун кызыкчылыгынан көз каранды экенин көрсөтүп койду.

Негизи, сот бийлиги эч кимден көз каранды болбош керек. Тилекке каршы андай болбой, аларды президенттин администрациясы же парламент башкарып келет. Мындай учурда эч качан чыныгы чечим чыгарылбай, көптөгөн бейкүнөө адамдар темир тор артына кетүүдө.

Мисалы, “карга карганын көзүн чокубайт” деген принципте иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен соттордун ортосунда кандайдыр бир ымалашуу болуп, адамдарды кыйнаган деген берене менен соттолуп жаткан милиция кызматкерлеринин акталышы, Бишкек шаарынын мэринин баласынын акталашы, 7 апрель окуясы, Ош коогалаңынын иштери каралбай жатканы энени түшүндүрөт?

Мындай мисалдар бизде өтө көп. Ушундай иштерди караган соттордун жашаган үйлөрүн, айдаган машиналарын карасаң, замандап, акыркы үлгүдөгү машиналар. Айына 30миң сомдон алышса, мындай кымбат машиналарды, үйлөрдү кайсы акчага алып жатышат? Ар бир каралган ишке пара алып жатышса, ушунтип кутурганга шарттар түзүлөт турбайбы.

Эмне үчүн сотторду тандоо кеңеши ушундай жактарын карашпайт тандап жатканда? Эч  түшүнүксүз.

Кыргызстанда таза сот бийлигин курууга болот, ал үчүн бир гана адамдын (Президенттин) эрки, каалоосу болсо, ишке ашырса болот. Мисал Грузия мамлекетин алсак, М.Саакашвилинин эрки күчтүүлүгүнөн канчалаган реформалар жасалды.

Ошондуктан, жаңы шайланган президентибизден үмүтүбүз чоң. Ал элдин ишеничин актаар деген ойдомун.

Кыргыз элинин байлыгын соргон коррупция
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 3 Dec, 2011 – 14:08 | No Comment

Канча жылдан бери эле коррупция менен күрөшүп келебиз, бир да пайда чыккан жок. Ар бир жаңы келген жетекчи, сөзсүз коррупция менен күрөшөм, кыскартам, жоготом деп, элдин көңүлүн көтөрүп келет.

Ошенткени менен бир да жетекчи алгылыктуу иш жасаганын көргөн жокпуз. Тескерисинче, коррупциялык схемаларга жол ачып, өз чөнтөгүн толтургандан башка эч нерсе кылынбай келет.

Бул жолу да жаңы шайланган президентибиз  коррупция менен күрөшөм, кыскартам деген сөзүн айтты. Муну эми убакыт көрсөтөт.

Кыргызстанда бүт жерден коррупцияны кездештирүүгө болот, жаңы төрөлгөн баланы төрөткөн адамга да акча берсек, кийин бала бакчага барганда, ал жакка киргизүү үчүн акча сурашат, анан мектеп, жогорку окуу жайлары, жумуш, жада калса адам өлгөндө да жерди сатышат, мунун баарын коррупцияга кошууга болот.

Ал эми мамлекеттик жогорку органдарды, депутаттарды, сотторду ж.б.коррупцияга малынганын айтпай эле коёлу. Кээ бир эксперттердин айтуусу боюнча коррупциянын жылдык айлануусунун суммасы, мамлекеттин бюджетинин 50% ашып кетет экен.               

Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында айтылгандай, биздин мамлекет дүйнө жүзүндөгү эң коррупцияга баткан өлкөлөрдүн катарында. 2011 жылдын отчетунда 182 мамлекеттин ичинен 164 оорунду ээледи. Жогорудагы көрсөткүч өтө өкүнүчтүү.

Акыркы убактардагы нурданган көмүрдүн келиши, сотторду тандоо кеңешинин алдыга жылбай жатышы, премьер министр болом деп акча чачып жаткан кандидаттардын кылган кылыктары мисал боло алат коррупцияга.

Коррупциянын өсүшүнүн негизги себептеринин бири катары айлык маяналарынын аздыгы, трайбализмдин өсүшү, билим деңгээлинин төмөндүгү, чыныгы профессионал жумушчулардын кылган ишинин бааланбагандыгы, коомдун жогорку жана төмөнкү катмары деп бөлүнүшүнүн негизинде келип чыгып жатат.

Коррупцияны кыскартуу ар бир коомдун катышуучуларынын өзүнөн көз каранды.Адамдар өздөрү акча бербесе, кээ бир мамлекеттик органдар өздөрү сурашпайт.

Бизде ким коррупционер, ким таза экенин жөн эле билсе болот. Аны үчүн мамлекет башчы өзү таза болуусу зарыл. Анан салык, прокуратура, сот, укук коргоо органдарын тазалап, баардыгын бириктирип бир комиссия түзүп, шаарга чыгып чоң, кымбат машиналар менен жүргөндөрдү, алардын эки кабатүйлөрүн текшкерсе, коррупционерлерди бир айдын ичинде кармаса болот.

Эгер ал кармалган адам чындыгында ошол менчиктерин мыйзам чегинде далилдеп бере алса, анда ал таза иштеген. Эгерде аны далилдей албаса, мамлекетке конфискация кылганга укук бериш керек. Ошондо коомдо өзгөрүүлөр болуп, мамлекетибиз өнүгүшү мүмкүн, эгер андай болбосо, эски таз кейпибизди кийип отура беребиз.

Бюрократиялык механизмдерди кескин түрдө кыскартуу керек. Мисалы бизнес ачам деген адамга канчалаган кереги жок документтерди чогултуу керек, жана алар канча күндү талап кылат. Аны күтпөйм деген адам. атайын бир суммадагы акча берип, убакытты үнөмдөп, тез бүтүргөнгө шарттар бар. Мунун баары коррупциялык схемалар.

Ушундай эле мисалдарды каржы сферасында, тендер өткөрүүдө, машинаны техникалык кароодон өткөрүүдө кездештирүүгө болот.

Айтор, коррупция мамлекеттин канын сүлүк курттай эле соруп жатат. Мындай нерседен тез аранын ичинде арылуубуз зарыл. Аны үчүн реалдуу реформаларды жасап, жаш, таза кадрларды тартуу керек.

Сүрөт  Time.kg сайтынан алынды.

Кыргызстан Интернеттен көчүрүү ылдамдыгы боюнча Борбордук Азияда экинчи орунда турат.
Written by Төлөгөн Аматов, Friday, 2 Dec, 2011 – 17:10 | No Comment


«Пандо Нетворкс» уюму изилдөө жүргуздү, ошого ылайык Кыргызстанда Интернеттен берилиштерди көчүрүүнүн орточо ылдамдыгы седундасына 165 килобайтты тузөт.
Ушул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда экинчи орунга чыгат.

Дүйнөдөгү 224 өлкөдө 20 миллиондон ашык компьютердин көчүрүү ылдамдыгын талдап чыгып, дүйнө боюнча көчүрүүнүн орточо ылдамдыгы секундасына 580 килобайтка барабар деп тапты.

Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү коңшулардын арасында өлкөлөрдүн тизмесинде экинчи орунду ээледи. Секундасына Read the full story »

Карта: Бишкектеги интернет провайдерлеринин камтуу аймагы
Written by Төлөгөн Аматов, Friday, 2 Dec, 2011 – 13:53 | One Comment

Бул картада төмөнкү провайдерлер берилген:
Jet – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү жашыл
Мегалайн – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү көгүлтүр
Хоумлайн – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү жашыл
Тотел – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү чымкый көк
Ситинет – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү кара
Fast.net – тармактын камтуу аймагынын чектеринин өңү күрөң

http://g.co/maps/2skz9


Картаны чоңураак өлчөмдөгү картадан кароо

Булак: Клооп.KG

Стив Жобс. “Ачка болгула. Аңкоо болгула”
Written by Төлөгөн Аматов, Monday, 28 Nov, 2011 – 14:28 | No Comment

Стив Джобстун Стэнфорд университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзү

Бүгүн мен дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин биринин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында болушум менен өтө сыймыктанып турам. Чынын айтсам мен эч качан колледжди бүтүргөн эмесмин жана бүтүрүүчүлөргө азыркыдан жакын болуп көргөн эмесмин. Мен силерге өз башымдан өткөзгөн үч окуяны айтып берейин деп чечтим. Болгону үч окуя…

Read the full story »

Кош келиниздер!
Written by Төлөгөн Аматов, Friday, 25 Nov, 2011 – 22:32 | No Comment

Каякта?

“Библиотека” кафеси, Эркиндик бульвары, 37 (Токтогул к. Менен кесилиш)

Кайсы күнү?

30 Ноябрьда 2011 ж.

Саат канчада?

19-00дө

Эмне жөнүндө?

“Google Translate Кыргызча” долбоору жана аны краудсорсингге алып чыгуу
тууралуу.

- Долбоор жөнүндө ой кандайча жаралды, аны ишке ашыруунун жүрүшү жана
ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү

- Google Translate кандайча иштейт жана машиналык котормо алгоритмдери
деген эмне, бул сервисте жаңы тилдин пайда болушунун шарттары.

- Колдонуучулар Enetil.kg сайтына өз котормолорун кошуу менен долбоорго
Descriptionкандайча жардам бере алышары жөнүндө.

- Интернетте жана портативдүү жана мобилдүү түзмөктөр үчүн ар кандай
колдомолордо кыргыз тилин жайылтуу жөнүндө.

Кимдер Уюштурат?

Уюштуруучулар
“ISOC Кыргыз Интернет жамааты” Коомдук Фонду _www.isoc.kg

Баланы кантип тарбиялоо керек?
Written by adilet, Thursday, 24 Nov, 2011 – 17:20 | No Comment

Бала өзүнө тың, ийгиликтүү жана бактылуу болуп өсүш үчүн эмне кылыш керек жана кандай болуш керек? Өзүңдүн балаң менен жакын ишенимдүү мамиле түзүүгө болобу же кандайдыр бир карама-каршы пикирлер болошу мүмкүнбү? Келгиле баарыбыз биригип ушул суроолорго жооп беребиз.

Мектепте жана университетте бизди ар кандай тармакта жана адистике окутушат. Бирок, алардын арасында кантип үй-бүлө куруу, кантип балдарды тарбиялоо жөнүндө эч нерсе окутушпайт. Бала бул жаоодо өзүнө тың, ак-жолдуу, ийгиликтүү жана бактылуу болуп өсүш үчүн ата-энесикандай аракетти жана сөздөрдү тандаш керек. . .

Ата-эне баласына кеңеш берүүдө бир аксиома бар. Балдар дайыма ата-энесинин күзгүсү болуп эсептелинет. Бала менен эмне болсо дагы, ар дайым ата-эне балдарынын журүш-туруштарынын негизги себеби болушат. Ата-энеси айткан сөздөрдү, жасаган иштерди балдар үлгү, чындык катары кабыл алышат. Ошондуктан тарбиянын эң жакшы жолу  – ата-эненин үлгүсү.

Наристе жаңы дүйнөгө келгенде өзүн жана өзүн курчаган дүйнөнү жакшы көрөт. Чоңоюп өскөн сайын курчаган дүйнөнү кызыгып тааный баштайт. Бул жерден ал “болбойт” жана “жаман” деген сөздөр менен таанышат. Жашап кетиш үчүн бала ар кандай психологиялык коргоолдорду коюп баштайт, башкача айтканда жаңы жашоо шартына ылайыкташат. Мындай ыкмалар кээде ата-энеге жакпайт. Көп учурларда жазалап, урушуп коюшат. Ар дайым бала ата-энесинин мээримин күтөт (“сен дүйнөдө бар үчүн мен сени жакшы көрөм”) жана кабыл алуу (“эмне болсо дагы мен сени кандай болсоң дагы кабыл алам”). Эгерде бала ата-эненин мээримин албаса анда кежирленип, жини келип, баардык нерсеге көңүлү жок болот. Баланын тил албастыгынын себебин таап, аны жоюш керек.

Баланын тил албастыгынын себептери:

  1. Көңүл бурууга болгон күрөш. Эгерде балага жетиштүү көңүл бурулбаса анда ал өзүнүн ыкмасын колдонуп – сөздү укпай, тил албай коет.
  2. 2. Өз алдынча болуу үчүн ата-эненин ашыкча камкордугуна жана өкүмдүк кылуусуна каршы күрөш. Эгерде эскертүүлөр жана кеңештер улам-улам айтылса, буйрук жана сындоо катуу болсо, бир нерседен сактап калуу апыртуу болсо бала кежирленип баштайт.
  3. Өчүн алуу каалоосу. Көп учурларда балдар ата-энелерине таарынып калышат. Ар кандай себептер менен: катуу эскертип коюу, аткарылбаган убада, адилетсиз жазалоо. Бала өзүнүн ички дүйнөсүндө азап чегип, сыртына нааразычылыгын, тил албастыгын, агрессиясын көрсөтөт. Ушундай жол менен ал өч алат.
  4. Өзүнүн ийгилигине ишеничин жоготот. Бул өзүнүн күчүнө ишенбей калгандыктан болот. Өзүнө ишенбегендиктен эч нерсе жасагысы келбей, жасасам да менин колуман эч нерсе келбейт деп калат. Жүрүш-турушу менен баардык нерсеге кош көңүлдүгүн көрсөтүп, жаман болсом боло берем дейт.

Балага кантип жардам берүү керек:

  • Эгерде балага көңүл бөлүү маселеси турса, бул маселени чечүүнүн жолун таап, балага кошумча көңүл бөлүш керек (бирге ойноо, сейилдөө).
  • Эгерде бала өз алдынча болом десе тескерисинче азыраак көңүл буруу керек.
  • Эгерде тил албастыктын себеби кандайдыр бир таарыныч болсо, анда сиз кайсы жерден ката кетиргениңизди таап, ошол катаны оңдош керек. Ошондо бала менен болгон мамиле оңоло баштайт жана баланын эмоционалдык абалы жакшы болот.
  • Эгерде бала өз күчүнө ишенбей турса, андан чоң талаптарды аткаруусун сурабаш керек. Ар кандай себептерди таап аны мактап коюш керек (ар кандай мааниси кичинекей дагы себептер болсо). Сиз балаңызга эмнени айтсаңыз да ошол сөз зор мааниге ээ. Сиз айткан сөздөрдүн баардыгы баланын ички аң-сезимине программаланып калат.

Жолу болбогон кишини түзүүнүн сценарийинин фразалары:

Сенден эчтеке чыкпайт, сен оңолбойсуң, жинди, жаман бала, жалкоо, мээси жок, келесо, мен сени жакшы көрбөйм, ыйлак, уяты жок, милдеттүүсүң. Мындай создөрдү жазып туруп, өзүңүз окуп көргүлө. Балаңыз мындай сөздөргө татыктуубу? Балаңыз мындай сөздөрдү башка кишиден укса эмне кылат? Сиз эмне кыласыз? Эгерде балаңызга мындай сөздөрдү айтсаңыз башка кишиден эмнеңиз артык?

Манас Кубогу 2011
Written by Рысбек Арунов, Wednesday, 23 Nov, 2011 – 15:31 | No Comment

Бул кубок “Ишкерлик Жумалыгы – 2011” долбоорунун негизинде Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун, Бишкек Ишкерлер Клубунун, АКШ элчилигинин, Ф.Науманн фондунун, Эл аралык жаштар фондунун жана USAID жергиликтүү өнүгүү программасынын жардамы аркасында өткөзүлдү.

“Ишкерлик Жумалыгы” дүйнөнүн 115 өлкөсүнөн көбүрөөк мамлекеттеринде өткөрүлүп келе жатат. Ал эми Кыргызстанда быйыл экинчи жолу болуп жатат. Негизги максаты болуп, жаштарды ар кандай иш чаралардын негизинде, тактап айтканда ишкерлик боюнча мектеп окуучуларына тренингдерди өткөрүү, студенттерге лекция окуу жана ар кандай оюндарды өткөрүү менен коштолот.

Кыргызстандагы “Ишкерлик Жумалыгы – 2011” долбоорунун негизги уюштуруучулары болуп Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту жана Бишкек Ишкерлер Клубу саналат.

Манас Кубогу 2011 турнирин колдоочуларынын бири Кыргыз-Түрк Манас университетин да айта кетсек болот. Жыл сайын ушул университетте өтүүдө.

Негизинен Манас Кубогу 9 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат, башкача айтканда 2001 жылдан тартып. Бул жерде баардык иш чаранын баары дебат түрүндө өтүп, ага Кыргызстандын баардык булуң бурчунан келген командалар катыша алышат.

Жергиликтүү командалардан тышкары дагы, кошуна өлкөлөрдөн Казахстан, Таджикистан, Узбекистан, Туркменистан жана Пакистандан,Украина, Азербайджан, Орусия өлкөлөрүнөн келген командаларга да катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Дебат кыргыз, орус, англис тилдеринде өтүп келе жатат. Катышууну каалаган командалардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Эл аралык дебат боюнча турнирдин негизги максаты – студенттер арасындагы дебатты колдоо болуп саналат. Мындай дебаттарга катышуу менен студенттер талдоочулук жөндөмүн көтөрүү менен бирге, өзүнүн оюн так жана даана билдирүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бул жолку өткөн дебатта Ишкерлик чөйрөсүндөгү проблемалар жөнүндөгү темалар каралды. Мисалга алсак, бизнести өнүктүрүү, калктын жарандык жана экономикалык активдүүлүгү, инвестиция тартуу, бизнес ачуудагы бут тосуулар, мамлекеттик жана жеке байланышты өнүктүрүү ж.б.суроолор каралды. Бул турнир констуктивдүү байланышты түзүүчү, жаңы идеяларды берүүчү жана жаштардын биригүүсүнүн башаты болуп калат.

Дебаттын негизги эрежелери жөнүндө сөз кыла турган болсок, ал американын парламенттик дебаттар форматында өтөт. Командалардын санына жараша бөлүштүрүлөт. 1/8,1/4, жарым финал жана финал болуп.

Эки команда чыгып, бири өкмөт болсо, экинчиси оппозиция болот. Берилген бир теманын негизинде катуу талкуу жүрөт. Ал оюнду сот мүчөсү алып барат. Аягында жыйынтыкты сот чыгарат.

Кыскача Манас Кубогу жөнүндөгү маалыматтар жөнүндө түшүндүрмө бере алдым десем болот. Ушундай иш-чаралардын аркасында көптөгөн жаштар өзүнүн билим деңгээлин, ой-жүгүртүүсүн көтөрө алды деп ойлойм.

Аягында не демекчимин, уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө чоң рахматыбызды айтабыз. Ушундай долбоорлор көп-көптөн болуп турсун.

Google Translate Кыргызча.
Written by Төлөгөн Аматов, Wednesday, 2 Nov, 2011 – 15:21 | No Comment

Google Translate котормосуна кыргыз тилин киргизүү боюнча долбоор.

Бул долбоордун максаты – тил которуу боюнча дүйнөдөгү эң таанымал “Google Translate” кызматына кыргыз тилин киргизүү жана кыргыз тилин такай колдоо үчүн интернет платформасын түзүү.

Google Translate котормочусу – бул 58 дүйнө тилинин ортосунда көз ирмемде которуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү акысыз котормо кызматы. Ал сөздөрдү, сүйлөмдөрдү жана веб барактарды киргизилген тилдердин каалаганынан каалаганына которо алат.

“Кыргыз тилинин “Google Translate-те” пайда болушу… Read the full story »

Реформаторлор же шүмшүктөр командасы
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 22 Oct, 2011 – 12:34 | No Comment

Мамлекетке жана элге эң коркунуч туудурган бул – реформаторлор.Ал эми революция алар үчүн жашоонун булагы”. Генри Брукс Адамс (1838-1918), тарыхчы.

Акыркы 2-3 жылдан бери дүйнөдөгү мамлекеттерде болгон реформалар жөнүндө көптөгөн чоң талкуулар болуп келүүдө. Алсак, Грузия мамлекетиндеги реформаларды көбү мисал кылып келишет.

Чындыгында чоң өзгөрүүлөр бар, ошол эле учурда жүргүзүлгөн реформалардын терс жактары да болбой койбойт. Жалпысынан алганда бул мамлекетте көптөгөн өзгөрүүлөр жүрүп, башка начар мамлекеттерге чоң мисал боло алды.

Бийликке көптөгөн жаңы, жаш, таза жана профессионал кадрлар келишти. Буларды биз реформаторлор командасы деп так айта алабыз.

Ал эми биздин мамлекетибизди алсак, реформаторлор эмес тоногучтар командасы келди деп айтууг болот.

Эгемендүүлүктү алган жылдан тартып, өлкөдө баш мыйзамды өзгөртүүнүн реформаторлору гана болбосо (реформаторлор деп деле айтууга тил барбайт. Башка өлкөнүн баш мыйзамынын көчүрмөчүлөрү – ушу туура болотго), системаны толук өзгөрткөнгө эч кимдин күчү жетпеди.

Ушуга чейин үч жетекчи келди, эч кандай реформанын жыты жыттанбайт. Реформа жасадык деп бир министерствонун, агентсвонун жетекчисин алмаштырып, кызматкерлеринин санын кичине кыскартымыш болушат, булар үчүн ушу реформа аталат.

Ар бир өкмөт башчы келген сайын министликтерди кыскартат же көбөйтөт, анан бир эки кызматкерин кетиримиш болуп, коомчулукка жар салып, реформа жасаган кейпин көрсөтүшөт. Мына бизде жүргүзүлгөн реформалардын негизги өзөгү ушу.                                            

Кыргызстанда реформаторлор деп кимди айта алабыз? Негизи ушундай адамдар барбы бизде? Бар болсо кимдер? Алар кандай реформа жасай алышты? 5 каналды парламеттик канал кылгандарды, бийликтин ар кайсы бутактарын өзүнүн менчигиндей кылып, үчкө бөлгөндөрдү, криминал менен коюн колтук алышып, аларды актап боштондукка чыгарып жиберген жетекчилерди реформаторлор деп айта алабызбы? Жок, аларды жеп-ичкичтер, тоногучтар деп айта алам.

Реформа такыр жок деп да айтууга боолбойт. 2008 жылы бизнес жаатында жүргүзүлгөн реформалардын негизинде Кыргызстан Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлүүчү “Бизнес жүргүзүү” сурамжылоосунда, алдыңкы 10 өлкөнүн ичине кирген.

Бул да болсо жакшы көрсөткүч. Акыркы убактары Экономикалык Тескөө Министри У.Ташпаевдин сунуштаган сунуштарын да колдоого алса болот.        Мисалы, саны көп, сапаты жок мамлекеттик органдарды жоюу, виза маселеси боюнча иштер.

Өлкөнүн өнүгүшүнө ишенем. Келечекте көптөгөн реформалар жүрүп, биз да башка мамлекеттерге мисал боло алабыз. Аны үчүн бөлүнүп жарылбай, баарыбыз реформа жасашыбыз керек.

Мафия, Вор в законе – кимиси күчтүү?
Written by adilet, Saturday, 15 Oct, 2011 – 15:44 | No Comment

Акыркы 10 жылдын ичинде Кыргызстандагы криминалдык структуралар баш көтөрүп, кээ бир мүчөлөрү чоң мамлекеттик кызматтарды ээлешип, мамлекеттик саясатка түздөн түз таасирин тийгизе баштаган. Биздин өлкөдө өзгөчө Бакиевдин заманында көптөгөн атайын өлтүрүүлөр  болуп, журналиссттерден баштап, депуттарды, мамлекеттик чоң кызматты ээлеген адамдарды киллерлер атып өлтүрүшкөн. Жөнөкөй калкта коркуу сезим пайда болуп, криминалдык чөйрө мамлекеттин башкаруусунда өзүнчө бир башкаруу жана көзөмөлдөө бутагына айланган.

Дүйнөлүк криминалдык чөйрөдө “Мафия” жана “Вор в законе” деген түшүнүктөр бар. Ушулардын кандай айырмачылыктары жана окшоштуктары бар экенин карап көрөлү.

“Мафия” каякта пайда болгон

Мафия деген түшүнүк 19 – кылымдын экинчи жарымынан кийин Италиянын Сицилия деген шаарында пайда болгон. Мафия – бул атайын уюшулган криминалдык топ жана өздөрүнүн лидери (дон же крестный отец) жана атайын мыйзамы болгон. Мындай бандиттик топтун пайда болушу жана өнүгүшүнүн себеп катары – Сицилиянын көп жылдар бою башка өлкөлөрдүн колониясы болгондуктан, баскынчылар жергиликтүү калкты эксплуациялап, репрессия кылышкан. Ошондон улам жергиликтүү калктын ичинен ар кандай бандиттик топтор пайда болуп, баскынчылардын, байлардын мүлкүн тартып алышып, жергиликтүү калк менен бөлүшүшкөн. Ошентип, элдин колдоосу менен Сицилияда биринчи уюшулган топ пайда болуп, анан кийин дүйнөнүн баардык мамлекеттерине тарай баштаган. Азыркы италиялык мафиялар  Коза Ностра (Сицилия), Каморра (Кампанья), Ндрангета (Калабрия).

“Вор в законе”

“Вор в законе” – деген түшүнүк 1930-жылы СССРда пайда болуп, дүйнөлүк криминалдык структурада аналогу жок болгон. Криминалдык дүйнөдө “вор в законе” аттуу түшүнүктүн пайда болушунун башкы себеп катары 1930-жылдардагы СССРдеги репрессиянын айынан, түрмөгө 100 миң деген кишилерди отургузушкан. Анан түрмөдө тартипти сакташ үчүн атайын авторитеттүү адамдар керек болгондуктан “вор в законе” деген түшүнүк киргизилип, түрмөлөрдө  тартип орногон жана түрмөдөн кийин бул түшүнүк сыртка тараган.

“Вор в законе” деген наамды күч органдарында такыр иштебеген, криминалдык чөйрөдө авторитети бар, бир же бир нече жолу соттолгон кишини шайлашат (коронование). “Вор в законе” аттуу наамы бар кишинин үй-бүлөсү, жеке мүлкү жок болуш керек жана мамлекеттик кызматта иштебеш керек. Бирок акыркы мезгилде “воровской” мыйзамды эч ким деле сактабай калды десек болот. Анткени, баардыгынын үй-бүлөлөрү, жеке мүлкү, миллиондогон акчалары жана өздөрүнүн мыйзамына каршы келген иштерди жасап келе жатышат. Мындай криминалдык топтордун эң башкы лидери болбойт жана бир нече криминалдык топтун бир нече “вор в законе” болушу мүмкүн жана дайыма бийлик үчүн күрөш жүрүп турат.

Спорт тармагы качан колдоого алынат?
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 15 Oct, 2011 – 14:26 | No Comment

Соңку жылдары республикадагы оорулуулардын саны көбөйүп бара жатат. Өзгөчө жаштар арасында жүрөк, өпкө, ички органдардын ар кандай оорулары менен ооруган адамдардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө.

Кыргыз Республикасынын Статистикалык Комитетинин 2010 жылкы докладында жалпы республика боюнча 1 жаштан 16 жашка чейинки жаш өспүрүмдөрдүн ичинен 700 миңге жакыны оорулуу деп табылган. Анын ичинде ар кандай оору менен ооруган балдар катталган.

Бул өтө жогорку көрсөткүч болуп эсептелинет. Мынча оорулуулардын көбөйүшүнө айлана-чөйрөнүн, климаттын, наркотикалык жана алкоголдук ичимдиктердин эркин саталышы, спорт залдарынын аздыгы да себеп боло алат.

Жалпы республика боюнча спорт курулмаларынын саны 2010 жылы 278 түзгөн. Алардын ичинен 154 спорт аянтчалары, 11 стадион, 8 сүзүүчү бассейн, 75 спорт зал,  ден-соолукту чыңдоочу комплексттер 5.

Булар азыркы учурда иштеп жаткандары, ал эми айыл жергесинде мындай жайлар өтө аз. Оңдоп түзөө иштери өз убагында жүргүзүлбөгөндүктөн, көбү четинен урап түшүүдө.

Ушундай спорт мекемелеринин аздыгынан жаш өспүрүмдөр баңги жана спирт ичимдиктерин колдонуп, улуттун ден-соолугуна чоң зыянын тийгизип жатат.

Армияга бара турган, жашы жетилип калган балдардын 60%дан ашыгы армияга жараксыз деп катталган. Анткени, мектеп курагынан тартып эле спирт ичимдиктерин колдонгон окуучулардын саны акыркы жылдары өтө көбөйүп кеткен.

2011 жылдын 1 январына карата саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 10 миңге жакын өспүрүм наркоман катары каттодон өтүшкөн.

Жаштардын спортко кызыгуусу жыл санап азайып бара жатат. Спорт залдарынын аздыгы, алардын эскилиги жеткендиги, профессионалдуу спорт кадрларынын аздыгы, мамлекет жаңыдан чыгып келе жаткан спортсмендерди колдобогондугу себеп болуп жатат.

Ушундай нерселердин кесепетинен көп жаш балдар, спортсмендер криминалдык топтордун курмандыгына айланышууда. Азыр карасак, көптөгөн адам өлтүрүүлөр, кылмыштар жаштар тарабынан жасалып жатат.

Кыргызстанда спорт жок деп так кесе айтууга болбойт. Спорт жаатында биздин өлкөнү тааныткан бир топ азаматтар бар. Ошолорго кыйратаарлык мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлбөй келет.

Республикада спорттун ар кандай түрүндө өзүнүн чеберчилигин көрсөткөн спортчуларыбыз толтура. Ошолорго кичине болсо да мамлекет көңүл бөлсө, жаштар спортко массалык түрдө тартылса, кичине кылмыштуулуктун саны азайып, улуттун ден-соолугу жакшырып, мамлекетибизде стабилдүүлүк орноор эле.

Акыркы 2 жылдын ичинде хоккей командабыз, күрөш балбандарынын, биллиард чеберлеринин ж.б. жетишкендикдиктери абдан кубандырат.

Кышкы спортту, улуттук оюндарды өркүндөтсөк да, көптөгөн жетишкендиктерге жетебиз деген ойдомун.

Сүрөт Time.kg сайтынан алынды.

Кылмышкер менен бийлик, экөөнүн айрымасы барбы?
Written by Рысбек Арунов, Thursday, 13 Oct, 2011 – 16:00 | No Comment

Макаламдын темасын минтип койгонумдун себеби, акыркы 5 жылда болуп өткөн, кишинин чачын тик тургузчу окуялар далилдей алса керек.

Апрель төңкөрүшүнөн кийин бийликке оппозициянын өкүлдөрү келип, көп нерсени өзгөртөбүз деп убада беришип, бүгүнкү күндө эч нерсе өзгөрбөй, ошо бойдон эле калууда. 2010 жылы башталган бириккен кылмыштуу топтор менен болгон күрөш, жөн эле элди алдамай, убактылуу токтотуп турган нерседей сезилип жатат.

Кылмыштуу топтордун жөнөкөй гана мүчөлөрү кармалып, ал эми алардын лөктөрү боштондукта жүргөнү баарыбызга белгилүү. Кээ бирин актап, кайра чыгарып жиберген да учурлар бар (жакында эле акталып, боштондукка чыккан дагы бир кылмыштуу топтун анабашчысы. Ал жөнүндө Ө.Текебаев да айтып чыкты эле “өз айылына жол тосмо коюп, элдерди өткөрбөй жатат”-деп).

Шайлоого жакындаганда бул адамдын акталышы да бир кооптонууну жаратат. Баарыбызга белгилүү криминалдык топтордун жардамы жок, бир да шайлоо өтпөйт. Бул кайсы бир президенттике коюп жаткан кандидаттын кызыкчылыгынын астында болуп жатпайбы.

Жакында эле Ички иштер министрлигинин, коопсуздук кызматынын, чек ара кызматынын чоң-чоң орундарды ээлеп отурган кызматкерлери колго түшүшпөдүбү. Алар өз убагында кылмышкерлер менен коюн-колтук алышып, биргелешип кылмыш жасагандыгы, бийлик менен кылмышкерлердин эч айрымасы жок экендигин далилдей алат.

Кылмыштуулук Ак Үйдүн 7 кабатына чейин жетип, жада калса парламентте да кылмыштуу топтордун мүчөлөрү отурганын бир кездери Р.Отунбаева да белгилеп кеткен.

Мунусу аз келгенсип, бийликтин эң жогорку тепкичинде отурган бир жетекчи да Көлдө кримавторитеттер менен жолугуп жүргөнү, бул бийликтин алсыздыгын айгинелеп турат. Азыр мен мен деген спортчусунан баштап, мектептеги биринчи класстын окуучуларына чейин кылмыштуу топторго мүчө болуп жаткандыгы, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурууда. Күндөн күнгө кылмышкерлердин жаш курагы жашарып жатат.

Мектептеги кезинен баштап ушундай топторго тартылып жатса, ал баладан эмне күтүүгө болот!?

Бир гана мисал келтирейин: ушу жылдын 8 октябрында президенттике талапкер К.Ташиев Ак-Босого жаңы конушунда элдер менен чогулуш өткөрдү. Мен да барып катыштым.

М.Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деген жүйөө менен кармалган мурунку президенттин иш башкаруучусу Курманбек Темирбаевдин Ташиевди айланчыктап жүргөнүн көрдүм.

Бийликтегилер айтып чыгышты эле К.Темирбаевди камадык деп. Анын эртеси күнү эле Ата-Журт мүчөлөрү айтып чыгышты “К.Темирбаевдин бизге эч кандай тиешеси жок” – деп. Мына ушундай мисалдан кийин кимисине ишенесиң бийлигинеби, же кылмышкеринеби? Эмне үчүн ал адам боштондукта жүрөт өз жазасын албай?

Кылмыштуулук менен күрөшкөндөрүнүн жыйынтыгы ушубу бүгүнкү бийликтин? Бийлик, мыйзамдуулук үстөмдүк сүргөн мамлекетте, эч кандай кылмыштуу топ, кримавторитет деген түшүнүк болбошу керек.

Эгер андай нерселер коомдо орун ала турган болсо, анда бийлик алсыз, мамлекет мамлекеттүүлүгүн акырындан жоготуп жаткандыгы деп түшүнүүгө болот.

Бүгүнкү бийлик күрөшүп жатабыз деп беткап кийгени менен, мамлекеттин эртеңки келечегине ор казып жатышат ушундай иштери менен.