Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Category

Коом

Кыргызстандагы мектептердин абалы…
Written by Гульсали, Monday, 17 Sep, 2007 – 10:08 | 3 Comments

Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынан, жана анын пландаштыруусундагы болгон жыртыкчалардын азабынан азыркы учурда мектеп окуучулары сапаттуу билим ала албай, кыйналып келишет.Айыл жергесинде бир класста 30 адам окуса, анын ичинен копчулук учурда сабакка келгени 15-18. Элетте мындан тышкары мугалимдер тартыш болгондуктан, «Эмгек», же «Дене тарбия» сабагынан берген мугалим озунун кесибинен тышкары «Математика», «Тарых» жана башка дагы сабактарды берип, билим сапатын дээрлик томондотушуудо.Эми Бишкеке кайтып келсек, бул жакта жагдай бир аз жакшыраак. Мектептерде акча кобуроок толонгондуктон, коптогон мугалимдер ордуларында эле калып калышкан. Бирок, борбордогу мектептерде коптогон акча жыйноо процесстери журуп, мамлекет тарабынан тыюу салынса дагы, «мектеп фондуна» деп жылдап, айлап окуучулардан каражат топтоп келишет.Бишкекти тегеректеген коптогон жаны конуштар бар. Алардын биринде №81 мектеби дагы жайгаштырылган. Анын ачылуусуна экс-президент озу катышып, белек берип кеткен. Азыркы учурдагы мектептин жагдайы – айтып буткус. Башталгыч класстарда окуучулар укмуштуудай коп болуп, класстар жетишпегендиктен, мектеп администрациясы кай бир класстарды бириктирип салган. Анын жайынтыгында азыркы учурда ар бир класста 37-40 адам окуп, окууга мумкунчулуктор кыйла кесилген. Бул жагдайды менин билгенимдин себеби, менин кичу карындашым ошол жерге окуйун деп барган эле.

Мыйзам баарына бирдей: Бузгула, Аябагыла!
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 14 Sep, 2007 – 11:10 | No Comment

Чуй облусунун Новопавловка кыштагында басып алуу турундо курулган уйлор ушул айдын бешинчи числосунда буздурулуган. Анын жыйынтыгында 100 дон ашуун турак-жайлар кыйраган. Бул иш Сокулук районунун жерлигиктуу бийлиги тарабынан жасалып, мыйзамды бузуу жолу менен салынган уйлорду буздурушкан. Ал эми андан кийин болсо Военно-Антоновка аттуу бишкектин четинде жайгашкан айылдагы 30 дан ашык мызаймсыз салынган уйлорду бузуу операциясына даярдык корулуп жаткан кези.Эсиниздерде болсо керек, ушул жылдын 16 майында Президент Курманбек Бакиев уюштурулбаган сейил откозуп, анан Ата-Турк паркына келип, ал жактагы зангыраган бийик-бийик имараттарды коруп, булар эмне учун парктын зонасына курулган? Мындай чечимди ким чыгарды деп, анан Биринчи Май районунун акими Тилек Асанбаевди иштен бошоткон. 11 апрелде Бишкек Мэриясы тарабынан Президенттин айткан иштерин аткаруу тууралуу аткарылчу иштердин планы тузулду деп кабарлаган. Бирок, бул тигил Ново-Павловкадагыдагы жер басып алып, уйкургандардай эле, мыйзамды бузуу жолу менен болгонуна карабастан, бул жергеде уйлорду куруу токтобостон, кучоп турган кезени.”Кылым шамы” адам укугун коргоо борбору менен барып, озубузчо сейилдоо жургузгондо томондогудой суротторду тарта алдым:[inspic=14,,fullscreen,0] [inspic=13,,fullscreen,0] [inspic=12,,fullscreen,0] [inspic=11,,fullscreen,0] [inspic=10,,fullscreen,0] [inspic=9,,fullscreen,0] Баса, эми аты аталган уюм Мэрияга кат даярдап, ушул паркта тургузулган уйлорду дагы буздургула деп талап коюуга даярданышууда.

Жүрөккө тийген Коррупция
Written by Ажара Дуйшембиева, Friday, 31 Aug, 2007 – 14:31 | One Comment

“Коррупция менен күрөшүү – ар бирибиздин милдетибиз!” сыяктуу ураандарга кулагыбыз көнүп калган менен чыныгы турмушта, өңүбүздө дал ошол коррупциянын “элементи” менен жолугушканда алсыздыгыбызды көрүп жаның ачыйт…Жолдо акча үмүт өтүп, жараган-жарабаган шылтоону айтып, эптеп 20 сом болсо да жулуп калууну далалат кылган МАИ кызматкерлери, иш кагаздарына байланыштуу мекемелер, ЖОЖдордун айрым мугалимдери коррупцияны жараткан элементтерден. “Бирөөнүн колунда – кудайдын колунда” дегендей, ишиң түшсө арга жок, эптеп бүтүрүүнүн амалын ойлоп, арабанын алдына кээде өзүбүз жүгүрүп да алабыз, “берчүсүн” камдап, көнгөн адат боюнча. Бирок жакында эле “Манас” аэропортунда болгон окуя коррупциянын ал жерде да гүлдөп жаткандыгына көзүмдү жеткирди.Жаш интернационалдык үй бүлө паспорттук контролдо кезегин күтүп жатат. Түрк жигит жана кыргыз кыз, кыздын кучагында 6 айлык ымыркай. Ымыркай АКШда төрөлгөндүктөн ал Америка жараны болуп эсептелет, б.а. АКШнын паспортуна ээ. Паспорттук контролдо ымыкркайдын визасынан шектенимиш болуп эки жашты эзе беришет. Албетте, паспорттук контролдогу жигит жөн гана ишин тыкан аткарууга аракеттенип жатат деп ойлосок болот, бирок окуянын жүрүшү ал кишинин максатынын такыр башка экендигин көрсөттү.Ымыркай ыйлап, баланы эмизгени кыз ары басып кеткенде паспорттук контролдогу киши түрк жигитти берирээк чакырып: “Эми сен экөөбүз эркекче сүйлөшөлү. Азыр бардык жерде камералар тартып турат, бирок сен мени менен кабинетиме барып 100$ (!) бер, антпесе өтпөйсүңөр!” деген ультиматум коет.Бирок эки жаш принципиалдуу түрдө макул болбойт. Эзүү таңкы 4төн 6.20га чейин уланат. Самолет 6.40та учмак. Көздөгөн максатына жете албастыгына көзү жеткенде гана эки жашты кое беришет. Бул – аэропорттогу коррупцияны чагылдырган бир гана көрүнүш, а мындай окуялар рейс сайын канчалап кайталанып жаткандыгын ким билет?Жогоруда окуяда баяндалган эки жаш АКШдан акыркы 5 жыл ичинде 3 жолу Кыргызстанга келишти. Эмнегедир Түркия, Россия аркылуу келген сайын ал өлкөлөрдө паспорт, виза маселелери эч проблемасыз чечилет да, бизге келгенде эле жумурткадан кыр тапкан паспорт кызматкерлери абийриңди кетирет…Бардыгынан өкүндүргөнү, ушундай улам-улам кайталанган кордуктан кийин чет элдиктерди жөн коелу, кыргыз жарандарынын деле Кыргызстанга келгиси келбей калат экен…

Кыргыз Айдоочуларынын бирдиктуу “душманына” каршы жообу…
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 2 Aug, 2007 – 15:08 | One Comment

Жолдо капыстан Мамлекеттик автоинспекциясынын патрулдук кызматы кутуп турганын автоунаа айдоочулары кайдан билип алышат? Эмне учун, азыркы Ысык-Колдогу бархат сезону учурунда МАИ кызматкерлери жеткиликтуу денгээлдеги эреже бузуучуларды кармай алышпайт?Алматыдан Бишкекти коздой жол тарттык. Жол алыс болгондуктан, айдоочубуз ылдамдыкты тездетип, токтобой бара жатты. Биз болсо ургулоп олтурсак, бир убакта эле бизге каршылаш келе жаткан унаалардын кай бирлери бизге фараларын куйгузуп эле, бирдеме айткылары келгенсигенин байкап, айдоочубуздан сурасак, ал, бул биздин бирдиктуу экенибизди тушундурот, жана алдыда МАИ патрулдук посту турганын бизге билгизип жатышат деди. Биз ылдамдыкты басандаттык.Бир нече кун мурун Чолпон Атадан Бишкекти коздой келе жатканбыз. Бет мандайдагы унаалар баягы окуяны эсиме салды. Корсо, бизде дагы ошентип лампаларын куйгузуп, бири-бирине “коркунучтун” алдыда кутуп турганы жонундо айтып турушат экен. Бизде, кай бир айдоочудар колдору менен ийинин таптап, милициянын пагондорун коргозуу аракеттерин дагы кылышты. Биздин таксист ылдамдыкты эрте жайлатты эле, бир нече минуттун ичинде, биз алдыда МАИ машинесин коруп, кулуп калдык.Таксисттин мага тушундуруп бергенине караганда, айдоочулар арасында коптогон жазылбаган эрежелер бар экен. Маселен, алыскы жарыкты эки жолу куйгузсо – бул алдыда МАИ кызматы кузотто турганын билдирет. Бир жолу кыска жарык кылса бул “тушундум, рахмат” дегенди тушундурот.Интернетте ушундай эреже дагы кай жакта колдонулат экен деп издеп жатып, кызыктуу макалага коз урунттум. Комсомольская Правда гезити бир жылдай мурунураак кызыктуу маалымат чыгарган экен:

Отуз жылдай мурун, ошол учурдагы советтик гезиттердин биринде бир милиция чининин макаласы жарык корот. Ал жерде ал киши чет олкодогу айдоочулардын, озгочо “чогуп бара жаткан батышта” бири-бирине полиция кузоту жонундо баамдап коюшат экен деп кыжырланган болчу. Бул макалага реакция бат эле болгон: буткул союз ушул эрежени колдоно баштаган.

Ошентип, айдоочулар бири биринг колдоп турганын жакташууда. Канчалык денгээлде ушундай методдорго жол берилиши керек? Балким, МАИ кызматына пара бергенден корокчо, ушинтип эле бири-бирине солидардык комок корсоткондору эле жакшы эмеспи?

Тез жардам – кеч жардам
Written by Гульсали, Monday, 30 Jul, 2007 – 13:46 | No Comment
Жаштар либерализмди колдошобу?!
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 27 Jul, 2007 – 13:40 | 2 Comments

Азыркы учурда Бишкектеги жаш активисттердин кылып жаткан иши донундо, озумдун дагы ал менен байланышым бар болгондуктан, токтолуп, сиздерди кабардар кылып кетууну чечтим.Мен тенторагалык кылган “Эркин муун” либералдык жаштар альянсы, андан тышкары “КелКел” жаштар уюму, “Юстиц-кыймылынан”, козкарандысыз жаш журналисттер жана башка активдуу жаш ишкерлери азыркы учурда бир иштин устундо иштеп жатышат. Ал, Бишкекте “Жаштар Либералдык Клубун” жана аны менен бирге жаштардын “Либералдык Платформаны” тузуу.Мурунураак мен учун абдан кызыктуу болоор эле, ушул жаш “лидерлери”, жаштар бириге алышабы, эгерде идея болсо деген. Азыр болсо, буга ишенмек турсун, оз козум менен коруп, кээде тан берип, кээде суйунуп, досторум менен чогуу иш алпаруунун устундомун.Жаштар жана либерализм тууралуу силердин оюнар кандай, урматтуу блог-окурмандар?

Хизб-Ут-Тахрирге – тыйуу салынышы керек!
Written by Мирсулжан Намазалиев, Sunday, 8 Jul, 2007 – 16:16 | 2 Comments

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары акыркы күндөрү абдан эле көп Хизб-Ут-Тахрир партиясынынн мүчөлөрүн милициянын кармап жаткандары жөнүндө билдиришүүдө. Бул радикалдуу ислам кыймылы Кыргызстан жергесинде абдан эле тез ылдамдыкта өсүп жаткандагын билдиргендей.Менин бул Бишкектеги жашоомдо эле ушул кыймылга тиешелүү эки-үч адамдар менен жолутушуп калдым. Бирок мен муну каалаган эмес элем. Бирөө бул кыймылдагы адамдар менен жакшы тааныш, бирок азыр ал биздин мамлекеттен кетип калды, экинчиси алардын колдоочусу, ал эми үчүнчүсү – бул кыймылдын мүчөсү. Aлар менден бул кыймыл жөнүндө интервью алышкан эле.Интервьюда аларга бетине айттым – бул кыймылдын өнүгүшүнө жол бербеш керек. Ислам мамлекети болуу – бул бизге дал келбейт, ишенгиси келгендер мечитте, үйлөрүндө ишенишсин, бирок муну эч качан саясатка аралаштырбоо керек экендигин айткам. Кийинчирээк билип калдым, булар документалдуу кинотасма даярдап жатышкан экен, анан ар-кыл саясатка тиешеси бар адамдардын үндөрүн кошуп, өздөрүнүн кыймыл мүчөлөрүнө ким аларды колдойт, ким колдобойт деп билгизүү керек болгонун.Бул кыймыл өтө эле бат ылдамдыкта өсүп жатканынын бир-нече себеби бар – бул өлкөдо жашап, коомдогу кандай кыймылдар болуп жатканын бир аз дагы болсо билген адам катары, мен төмөндөгүдөй ойдомун: – өлкөбүздөгү идеологиялык вакуум, өзгөчө саясый партиялардын идеологиялык базасынын туруксуздугу, бул процесстердин эң негизги себепчиси. Андан соң – адамдардын жеңил-ойчулдугу анан сабатсыздыгы. Азыркы учурда менин пикирим ушундай. Балким бир аз катачылык кетирип жаткандырмын. Дагы изилдеп көрмөкчүмүн, бирок бул теманы дээрлик катмарлуу талкуулоо аркылуу аныктоо – эң оңой жол болсо керек.

Фронт майданга кайра бет алдыбы?
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 8 Jun, 2007 – 11:02 | No Comment

Бүгүн бириккен фронттун жолбашчысы “Темир Феликс” журналисттер менен “12 каминов” аттуу эс алуу клубунда бейформал жолугушуу өткөрөт имиш. Ал эми фронттун “колбашчысы” генерал Суваналиев болсо же кримчөйрөнүн мурунку башчысы Рыспек Акматбаев ат салышкан жерден депутаттыкка талапкерлигин коёорун, же Нарын областынын губернатору болуп кетээри жөнүндө ойлонуп жаткан кези.Бул эки жолбашчы менен колбашчы апрель митинги баштала электе чындап эле борбор калаада, жана башка региондордо чоң колдоого ээ болушкан. Бирок, апрель митинги көптөгөн суроолорго чекит коюп койду.Эгерде алар 2010 жылга жакшылап даярдык көрүп, күч менен эмес, акыл менен жеңе турган күчүн көрсөтсө, анда менин оюмча алар жеңишке оңой-олтоң эле жетишмек.Ал эми азыр болсо бул саясатчыларга болгон коомчулуктун ишеними жоголгондуктан, Фронттун дагы келечеги мага көрүнбөйт. Буга дагы бир мисал болуп, албетте жакшы мисал эмес, бирок ошондой болсо дагы, жакында Агым гезити тарабынан даярдалган саясатчылардын рейтинги.Ал жерде Феликс Кулов 8-орунга ээ болгон, ал эми Курманбек Бакиев 9 орун. Алгачкы орундарды Омурбек Текебаев, Темир Сариев, Бакыт Бешимов, Алмазбек Атамбаев, Мелис Эшимканов, Кубат Байболов, андан кийин жетинчи орунда Омурбек Суваналиев алышкан.