Коом
Узак жашоонун сыры – азыркы мезгилде адам баласына белгилүү эмес. Бирок дүйнө жүзүндө узак жашаган адамдар, жан – жаныбарлар, бак – дарактар бар. Жер жүзүн Улуу топон суу каптаганга чейин жашаган адамдар миң жашка жакын өмүр сүрүшкөн деп айтылат. Мисалы, жердеги биринчи Адам – 930, анын уулу Сиф – 912, небереси Енос – 908, чөбөрөсү Каинан – 910 жыл жашашыптыр. Чындык үчүн айтып коюучу маселе – кээ бир Библияны изилдеген окумуштуулардын айтымында байыркы египеттиктер бир айды бир жылга, ал эми байыркы еврейлер эки айды бир жылга эсептешкен. Эгерде бул маалыматтар чын болсо, анда жогоруда биз сөз кылган Библия патриахтарынын узак жашоолору жөнүндөгү кептин түбү бош.
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Александр Македонский болгону 32 жыл гана жашап, айтып түгөткүс эрдиктерди жасап, бүткүл дүйнөлүк тарыхта ысымы калган. I-II кылымдарда жашашкан италиялыктар да 30 жылдын тегерегинде өмүр сүрүшкөн. А бирок байыркы Кытайдын мифтеринде ошол учурда жашашкан кытайлыктар көп жашашкандыктары менен айырмаланышкан. Мисалы, Пэн-цзу деген Кытай 767 жашка чыкса да күч-кубаттан тайбаптыр. Бирок, ал өзүнүн мындай узак өмүр сүрүүсүнүн купуя сырын эч кимге чыгарган эмес. Анын узак жашоосу жөнүндө эл арасына тараган уламыштарга караганда ал өтө даамдуу шорпо жасап, ошол сорпосун асмандагы Теңирге алып барганда, Теңир ага 800 жыл өмүр тартуулайт. Узак жашаганы менен ал өмүрүнүн акыркы күндөрүндө бул дүйнөдө аз жашап калдым деп арман кылган имиш.
Гиннес китебине узак жашоосу менен катталган адамдар
Жогоруда айтылган абройлуу китепте такталган маалыматтар боюнча дүйнөдө эң көп жашаган франциялык Жанна-Луиза Кальман (1875-1997) аттуу айым катталган. Ал 122 жаш 164 күн жашап, дүйнөдөн кайткан. Экинчи орунда 1865-жылы төрөлгөн Жапониянын тургуну Сичечийо Идзумиге тийиштүү. Ал 120 жаш 237 күн өмүр сүрүп, 1986 – жылы кайтыш болгон. Үчүнчү орунду америкалык Сара Кнаусс (1880-1999) аттуу айым 119 жаш деп катталган. Ал эми узак жашаган колумбиялык Хавьера Прейренин урматына атайын почта маркасы чыгарылат. 146 жашка чыккан Прейрени куттуктоо үчүн өлкөнүн белгилүү мамлекеттик ишмерлери келишип, анын сүрөтү салынган ардактуу почта маркасын чыгарууга макулдугун сурашканда ал абройлуу меймандарга макулдугун берээрин, бирок ошол чыгарылган марканын төмөн жактагы бурчуна “Ичем, тамеки да тартам” деген жазууну жазгыла деген шартын коёт.
Такталбаган маалыматтар. Дагы такталбаган маалыматтар боюнча венгриялык Петр Зортай 185 жаш, шотландиялык Кентигерн 185 жаш, осетиялык Тэнсе Абзиве 180 жаш, албаниялык Худдие 170 жаш, турциялык Ханджер Нине 169 жаш өмүр сүрүшүптүр. Такталбаган маалыматтар боюнча биздин планетадагы эң көп жашаган адам Кытай атуулу – Ли Чунг Ян. Ал 1680-жылы төрөлүп, 1933-жылы 253 жашка чыкканда кайтыш болгон дешет.
Деги бүгүнкү күндө дүйнөдө 100 жаштык чектен өтүп жашагандар барбы? Ай сайын биздин планетада жашашкан миллиондогон адамдар 60 жаш курагынан, ал эми 100 миңден ашууну 80 жаштык чектен өтүп жашашууда. Бул көрсөткүчтөр кийинки жылдары өсүү үстүндө. Ал эми карылык процесси Батыш Европанын калкын катуу тынчсыздандырып келет. Мисалы, 2010-жылы өлкөдө жашаган жалпы калктын 65 жаштан жогору жашагандардын саны Германияда – 20,4%, Италияда – 17,3%, Грецияда – 16,8%, Францияда – 16,3% Улуу Британияда – 14,6%ды түзөт. Ал эми Жапонияда болсо 100 жаштан жогорку жашаган адамдардын саны 35 миңге жакын экен.
Узак жашаган жаныбарлар
Деңиз ташбакасы менен крокодилдер 200-300 жылга дейре жашайт. Ошондой эле узак жашагандардын катарына сом, карп балыктарын, акуланы да кошсо болот. Булар 100 жылга чейин өмүр сүрүшөт. Ал эми щука балыгы болсо алардан да узак жашайт экен. Мисалы, Москванын жанындагы Падышанын көлмөсүн тазалоодо 1797 – жылы щука балыгы кармалган. Ал балыктагы шакекчеде “Падыша Борис Федорович салды” деген жазуу бар экен. Ошондо балык 200 жылга чамалаш жашаптыр. Кузгундар жаныбарлардын жана тирүү организмдердин арасында эң узак жашайт. Ал болжол менен 500 – 1000 жылга дейре жашашат.
Шаардын кайсы гана жерине барба, четинеби же борборунабы, ар бир көчөнүн кесилишинде, жолдордун боюнда жарнама калкандарын (рекламный щит), баннерлерди, плакаттарды көрөсүң. Алардан бөлөк аялдамаларда чапталган ар кандай жарнама барактары, автобус, троллейбустарга түшсөң, кармагычтарында да ар кандай компаниялардын жарнамалары чапталып турат. Мындан тышкары ошол эле коомдук транспорттордун сырткы келбети да тирукмуш. Эгер ушундай жарнамалар автобус, троллейбустарда чапталып турса, буларды тейлеген компаниянын автопаркынын кедейлигин билдирет. Бул транспортту көргөн коноктор, бул эмне көңүл ачуучу автобустарбы деп ойлошот. Ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөнүүчү эсеп-дүмүрчөктөрүн карасаң, артында Beeline уюлдук компаниясынын жарнамалары кошо чыгарылган.
Эсеп-дүмүрчөктөрдөгү, автобустун кармагычтарындагы орундар жарнама үчүн бекер берилбеси бештен белгилүү, сөзсүз алар ижара акысын төлөшөт. Мен алардын канча төлөөрүн сураштырганымда, эч жерден так маалымат ала алган жокмун. Бул жерде бир жашыруун сыр бар, башкача айтканда коррупциялык схема. Ал акчалар кимдин чөнтөгүнө түшөт болду экен?
Азыркы убакта Бишкекте 742 жакын жарнама калкандары орнотулуптур. Булардын көбү менчик компанияларга таандык болсо, калгандары жеке адамдардыкы. Мисалы: Континент Плюс, Арт Медиа, Smart Creative House, Адекват. Белый Парус сайтынын 2011 жылдын 23 майында чыккан маалыматына таянсам, шаардагы көп жарнама калкандары экс-мэр Н.Түлеевге таандык экен. Булардан башка майда-чүйдө жарнама орундары канча, алардын так эсеби жок.
Көчөдөгү жарнамаларга жакшылап көңүл бурсаң, көбү туура эмес, ката жазылган. Өзгөчө кыргыз тилиндеги жарнамалар. Эч кимиси мамлекеттик тил жана жарнамалар жөнүндөгү мыйзамдарга баш ийишпейт. Ким кандай жазса, ошондой жазып, чыгара беришет. Президентке караштуу тил комиссиясы бар, алар акча алгандан башка эч нерсе билишпейт окшойт сыягы. Буларды жөнгө салып текшерсе болот эле да, ушундай шалаакы органдардын айынан кыргыз тили өнүкпөй жатат.
Шаардагы бош турган орундарга чалып, мониторинг жүргүзүп көрдүм. Баалары ар кандай, жакшы жерлерде эки тарабы кошулуп 3500$ жетсе, мындайраак жерлерде 8000 сомдон кем эмес экен. Бул бүгүнкү күндө эң бир кирешелүү тармак болуп саналат. Өзгөчө шайлоо учурунда булардын баасы эки-үч эселеп өсөт.
Мындан бир нече ай мурун шаар бийлиги Манас проспектисиндеги мыйзамсыз жана өмүргө коркунучтуу деген жарнама калкандарын ала баштаган. Эмнеге дебейсизби? Анткени кээ бири Президент, Премьер Министр, Спикердин картежине кооптуу болуп саналат имиш. Ошо себептен бузуп жатышыптыр.
Бизде эмне ушу үчөө эле аман-эсен жашашы керекпи, ал эми калгандарын эгер калканчалар кулап, басып калса, буларга баарибирби!? Эгер алар ошончо эле өмүрлөрүнөн коркушса, Ак үй менен Көк үйүнө көчүп барышып, эч жакка чыкпай жашап алышпайбы! Элдин кыжырын келтирип, күндө 3-4 жолудан жолду тостуруп, элдин убактысын албай.
Азыр биздин өлкөдөгү мектептердин абалы абдан эле начар десем болот. Анткени өлкө боюнча канча деген мектептер эскирип, ал жакта окуган окуучулардын өмүрүнө коркунуч алып келет. Мындан тышкары көп мектептерде билимдүү мугалимдер, кыргызча китептер, окуучу куралдар жетишпейт.
Былтыр кокусунан Ысык – Көл облусунун Жети – Өгүз районунун Оргочор айылына барып калып, ал жактагы мектептин абалын көрүп абдан эле ичибиз ооруду. Көрсө мектептин чатыры түшүп кетип, балдардын окуй турган жери калбай калыптыр. Ошол айылдын тургундары, мугалимдер жана ошол жердеги 4 – 5 – класстын окуучуларынан баштап, өздөрү мектепти оңдоп, куруу иштерин жүргүзүп жатышыптыр. Мектептин жанында кичинекей имаратта окуучулар кезектешип окушуп, калган убактысын мектепти оңдоого кетиришет экен.
Кыргыздардын маданиятына кызыккандар, сүйүнгүлө: Кыргыз Республикасынын тарых музейинде “Кыргыздардын ат жабдыктары. XIX-XX кк.” аттуу көргөзмөсү өтүп жатат. Мен дагы бүгүн өз көзүм менен көрүп анан окурмандар менен бөлүшөйүн деп, барып келдим. Көргөзмөдө көрсөтүлгөн буюмдарда чеберлердин кылдаттык менен аткарган жумуштарында алардын эстетикалык табити жана жылкылырга болгон сүйүүсү даана байкалып тура .
Бул көргөзмөгө киргенде эле эки жылкынын макети, ат жабдыктарынын эң кооздорун көрсөтүп турушту.
Аялдар жана эркектерге ар канда аттар тандалчу экен. Айымдарга бою кичинерээк келген аттар туура келип, анын жабдыктары дагы мырзаларга арналгандардан айырмаланып турчу.

Көргөзмөдөгү буюмдар кымбат-баалуу болгондуктан, илгерки байлардын буюмдары деп айтсак, жаңылбайбыз. Мисалы үчүн, төмөндөгү тердик күмүш менен жасалгаланган.
Ар бир буюмдарда жөн эле күмүштүн бөлүгү эмес, чыныгы таң калтыра турган оймолорду, баалуу таштарды камтыйт.
Бул жерде териден өрмө түрүндө жасалган жабдыктар: кайшы камчы, куюшкан, басмайыл, ат тушоо.
Булардын баарын көргөндөн кийин: “Буларды кантип жасашты экен, кандай инструменттерди колдонушкан?”- деген суроо пайда болот. Ага төмөнкү устанын шаймандарынын сүрөтү жооп берет: кыпчуур, ийги, сыдыргы, шибеге, мыкбаштар ( сыктары жасаоо үчүн арналган).
XX кылымдын башында ат жабдыктар мындай болгон экен. Бул жерде басмайыл, куюшкан жана камчы көрсөтүлүп турат.
Ал эми бул – тойлордо, же майрамдарда колдонулуучу ат жабуу.
Мен жогоруда айтып кеткендей, жабдыктар жыныс боюнча дагы бөлүнөт. Айымдарга арналган үзөңгүлөр тоголок болуп, ал эми мырзалардыкы кеңири белгилүү болгон төрт бурчтуу.
Төмөнкү сүрөттөгү буюм аттарга эч кандай тиешеси жок. Бирок, бул эмне экенин билбеген мен үчүн кызыктуу болду. Биздин ата-бабалар боз үйүнүн эшигин ачык таштап койуп эле, мал кайтарып жүрбөптүр. Ага далилдөө – бул кулпу.
Ат жабдыктарынын баардыгын атап кетсем: ээр, үзөңгү, жааз, канжыга, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, желдик, тердик, ичмек, көрпөчө ( көпчүк), ат жабуу, үртүк, камчы.
Кыргыздар көчмөн калк болгондуктан көркөм өнөр искусствосунун жетишкендиктери башка элдердикине салыштырганда кемираак көрүнөт. Айрыкча, архитектуралык жетишкендиктерин эстесек. Бирок, көчмөн кыргыздардын прагматикалык мүнөзүн эсибизден чыгарбашыбыз керек. Атка кыргыз элинин мамилеси такыр башкача болчу, менин оюмча, кимдин аты кандай жабдыктарды жамынса, ошол адамды байлыгын көрсөткөн. Ошондуктан, жабдыктард өтө кылдаттык жана көңүл менен жасатылган. Мен бул көргөзмөдө көргөн буюмдарды көрүп, “кыргыздар жалкоо, жакшы жумуш аткара алышпайт” деген сөздөргө жообум даяр болду.
Акыркы күндөрү коомдук уюлдарда Жогорку Кеңеш май айында эле кабыл алган ” Шайлоо тууралуу” мыйзамдын жалпы маалымат каражаттары тууралуу бөлүмү чоң талаш-тартыштарды туудурууда. Азыркы учурдагы президенттин колун күтүп турган мыйзамдын мааниси мындай: ” Шайлоо маалында Кыргызстанда көрсөтүлүүчү чет өлкөлүк маалымат каражаттарында шайлоо агитациясын жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо болуп жаткан кезде, чет өлкөлүк теле-компаниялардын көрсөтүүчү жазылып, анан гана көрсөтүлүшү керек. Чет өлкөлүк каналдарды ретрансляция кылуучу жергиликтүү каналдар, шайлоого катышкан кандидаттардын абийирине жана репутациясына доо кетирүүчү маалыматтар үчүн жоопкерчиликтүү болушат”. Кошумчалай кетсек, бул мыйзамды март айында эле АтаМекен фракциясынын лидери -Өмүрбек Текебаев сунуштаган.
Регнум маалымат агентствосунун корреспонденти Григорий Михайловдун айтымы боюнча, бул кадам келечектеги шайлоону чет өлкөлүк мамлекеттердин терс таасирин жок кылууга багытталган. Терс пиардын, эң башкысы Россиялык каналдардын, таасирин төмөндөтүүгө арналган. Мыйзамды сунуштаган Өмүрбек Текебаев акыркы шайлоо учурунда НТВ каналынын терс рекламасынан жапаа чегип калган.
Бул мыйзам бир четинен этикалык жактан гана эмес, практикалык жактан дагы бир топ кыйынчылыктарды туудурат. Биринчиден, бул мыйзамы бузууда кандай санкциялар колдонулат, белгисиз. Биздин ретрансляция кылуучу каналдарын көбүнчөсү туура эле спутниктен эфирге чыгарышат. Эми болсо, каналдар цензорду, же башка специалистти отургузушуп, кайсы жерде жамандаган сөз, кайсы жерде маалымат кеткенин аныктап туруш керек.
Ал эми Интерньюс Нетуорктун директору Мария Раснердин пикиринде, жергиликтүү ретрансляция кылуучу каналдардын чет өлкөлүк каналдардын берүүлөрүн көрүп чыгууга каражаттары да, адамдары да жетишпейт. Ансыз деле татаал шайлоо учурунда журналисттер өз жумушун аткаргандын ордуна, коркуп жүрүшөт. Эгерде, чет өлкөлүк каналда Кыргызстан деген эле сөз кетсе, биздин каналдар аны жаап салууга муктаж болушат. “Натыйжада, чет өлкөлүк ЖМКлар эмес, жергиликтүү журналисттер (байкабай калышса), көрүүчүлөр гана оор абалга түшүп калышат. Эгерде алар терс маалымат пайда болуусун каалашпаса, журналисттерди такабай, башка жол менен чечиш керек. Анткени, бул саясат көйгөйү. Мындай цензура коомдо начар кабыл алынат.”
“Азаттык” радиосунун директору Султан Жумагулов бул суроо боюнча өз пикирин билдирди. “Өмүрбек Текебаев, сөз эркиндигине күрөшүп жүрүп, мындай мыйзамды жактаганы жаман болду. Бирок, башка жагынан алып көрсөк, мурдагы шайлоодо болуп өткөн көрүнүштөн кийин, Ө.Текебаевде өзүн сактоо инстинкти жеңип кетти”.
Өз учурунда билинбей кабыл алынып кеткен мыйзам мамлекеттик цензураны киргизүү, сөз эркиндигин кысуучу аракет болуп жатат.
Биздин депутаттар өздөрү жөнүндө жаман маалымат кетсе эле, журналисттерди жамандап жиберишет. Менин эсимде, жакын арада эле, каналдарга депутаттардын мурдун чукуп, уктап, аялдар ооздорун боеп жатканын көрсөтүүгө тыюу салышкан. Эмне үчүн мындай маскаралык кыймылдарды кылып алышып, мындай көрүнүштөргө эл күбөө болгонду каалашпайт?
Цензураны киргизүү бир гана теле-каналдарга эмес, интернетке дагы жетип келди. Июнь окуяларын талдаган депутаттык комиссиянын чечиминде, Кыргыз республикасынын территориясында “Фергана.ру” сайтын жабуу айтылган. Бул сайт өзүнүн өкмөткө жагымсыз жана критикалык пикири менен белгилүү. Ал тургай эл сүйгөн “Дизель” сайты Турсунбай Бакир уулунун оюнда, эл ынтымагын бузуучу деп белгиленген. Анын оюнда, парламенттин пресс-службасы “Дизель” жана буга окшош сайттар тууралуу маалыматтарды топтоп, сотко бериш
керек.
Бир четинен бул мамлекеттеги болуп жаткан шайлоого чет өлкөлүк мамлекеттердин таасирин жок кылуу аракети жакшы деле болуш керек. “Биз өзүбүз чечебиз”,-дегендей. Бул бирок, бир гана шайлоо маалында эле болуп жатпайбы. Бир гана депутаттардын имиджин бузбаш үчүн. Демек, бул калкты ойлоо эмес, өздөрүн эле камын ойлоо. Эгерде бир политикти жамандаган маалымат элге көрсөтүлбөсө, анын жакшы көрүнүшүн бузуп калса, кайсы сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөсөк болот?
Кыргыздар деги кайсы динди тутушат, түшүнбөй башың ооруйт. Жер жүзүндө канча дин, канча секталар болсо, ошолорду бизден эч кыйналбай тапсаң болот. Бир карасаң (көбүнчө кыргыздарга тиешелүү) мусулманмын дейт, эртеси тескери иштерди кылып жүргөнүн көрөсүң. Мисалы: ай жаңырса акчаны алып чыгып көрсөтүп, тиленип отурганы канча. Мындай жерге-сууга, айга, жаныбарга сыйынуу теңирчиликке тиешелүү. Анан ушундай иштерди кылышса кайдан мусулман болушат?
Макаланын аты айтып тургандай, кыргыз төрөлсө кыргыздын жөрөлгөлөрү, каада-салты менен өткөрүшөт. Ат коюу, келинди өзүнүн ата-энесиникине жаңы төрөлгөн баласы менен кыркы чыккыча жөнөтүү, тушоо кесүү, сүннөт той ж.б.дагы жөрөлгөлөр көп. Ушул салттын баары кыргыз экенибизди даңазалап турат.
Ал эми орус болуп тарбияланат дегенимдин себеби, кыргыздар орус бийлиги менен биргеликте жарым кылымдан ашык жашады. Ушунча убакыттын ичинде орус бийлиги баш көтөртпөстөн башкарып, адамдардын динди тутуусуна тыюу салып, билим берүү менен кошо өзүнүн тарыхын окутуп келгенин такыр тана албайбыз. Тарыхы да бир беткей жазылып, кыргыздар жөнүндө үстүртөн эле маалыматтар берилип келген. Баарыбыздын ата-энелерибиз ошо кезде тарбия алгандыктан, бүгүнкү күндө да ошо тарбия уланып келе жатат десем жаңылышпайм. Азыркы мептеп,лицей,университеттеги китептерди алсак, баары союз убагында жазылган.Кыргыз жөнүндө маалымат жокко эсе.Көбү тарых эмес, жети атасын билишпейт. Муну менен мен орустарга каршымын дегенден алысмын, бирок чындыкты айтышыбыз керек.
Эгемендикти алган жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин 2 миңден ашык мечит курулуп, баары тең толук кандуу иштеп келет. Кээ бир айылдарда мектеп жок, бирок мечиттер бар, бир гана эмес эки-үчтөн. Ислам динин тутканы деле, тутпаганы деле, каза болгондон кийин мусулмандар сыяктуу эле жерге берилет. Тактап айтсам, көбүнчө кыргыздар башка диндерге өтүп кетишип, каза болгондо мусулмандардай акыркы сапарга узатабыз деп чыгышат туугандары. Кээ бирде өзүнчө жакка койгула деп каршы да чыккандары бар, бирок акыр аягы кадимки мүрзөлөрдүн арасына эле коюлат.
Кыргыздар мусулман дегенибиз менен адамды акыркы сапарга узатууда динди кыргызчалап жибергенбиз. Кийит кийгизүү, жыртыш берүү, эстелик коюу ж.б.Мындай көрүнүштү арабдардан кездештирүүгө болбойт.
Мына кыргыз ушундай өмүрүн өткөрөт (кыргыз, орус, араб болуп). Өзүбүздүн жаңыланган же кыргызчаланган динибиз бар. Бирде кудайга ишенсек, бирде жерге, сууга, ташка ишене беребиз.
Кечке эле ар кандай көйгөйлөрдү жаза бербей, Кыргызстандын эү кооз жерлери жөнүндө маалыматтарды жазып турууну чечтим. Колдо бар алтындын, баркы жок дегендей, биз сонун жерлерибизди барктабайбыз. Канчалаган мекендештерим, бул сонун жерди көрө элек. Алдыда жайкы эс алуу, баарыңарды бул жака чакырам.
Жети –Өгүз курортунун жаралышы.
Илгертен бери ата-бабаларыбыз жер жашаганга абдан ыңгайлуу жанан касиетүү булактарга бай аймак катары баалап келишкен. Кийинчэрээк, адистер ал жерди изилдеп, курортко эң сонун ылайыкташканын ждалилдешет. Шентип, өткөн кылымдын 30-чу жылдары крорт түптөлө баштайт. Алгач 75 орундуу имарат, ванна, ашкана курулган. Бара бара кеңейтилип, заманга ылайыкташтырылган иараттар курулуп, учурда сонун эс алуучу жайга айланган. Айта кетчү нерсе, бул курорт жай айларында гана иштейт, кышкысын ал жак аябай суук, жолдору начар. 1990 жылдан баштап, жылына 300 ( үч жүз) дөй эс алуучуларды кабыл алат.
Радон суусу.
Курорттун атын алыска кетирген- радон булактары. Ысык радон булактары өзүнүн химиялык мүнөздөмөлөрү боюнча көптөгөн курорттун сууларынан ашып, даарылыгы күчтүү, натыйжалуулугу жогору бааланат. Радон-бул суунун курамындагы газ. Ал ошол эле аймакта кездешүүчү тоо таштардан кездешүүчү радий элементи, сууга кошулгандан кийин реакция жүрүп, андан радон газы жаралат. Бул радон суусун кабыл алуу учурунда, тери аркылуу канн тамырларга тарайт. Радон ваннасын кабыл алганда, организмдеги иммунитет күчөп, көптөгөн дарттардын жок болуусуна жол ачат.
Кайсы дарттарга даба?
Курортто заманбап медициналык аппаратуралар орнолгон. Андан сырткары, касиеттүү балчык, ошол эле радон ванналары кеңири тараган. Бул процедуралар, төмщндөгү оорулардын сакайышына алып келет:
-кол, бут, сөөк ооруларына
-гинекологиялык оорулар
- нерв системасасы менен байланыштуу оорулар
- канн айлануу органдары
-тери оорулары
Курорт учурда миңдеген эс алуучуларды тосуп алууга даяр. Баары иретке келтирилген. Ал эми 20 күндк эс алуу путевкасы 14 миң 500 сомду түзөт. Акыркы мезгилде, було курортто бир эле, кыргызстандыктар, кошуна малекеттин жарандары эмес, алыскы чет мамлекеттен да келе башташкан.
Батыштын өлкөлөрүн алсак, аларда өзгөчө номер деген түшүнүк жок. Негизинен номерлер катарынан берилгендиктен, кээ бирине катар кездешкен сандар туш келип калат. Муну менен алар эч деле сыймыктанышпайт. Ал эми Америка Кошмо Штатын өзүнчө алып карасам, ал жактан мындай көрүнүштү байкаганым жок. Биздикинен өзгөчөлүгү, автоунаанын алдыңкы маңдайына номерин тагышат, ал эми арт жагына каалаган сөзүндү (уят эмес) жазып, жабыштырып алсаң болот. Нью-Йорк шаарынан бир кыргыз эжени жолуктурдум, ал автоунаасынын артына англисче “Issyk Kul” деп жабыштырып алыптыр. Сурасам, мен өзүм Көлдүк болом, ошо себептен ушинтип жазып алдым дейт. Муну менен албетте сыймыктанса болот. Америкада 7777 же 8888 деген номериң болсо деле, сага эч ким көңүл бурбайт.
Бул өзгөчөлүк коррупция өнүккөн, кедей же жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө гана кездешет. Кээ биринде өзгөчөлүктүктү эмес, символикалуу бир белгини түшүндүрөт. Мисалы: Бириккен Араб Эмираттарында “5” деген сан бакыт, ийгиликти билдирсе, Кытай мамлекетинде “8” саны ийгиликтин, бакыттын, байлыктын саны болуп саналат. 2008 жылдын 8 августунда саат 8 Олимпиаданын ачылышы да ошо себептен болсо керек. Буларда ушундай символикалык белгини берет, ал эми мурунку Союз өлкөлөрүндө, азыркы КМШ (СНГ) мамлекеттеринде мындай номер, иммунитет, кол тийбестиктин белгиси болуп саналат. Беделиң жогору болот, баары суктануу менен карашат, кыскача айтканда көңүл чордонунда болосуң. Мындай “крутой” номерлер ар кайсы өлкөлөрдө (КМШ) ар кандай баада сатылат. Орусияны алсак, алардын тамгалары менен саны кичине биздикинен бөлөгүрөөк. Мисалы: E999KA97 (EKХ-еду как хочу) деп чечмеленет экен. Мындан башка да С888СС88, К777КК88 деген сыяктуу номерлер болжол менен 1,5миңден 40миң долларды чапчыйт. Мындай номериң менен сени эч ким токтотпойт, жол эрежелерин каалашынча бузасың.
Казахстанды ала турган болсок, аларда деле ушундай көрүнүш. Баары сатылат жана сатып алынат.
Кыргызстан булардан ашса ашат, бирок кем калбайт. Бизде машинанын номерин эмес, депутаттын жардамчысы, штаттык эмес кызматкер, министрдин кол коюлган визиткаларына чейин сатып алсаң болот (Конгантиев М. Министр болгондо визиткаларын 1500$ чейин сатчу дешет, балким азыр деле сатылаттыр!? Булардын деле алардан эч айрымасы жокко). “Крутой” номериң менен бир министрдин визиткасы болсо, сен президенттен, премьер министрден, спикерден кем калышпай, тез жардамды өткөрбөй көчөдө ээн-эркин айдап каласың. Эч ким токтотуп башынды оорутпайт, токтотсо визитканы көрсөтсөн үйүңө чейин жеткизип коюшат. Ошондой крутой номерлер 7777, 8888, 0001, 1000, 5555 ж.б. болжол менен 500$дан 2000$га чейин алсаң болот экен (кээде тааныштарың аркылуу бекер деле аласың). Убагында (Бакиевдин заманында) Бакиевдин урук-туугандары, тааныштары “0015” деген номер менен жүрүшчү эле. Эч ким тийчү эмес аларга. Куштар, Асыл Бакиевдердики 0015, ал эми тамгалары гана башка болчу.
“Оозу-мурду кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген заман ушу. Көчөлөрдөн ушу номерлерди көрсөңөр таңгалбай эле койгула. “Кайда барба, мамайдын көрү” деген ушу. Баары эле буларды айтып келатышат, бирок эч пайда чыкпайтго. Буга чейин кандай сатылып келсе, азыр ал кезден өтүп кетти.
Акыркы убакта баарыңар эле байкап жатсаңар керек, жумуртка, жумурткадай эмес, бозоргон, даамы жок, кээде эки сарысы бар. Бул жумурткалар же кытайдан келген, же жергиликтүү тоок фермалардыкы. Айта кетчү нерсе, мына ошол тоок фермаларда да, тооктон эки маал жумуртка алуу үчүн, аларга гормоналдык дары дармектерди берет. Натыйжада, адамдын ден соолугуна зыян жумуртка пайда болот. Бүгүнкү макала, кытайдан келген жумуртка эмнеден жасалаары жөнүндө. Read the full story »

Кыргызстандагы эң ири жана ишенимдүү тестирлөөнү алдаса болот экен. Бул окуяны менин жакшы таанышым баяндап берди. Башкы ролдордо- Арстан- аткаруучу , “ортомчу”, “заказчик”. Арстан ЖРТнү 3 жолу тапшырган. Ар сайын анын упайлары эки жүздөн ашык болсо да, алтын сертификатчылардын тизмегине акыркы гана жолу кирген. Азыркы күндө ал Орто Азиядагы Америкалык университетинде студент. Күндөрдүн биринде бир таанышы Арстанга келип, андан жардам сурайт. Өзүнө эмес, башка балага. Ал бала “заказчик” Сокулуктагы №2 мектепте окуйт. Тест жакындап калганда, анын ордуна жаза ала турган адамды издей баштайт. ” Издеген адам табат”,- дегендей шамдагай “ортомчу” пайда болот. Ал ага жардам бере алганын айтып, n суммага сүйлөшөт. Арстан анын ордуна кирип тапшырат.
Мен бул окуяны уккандан кийин, бир суроо пайда болду. Кантип?
Мен өзүм тестти тапшырып жатканда, март айынан баштап документтерди, анын ичинен сүрөттөрдү дагы тапшырганбыз. Тесттин өзүнө киргенде дагы паспортту текшеришкен. Жалпы республикалык тестирлөө негизинен эле мамлекеттеги эң жогорку деңгээлдеги өтүүчү текшерүү деп ойлогом.
Көрсө Арстан жөн эле “заказчиктин” паспортун алып, кириптир. Анын айтымында окшоштугу 20 пайызга жакын, башка сөз менен айтканда, жыныстык эле окшоштугу болбосо, эки такыр башка адам. Текшерүүчүлөр байкабай калганбы, же кайдыгер мамиле кылышканбы, белгисиз.
Кантсе дагы, болгон иш болду. Эми мындай кызматтын баасы. Эки жүз баллга чейин- 300, андан жогору- 500, алтын сертификат болсо-1000, албетте, америкалык акча менен.
Жалпы республикалык тестирлөөгө мамлекет катарынан дагы, чет өлкөлү фонддордон дагы чоң жардам көрсөтүлөт. Республикабыздын Президенти тарабынан сунушталган «Кыргызстандагы билим берүү системасын реформалоонун концепциясында» мамлекеттин көз карандысыздыгы жана коомдун келечеги үчүн сапаттуу билим берүү зарыл экендиги айтылган. Жогорку окуу жайларына кабыл алуудагы коррупция менен күрөшүү максатында өлкөбүзгө Жалпы республикалык тестирлөө киргизилген. Республикабыздын жогорку окуу жайларына мамлекеттик грант менен окууга өтүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү ачык тестирлөө − алгачкы максаты болгон. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү тестирлөө демилгесин колдоп берүү өтүнүчү менен АКШнын өкмөтүнө кайрылган. АКШнын өнүгүү боюнча эл аралык агенттигинин (ЮСАИД) каржылоосу менен, Американын эл аралык билим берүү боюнча Кеңеши (АКСЕЛС) тарабынан өткөрүлгөн тестирлөө төмөнкү негизги үч максатты көздөгөн: – бара-бара баалоонун заманбап усулдарын жана принциптерин (психометрия, теңдөө ж.б.у.с.) колдонуу менен сапаттуу тестирлөө жүргүзө ала турган жергиликтүү профессионалдуу тест уюмун түзүү; – баалоо системасын чечкиндүү түрдө реформалоо; – ЖОЖдордогу бюджеттик орундарда окуй турган жаштарды аныктай турган стандартташтырылган тестирлөө жүргүзүү менен жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү.
Мурдагы жылдарда окуучулар каалоосу менен тапшырса, 2011-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтпөй калышса, анда чоң окуу жайына өтпөй калышат. Ошондуктан оюндун баасы дагы көтөрүлдү. Буга чейин алтын сертификат окуучулардын көптөң эңсеген, ар бир университетке жол ачкан билет болсо, эми жалпысынан эле тестирлөөнүн жыйынтыктары өтө маанилүү болуп калды. Коррупцияны жоюуга арналган тестирлөө капканга түшүп калды. Эң коркунучтуусу, Арстандын айтымында, “ортомчу” мындай жол менен бир топ колунда бар окуучуларга жардам берди. Ар бир системанын чектеринен чыгууга жолдор бар эмеспи.
Менин оюмча, ЖРТ окуучулар үчүн шок. Анткени, мындай көнүүгүүлөрдү алар мектепте да, кийин Жогорку окуу жайында да жолуктурбайт. Бул тестирлөө жалпысынан эле мамлекеттеги советтик окутуу системасынан өтө өзгөчөлөнүп турат. Мектептеги бешке окуган окуучулар тестирлөөдө эң жогорку баллдарды албаганы факт. Тескерисинче, мектепте анча жакшы эмес окуган балдар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшөт. Демек, мектептеги жакшы окуучу- келечектеги жаман студентпи? Андай дагы эмес. Билим берүүнү жаңы жол менен текшерүүнүн алдында, билим берүү системасын өзгөртүү керек эмес беле?
Дүйнө жүзүндө канча мамлекет бар, ошо мамлекеттердин жылпы калкынын 10%ын майыптар түзөт. Алардын укуктары ар кайсы мамлекетте ар кандай корголот, кээ биринде корголмок түгүл, аларды көргүлөрү да келишпейт.
2008 жылы Америка Кошмо Штаттарына барганымда, алардын өкмөтүнө аябай жогору баа бердим. Анткени, көчөдөн кайыр сураган же арызданган майыпты эч көрбөдүм. Көптөгөн компаниялардан майып адамдарды кездештирдим, алган маянасы да жогору экен. Жеке менчик такси компаниясын коляскада отурган майып адам башкарып, кадимки адамдардай эле иштейт экен. Супермаркетинде, мамлекеттик мекемелерде же ажаатканаларында майыптарга ылайыкташтырылган тепкичтерди, сүйрөгүчтөрдү көрүүгө болот. Ал эми коомдук транспортторун алсак, коляскачан адамдарды көтөрүп, автобустун ичине алып кире турган механизмдери орнотулган. Эч кыйынчылыгы жок жетчү жерине жетишет. Майыптар үчүн машина токтотуучу жайлары да бар, алардын ордуна майыптардан башка эч ким токтотпойт. Кыскача айтканда, майыптардын укугу толук кандуу корголот.
Ал эми Кыргызстанды алсак, мышык ыйлачудай эле деңгээлде! Жумуш, билим менен камсыз кылганды айтпай эле коёюн, бир да коомдук транспортту көрүүгө болбойт майыптарга ылайыкташтырылган. Маршрутка, автобус, троллейбустарга түшсөң, биринчи алты орун майыптарга, боюнда барларга, пенсионерлерге деп жазылып турса да, аларды издеп таппайсың. Жалаң жаштарды көрөсүң. Бул реалдуу көрүнүш. Мындан тышкары бир да имаратты көрө элекмин майыптар оңой кирип чыга тургандай.
Статистикалик маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күндө бизде болжол менен 120 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар экен. Алардын 20 миңдейин жаштар түзүшөт. Жалпы калктын 8,5-9%ын майыптар түзүшөт. Россияда болсо 7-8%ын түзсө, башка Орто Азия мамлекеттеринде 3-4%ын түзөт. Көп адамдар официалдуу түрдө майып деп катталбагандыктан, так санын айтуу кыйын. Көбү майыпмын дегенден уялышат, ошо себептен катталгылары келбейт.
Азыркы заманда биздин өлкөдө үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү абдан эле чоң майрамга айланган. Учурда дүңгүрөгөн үйлөнүү үлпөттөрүн кафе-ресторандарда өткөрүү калк ичинде кеңири жайылып, колунда бары да, жогу да замандын агымынан калбоого аракет кылып жатышат. Бул макалада Бишкек шаарында үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү үчүн канча акча сарпталарын жана жаштар бул күнү эмне кылаарын айтып берейин.
Үйлөнүү үлпөт тою абдан эле чыгашалуу деп саналат. Биздин өлкөдө салт – санаалардагы чыгымдар болжолу менен бир жылда 1 млрд долларды түзөт экен. Үйлөнүү үлпөт тоюнда өзгөчө бала тарап бир топ эле чыгымдарга дуушар болот. Бирок кээ бирде деле кыз тарап дагы көптөгөн акчаны сарпташат. Мисалы бала тараптан: калың төлөө, орто эсеп менен 200-300 кишиге ресторан даярдоо, тамада менен артистерди чакыруу, лимузин автоунааларын жалдоо, жаштардын күндүзгү сейилдөөсү, жаштардын кийимдерин даярдоо, сүрөт менен видеого түшүрүү жана мындан башка калың төлөө. Кыз тараптан болсо: кыздын себин даярдоо, кээ бир учурларда кыздын атасы тарабынан үйлөнүү үлпөтүнө белек катары шаардан батир берүү жана башка өлкөгө эс алууга барып келүүгө акча бермей. Бирок мындай белектерди колунда бар жана колу ачык гана ата – энелер жасашат экен.
Үйлөнүү үлпөт күнү бала тараптан баардык жаштар чогулушуп, автоунааларды жакшынакай кылып жасашып, кызды алып кеткени үйүнө барышат. Ал жактан жакшынакай салт менен кызды алып, кайра баланын үйүнө келишет. Үйгө келгенден кийин баланын апасы салт боюнча келинге ак жолук салып, жакшы тилектерин айтат. Андан кийин ислам шарты боюнча нике кыйылып, келин көшөгөнүн ичине тең туштары менен отурат. Келин көрөйүн деп келген коноктор келиндин башына жолуктарын салышып, бактылуу болсун деген каалоолорун айтышат. Андан кийин жаштар Бакыт үйүнө сапар алышат. Ал жактан мыйзам түрүндө жубайлар деп катталат. Анан жаштар сейилдөөгө чыгышат. Азыркы убакта жаштардын арасында сейилдөө учурунда өзүнчө бир кафе же ресторанды даярдап, ал жакта ар кандай оюн зоок программаларды уюштурушуп, жаштар көңүл ачышат. Бул болжол менен 2 – 5 саат болот. Мындан кийин ресторанга барышат жана ал жактан той уланат. Көп учурларда келген коноктордун баардыгы каалоо тилектерин микрофон аркылуу айтайын дешип, бул кече жалаң эле кайталануучу сөздөргө айланат (мисалы: “астынарды бала бассын, артынарды мал бассын”, “бактылуу болгула” деген каалоо тилектер бер жагы эле 100 жолу кайталанат). Эт тартылып, коноктордун баардыгы сүйлөп бүткөнкөндөн кийин той аягына чыгат.
Үйлөнүү үлпөт тоюна азыркы убакта канча акча сарпталат
Бишкек шаарында азыр үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү үчүн чоң ресторандар бар. Алар “Алтын Казына”, “Тойкана”, “Консул”, “Золотой Дракон”, “Монте Карло”, “Онтарио” жана башка жүздөгөн ресторандар бар (мага белгилүү болгон гана ресторандардын атын атадым). Ичинде 300 – 500 кишиге чейин орундар бар. Бул ресторандарда той өткөрүү үчүн 2 – 3 ай мурун кезеке туруп коюш керек экен же болбосо орун жок болуп калат экен. Бул ресторандарда акча баасы киши башына 25 – 40 долларга чейин экен. Бул акчанын ичине булар кирбейт: ичимдиктер, суусундуктар, бодо малдын эти, кошумча тамактар, тамада менен артистер, сүрөт жана видео. Мисалы 250 – 300 кишиге үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү үчүн:
- жаштардын күндүзгү сейилдөөсү жана автоунааларга кеткен чыгым – 1000 – 2000 $
- ресторан – 6250 – 10000 $
- ичимдиктер, суусундуктар, кошумча тамактар – 1000 – 1500 $
- бодо мал – 1500 – 2000 $
- сүрөт жана видео – 300 – 600 $
- тамада менен артистер – 2000 – 5000 $ чейин (бул жерде кандай тамаданы, кандай артисттерди чакырасын ошого жараша чыгымдар болот. Мисалы: тамада катары Кыргызбай Осмонов менен Салтанат Саматованы чакырсак ар бири 300 – 500 $ га чейин акча алышат. Ырчылардан эстрада жылдыздарын чакырсак (М.Атабеков, Омар, Г.Сатылганова) ар бири 200 – 500 $ га чейин сурашат. Азыр кээ бир бай жеке ишкерлер же коррупцияга тойгон чиновниктер тойго чет өлкөлүк эстрада жылдыздарын 25 – 50 миң еврого чейин төлөшүп чакырышат экен.
Ошентип болжол эсеп менен негизги чыгымдарды гана санаганда 11000 – 20000 доллар сарпталат экен. Бул биздин өлкө үчүн абдан эле чоң акча. Анткени орточо айлык маяна 200 – 300 доллар болсо, мындай үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү үчүн канча убакыт иштеп, акча чогултуу керек?
Алынган маалымат жеке өзүм жүргүзгөн анализдердин негизинде
Жумушсуздуктун айынан канчалаган Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөп кетип жатышат. Канчасы айыл жергесинен келип, эптеп күн өткөрүп жүрүшөт. Андай адамдар кандай гана жумуштун түрү болосун, иштегенге даяр. Көчөлөрдөгү бактарда, свет карагайларында, аялдамаларда, коомдук транспорттордун ичинде чапталып турган жарыяларды кездештирүүгө болот. Окусаң жумушчулар керек, билими жоктор деле жарай берет. Айлыгы 100-150$ чейин деп.Өзүңүздөр билсеңиздер керек, айыл жергесинен келген биздин жарандардын көбү жогорку билимсиз. Анан жанагыдай жарыяны окуганда, сөзсүз ошондой жерлерге иштегилери келишет. Бир нечеси орношсо, көбү орношо да албай калышат. Көбү караңгылыгынан канчалаган акчасын алдаткан учурларды көрүп эле жүрөбүз.
Ошентип элди алдап шугулданган компаниялар кудайга шүгүр Кыргызстанда толтура. Бизде канчалаган мыйзамдар кабыл алынганы менен анын көбү реалдуу жашоодо иштебей, кагаз бетинде эле калып жатат. Батыштын кинолорундай болуп, кылмышкерди кылмыш жасаганга чейин эмес, кылмыш жасагандан кийин укук коргоо органдары кармашса, бизде да так ошондой.Бир алдамчы компания түзүлө калат да, элди алдап, качып кетет. Анан бир нече убакыт өткөндөн кийин алданган адамдар митингге чыгышса, ошондо ойгонушат укук коргоо кызматтары. Мисалы: пирамида системасынада түзүлгөн, бисер чогултуу боюнча компаниясын алсак болот.
Ушуга окшогон Кыргызстанда такмактык маркетинг компаниялары толтура. Алар: эмвей, эйвен, орифлейм, мери кей, ИПАР, сибирское здоровье, тянь ши ж.б. Баарысы тең пирамида структурасында түзүлгөн.
Эң биринчи ХХ кылымдын 30-жылдары тармактык маркетингдин идеясын америкалык Карл Ренборг ойлоп тапкан. Биринчи тармактык компания болуп California Vitamins саналат. Жарнамага бир да тыйын коротпостон, пирамиданын ылдыйкы тепкичиндеги кызматкерлердин аракети менен 1 жылдык товар айлантуусу 7 млн.$ түзгөн. Ал эми 1959 жылы Ренборгдун жакын таанышы American Way Corporation “Amway” (Америкалык жол) түзгөн. Бүгүнкү күндө эң белгилүү компания. Бир жылдык товар айлануусу, бүт дүйнө жүзүндөгү өкүлчүлүктөрүн алганда 2 млрд.$ түзөт экен. 1970-жылдын аягында компанияга каршы иш козголуп, бирок эч кынтык таба алышпагандан кийин, иш кайра жабылган. Кыргызстанда да өкүлчүлүгү бар.
Ал эми биздегилерин ала турган болсок, ал жерде пенсионери, студенти, мамлекттик кызматкери, мугалими деле иштеп жүргөнүн көрөсүң. Биринчи төлөм ар кайсы компанияда ар кандай.100 $дан 1000$га чейин, кээ бири андан да көп болушу мүмкүн. Жөнөкөй кызматкерлердин аркасы менен пирамиданын жогору жагында тургандар байышат. Бул компаниялардын баары чет элдик болгондуктан, пирамиданын жогоркулары да чет элдиктер. А биздин жарандар аларга иштеп беришип, аларды байытып жаткандары менен иштери жок. Биринчи киргениңде окуусуна деп өзүнчө акча төлөйсүң, анан журналдарын сатып аласың, анан сөзсүз 100$дык товар алышың керек. Аны жогорку баада сатканы аз келгенсип, тааныштарыңды, туугандарыңды алдап аларды да ишке киргизесиң. Аларды киргизериң менен айлыгың көтөрүлөт жана жогорку бир тепкичке көтөрүлөсүң. Ал тепкичтер төмөндөгүдөй: 1ден 5 жылдызга чейин, андан кийин күмүш, алтын, платина деген. Көбү чет өлкөлөргө окууга барып келишет, бирок өз акчасына. Кээ бир учурда компания төлөдү деп элди алдай беришет. Ушул компаниялардын товарлары өтө кымбат баада сатылат. Ошого окшогон эле товарды эки эсе арзан алса болот базардан, сапаты деле бирдей.
Бир мисал келтирсем, азыркы убакта бизде ИПАР деген компания пайда болду. Борбордук офиси Үрүмчүдө жайгашкан. Уйгурлардын компаниясы болуп саналгандыктан, даары-дармектери да илгерки уйгур технологиясы менен жасалат имиш. Аларга эмне азап Кыргызстанга келип, кыргыздарды айыктырмак беле. Негизгиси товарларын сатыш керек. Күн чечек, ай чечек деген эки белгилүү дарысы бар. Айылга барганда кары-картаңдар ушу дары жөнүндө айтып бүтө алышпай эстери оойт. Айыл жергесиндеги элдин баштарын айлантып коюшуптур. Алар 100$ кайыл болуп, ала беришет экен. Биз да көрөлүчү деп бир эки дарысын алсак, эч пайда чыккан жок. Жөн эле элди алдамай тура көрсө. Өткөндө бир таанышыбыз да үйгө келиптир, дары-дармегин, журналын көтөрүп алып. 1 сааттай эч токтобой сайрап кирди, аягында араң токтоттук. Мен силердин компанияңар тармактык маркетинг десем, жок андай эмес дейт. Журналын ачсам сетевой маркетинг деп жазылып турса да, эч мойун бербейт. Мына ушундай алдамчылардан абайласаңар, жөн эле даарсын, товарларын ала бербей. Алардын көбү бизде мыйзамсыз иш алып барышат. Налог төлөшпөйт. Товарларынын сертификатын көрүүгө эч мүмкүн эмес. Эгер бир нерсе болсо, качып кетишет. Бул жакта адамдар бармагын тиштеп отуруп калышат.













Акыркы пикирлер