Ала качуу: Чыныгы эр жигиттер үчүн эмес.
Маданият6 пікір
Чынында эле ала качуу азыркы кездин орчундуу маселердин бири. Ошондой эле биздин салттардын ичинен адам укугун сыйлабаган жана адилетсиз салт деп эсептейм.Көбүнчө ала качуу жоруктарын тааныштарыман угуп калам. Кееде жаш жигиттер кызды жакындан тааныбай туруп деле, бир той-топурда же туулган күндө көргөн жеринен эле алып качат экен. Алар окуяларын чоң эрдик кылгандай айтып беришет. Бир жагынан алардын кантип ала качканы көп күлкүлүү болот, бирок эркектер арасында кыздын тарабы көп деле эске алынбайт. Аны угуп ойго батасын: «Ушул да боло бу эми. Бири бирин жакындан билбесе… экоо кантип турмуш куруп кетет?».Бирде кимдендир угуп калдым «Алакачуу – бул лоторея, утушуң же уткузушуң белгисиз,» -дегенди. Утуш же уткузуу деген эми эркек кишинин позициасынан караганда алып качкан кыздын ички мүнөзү кандай болуп чыгышы күмөн деген. Кееде алып качуу – бул базарда дарбыз тандаганга да окшоп кетет: же аябай ширеси тамган таттуу болушу мүмкүн же али жетиле элек сумсак дарбыз болушу мүмкүн. Кыскасы, турмуш курууда тобокелчилик эң эле жакшы жолдордон эмес.Бир жагынан ала качуу бул жигиттердин эле тескери сапатын көрсөтөт. Алып качкан жигиттер көбүнчө кимдер? Менин билишим боюнча алар өзүнө ишенбеген, «кыздын алдына барып колун сурагандан көрө кара жерге киргеним оңой» дегендер. Чыныгы жигит болгондон кийин, эгер бир кызга көңүлү түшсө же аны менен турмуш кургусу келсе, алып качуусуз деле ийгиликке жетишсе болсо керек. Аны ар бир эркек билсе керек. Буга Айкөл Манас да Каныкейдин колун суроо менен мисал болгон.



«Алакачуу – бул лоторея, утушуң же уткузушуң белгисиз» – ушул туурага жакыныраак айтылса керек. Элестет, алар ала качып кеткен кыз – “тунку кополок” болуп калса. Анда эмине болот?
Баса, чынбы, калппы билбейм, бирок Таласта кызга окшогон бала бар имиш. Ал чачын остуруп, анан кыздарга окшоп кийинет (шым-пымдар) экен. Аны болсо айылдыктар эки жолу ала качып, анан анын “эркек” экенин билгенден кийин олгудой сабашкан имиш.
Ушундай дагы окуялар болуп калыштары мумкун да, туурабы?
Мен сен менен кошулам, ала-качуу – чыныгы жигиттин иши эмес!
[Reply]
[...] 2007 метки: Ала качуу, Жизнь, Обычаи, Село Это перевод поста Нурбека Абабакирова, опубликованный на кыргызскоязычной версии Neweurasia. Это [...]
[...] is a translated excerpt of Nurbek’s post from the Kyrgyz-language [...]
Tuura, lotoreyaday ele… Misali, men mindaydi ukkam: ayildan bir top jigit kelet, dosuna kiz ala kachkani. Kimdi ala kachaarin da bilishpeyt, birok koldorunda jengeleri jazip bergen “kandidaturalardin tizmegi” bar. Ar kil sebepterden ulam tizmektegi kizdardi taba alishpay kalat. Emne kiluu kerek? Ayilda ebak ele dayardanip koyup kutup kalishkan. Oshondo “er azamattar” “boorsok katip ketet”(!) dep joldo baratkan ele bir kizdin ala kachip ketishet. Ayilga izi-chuu menen jetkende gana al kizdin ebak ele uylonup-jaylanip, ochor-bachar bolup kalgandigi, al gana emes 2 uulduu ekendigi bilinet… Je kulorungdu bilbeysing, je iylaringdi…
[Reply]
Chynynda ele je kuloorundu bilbeisin je iylaryndy bilbeising. Kantip ala kachkandaryn uksan kulosun birok, ayagy emne menen butkonun uksan okunosun.
Dagy bir ala kachuu jorugu esime kelip tushtu, 2-3 jyl murun chong enemin ayilynda bolgon ele.
Bir top klasstash jigitter toi kezinde toptolup, bilip tursanar kerek emnege toptolgondorun. Klasstashtar bir dosu uylonuugo dayardygyn bildirgen son aga kyz alyp kachyshmak bolot.
Toi arasynan kyzdy tabyshat, alyp kachyshat, jigittin uyuno alyp kelse…emne bolot deisiner? Al jigittin konulu ketip kalgan by je uyundogulor dayar emestigin aita by…ishi kylyp top jigit menen jalgyz kyz karangyda kochodo kalyshat.
Birok klasstashtar, alypkachkandan kiyin akyryna chygarysh kerek dep, kyzdy bashka klasstash jigittin uyuno alyp baryshat. Kutuusuz bolso dele al jerdin ata-enesi kol jayip tosup alat.
Oshentip klasstashtar oz “dostuk mildetin” atkaryshat.
Birok ayagynda…eki-uch ai otpoi eki jash ajyrashyp ketishet.
[Reply]
ала качуу…ушул тема бизде акыркы кундору ушунча коп которулчу болду….чынын айтсам тажатма да болуп баратат…кыздарды эмес балдарды ала качкан заман качан келет болду экен…кандай гана мумкунчулуктор ачылат эле..биз учун
[Reply]