Кыргыз Ырчыларынын Америкадагы Саякаты
АКШда кыргыз шоу-бизнесине таанымал жылдыздарынын атап айтканда Динара Акулова, Омар, Арсен, Бактыгүл Бадыева, Макс Бегалиев жана Микаэлдердин концерти кызыктуу өтүп жатат деп Кыргыздар сайтында маалымат жарыяланды. Алар Нью-Йорк, Филаделфия жана Чикагодо болушту. Эми Вашингтондо жана Лос-Анжелесте болушат.

Концертти Микаэль алып барды. Жылдыздар өздөрүнүн эң мыкты деген ырларын ырдашты. Америкадагы мекендештер кыргыз эстрадасынын супер жылдызы Динара Акулованы өзгөчө тосуп алышты. Сезимди козгогон кыргыз ырлары, сагынган кол чабуулар…. бардыгы сонун өттү.
Концерт белгиленген убакыттанда ашып кетти. Аяктаган соң мекендештерибиз ыраазычылык билдиришип, колтамга алышты. Көрүүчүбүздүн бирөөсү: «Мындай концерттер адамдын жан дүйнөсүнө эргүүнү алып келет. Мен Кыргыз Клабка ыраазычылык билдирем. Бул Америкадагы кыргыздар үчүн жакшы белек жана майрам болду!» – деген ою менен бөлүштү.
Концерт АКШдагы “Кыргыз Клаб” бирикмеси тарабынан уюштурулду. Бул биринчи иш-чарасы эмес, жазында Американын төрт шаарында Нэля, Урмат келип ырдаган. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүндө Нью-Йоркто Омар ырдаган.



Кыргыз Клаб 2005-жылдан бери иштейт. Уюштуруунун негизги максаттары АКШдагы кыргыз жарандарын бириктирүү, маданий иштерин, Кыргыз жергесиндеги балдар үйүнө жардам берүү максатында кайрымдуулук акцияларын өткөрүү. “Кыргыз Клабдын” жаралышы менен көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү.
“Кыгыз Клаб” эмдиги жылы дагы ушул сыяктуу концерттерди өткөрүүнү пландоодо, алардын бири 2010-жылдын Нооруз майрамында болот.



Акыркы пикирлер