БӨТӨНЗОРДУК | Эски тарых эмне дейт?
Маданият1 пікір
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эларалык сыйлыктын лауреаты. Дүйшеев агайдан бүгүн “Бөтөнзордук” аттуу ыр саптар менен коштолгон макаласынын үчүнчү (соңку) бөлүгүн чыгарып жатабыз.
Илгери кыргыздын түпкү аталары көп сандаган кол менен Кытай падышалыгынын 2 борборун, 2 императорлугу менен эбегейсиз көп байлыгын басып алат. Бийлигин орнотуп, Көк туусун саят. Айдан ай, жылдан жыл агат…Душманын кантип жок кылуу жолун өмүр бою эсинен чыгарбаган кытайлар акырыныдык менен кыргызга аралашат. Тилин үйрөнүп, дилин сиңирип, сулуу-сулуу кыздарын кыргыздардын койнуна салат. Жеңиш менен байлыкка, бийликке өрөпкүгөн кыргыздар кайра-кайра катын алат. Алары чубуртуп тууй баштайт. Бирок кытай катындан туулган балдар кыргыздардын үрп-адат, салт-санаасына бой салбай, чоочун өсөт. Ал эми падыша сарайында тарбия алган кыргыз уландары шамдагай жана эр жүрөк болушканы менен «өздөн жатты ажыратуу», «тууган ким, душман ким» деген сезимдерден такыр эле куружалак чоңоюшат. Кытай акылмандары мындай жаракага улам шынаа кагып, жырылган жерге улам суу куюп, ордонун очогун ойрондой берет…Бийликтеги кыргыздар душманын такыр эле унутуп, ич ара араздашып, бирин бири сатып, бирин бири жеп, акылдууларын, алдууларын, кыйындарын жок кылганга өтөт. Ата-бабалары кечээ эле мурастап кеткен нарк-насилдерин чанып, бөтөн тилде сүйлөп, бөтөн тилде мейман күтүп, өз элин жерий баштайт. Акыры бул орду толгус мүшкүлгө алып келет. Эр жүрөк кыргыздар тез эле согуш өнөрүн унутуп, жоокерчилик деген эмне экенин билбей калат. Кечээ эле ат жалында закымдап, шамал менен жарышкан кыраан кыргыз ат мингенди унутуп, кычы болуп, кир болуп, сасыган сандал сүйрөп, базар-учарларда көр-жер саткан, алып-сатар соодагерге айланат. Соода кыргыздын дилин талкалап, пейилин бузуп, дүйнөсүн тыйындай майдалап, канына ач көздүктүн үрөнүн сээп, адам насилинен ажыратат…Кытайлар айлап, жылдап так ушул күн келерин күткөн. Аябай күткөн. Дал ушундан пайдаланып, кыргыз каганынын башын кыргыздардын өзүнө алдыртып, кытай катындан туулган «өз кыргызын» такка олтургузушат. Таккка олтурган күндүн эртеси кыргыз аттуунун бирин калтырбай жок кылуу жөнүндө буйрук чыгат.Миң-миңдеген өлүктөр бир ай бою Улуу Кытай Сепилинин сыртына качыр арабалар, киши арабалар менен ташылып, алты ай бою жердин бети адам этин жеген иттерден, көктүн бети асманды айланып учкан жору-кузгундардын көптүгүнөн көрүнбөй турган дешет…х х хБул ойдон чыгарылган жомок эмес. Болгон тарых. Ошондон тартып Улуу Кыргыздын омурткасы омкорулуп, арка мойну астында калган. Ошондон тартып «курама жыйып журт кылган эл» куурдай сөгүлүп, «тентиген жыйып журт кылган эл» текейдей тепселип, качып, бозуп, житип, тербип кеткен экен…Ошонун азабын ошол күндөн ушул күнгө дейре тартып келебиз. Ошонун азабынан ушул күнгө дейре саны Саянга, теги Тереңге батпаган кыргыз жери бейиш экенине карабастан тукумсуз үрөндөй өнүп-өспөй, көбөйбөй олтуруп, үч миллионго жетип-жетпей келебиз.Бул Улуу Кыямат учурунда туш-туштан агып олтуруп Манаска куйган. Атаңдын көрү – ай, бизге тарых да сабак болгон жок!х х хКайрадан Л. Н. Гумилевго кайрылалы. Улуу түрколог минтип жазыптыр: «Чыгармачыл жашоону билбеген, жалкоо, эмоция жана акыл жагынан кем, бирок турмуштан өзүнө көбүрөөк нерсе алып калууга умтулган адамдар болот. Булардан дурус жоокер же жакшы иштерман чыкпайт, кокус алар кылмыш жолуна түшсө өмүрлөрү эшафот менен бүтөт. Мындайлар чексиз төлдөп, көбөйө берет. Алар: «биз кандай болсок ошондой бол, күндүк өмүрүң босо түштүгүңө жорго мин принциби менен жашашат, жеп-ичкенден башкага умтулба деген императивди жетекчиликке алышат.Мындай адамдар ар кандай өсүп-өнүгүүнү жек көрөт, ишмердик шылдыңга алынып, интелектуалдуулуктун үзүрлүү жемиштери менен кубанычтары алардын кыжырын келтирет. Искусстводо стиль төмөндөйт. Илимдеги мыкты изилдөөлөр орто заар иликтөөлөр менен алмашат. Коомдук турмушта коррупция күчөйт. Бийликтегилер каракчынын кейпин кийип, өз үзөңгүлөштөрүнөн шектенүү, артынан аңдуу, керек болсо өлтүрүү жолуна түшөт. Ушул фазада орнотулган тартипти «демократиялуу» деп айтуу кыйын, анны «обускрация» деп атоо гана туура болот.Мында чакан топ гана бийлик кылып, элдин ич майын жеген мите куртка окшоп жашаганга өтөт. Жашоону да, өздөрүнө чейин жасалган нерселерди да сактоону билишпейт. Алар адамдардын денесине жабышкан айыкпас жарадан бетер, элдин организмин ичтен жемирип-жей берип «жеңишке» жетет, тагыраак айтканда элин өлтүрүп тынып, акыры өзүлөрү да тукум курут болушат.Европанын Батышы менен Чыгышындагы элдер мындай обскурациялык «алжууга» туш боло тургандай азырынча картаң эмес. Салыштырмалуу кийинки мезгилдерде болуп өткөн окуялар жөнүндө эскерүүлөр кыргыздардын, жунгар ойротторунун (Кытайлар менен болгон ХХ11 кылымдагы согуш), пуэбло (тэба) индейлеринин жана башка бир кездеги өтө зор этностордон азыркы аз сандагы «урууларга» айланып калган элдердин дастарында гана калган.Обускрация фазасынын коркунучтуулугу… Чөйрөнүн тез жана туруктуу өзгөрүп турушунун учурунда ал чөйрөгө ылайыкташуу мүмкүн болбогондуктан этнос бир бүтүн система катары сакталбай, бүлүнүп жок болот».Л. Н. Гумилев. «Этногенез жана жердин Биочөйрөсү». Бишкек 1999, 497-511-б.б.х х хМен ошон үчүн корком. Кагылайын кыргызым, өмүр бою бири-бириңди колдон-буттан тартып, бириңдин тамырыңды бириң кыркып, өзүңдү өстүргөндөн эмес, өзүңдү өлтүргөндөн ырахат алып, көкүрөгүң сокуруң көздүүлөрүңү көралбай, ичи тарың иштерманыңа жол бербей, ичиң күйүп, билеги жоонуң билимдүүңдү жайлап, талантсызың таланттууңу талкалап, кыжынып, кыйылып, көзүңө көр топурак тыгылып көр албай, обдулсаң эле ор казганы чуркап, такка минсең эле тамыр кырккың келип, жакшыңды жалаага жыгып, мыктыңды мыкчып өлтүрүп, адалыңды паралап айыпка жыгып, кыйыныңды кызматтан айдатып, чыгааныңды азуулууңун алдына жара тартып берип, туугандарыңды кутуртуп, четке туруп алып былтыйтмаңды былтыйтып, кылтыйтмаңды кылтыйтып, кыл үстүндө кылтылдап, жол үстүндө мүлтүлдөп, той үстүндө жылтылдап, асты акыретте тунайын, арууланайын, агарып-көгөрөйүн дебегениңе кейийм!О туманың көчкүр, тукумуң өскүр, Кыргызым!
Башталышы бул жерде. Уландысы кийинки жазууда чыгат.



[...] кийинки жазууда чыгат. Share and Enjoy: These icons link to social bookmarking sites where [...]