Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Маданият

Джаз Жадырады

Бүгүн Кыргыз улуттук консерваторияcында “Джаз-Бишкек-Күз” өткөн концертке бардым. Концертке Кыргызстандын джаз музыканттары – Александр Акимов, Александр Юртаев, Бакыт Кыдыкбаев, Нургиз Чекилова, Таалай Бейшеев, Викрам Рузахунов, джаз топтору “Аура”, “Джазок”, “Жума” катышышты. Ошондой эле Ташкенттен ырчы Тамила Курмакаева дагы келип, ал жергиликтүү топтор менен биргеликте сахнага дагы чыгып берди.

[inspic=268,left,,270]Консерваториянын чоң залы адамдарга шыкалып, ал тургай олтурганга орун болбоду. Билбейм, балким бул концерттин бекер болгонунанбы (ошондой окшойт), же Бишкекте чындап эле Джазды сүйүүчүлөр пайда болуп калганбы, айтор, угуучулар абдан көп болду. Анан дагы, Джазды угуп, көңүлдү башкага буруп, мээни сергиткен албетте жакшы да.

Бирок, менин айтаарым ал эмес. Ал жакта Жума аттуу топтун чыгышы мени таң калтырды. Ал жактагы комузчу комузду төрт кылдуу кылып жаратып, аны гитарадай эле ойноду. Албетте, чыныгы джаз музыкасы болбойт дечи, бирок, бул дүйнөлүк жанрга жаңыча формат тартуулагандай эле болду. Бирок, ошентсе дагы, комуздун төрт кылдуу кылып чыгаруу биринчиден ачылыш болсо, кай бир адамдар үчүн таң калтырчу шок болду. Бир таанышым айткандай, комуз үч кылдуу болгон, жана ошол бойдон кала берүүсү керек. Менин оюмча, маданият дагы өнүгүүгө укуктуу, демек төрт кылдуу комуз – проблема болбошу керек. :)

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.