Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Маданият

Жаз менен кошо джаз келди!

Авторы Гульсали on Sunday, 20 April 2008
Маданият
Пікір жоқ

[inspic=155,right,,250]Быйылкы кычыраган кыштын суугунан жадап, майрамдык маанай каалап, жазды куттук эле. Жадырап- жайнап жаз мезгилибиз бат эле кирип келип, озу эле келбей майрамдардын баарын кошо ала келди. Демекчи, жаз келди, жаз менен кошо джаз да келди! Эмесе, ушул конулду шат кылган, озунчо нугу бар, укса кулакка жагымдуу джаз-фестивалына кулак тошоп, конул буруп, кайсыл жерде жана качан болоорун унутта калтырбай эстеп алгыла.

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 25-апрельден баштап, 27-апрельге чейин Учунчу эл аралык Бишкек Джаз фестивалы болуп отот.
Бул программада  коруучулорго чет элдик жана жергиликтуу джаз-музыканттарынын чыгармалары  тартууланат. Уюштуруучулардын айтымдарына караганда, фестивальда Франция, Швейцария, Венгрия, Германия, андан тышкары Кыргызстан, Узбекстан жана Тажик мамлекеттеринен келген белгилуу джаз-музыканттарынын озгочо стилдерине жана ар тараптуу музыкаларына келип коргон коруучулор кубо болушуп, джаздан созсуз турдо черлерин жазышат.

Уч кун катары менен болуучу фестивальга Кыргызстандын “Аура” аттуу группасы, Германиянын Ларс Дуплердин триосу жана ошондой эле Франциянын белгилуу джаз-квартети “Zarbituric” катышат. Партерден орун алган коруучулор 300 сом, ошондой эле балкондогу коруучулор учун билеттин баасы 200 сом болмокчу. Ал эми, концерт учурунда ошол эле 25-26-апрельде коруучулор,  “Apple” тунку клубунда боло турган Джем-сессиянын  билеттерине ээ боло алышат.

[inspic=156,left,fullscreen,200]Бишкектеги отуп жаткан Джаз-фестивалынын башкы демоорчулору, партнерлору жана уюштуруучулары томонкулор: Швейцариялык кызматташуу уюму, Германиянын Кыргызстандагы элчилиги, Франциянын Кыргызстандагы элчилиги,Алматадагы Гёте институту,Венгрия республикасынын Алматадагы элчилиги жана Кыргыз Республикасынын маалымат жана маданият министирлиги.

Эмесе  урматтуу  джазды суйуучулор, сиздерге жаркын маанай жана жагымдуу музыка угуунуздарды каалайбыз! Толугураак маалымат алуу учун www.jazz.kg сайтына кайрылсаныздар болот.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.