Жырткыч Аюунун Кылыгы
Акыркы жуманын дээрлик катуу талкууланган темасы, бул Бакиевдин жаңы реформалары гана эмес, Бишкектеги аюунун адамга кол салып, ээсин чайнап жеп салгандыгы дагы болду. Менин коңшуларымдан ушул окуяны аз дегенде 5 жолу уктум.
22-октябрь күнү Бишкек циркинде чоң кырсык болуп, орусиялык муз үстүндө цирк тартуулаган орусиялык труппанын үйрөтүлгөн аюусу адамдарга кол салган. Натыйжада “маньяк” аюунун ач азуусунан 25 жаштагы труппанын администратору Дмитрий Потаповдун денеси жулмаланып, ошол жерден мүрт кеткен. Ал эми дагы бир жабырлануучу гастролдоп келген орусиялык дрессировщик Евгений Поповдун абалы өтө оор. Ал эми адамдарга ач азуусун кайрыган аюунун мындай аракети эмнеден улам келип чыккандыгын териштиришүүдө. Беш жаштагы “маньяк” аюуну Свердлов райондук ИИБинин кызматкерлери келип, башка атып өлтүрүштү.
Эмне үчүн дал Кыргызстанга келгенинде ал ээсине кол салды болду экен? Эгерде ал аюу сыртка чыгып кетсе, анда Кинг-Конг киносундагыдай болуп, ал дагы көчөдөгү адамдарга зыянын келтирип алмак экен.



Менин апам дагы ушул тууралуу айтып жаткан, мен жаңы бул жерден системалаштырылган жаңылыкты окудум. Айтор, жаман болуптур (
[Reply]