Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Маданият

Каада салт: Келин жарыш, Кыз жарыш

Авторы Гульсали on Friday, 11 June 2010
Маданият
Пікір жоқ

Cүрөт Flickr’дин eatswords’ине таандык.

Кыргыз эли байыртадан эле мал жандуу эл. Айрыкча жылкы остурууну жакшы корушот. Анткени, жылкы кыш кундору кобунчо талаадан кар тээп оттойт, колдго анчалык карабайт. Минсе каалаган жерине оз убагында жеткирет, ишеничтуу унаасы болот.

Ошондуктан, кыргыз эли бугунку кундо да «ат адамдын канаты» дешип жорго, таскактуу аттарды жогору баалашат. Аны остурууго коп конул болушот. Дуйного белгилуу болгон кымыз да жылкынын сутунон ачытылат.

Ошону менен эле катар байыртадан эле кыргыздардын жашы да, карысы да, уулу да, кызы да аттын куланы менен тен ойноп, ойноктото бастырып, ат устундо ар турдуу оюндарды ойношкон, конул ачышкан. «Келин жарыш, кыз жарыш » оюну да ат устундо ойнолуучу оюндардын бири. Ал азыр да элдик майрамдарда, ар кандай салтанаттарда откорулуудо.

Оюн тегиз, ташы жок кенен талаада ойнолот. Оюнга 13 жаштан 23 жашка чейинки 5-6 кыз-келин жасалгаланган ат жабдык токулуп, уртуктолгон кулук аттарга алчыланта минип катышат. Улуттук кийимдерин кийишет.

Алардан тышкары оюнду уюштуруучу, ат айдоочу кишилербул оюндун отушуно комоктошушот. Оюнду уюштуруучу кулукторду, оюнга катышуучу кыз-келиндердин кийимдеринин ат устундо кийууго жарактуу экендигин, ат жабдыктарынын ылайыктуулугун кароодон откорот. Кыздар тебетей киет. Келиндер жоолук салынат.

Кулук аттарды жарыштырууну баштоочу жерди, мараны белгилейт. Ат айдоочу болсо кулук аттарды чабууну баштоочу жерге шаан-шокот менен шаракташкан кыз-келиндерди баштап барып, катарга тизет да чабууга белги берет. Оюнду уюштуруучу марада кулуктордун келишин кутуп турат. Ат чабууну баштоочу жер менен маранын аралыгы 1 километрден ашык болот.

Бул макала Токутосундун жеке сайтынан алынды.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.