Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Маданият

Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан кийин “Манас” эпосунун Түркияда изилдениши

Бул макала Neweurasia нын кыргызча бөлүмүнүн жаңы автору, жаш изилдөөчү Ажара Дуйшембиева тарабынан жазылган, жана биринчилерден болуп биздин интернет-бетке жарыяланууда.

Кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы – гениалдуу  “Манас” эпосу элибиздин каада-салтын, үрп-адатын, социалдык түзүлүшүн, рухий баалуулуктарын чагылдыруу менен   эчендеген кылымдарды карытып, муундан-муунга өтүп оозеки түрдө  сакталып келген. Бекеринен Ч.Валиханов “Манасты” “… кыргыздардын бардык мифтеринин, жөө жомокторунун, уламаларынын энциклопедиялык жыйнагы” деп жазбаса керек2. Ал эми академик В.В.Радлов “Манас” эпосун “…элдин бардык турмушунун жана бардык умтулууларынын чагылышы” деп баамдаган3.

“Манас” эпосун дүйнөлүк коомчулукка белгилүү себептерден улам биринчи  кыргыздар эмес, Валиханов, Радлов, Алмаши сыяктуу чет элдик окумуштуулар тааныткан. Алар эпостун айрым бир эпизоддорун котормолор жана комментарийлер менен коштоп жарыялап, дүйнө аалымдарынын кызыкчылыгын пайда кылышты. Түрк илимий чөйрөсүнүн кыргыздардын улуу баатырдык эпосу менен таанышуусунда да котормо негизги ролду ойногон.

Эгемендүүлүктү Кыргызстан алганга чейин түрк элинин көрүнүктүү илимпоздору Абдүлкадир Инан, Фуат Көпрүлү жана Зеки Велиди Тоган “Манас” эпосу жөнүндө алгачкылардан болуп маалымат берип, эпос тууралуу өздөрүнүн илимий көз караштарын билдиришкен.

Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин көптөгөн сфераларда өзгөрүүлөр болду. Эгемендүү Кыргызстан мурун, Союз убагында, байланышы жок болгон башка өлкөлөр менен  байланыштарды чыңдай баштады. Мындай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Түркия менен Кыргызстан ортосунда да  саясий, экономикалык иш-алака чыңдалды.  Түркия жана Кыргызстанда   эки өлкөнүн маданиятын  терең үйрөнүүгө да бир катар чаралар көрүлдү.

Бул мезгилде “Манас” эпосун изилдөөнү каалаган чет элдик окумуштууларга жол ачылды. Мындай окумуштуулардын ичинен  Түркиялык окумуштуулар алгачкылардан болуп “Манас” эпосун ар түрдүү аспектилерде изилдөөнү колго алышты.

1995-жылы дүйнө жүзүндө “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы белгиленди. Мына ошого карата “Манаска” арналган эчендеген китептер, брошюралар, макалалар жарык көрдү. Ошондой  эмгектердин бири Стамбулда профессор Эмине Гүрсой-Наскали4 редакциясы астында чыккан В.Радлов жазып алган “Манас” эпосунун үзүндүсү болуп эсептелет.5 Ал негизинен: “Манастын төрөлүшү”, “Алмамбеттин Манаска кошулушу”, “Манас менен Каныкейдин үйлөнүшү, өлүмү жана кайрадан тирилиши”, “Бокмурун”, “Көзкаман”, “Семетейдин төрөлүшү” жана “Семетей” аттуу бөлүктөрдөн турат. Текст адегенде кыргыз тилинде, латын транскрипциясында андан соң түркчө котормосунда берилет. Ал эми кириш бөлүмүндө Э.Гүрсой Кыргызстан тууралуу, кыргыздардын тарыхы тууралуу кыскача маалымат берип, “Манас” эпосунун жаралыш мезгилине карата өз пикирин айтат. Окумуштуу Жүвейнинин “Тарих-и жихан гүша” аттуу эмгегине таянуу менен эпостун тарыхый негизи деп IX кылымдан кийинки болгон тарыхый окуяларды, башкача айтканда, 1120- жылдын аягында Каракытайлардын Орто Азияга келип, Карахандыктарды басып алгандан кийин кыргыздарга аскер жиберүүсүн эсептейт.  Китептин кириш бөлүмүндө Э.Гүрсой ар бир бөлүмгө өзүнчө токтолуп, андагы сөз боло турган окуялардын мазмунун кыскача баяндайт.

Түркиялык окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү өз илимий изилдөө иштерин “Манас” эпосунун оригиналдуу текстинин негизинде эмес, эпостун Түркия түркчөсүнө котормосунан пайдаланышты. Кыргыздын гениалдуу эпосун изилдеген түрк окумуштууларынын көбү профессор Эмине Гүрсойдун редакциясы астында чыккан жогоруда аты аталган эмгекти негизги булак катары пайдаланышкан. Андыктан, “Манас” эпосунун түрк илим дүйнөсүнө, деги эле түрк окурмандарына таанытылуусунда Эмине Гүрсой Наскалинин эмгеги эбегейсиз зор деп айта алабыз.

Эмине Гүрсой-Наскали “Манас” дастаны уруу – тил – дин призмасында” макаласында 6 “Манас” дастанында тек, тил жана дин призмасында индивиддин коом ичиндеги ордун анализдеген. Окумуштуу “Манас” дастанында7 “кыргыз” сөзүнүн 6 жолу, “ногой” сөзунүн 7 жолу жана “бурут” сөзүнүн 5 жолу айтылгандыгын, б.а. кыргыз уруусун белгилеген бул сөздордүн эпосто абдан аз колдонулгандыгын ырастайт. Ал эми душман болгон Калмак аты 70тен ашуун, Кытай аты 28 жолу айтылат.

Эмине Гүрсой-Наскали “Манас” дастанында дин темасында эки альтернатива болгондугун белгилейт:
Мусулман болуу
Капыр болуу
Ошондой эле, темага байланыштуу Алмамбеттин мусулман болушун баяндаган эпизоддон  мисал келтирет.

Эпосто тил маселесинде Эмине Гүрсой-Наскали негизинен кытай, шүршүт жана калмактардын тилинин эпосто кандайча берилгендигине токтолгон.

“Манас” эпосунда кырк чоро (эмне үчүн кырк чоро?)” аттуу макаласында8 болсо Эмине Гүрсой-Наскали кырк чоро мотивинин “Деде Коркут”, казак элинин “Кырк баатыр” эпосторунда да болгондугун белгилеп “кырк” сөзүнүн семантикасын ачып берүүгө аракеттенген. Окумуштуунун баамдоосу боюнча кырк чоро жалгыз гана Манаста эмес, Эр Көкчөдө да бар.  Ал гана эмес, Манас төрөлөрдө Кытайдан кырк элчи келген, Кытай ордосу кырк колдон түзүлгөн, Манасты бир жагынан кырк чилтен, экинчи жагынан  Кыдыр коргогон. Эмине Гүрсой-Наскали “чилтен” сөзү Иран тектүү болуусу керек деп эсептейт: бул сөз Мани жана Пехлеви тексттердеги çer – “эр жүрөк,жеңүүчү” сөзүнүн9 (r ~ l өзгөрүүсү түрк тектүү бардык тилдерде болгон көрүнүш экендигин эсепке алуу менен) жана иран тилиндеги tan – “киши”10 деген сөзүнүн биригишинен пайда болгон. Ал эми кыргыз тилиндеги “чоро” сөзү да “çer” сөзүнөн келип чыккан болуу керек деген божомолун айтат Эмине Гүрсой.

“Манас” дастаны тууралуу жазылган кийинки илимий эмгектердин бири – Шазие Бериндин дипломдук иши. Шазие Берин Радлов жазып алган немецче текстти түркчөгө которгон. Ушул эле багытта жазылган дагы бир илимий эмгек Дурсун Йылдырымга таандык. Д.Йылдырым доценттик диссертациясында Чокан Валихановдун чогулткан дастандын “Көкөтай ханның эртегүси” бөлүмүн латын  алфавити менен түркия түркчөсүнө которгон.

Мехмет Каплан “Манас” дастаны тууралуу маалымат жана кыска тексттер берип эпостун каармандарына  кененирээк токтолгон11.

“Манас” эпосун изилдөө жаатында эң маанилүү эмгектерден бири проф., доктор Фикрет Түркмендин12 калемине таандык. Анын “Манас” дастаны тууралуу изилдөөлөр” аттуу эмгегинин13 кириш сөзүндө “Манас” эпосун изилдеген батыш окумуштуулары В.Радлов, Алмаши, А. Хатто жана Л.Базин, П.Н.Боратав, Реми Дор жана К.Соердин  эмгектерин түрк тилине которуп жарыялоо батыш илимпоздорунун колдонгон методдорун үйрөнүү менен катар “Манастын” батышта кабылданышын түшүнүүгө жардам берээрин белгилеген14. Батыш окумуштууларынын эмгектерин англисче, французча жана немецчеден которгон түрк окумуштуулары: Гүлден Эртуурул, Лүтфие Октар, Менгү Ноян Ченгел, Хүсейин Ялтырык, Фунда Япыжы, Кемал Боз.

Проф., др, Түркмен Кеңеш Жусуповдун “Кара сөз түрүндө жазылган “Манас” дастаны”15 аттуу китебин түркия түркчөсүнө  которуп жарыялаган.

Ф.Түркмен “Манас” дастаны жана Анадолудагы  кээ бир салт жана ишенимдер менен болгон байланышы” аттуу макаласында16 Анадолудагы салттык жөрөлгөлөр менен “Манас” дастаны арасында параллель жүргүзөт. Макала дастандын В.Радлов тарабынан жазылып алынган версиясын негиз кылып , ошондой эле Ху Джин-Хуа жана Реми Дордун “Чыгыш Түркистан кыргыздары арасында “Манас” аттуу макаласындагы маалыматтарга таянып жазылган.

Эпосто Жакыптын баласынын жоктугу аялынын чачын тарабай койбогондугуна, олуя бейитине барбагандыгына, алма бакта аласалбагандыгына байланыштырылат. Окумуштуунун айтуусу боюнча, бүгүнкү Анадолуда балалуу болуу максатында олуя бейитине баруу жана алма бакта аласалуу жашаган  салттардан, ал эми дастанда баатырдын төрөлүшүнөн кийин май менен оозантуу салты Анадолуда суу тийгизүү түрүндө жашайт.

Баланын таалим тарбия алуусуна байланышкан салттар Анадолуда бир устага берүү же “эти сеники, сөөгү меники” деп ал устага аманат кылуу түрүндө жашайт. “Манас” дастанында болсо Манасты Жакып Бакайга аманат кылат.

Окумуштуунун байкоосу боюнча, “Манас” дастанындагы үй-бүлө түзүлүшү арасында да көп окшоштуктар бар. Ф.Түркмен “Манас” дастанында эпизод катары орун алган  бир туугандардын бирөө өлгөндө жеңесине үйлөнүү салты бүгүн да Анадолунун айрым жерлеринде жашап келет деп белгилейт.

Ал эми “Манас” эпосу жана Анадолу уламыштары” аттуу макаласында17 Фикрет Түркмен “Манас” эпосунун Анадолу уламыштары менен орток экендигин белгилеп, Анадолу элинин маданияты менен “Манас” эпосунун байланышын көрсөтүүгө аракеттенген.

Анадолу уламыштарынын көбүндө “Манас” эпосундагыдай эле баш каармандын атасы -  бир шаардын падышасы же бай бир соодагер. Баласыздык мотиви да Анадолу уламыштарында кеңири тарап, көптөн күткөн баланын таң калычтуу төрөлүшүн даярдаган данек-мотив деп эсептейт Фикрет Түркмен. Окумуштуу балага ат коюу мотиви “Огузнаме” эпикалык чыгармасы, “Асуман менен Зейжан”, “Мелик Шах менен Гүллүхан”, “Керем менен Асыл”, “Шах Исмаил менен Гулизар” аттуу уламыштары менен  “Манас” эпосунда; бала тарбиялоо мотиви “Тахир менен Зухра” уламышы менен “Манас” эпосунда; көрө албастык мотиви  “Меликшах” уламышы менен “Манас” эпосунда орток экендигин белгилейт.

Нажие Йылдыз “Манас” дастаны (В.Радлов) жана кыргыз маданиятына  байланыштуу далилдер жана анализдер”18 аттуу китебинде “Манас” дастаны, “Огуз Каган” дастаны жана “Деде Коркут аңгемелери” арасындагы окшоштуктар жана дастандын анализи, дастанда чагылдырылган маданий бирикмелер менен дастандагы социалдык мамилелер жөнүндө кенен маалымат берген. Бул эмгек Нажие Йылдыздын доктордук диссертациясы болгон.

Нажие Йылдыз эмгегинин кириш сөзүндө дүйнө окумуштууларынын “дастан” терминине берген аныктамаларын жалпылап, бул терминдин маанисин ачыктап берүүгө кенен токтолгон. Окумуштуунун пикири боюнча:

Дастандар – тарыхый булак эмес, бирок аларда тарыхтын издерин байкоого мүмкүн.
Дастандарда баатырдык элементтер  1-планга чыгат. Түрк дастандарында баатырлар өздөрүнүн керт башын корголоп калуу үчун эмес, эл, дин үчүн күрөшүшөт.
Дастандагы окуялар бир каармандын тегерегинде топтолгон. Ал каарман качандыр бир убакта тарыхта жашаган инсан болушу ыктымал. Ошондой эле ал каарман эрдиктери менен элдин эсинде калган бир канча баатырдын өзгөчөлүктөрүн камтыган жалпылаштырылган образ болушу да толук ыктымал.
Дастандар – элге таандык. Жомокчу дастанда элдин орток баалуулуктарын чагылдырат.
Түрк дастандары түрк тарыхындагы согуш, көч, кургакчылык сыяктуу маанилүү окуяларга таянгандыктан, алардын пайда болушу бул окуяларга байланыштуу болот.
Дастандар көбүнчө ыр түрүндө жашайт. Ыр формасында айтылган ой-пикирдин эл арасында таасири алда канча чоң.
Дастандар синкреттүү болот.
Дастандар муундан муунга өтүп, оозеки түрдө жашап, убагы келгенде жазууга түшүрүлгөн.
Дастандарда элдин диний ишеними чагылдырылса да, дастан диний жомок эмес.
Н.Йылдыз “Манас” дастаны жана кыргыз маданиятына байланыштуу далилдер жана анализдер” аттуу эмгегинде “Манас” дастанынын формалык, тилдик жана стилдик өзгөчөлүктөрү, каармандары, дастанда окуялар өткөн географиялык аймак, жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр, кыргыз маданияты (дин-дүйнө-өлүм, үйлөнүү тою, кийим-кечек, түш, тамак-аш ж.б.), социалдык мамилелер (үй-бүлө ичиндеги мамилелер, тууган-туушкандар арасындагы мамилелер ж.б.) сыяктуу маселелерге кенен токтолгон.

Ал эми “Манас”, “Огуз Каган” жана “Деде Коркут” эпосторундагы окшоштуктар” аттуу макаласында19 Нажие Йылдыз жогоруда аталган үч эпостогу окшоштуктарды эки түргө бөлгөн:

Шекил окшоштуктары
Мазмун окшоштуктары
Шекил окшоштуктарына метафора, идиома, сүйлөм түзүлүштөрүнүн   окшоштугун, сап башындагы уйкаштуктарды киргизген. Ал эми мазмун окшоштуктарына үч эпосто тең орун алган курман чалуу, ат коюу, ант, дин өзгөртүү, үйлөнүү, түш көрүү сыяктуу мотивдерди киргизип, классификациясын эпостордон мисалдар берүү аркылуу бекемдейт жана бул окшоштуктардын түрк элдеринин бүтүндүгүнүн калетсиз далили болгондугун белгилейт.

Мустафа Жанполат20 “Манасты” Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда угуп, 1994 – жылдан тартып С.Орозбаковдун вариантынан эпосту которуу ишин баштаган. Окумуштуу эпосту которууда анын калыбын, ыр формасын сактоого аракеттенген. “Манас” кандай которулушу керек?”21 аттуу макаласында Мустафа Жанполат эпосту Түркия түркчөсүнө которуудан чыккан кыйынчылыктарды мындайча тизмелейт:

1. Эпостун тилин  табуу. Окумуштуу эпосту туура которуу үчүн анын маани – маңызын башка тилдүү окурмандарга туура жеткирүү үчүн “Деде Коркут”, “Алп Эр Тунга” дастандарынын колдогу үзүндүлөрүн, “Огуз Каганы” дастанынын түрк айтуучуларынын ыр саптарын, жомоктордун тилин мыкты изилдеп “Манасты” которууда Түрк дастан тилин колдонуу керек. Мындан сырткары, “Одиссеянын”, “Илиаданын”, “Калеваланын” тилин, Фирдевсинин “Шахнамесинин”, “Салтукнаменин”, “Батталнаменин”, “Хамзанаменин” тил өзгөчөлүктөрү менен таанышуу керек. Окумуштууну кызыктырган маселе – эгер “Манас” дастаны Түркия түркчөсүндө айтылса, кандай айтылаар эле?

2. “Манастын”өлчөнгөн, рифмалуу тилин муун саны арбын болгон этиш мүчөлөргө бай түрк тилине которуудагы кыйынчылыктар. Мустафа Жанполат “Манаста” рифманын саптын башында гана эмес, саптын башында да сакталгандыгын белгилеп, “Манасты” эски түрк поэзиясы менен салыштырат жана “Манаста” сап башында рифманын арбындыгы эпостун өтө байыркы замандын мурасы экендигинин далили катары баалайт.

3. Дастанда аты аталган ат түрлөрү, төө түрлөрү ж.б. жан-жаныбарлар жана алар менен байланышкан түшүнүктөрдүн Түркия түркчөсүндөгү маанилешин табуу, ал сөздүн муун санынын төп келишине көңүл бөлүү узун ишти талап кылат.

Котормочу “Манас” эпосундагы көбүнесе сөздөрдүн Түркия түркчөсүндө да болгондугуна байланыштуу, ал сөздөрдү ошол бойдон калтырууну эп көрөт да, мисал катары “baba, batur (түркчөдө bahadir ), balban (түркчөдө pehlivan)” сөздөрүн которбой эле калтырып коюу эпосту түшүнүүдө кыйынчылык туудурбайт деген ойдо. Бирок, биздин оюбузча, түрк тилиндеги жана кыргыз тилиндеги айрым сөздөрдүн айтылышы жана жазылышы бирдей болгону менен маанилери дал келбей калган учурлар да бар. Ошол эле “baba” сөзүн алсак, Түркия түркчөсүндө бул сөз кыргызчадагы “ата” деген мааниде колдонулат. Ал эми кыргыз тилинде “баба” сөзү тар маанисинде  жети атадан  3-атанын аталышы, кенен мааниде  -  дегеле байыркы аталарды билдирет.

4. Ар кандай эпитет, метафораларды өзгөртүүсүз колдонуу балким жакшы болот, бирок салыштырууларды ар дайым сөзмө сөз  которуу туура эмес экендигин белгилейт. Мисалы, көздүн сулуулугу эпосто “бото көз” деп берилет. Бирок түрк окурмандары үчүн бул салыштыруу кызыктай туюулушу мүмкүн. Ошондуктан, Мустафа Жанполат “бото көз” сөз айкашын сөзмө сөз которуу эмес, түрк тилинде көздү сыпаттаган “ceylan gozlu” (“элик көздүү”) сөз айкашын  колдонуу керек деп эсептейт.

5. Мустафа Жанполат “Манас” эпосундагы ээнчилүү аттарды түркчөгө которууда орток бир жол болушу абзел деген пикирде. Окумуштуу өлчөм жана рифмада кыйынчылык туудурбаган “Жакып”,  “Ала – тоо” сөздөрүн Түркия түркчөсүнө “Yakup”, “Aladag” деп которуп, Түркия түркчөсүндөгү маанилеши болбогон “Менңдибай, Канымжан, Туучунак” сыяктуу ээнчилүү аттар өзгөрүүсүз калуусу зарыл деп эсептейт.

Биздин оюбузча, эпостордо, деги эле адабий чыгармалардагы ээнчилүү аттарды которуу туура эмес. Ээнчилүү аттардын өзгөрүүсүз калуусу, ал эми энчилүү аттардын түшүндүрмөсү, котормосу кошумча маалымат катары гана берилиши керек деп эсептейбиз.

Ал эми манасчы С.Орозбаковдун вариантында Манастын таалим-тарбия алуусу маселесине Мустафа Жанполат “Манастын тарбиясы” аттуу макаласында22  токтолгон. М.Жанполат С.Орозбаковдун “Манасын” Туркия Түркчөсүнө ыр түрүндө которгондугу үчүн, б.а. оригинал текст менен тааныш болгондугуна байланыштуу маселени так жана  терең ачып бере алган. Окумуштуунун баамдоосу боюнча “Манас” дастанынын В.Радлов жазып алган вариантта да, манасчы С.Каралаевдин вариантында да “Манастын” таалим – тарбия алуусуна өзгөчө көңүл бөлүнгөн эмес. М.Жанполат макаласында  Манастын төрөлүшү, шок, тентек болуп өсүшү, Кадообайдын он бир жашар уулу Чегебай менен кошо Ошпур деген чабанга тарбияланганы берилиши, Манастын хан шайланышы сыяктуу эпизоддорго токтолгон. Ошпур, окумуштуунун көз карашында, Манасты тарбиялай турган киши эмес, анткени ал да Жакып сыяктуу коркок, кайдыгер адам. Бирок ошого карабай чабандык мезгил Манаска көп нерсени үйрөткөн: мына ушул мезгилде Манас адилетсиздик менен таанышат жана бейбаш бала адилетсиздикке каршы күрөшкөн бир баатырга айланат.

Окумуштуу С.Орозбаковдун Жакыптын образынын эволюциялык түрдө өзгөрүүсүн мыкты сүрөттөп берген деп эсептейт: дастандын башында ал кыңк этпей кун төлөп, коркок, өз камын гана ойлогон ЖакыпМанастын таасири менен элдин ынтымагына, биримдигине ишенген, чындык үчүн олүмдөн да коркпогон адамга айланат. Жакып Манасты эмес, Манас Жакыпты тарбиялаган деп эсептейт Мустафа Жанполат.

Баарыбызга маалым болгондой, “Манас” эпосун В.Радлов 1862 – 1869 – жж. Ысык – Көл аймагындагы кыргыздардан эпостон үзүндүлөрүн жазып алып, 1885 – жылы ал материалдын оригинал жазуусун немец тилинде котормосу менен кошо жарыялаган. В.Радлов жазып алган “Манас” эпосунун үзүндүсү профессор Эмине Гүрсойдун редакциясы астында 1995 – жылы чыккан. Хүлия Касапоглу Ченгел23 “Манас” дастанындагы сөз, сүйлөм жана бөлүм кайталоолорунун стилистикалык жактан баалуулугу”24 аттуу макаласын мына ушул материалга таянып жазган. Макаланын структуралык түзүлүшү төмөндөгүдөй:

1. Сөз кайталоолору
Зат атоочтук кайталоолор
Этиштик кайталоолор
Сын атоочтук кайталоолор
Синоним жана антоним сөздөрдүн кайталаныш
Окумуштуу “Манас” эпосунда эң көп зат атоочтук, этиштик жана сын атоочтук кайталоолор орун алгандыгын белгилейт.

2. Сүйлөм кайталоолру

Бир эле сүйлөмдүн кайталанышы
Окшош сүйлөмдөрдүн кайталанышы
3. Бөлүм кайталоолору

Хүлия Касапоглу Ченгел кайталоолорду “Манас” эпосун гармониялуулукка жеткирген маанилүү элементтер катары баалайт.

Ал эми “Манас” эпосундгы толкундануу жана эргүү сүйлөмдөрү” аттуу макалада25 Хүлия Касапоглу Ченгел В.Радлов тарабынан жазылып алынган варианттын негизинде “Манас” эпосундагы толкундануу жана эргүүнү билдирген сүйлөмдөрдү мисалдар келтирип  анализдегенге аракет жасаган.

Хүлия Касапоглу Ченгел “Көл Тигин”, “Деде Коркут” жана “Огуз Каган” эпосторундагы каратма сөздөрдүн ортосунда параллель жүргүзөт жана “Манас” эпосундагы сүйлөмдөрдү грамматикалык өзгөчөлүктөрүнө карай эмес, семантикалык өзгөчөлүктөрүнө карай анализдеп, бул сүйлөмдөрдүн толкундануу жана эргүүнү билдирген өзгөчөлүктөрүнө токтолот.

Окумуштуунун мындай мүнөздөгү сүйлөмдөрдүн классификациясы:

Сырдык сөз жана каратма сөз маанисиндеги сүйлөмдөр
Буйрук билдирген сүйлөмдөр
Суроолуу сүйлөмдөр
Этиштик сүйлөмдор
Кайталанган сүйлөмдөр
Бирден көп сап аркылуу туюнтулган сүйлөмдөр
Окумуштуунун айтуусу боюнча, жогорудагыдай мүнөздөгү сүйлөмдөр капысынан курулган эмес, бул сүйлөмдөрдүн таасирдүүлүгүн манасчынын жест, мимика жана үнүнүн ыргагы арттырат.

Метин Эргун26 “Манасчылык мектептери”27 аттуу макаласын түрк дүйнөсүндөгү дастанчылык мектептерден сөз кылуу менен баштайт. Окумуштуу өзбек, кара калпак, алтай, түркмөн дастанчыларынын мектептерин классификациялоодон кийин түздөн түз манасчылык мектептерге өтөт. Метин Эргундун байкоосу боюнча, “Манасчы” термининен сырткары Түрк дүйнөсүнүн эч бир элинде дастан айтуучу айткан дастанынын аты менен аталбайт.

Окумуштуу түрк окурмандарын манасчылык мектептеринин 3 классификациясы менен тааныштырат:

М. Ауэзовдун классификациясы
К.Рахматулиндин классификациясы
Р.Кыдырбаеванын классификациясы
Метин Эргун Р.Кыдырбаеванын  классификациясына кененирээк токтолот:

Р.Кыдырбаеванын классификациясы:

Чүй мектеби
Ысык – Көл мектеби
Тянь – Шань мектеби
Түштүк мектеби
М.Эргун манасчылык мектептер арасындагы айырмачылыктарды төмөндөгүдөй бөлүштүрөт:
Манасчылык мектептер арасындагы негизги айырма – стиль айырмачылыгы.
Мотив айырмачылыгы. Мисалы, Чүй мектебинин манасчылары Семетейдин үргөнч суусун кечкен эпизодунда диний мотивдерге кайрылып, пайгамбар жана ыйык кишилерден сөз кылса, Ысык – Көл мектебинин манасчыларынын дээрлик бардыгы ушул эпизодду диний мотивсиз айтышкан.
Рифма айырмачылыгы.
Эпизод айырмачылыгы.
Эпостогу окуялардын ким тарабынан айтылгандыгына байланыштуу айырмачылыктар.
Эпизоддордун ирээттүүлүгүнө байланыштуу айырмачылыктар.
Согуштардын баяндалуусуна байланыштуу айырмачылыктар: бир мектептин манасчылары согуштук эпизодду бир нече сап менен гана айтышса, ошол эле эпизодду башка мектептин манасчылары көпкө баяндашкан.
Түштүк мектептин айырмачылыгы.
“Манас” триллогиясында ат коюу салты жана бул салттын түрк маданияты ичинде орду” аттуу макаласында28 Метин Эргун “Деде Коркут”, “Алпамыш”, Алтай жана Хакас Түрктөрүнүн “Алтын Тайчы”, шор элинин “Кара ат минген Перген”, Алтай элинин “Ай Мангус” эпостору менен “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” триллогиясы арасында параллель жүргүзүп, кыргыз элинин аты аталган эпосторунда баяндалган ат коюу салты алтай, шор, хакас эпосторундагы ат коюу салтына үндөшүп тургандыгын белгилейт.

Макаласынын аягында М.Эргун темага байланыштуу мындай жыйынтык чыгарат:

“Манас” триллогиясындагы ат коюу мотивиТүрк дастанчылык салтына туура келет.
“Манас” триллогиясында да, башка түрк эпосторунда да дастандын башында баласыздык мотиви бар.
Тоолордон, олуялардан перзент тиленет.
Бала төрөлгөндөн бир канча күн же ай өтөр-өтпөс кандайдыр бир эрдик көрсөтөт.
Бул эрдиктен кийин балага ат коюу үчүн той берилип, тойго калайык, бай-бектер чакырылат.
Аксакалдардын эч бири балага ылайыктуу ат таба албайт.
Той аяктап калганда күтүүсүздөн бир шаман, дервиш, Кызыр же ак сакалчан бир пир келип балага ат коюп дуба окуйт да көздөн кайым болот.
Дастанда камтылган мотивдер балага ат койгон образдын создөрүндө камтылган.
“Манас” триллогиясындагы ат коюу мотивине окшош мотивдерди Анадолудан Сибирге чейинки бардык түрк урууларынын эпосторунда кезиктирүүгө болот.
Четин Пекажар29 “Түркияга көчүп келген Памир кыргыздарынан жазылып алынган “Манас” дастаны”30 макаласында 1982 – жылы Түркияга көчүп барган кыргыздар жөнүндө кыскача маалымат берип, алардан жазылып алынган “Манас” эпосунун кара сөз түрүндөгү котормосун жарыялаган. “Манас” эпосунун тексти 1983 – жылы июль айында Вандын Карагүндүз айылында жашаган 39 жаштагы Жээнбек (Түркияда алган фамилиясы Юрдакул) аттуу кишиден жазылып алынган. Жазып алуу иши Түрк маданиятын изилдөө институту тарабынан уюштурулган жана проф.,док. Ахмет Б. Эржиласун, проф., док. Саим Сакаоглу, Маданият Министирлигинин адиси Шекүр Туран тарабынан ишке ашырылган.

Эпостун бул вариантын жазып алуу иши 2 жолу жүргүзүлгөн. Биринчи жазып алууда манасчы Жээнбектен дастанды күүсүз айтуусун суранышкан. Ошондуктан биринчи жазылып алынган вариантта кара сөз түрүндөгү баяндоолор басымдуулук кылат. Бул материал диалектилик изилдөө максатында жазылган кандидаттык диссертацияга кошумча материал болгон31. Вариантты экинчи жолу кайрадан жазып алууда Жээнбек манасчы “Манасты” салттуу түрдө айткан.

Түрк окумуштуусу Жээнбек манасчы тууралуу да маалымат берип кетет: Жээнбектин сабатсыздыгы жоюлган эмес, кесиби – чабан. Жээнбек “Манасты” эң алгач Генжибай Порой аттуу Памир кыргызынан 15 жашында уккан жана “Манасты” андан үйрөнгөн. Жээнбайдын айтуусуна караганда, Памирде “Манас” дастанын Генжибай Поройдан башка Имарбек, Пазын, Мамат аттуу манасчылар да айткан экен. Бардыгы Памирде каза табышыптыр.

Памир кыргыздарынан жазылып алынган “Манас” дастанынын мазмунуна токтололу. Эпосто сюжет мындайча баяндалат:

Жакып деген абдан бай адам болгон экен, бирок баласы болбоптур. Күндөрдүн биринде байбичеси той жасап, кызматчыларга: “Балалууларга жакшы эт тарткыла, Бай Жакыпка куру баш жана желбей турган эттен тартып, чабандар отурган дасторкондун төрүнө жайлаштыргыла,” – деп айтат. Мындай мамиле намысына тийген Жакып хан байбичесине барып уул төрөп бербегендиги үчүн  күнөөлөп баштайт. Байбичеси: “Кудай уул бербесе, мен кантип төрөмөк элем?”- деп ханга той берип, кудайдан уул сура деген кеңеш берет.

Жакып хан байбичесин угуп той кылат, элдин баарын чакырат. Бирок тойго келгендер “Уулдуу бол!” деп бата бергендин ордуна “Мал-мүлкүң көбөйсүн! Байлыгың дагы да артсын!” деп бата беришет.Жакып байбичеси менен буга кайгырып, ыйлап  отурганда колунда таягы бар ак сакал пайда болуп, өзүнө эт тартылуусун өтүнөт. Бирок абийирдүү эт калбай калгандыгы үчүн баш жана желбей калган эт тартылат. Карыя ага да ыраазы болуп этин жейт да, Жакып ханга бир жарым алма, байбичесине бир бүтүн алма берет. Ошентип, ак сакал көздөн кайым болот. Хан жана байбичеси алмаларын жешет да Жакыптын байбичесинин боюна бүтөт.

Манас энесинин ичинен төрөлө турган жерди сүрөттөп, ата-энесинин ошол жерге баруусун айтат. Жакып байбичеси экөө Манас сүрөттөгөн жерди таап, ал жерден кудайга жалынышат, бирок Манас төрөлбөйт. Мына ошол учурда жайылган төөнүн арасындагы бир тайлак качат. Жакыптын байбичеси Багдагүл хан байбиче, ал тайлактын артынан кууп, кармап келе жатып бир арыктан аттаганда ичиндеги баласы түшөт, бирок Багдагүл аны байкабай калат. Ошол жерде кой жайып жүргөн Акыпка Кул чабан муну байкап калып, Багдагүл хан байбиче нан түшүрүп алды го деп чуркап барып баланы көрөт да, Жакыпка уулдуу болгондугун сүйүнчүлөйт.

Манас бир күндө 1 жашка, 2 күндө 2 жашка чыгып тез чоңоет.

Манас бир күнү камыштан жебе, бактын талынан жаа жасап ойноп жатканда суунун жээгинде ичеги чайкап жаткан кызды көрөт. Аны сынайын деп жакындаса, кыз: “Биринчи сүннөт бол, андан кийин мени сына,”- деп уят кылат. Манас атасына келип: “Мен капырдын баласымынбы же мусулмандын баласымынбы? Эмне үчүн мен ушул жашка келгиче сүннөт болгон жокмун?”- деп сурайт. Жакып сүннөт той кылып, калктын баарын чакырат. Бирок баласына сүннөт кылабыз деп бир жерин кокустатып алсак Жакып бизди өлтүрөт деп эл тарап кетет. Муну уккан Манас намыстанып бир колуна балта алып, экинчи колуна тактай алып өзүн өзү сүннөт кылат. Сүннөт болгондон кийин дагы бир күнү ошол эле кызды көрүп, кайра сынамакка барса ал кыз эң алгач нике кый, анан мени сынаганга кел деп шылдыңдайт. Манас айылына келип энесинин боз үйүнүн артына келип бир ыр ырдайт. Энеси ал ырды угуп Манастын үйлөнгүсү келгендигин түшүнөт да жанына Акыпка Кулду алып Манаска кыз издеп жолго чыгат, бирок ылайыктуу кыз табылбайт. Үмүттөрүн үзүп кайтып келе жатканда бир сагызган артынан калбай келе жаткандыгын байкайт. Багдагүл хан байбиче Акыпка Кулга сагызгандын артынан баралы, ал Манаска кыз таап берет дегенине карабай байбичени тыштап кетет. Ошентип, Багдагүл хан байбиче сагызгандын артынан барып, бир чабанга жолугат. Чабан Кара Хандын Манаска теңдеш жана окшош кызы бар деп айтканынан Багдагүл хан байбиче чабан айткан айылга бет алып, башын жууп жаткан кызды көрөт. Жакын барса Манаска куюп койгондой окшош! Барган күнү Кара Хандын айылында конок болот. Эртеси күнү Кара Хандын карчыгасы жоголуп, эч ким аны таба албайт. Багдагүл хан байбиче аргымагына минип кушту табат. Кара Хан “Менден эмне сурасаң – сеники!” деп айтканда байбиче уулу Манаска кызын берүүсун өтүнөт. Кара Хан макулдугун берет.

Манас кызды сынамакка өңүн өзгөртүп, аксак бээ минип Кара Хандын айылына келет. Бирок Кара Хандын кызы жана кызынын дос кыздары аны таанып калып Манас үйүнө кайтууга мажбур болот. Манас дагы бир жолу түн жамынып Кара Хандын айылына жанына кырк чоросун жана Акыпка Кулду ээрчитип алып барат. Кара Хандын кызы Манасты көрүп ашык болуп: “Манас менен баш кошпосом өлөм!”-дейт. Манас Кара Хандын кызына атасынан кырк кызын кырк чоросуна, сиңдисин Акыпка Кулга берүүсү үчүн уруксат суроосун айтат. Муну уккан Акыпка Кул жана кырк жигиттин жарымы үйлөнө турган жарыбызды өзүбүз тандайбыз деп намыстанып кетип калышат. Калган жыйырма чоро: “Тигилер жарларын өздөрү тандап, биз тандабайт бекенбиз?”-деп кетип калышат. Ушинтип, Манастын кырк чоросу жана Акыпка Кул качып кетишет, бирок жамгыр жаап, суу каптап ары кете алышпай калышат. Ал жерде минген аттарын союп жешке туура келет. Манас аларды таап, кечирим сурагандарына карабай сабап, аларды таштап Таласка жылкы айдаганы кетет32.

Манас Таластагы Кара Кул менен Сары Кул аттуу чабандардын кулак жана мурундарын, Таластын Карабоз атынын канатын жана куйругун кесип, ага Кару Кул менен Сары Кулду мингизип Таласка жиберет да Таластын алты жылкысын айдап кетет.

Талас Карабозду кымыз менен жууп, кылыч менен таптап, даарылап Манасты кууп жөнөйт. Жете албастыгына көзү жетип жылкынын жарымын калтыруусун өтүнөт. Талас Манаска жетээрге аз калганда Манас тарагын ыргытат, ал өтө алгыс зоого айланат.

Манас качып баратканда алдынан дарыя пайда болуп, аты менен дарыядан өткөндө Карабоз кулап кетет, Манаска болсо Таластын жебеси тиет. Жарадар болгон Манас жылкыны жөө айдап баратып кырк чоросуна жолугат, бирок жарасын билгизбейт. Кырк чоро Манастын жарадар болгондугун байкап калып жүрөгүндөгү жебени чыгарышат, бирок Манас өлөрүн түшүнүп: “Өлгөндө Карабоз атымды, суу жана мылтыгым менен кошо көмгүлө” деген керээзин айтат да таң алдында каза болот. Бирок кырк чоро анын керээзин аткарбай тезирээк кетүүнү көздөшөт. Кырк чоро күндөп түнгө чейин жол жүргөнүнө карабай кайрадан эле Манастын мазарына келип калышат.Манастын керээзин аткарбагандыктары үчүн алдыга жалы албагандыгын түшүнүп керээзин аткарышат.

Кырк чорону Багдагүл хан байбиче тосуп чыгып Манасты сураса кырк чоро Манас жылкынын артынан келет деп жооп кайтарышат. Анда байбиче “Манас артта калчу эр беле? Манас өлдү деп ачык эле айтсаңар!” деп бетин тытып калат. Эпос ушуну менен аяктайт.

Четин Пекажар манасчы Жээнбектин айткан варианттын кыска жана жөнөкөйлүгүн Памир кыргыздарынын  негизги кыргыз элинен бөлүнүү абалында кичине бир топ болуп жашагандыктары менен түшүндүрөт.

Көрүнүп тургандай, Четин Пекажар макаласында Памирдик кыргыздардан жазылып алынган “Манас” дастанынын мазмунун кенен баяндаган. Бирок дастанды  анализдөөгө басым жасаган эмес. Биздин оюбузча, Памирдик кыргыздардан жазылып алынган “Манас” эпосу ар тараптуу терең изилдөөгө арзыйт.

Др. Шурубу Кайхан “Манас” дастанынын тарыхый катмарлары”33 аттуу китебинде “Манас” дастанынын негизи, дастан жана тарых, дастандагы мифологиялык  мезгилге тиешелүү элементтер, тарыхый катмарлар сыяктуу маселелерге кайрылган. Шурубу Кайхандын жогоруда аты аталган эмгеги 4 бөлүмдөн турат. Эмгектин башында “Манас” эпосу тууралуу Россиядагы, Кытайдагы, Кыргызстандагы, Түркиядагы изилдөөлөр тууралуу жалпы маалымат берилген.

1-бөлүм “Манас” дастанынын  пайда болушу жана өнүгүшүнө арналган. Ошондой эле, Манас тарыхый инсан болгонбу? Эгер ошондой болсо кыргыз тарыхынын кайсы доорунда жашаган? деген суроолорго жооп берүүгө аракеттер жасалган.

Эмгектин 2-бөлүмүндө Шурубу Кайхан эпостордун жаралышынын себептерине токтолуп, манасчы С.Каралаев жана С.Орозбаковдун варинттарын салыштыруу аркылуу Орто Азиянын  б.з.ч. 5-20-кылымдар арасындагы тарыхты изилдеген.

3-бөлүмдө “Манас” дастанынын Карахан доорунан тартып Совет өкмөтүнүн орногон доорго чейинки убакытты чагылдырган тарыхый катмарлар изилденген. Иштин ушул эле бөлүмүндө “Манас” дастандагы диний элементтер жана Ислам дининин дастанга тийгизген таасири тууралуу сөз кылат.

Ш.Кайхан эмгегинин кириш сөзүндө белгилеп кеткендей, аты аталган эмгегин жазууда Кыргызстан жана Түркиядагы китепканалардан пайдаланган. Негизги булак катары С.Каралаев жана С.Орозбаковдун варианттарын колдонгон. Ш.Кайхандын пикири боюнча “Манас” дастаны Карахан доорунда, б.а. 10-12-кылымдарда жаралган34.

Иса Өзкан35 “Манас” дастанында исламий элементтер”аттуу макаласында36 1869 – жылы В.Радлов тарабынан  жазылып алынган  текстти негиз кылып, эпостогу исламий элементтерге токтолгон. Окумуштуунун баамдоосу боюнча “Манас” дастанында “мусулман” түшүнүгүн туюнткан “бусурман” сөзү 61 жолу, ал эми “мусулман” сөзүнүн өзү 1 жолу айтылат. “Кудай” сөзү эпосто эң көп колдонулган сөздөрдөн болгон. Окумуштуу эпостон кеңири мисалдар берүү менен эпосто диний түшүнүк катары “Алда (Алла), Кудай, Теңир, Куран, адал-арам, намаз, абдест, кыямат, дуба” сөздөрү колдонулган, айрыкча “Мекке, Медина” сөздөрүнүн убагы келгенде тиешелүү окуяларга байланыштуу айтылгандыгын белгилейт.

Исламиеттен мурунку Көк – Теңри, Будда жана Мани диний чөйрөсүндө пайда болгон түрк дастандарында баш каарман Теңри тарабынан  кандайдыр бир  сыйкырдуу күчтөргө ээ болуп жаратылат. “Бөгү Каган” жана “Огуз Хан” дастандарынан айырмаланып “Манас” дастанында  Манастын төрөлүшү дубага байланыштуу болгон. Окумуштуунун пикири боюнча, дастандын негизги идеясына байланыштуу Манас капырларга каршы  согушуп, исламдын жолун ачат, кийин  бүт коңшулаш урууларды кыргыз желегинин алдында чогултат37.

Ал эми “Манас” жана “Алтын Арыг” эпосторундагы мотивдер” аттуу макаласында38 Иса Өзкан “Манас” эпосундагы жана хакас элинин “Алтын Арыг” дастанындагы айырмаланган, окшош жана бирдей мотивдердианализдеп, бул эпостордун мифологиялык жана тарыхый катмарларына токтолгон. Аты аталган макаланы жазууда 1869-жылы В.Радлов тарабынан жазылып алынган текст  менен39 “Алтын Арыг” эпосунун 1951 жана 1958-жылдары хакас Семен Прокопьевич Кадышевден (1885-1977) жазылып, 1987-жылы жарыяланган текстти негизги булак катары пайдаланган40.

Окумуштуунун баамдоосу боюнча, “Манас” эпосу көбүнесе реалисттик мүнөзгө ээ болсо, “Алтын Арыг” эпосунда мифологиялык өзгөчөлүктөр басымдуулук кылат.

Баатыржын өлүмү жана кайра тирилиши, тоо жана карышкыр – эки дастанда орток мотивдерден. Окумуштуу “Манас” эпосу менен “Алтын Арыг” ырдык түзүлүшүнун абдан окшош болгондугун айтуу менен сын атооч жана сүрөттөөлөрдүн  “Алтын Арыг” эпосуна караганда “Манас” эпосунда көбүрөөк экендигине көңүл бурат.

Иса Өзкан эки эпосто тең “алп, ак” сын атооч сөздөрү оң каармандарды сүрөттөөдө  колдонулган деп эсептеп, пикирин эпостордон мисалдар менен бекемдейт: “Манас” эпосунда – Ак Кула, Ак Шумкар, Ак Тайган, Манас өлүмүнөн кийин ак сарайга коюлат. “Алтын Арыг” эпосунда – башкы каармандар Ак деңиздин жанында жашашат, Алтын Арыгдын аты – Ак Сабдар.

Ат мотиви эки эпосто тең эң башкы мотивдерден. “Алтын Арыг” эпосунда төрт ат айтылат:

Ак Сабдар – Алтын Арыгдын аты, алтун желелүү, алтын туяктуу, бою тогуз кулач.
Хан Позырах Ат – Чибетей Хандын аты, бүгүлбөс канаты бар үч тизгиндүү ат. Биринчи тизгинди тартканда көктө; ортодогу тизгинди тартканда жер менен көктүн арасында; үчүнчү тизгинди тартканда жерде сызып учат.
Кара Күрен – Алп Хан Кыздын аты.

Ак Ой.
“Алтын Арыг” жана “Манас” эпосторунда үйгө конок келгенде же кандайдыр бир ийгиликтен кийин той өткөрүлөт. Эки эпосто тең орток ысымдар бар: “Алтын Арыг” эпосунда жер ээси Алп Хан – Ай Хандын уулу. Хулатай Хан Күн Хандын кызына үйлөнөт. “Манас” эпосунда Ай жана Күн Хан калмактарга чабуул жасашкан. Айып Хандын кызы Алтын Ай эпостун кээ бир бөлүмдөрүндө Ай Хандын кызы катары эскерилет.

Дагы бир көрүнүктүү түрк окумуштуусу Саим Сакаоглу41 “Манас” дастанындагы бир макал жана бүгүн да жашаган бир салт” аттуу макаласында42 “Манас” дастанын кайра-кайра окуганда өзгөчөлүктөрдүн, кооздуктардын улам жаңы горизонттору ачылган кенч  катары баалап, эпостун бөлүмдөрү, үч кыйышпас жаныбары жана окуялардын  сүрөттөлүшү сыяктуу изилдене турган көптөгөн жаңы темалардын болгондугун  белгилейт. С.Сакаоглу макаласын жазууда Э.Г.Наскали тарабынан жарыяланган В.Раловдун материалына таянган.

Окумуштуу Семетейдин төрөлүшүнө байланышкан бөлүмдө Жакыптын Меңдибайды Каныкейге жиберип:

Ат өлсө, соору керээз,
Ага өлсө, жеңе керээз

деп айткан макал кебине токтолуп, “жесир” түшүнүгүнө  байланыштуу Анадолудагы ар кандай макал – лакаптардан мисал келтирет:

Макалдар:
Alma karının dulunu
Peşinde getirir kulunu
Senden yer senden içer
Kendine yığar pulunu

Савшат-Артвин)

Котормосу:

Алба аялдын жесирин,

Ээрчитип келет кулунун.

Сенден жейт, сенден ичет,

Өзүнө жыйат акчасын.

Dul herif kuyruk yedirir

Genç oğlan yumruk yedirir

(Ван)

Котормосу:

Жесир куйрук жедирет,  (“жакшы кам көрөт” маанисинде – А.Д.)

Жигит муштум жедирет.

Dul kadının eteği uzundur (Самсун)

Котормосу:

Жесирдин этеги узун болот

(“жаңылыштык кетирет” маанисинде – А.Д.)
Dul karı kendi sabunuyla yıkanır

Котормосу:

Жесир өз самыны менен жуунат (“өз камын өзү көрөт” маанисинде)

Dul karı şeytan karı

Aldar alır bekarı

(Трабзон)

Котормосу:

Жесир аял – шайтан аял,

Алдап, тиет бойдокко.

Сөз айкаштары:
Dul avrat (karı) çocuğu

(Сейдишехир – Конья – Нигде – Икиздере – Ризе)

Котормосу:  Жесир аял баласы (“зыкым”  маанисинде – А.Д.)

Dul karı doğurduğu

(Чанкыры)

Котормосу: Жесир аял төрөгөн

Dul karı sözü

Котормосу: Жесирдин сөзү ( “алдамчы” маанисинде)

С.Сакаоглу Махмуд Кашгаринин сөздүгүнөн, Деде Коркут китебинен “жесир” сөзүнө байланыштуу мисалдардан берип: “Kırgız Türklerinde ise  “Kocası ölen yeni kocaya varırsa gelin gelincek olur” sözü yaygındır” – деп айтат43. Бул цитатаны которсок: “Кыргыз Түрктөрүндө “Күйөөсү өлгөн келин жаңы эрге тийсе келинчек болот” деген сөзү кеңири тараган” дейт. Бирок биздин улутта, тилибизде  жогорудагы цитатага окшогон кеңири тараган сөз жок. Бул жөн эле окумуштуунун ойдон чыгарган кошумчасы болгон.

Окумуштуу жесир аялдын күйөөсү каза болгондо кайын ага же кайын инисине турмушка чыгуусу эски түрк элдеринде салтка айлангандыгын белгилеп, түрк тарыхынан мандай никелерден айрымдарын мисал келтирет. Мындай салттын бүгүн да жашагандыгын айтып Саим Сакаоглу 1995-жылдын май айында Коньяда чогулткан материалдарын тартуулайт. С.Сакаоглу бул темага байланыштуу проф.доктор Нермин Эрдентугдун Деврек районунан жана Н.Серпил Алтунтектин Ван аймагынан чогулткан материалдарынын натыйжасында жазган эмгектеринен мисалдар келтирет44.

Саим Сакаоглунун байкоосу боюнча “Манас” дастанында Каныкейдин эмне үчүн кайнилеринин бирин тандап, күйөөгө тийүүсү керектиги түшүндүрүлбөйт. Биздин оюбузча, жогорудагы салттын эпосто түшүндүрүлбөөсү – закон ченемдүү көрүнүш. Эгер эпосто салттын маани-маңызы, себептери өтө деталдаштырылып түшүндүрүлсө, салт баяндалып жаткан  эпизоддогу окуя эмес кандайдыр бир салт биринчи орунга чыгып калмак. Андыктан Жакыптын Каныкейден салтка ылайык кайнилеринен бирөөнө күйөөгө тийүүсүн талап кылуусу баяндалган эпизод Жакыптын тайкылыгын, Каныкейдин эрктүүлүгүн дагы бир ирет тастыктоочу курал катары колдонулган.

“Манас” эпосу менен Анадолу эпосторунда “ куткаруучу ат” мотиви” аттуу макаласында45 Саим Сакаоглу аттын түрк элдеринин  маданиятында алган өзгөчө орун ээлегендиги үчүн эпосторубузда ар дайым ат образынын болгондугун айткан. Окумуштуунун айтуусу боюнча, ат мотиви эпос жана жомоктордо алдыңкы планда болсо, анекдот жана легендаларда аттын ролу кичине.

Саим Сакаоглу макаласында “Манас” эпосундагы46 36 аттын атын атап, Анадолу аймагындагы эпостордо аттардын аттарынын мынчалык көп түрдүү эмес экендигине көңүлүбүздү бурат. Окумуштуу эпостун негизги каарманынын аты Ак Кулага кененирээк токтолгон жана Манастын экинчи өлүмүнөн кийин аты, кушу жана итинин кудай тарабынан сыналгандан кийин тирилгендеги эпизодду анализге алган. Бул эпизоддогу аттын кожоюнун өлүмдөн куткаруусу мотивинин Анадолудагы эпостордон өзгөчөлөнүп айырмалангандыгын белгилеп, Анадолу эпосторунан “Батталнаме”,“Салтукнаме”, “Данышменднаме”, “Хамзанаме” эпостору менен салыштырат. Мисалы, “Хамзанаме” эпосундагы Ашкар – Хз. Хамзанын душмандар менен күрөшүндө эң негизги жардамчыларынан. Саим Сакаоглу Ашкарды Алланын мусулманчылыкты таратуу үчүн жиберген сыйкырдуу ат деп эсептейт. Окумуштуу “Көроглу” эпосундагы ат мотивине да токтолот. Эпостогу Көроглунун аты Кырат да ээсин куткарган.

Осман Фикри Серткая47 “Манас” дастаны менен эски кыргыз жазууларынын салыштырылуусу” аттуу макаласын48  Бернштамдын “Манас” дастанынын IX кылымда кыргыздардын мамлекет  курган Минусин боз талааларында жаралгандыгы тууралуу айткан пикирине негиздеп жазган.

Осман Фикри Серткая “Манас” дастанынын эски кыргыз жазуулары менен байланышы кандай? деген суроого жооп бериш үчүн 840-жылдан кийин Өтүкенде жазылган 11 саптан турган сужи жазуусун “Манас”  эпосу менен салыштырат. Ал жазуу Луи Базин тарабынан 1988-жылы жарыяланган49.

О.Ф.Серткая 11 саптан турган сужи жазуусун төрт бөлүмгө бөлүп, ар бир  бөлүмдү “Манас” дастанынын сюжети менен салыштырып чыккан.

1 – бөлүм: 1-3 – саптан турган биринчи бөлүмдү окумуштуу “Таанытуу” деп атаган. Бул саптарда жазуунун ээси Бойла Кутлуг Ярган аттуу бир кыргыз уулу экендиги жана бул кишинин Яглакар ханын Уйгур өлкөсүнөн кууп чыккандыгы айтылат.

2 – бөлүм: Жазуунун 4 – 5 – сүйлөмдөрүн окумуштуу “Мактануу: атак-даңкы жана байлыгы” деп атаган. Мактануу бөлүмүндө жазуу ээсинин атак-даңкы чыгыштан батышка чейин тараган, бай, короосу, сан жеткис жылкысы бар экендиги айтылат. О.Ф.Серткая жазуу ээсин Каныкейдин атасына окшоштурат, анткени Каныкейдин атасы хан жана бай.

3 – бөлүм: үй-бүлө, туугандар жана үй-бүлөлүк абал (6 – 8 – сап).

Бул бөлүмдө жазуу ээси “Жети  бир тууганым, үч уулум, үч кызым бар болчу. Аларды үйлөндүрүп – жайландырдым. Уулумду, кызымды калыңсыз бердим. Көзүмдүн тирүүсүндө аларга жүздөп жылкы бердим. Уулдарымдын жана кыздарымдын балдарын көрдүм. Эми өлдүм. (Аларды) таштадым” дейт. О.Ф.Серткая Бойла Кутлуг Ярган аттуу кыргыз уулунун үч кызын калыңсыз бергендигине токтолот да,  Бойла Кутлуг Яргандын жүздөп жылкы берүүсү менен “Манас” дастанындагы Каныкей үчүн берилген калыңдын ортосунда параллель жүргүзөт. Ооба, Бойла Кутлуг Ярган кызын калыңсыз бергендиги тууралуу айтат. Ал эми эпосто Жакып Темирханга куда түшүп, Темирхандын койгон талабынын бардыгын аткарып жүздөгөн кой, уй, эшек, арстан, барс, доңуз, кийикти ж.б. калыңга берет. Ошондуктан, биздин оюбузча,    сужи жазуусу менен эпостун бул эпизоду ортосунда параллелдин болушу мүмкүн эмес.

4 – бөлүм: Насаат жана аза (9 – 11- саптар). Бул бөлүмдө жазуу ээси: “Балдарым! Эр инсандардан болгула! Ханга баш ийгиле! Кызмат кылгыла” дейт. О.Ф.Серткаянын пикири боюнча сужи жазуусунун 4 – бөлүмү “Манас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы” эпизоду менен үндөшүп турат.

Биздин оюбузча сужи жазуусу менен “Манас” дастанынын ортосунда окшоштуктар абдан аз жана 11 саптан турган сужи жазуусу качандыр бир убакта жашап өткөн кыргыз уулунун жашоосун, эрдигин, байлыгын, арманын гана баяндайт.

Ал эми “Манас” эпосунун келип чыгышы тууралуу” аттуу кыргыз тилинде жазган макаласында50 Осман Фикри Серткая таанымал түрколог А.Бернштамдын “Историческое прошлое киргизского народа”51, “Культура древнего Кыргызстана”52, “Кыргызстан – литературно-художественный альманах”53, “О появлении кыргызов на Тянь-Шане в IX-Xвв”54, “Манас” – героический эпос кыргызского народа”55 жана А.Инандын “Шаманизм: өткөн заманда жана бүгүн”56, “Манас” эпосу”57 аттуу эмгектеринин негизинде “Манас” эпосунун кыргыздардын Ислам динин кабыл ала элек мезгилде пайда болгон деген пикирин айтат жана бул пикирин “Манас” эпосунда “оомийин” сыяктуу мусулман дининдеги адаттар менен катар эле кансыз курман чалуу сыяктуу мусулмандарга тиешелүү болбогон салттардын чагылдырылышы менен  бекемдейт.

Осман Фикри Серткая жогоруда аты аталган макаласына  “Manas Destanı ve Etkileri Uluslararasi Bilgi Şöleni” аттуу жыйнакта 1995-жылы жарыяланган “Манас” дастаны менен эски кыргыз жазууларынын салыштырылуусу” аттуу макаласын кураштырып улап кеткен.

Ферхат Тамир58 “Профессор Абдүлкадир Инандын “Манас” эпосу боюнча изилдөөлөрү” аттуу макаласында59 А.Инандын “Макалалар жана талдоолор” аттуу эмгегине токтолуп60, А.Инандын “Манас” эпосунун мааниси, тарыхый катмарлары, эпостогу эски-жаңы элементтер, мифологиялык элементтер, эпостун Союз убагындагы тагдыры сыяктуу ар тараптуу маселелерге карата пикири менен окурмандарды тааныштырган.

Гүзин Турал61 “Чора Баатыр” дастанынын крым варианттары менен “Манас” дастаны арасындагы окшоштуктар” аттуу макаласында62 Казан хандыгынын акыркы жылдарын, Чора баатыр жана Казан элинин орустарга каршы күрөшүн баяндаган татар элинин “Чора Баатыр” дастаны менен “Манас” дастанынын ортосундагы мотив, эпизод жана баяндоо окшоштуктарына кайрылган. Г.Турал макаласын “Чора Баатыр” дастанынын Крым уламыштарынын Бүйүк Хожалар жана Карасуу-Базарлык уламышына жана Зүхал Йүкселдин Түркияда жашаган Крым Түрктөрүнөн  чогулткан материалга таянып жазган63. “Манас” дастанынан мисалдар болсо Нажие Йылдыздын диссертациясындагы эпостун түркчөгө которулган текстинен алынган.

Окумуштуу “Чора Баатыр” жана “Манас” дастандары арасындагы окшоштуктарды мындайча  системалаштырган:

1) Баяндоо окшотуктары (салыштыруулардын окшоштуктары – А.Д.).

Бул бөлүмдө окумуштуу “Манас” жана “Чора Баатыр” дастандарынан мисалдарды берип, салыштыруулардын окшоштуктарын белгилейт.Мисалы: “Манас” дастанында душмандын чабуулда  чегинип, чачырашы “бөрү тийген койдой” туруктуу эпитети менен берилет. “Чора Баатыр” дастанында да:

“Ali Bey’in…
Yanındaki kırk nöbetçiyi
Börü değmiş koyun gibi yaptı, diyor”
“Şu görünen Moskova’yı
Börü değmiş koyun gibi
Bölük börçük edeyim”64

деп берилет. Түрк тилиндеги “Börü değmiş koyun gibi” эпитети “бөрү тийген койдой” деп которулат.

2) Баатырдын төрөлүшүнө сүйүнчү берилиши

3) Аялдын эркекке боло турган жамандыкты эскертүүсү.

“Манас” эпосунда казаттын алдында Каныкейдин, Акылайдын жамандык болорун сезип казатка чыкпоосун сурангандай эле, “Чора Баатыр” дастанында да Менгли Сылу  Нерикти (Чора баатырдын атасы) боло турган жамандыктан сактап калууга аракеттенет.

4) Эки дастанда тең терс каармандардын меңдүү болушу .

“Манас” дастанындагы экинчи пландагы терс каармандардан Меңдибайдын жана “Чора Баатыр” дастанындагы терс каарман Али Бейдин экөөнүн тең меңи бар.

5) Эки дастанда тең “Каныкей” аты айтылат.

Бирок эгер кыргыз дастанында Каныкей Манастын жары болсо, татар элинин дастанында Каныкей – Чора баатырдын карындашынын аты.

6) Аттын берилбөөсүнүн душмандыкка жол ачуусу.

Алмамбет Көкчөнүн Көкаласын сураганда Көкчө атын бербейт жана бул конфликт казатка себеп болот. Ушундай эле эпизод “Чора Баатыр” дастанында да бар. Хандын кишиси Али Бей Чора баатырдын Кер-Тору атын талап кылат. Конфликт Чора баатырдын Али Бейди өлтүрүүсү менен аяктайт.

7) Баш каармандын эне ичинде көнүмүш мөөнөттөн  узак жатуусу.

Семетей энесинин ичинде он ай, Сейтек менен Алмамбет он эки ай жаткан сыяктуу Чора баатыр да он айдан кийин төрөлөт.

8) Түш көрүү мотиви эки дастанда тең эң негизги мотивдерден.

9) Каармандын душманы менен айтышуусу.

Окумуштуунун байкоосу боюнча, эки дастанда тең каармандар душманы менен сөз-дуэлине кирип, андан кийин гана куралдуу согушка киришет.

10) Өлүп-тирилүү мотиви – элдик түшүнүк эркиндиктин символу болгон баатырлардын өлүмү менен элдеше албайт.

Окумуштуу “Манас” жана “Чора Баатыр” дастанынын арасында баатырдын төрөлүшүнүн мурдатан билинүүсү, кырк чоро, баатырдын иш-аракетиинин талданышы, аттын сүйлөөсү, баатырдын периштесинин болушу сыяктуу окшоштуктарды белгилейт да, “Бул окшоштуктардын бардыгы Түрк маданиятынын  бир бүтүн экендигин айгинелейт,”65 – деп макаласын жыйынтыктайт.

Гүзин Турал “Манас” эпосунда жана Түркия Түркчөсүндө колдонулган орток сөздөр” аттуу макаласында66 Нажие Йылдыздын  В.Радловдун жазып алган вариантына негизделген эмгегинин алкагында67  кыргыз жана түрк тилдериндеги сөздөрүн фонетикалык өзгөчөлүктөрүнө карай классификациялаган. Окумуштуунун классификациясы:

Фонетикалык жана семантикалык жактан бирдей сөздөр:
Зат атоочтор:

аk: “Ak kamıştı saldı deyt/ Ak kamışı saldı diyor” (817/42)68
aш: “Aşı cokka aş berseng/ Aşı olmayana aş verirsen” (611/489)
сakaл: “Ak sakal ateke Cakıp Kan/ Ak sakallı Cakıp Han” (539/68)ж.б.
Этиш сөздөр:

aч-: “Busurman colun açamın/ Müslüman yolunu açacağım” (539/69)
бил-: “Bilbegenin bilgisip, Bakay!/ Bilmediğini öğretip Bakay!” (540/124)
кaйнaт-: “Martuulap çaydı kaynattı/ Usulünce çayı kaynattı” (545/136)ж.б.
2) Фонетикалык жактан өзгөрүүгө учураган, бирок маанилери эки тилде бирдей болгон сөздөр:

Зат атоочтор:

жaka/yaka: “Cakası altın, cenge ces/ Yakası altın yeni bakır” (539/76)
жaмaн/yaman: “Caman attuu bolboylu/ Yaman adlı olmaz mı?” (603/226)
жылкы/yılkı: “Cılkını kötöy çugoydu/ Yılkıya doğru koştu” (902/1841) ж.б.

Этиш сөздөр:

жaт-/yat-: “Altı künü catam deyt/ Altı gün yatayım diyor” (540/113)
кeл-/gel-: “Alıp kelgin balanı/ Alıp gel balanı” (839/783)
тик-/dik-: “Kökçö ak çatır tikti deyt/ Kökçö ak çadır dikti diyor”(545/127) ж.б.
3) Фонетикалык жактан бирдей же бир аз өзгөргөн, бирок маанилери ар башка сөздөр:

Зат атоочтор:

aтa: кыргыз тилинде өз атасын “ата” деп айтылса, түрк тилинде өз атасын “баба” деп айтылат.
түн: кыргыз тилинде “түнкүсүн” маанисинде колдонулса, түрк тилинде “кечээ” маанисинде колдонулат ж.б.

Этиш сөздөр:
бур-: кыргыз тилинде “бур”, түрк тилинде “толгоо” маанисинде
тур-: кыргыз тилинде “ордунан туруу” маанисинде, түрк тилинде “токтоо” маанисинде колдонулат.
тарт-: кыргыз тилинде “тартуу” маанисинде, түрк тилинде “салмакты өлчөө” маанисинде колдонулат ж.б.

Зүхал Йүксел69 “Крым-Түрк дастандарынан “Эдиге” менен “Манас” дастанында кездешкен окшош элементтер” аттуу макаласында70 Тимур менен Алтын – Ордонун падышасы Токтамыштын ортосундагы күрөш мезгилинде жашаган Эдигенин өмүрүн баяндаган “Эдиге” дастанынын “Крым Татар фольклору” аттуу эмгектеги71 эки версиясы менен В.Радловдун жазып алган “Манасты” салыштырып эки дастандагы тогуз окшош өзгөчөлүккө көңүл бурган.

1) Айрым каармандардын орток атка ээ болуусу: “Манас” дастанында Каныкейдин атасынын аты Темир хан. Ал эми “Эдиге” дастанынын Карасуу-Базар версиясында Темирлан “Шах Темир” деп эскерилет.

Дагы башка бир окшоштук: Манастын жарынын  аты да, “Эдиге” дастанындагы Токтамыштын кызынын аты да “Каныкей”.

Манастын чоролорунун биринин аты да, Токтамыш хандын вазиринин аты да “Жанбай”.

2) Дастандардагы каармандардын окшош өзгөчөлүктөргө ээ болуусу: Он жашында ок аткан Манастын эрте жетилүүсү сыяктуу эле “Эдиге” дастанындагы негизги каармандардан Нуредин да күн санабай эр жетет. Нуредин да Манас баатырдай эле жалгыз уул жана жалгыздыгын арман кылат.
3) Каармандын ата-бабасынын таанытылышы: “Манас” дастанында Жакыптын ата-бабасынан кабар берилгендей эле “Эдиге” дастанында да Эдигенин ата-бабасы тууралуу маалымат берилет.
4) Ата-уул күрөшү: Жакып хан менен Манастын уулу Семетейдин, Алмамбет менен атасынын касташуусу сыяктуу эле “Эдиге” эпосунда Токтамыштын кыздары Каныкей менен Жаныкейдин Эдигеге жапкан  жалаасына ишенген Нуредин Эдиге атасын кууп салат.
5) Ислам дининин таасири эки дастанда тең сезилет.
6) Каргыш: “Манас” дастанында Акылай Манасты, Алмамбет атасын каргаса, “Эдиге” дастанында Эдиге баласын, Токтамыш хан Нурединди, Барын Мырза кескен эдигенин башы Барын Мырзаны каргайт.
7) Ант.
8) Символизм: эки эпосто тең  айрым эпизоддордо (“Манас” дастанында Алмамбеттин Калмак ханы Айхандын кызы Алтынай менен болгон маеги, “Эдиге” дастанында Нурединдин атасы Эдигени издетүүсү ж.б.) айтыла турган ой символдордун жардамы менен берилет.
9) Пери кыз: кээ бир варианттарда  “Манас” дастанынын текстинде орун алган, ал эми В.Радловдун өзүнчө текст катары чогулткан “Эр Төштүк” дастанында Эр Төштүк менен пери кыздын баласы болгон Бокмурун Көкөтөй ханга бала кылып алууга берилет. “Эдиге” дастанында болсо Эдигенин энеси пери кыз болот.

Зүхал Йүксел “Манас” эпосундагы тууранды сөздөрдүн Крым, Казан, Башкыр Түркчөлөрүндөгү тууранды сөздөр менен салыштырылуусу” аттуу макаласын72 жазууда “Манастын” В.Радлов тарабынан жазылып алынган вариантын73, тексттин түрк тилине котормосунда Н.Йылдыздын эмгегин74 пайдаланган. Ошондой эле Крым Түркчөсүнө тиешелүү мисалдар үчүн крым-татар-орус сөздүгүн75, Казан Түркчөсүнө тиешелүү мисалдар үчүн татар тилинин түшүндүрмө сөздүгүн76, Башкыр Түркчөсүнө тиешелүү мисалдар үчүн башкыр тилинин сөздүгүн77 колдонгон.

Зүхал Йүкселдин макаласынан бир канча мисалдарды берип көрөлү:

“Üydö oliurgan baybiçe                        “Evde oturgan baybiçe

Alakanı çap koydu”78 Elini çırptı”79

Кыргыз тилиндеги “чап койду” тууранды сөзүнүн эквиваленти Крым Түркчөсүндө “şapıldatmak/ şap şap vurmak”, Казан Түркчөсүндө “kul çabu”, Башкыр Түркчөсүндө “qul sabıw”.

“Torgay ünü cayraçı “Togay ünü yayılınca

Samberekti tars koyup Topu tars diye koyup

Manastın uraan çakırıp                Manas’ın uraanını çağırıp

At kuyrugun şüyüngör”80              Atkuyruğunu düğümleyin”81

Кыргыз тилиндеги “тарс” тууранды сөзүнүн эквиваленти Крым Түркчөсүндө “Tars etip urdı”82, Казан Түркчөсүндө “Bahaw işikini tars yabıp çığıp takitti”83 (Бахаш эшикти тарс деп жаап кетти), Башкыр Түркчөсүндө “Tars itip qalıw”84 (тарс деп чабуу).

Зүхал Йүксел “түкүрүү, кыбыроо, өкүрүү, жалдыратуу” сыяктуу этиштерди тууранды сөз катары караган85.

Хамза Зүлфикар86 “Синтаксис боюнча жазылган эмгектерде “Манастан” пайдаланууга болобу?” аттуу докладында87 “Манас” дастанынын  текстинин сөз айкаштарынын, идиомалардын, ээ-баяндооч катнашынын, уланды мүчөлөрдүн арасындагы байланыштын ж.б. изилденишинде бай жардамчы материал боло ала тургандыгын белгилейт. Окумуштуунун баамдоосу “Манас” дастанынн эң негизги синтаксистик өзгөчөлүктөрүнөн бири – тактоочтун сүйлөмдүн башында айтылуусу.

“Манас” дастанынын тексти менен таанышуунун натыйжасында Х.Зүлфикар айрым кыргыз жана түрк идиомаларынын окшоштуктарын да баамдыгын. Мисалы, түрк тилиндеги “dört gözle beklemek” (абдан сагынуу) жана “эки көзүн төрт кылып” идиомаларынын үндөшүп тургандыгы күмөнсүз. Окумуштуунун пикири боюнча, “Манас” фольклордук же этнографиялык гана чыгарма эмес. Кылдаттык менен изилденген “Манас” дастанынын тексти Түркия Түркчөсүнүн синтаксисинин тереңдетилип изилденишине да көмөкчү боло алат.

Ал эми “Манас” эпосунда татаал этиштер жана алардын Түркия Түркчөсүндөгү  татаал этиштер менен салыштырылышы” аттуу макаласында88 “Манас” эпосундагы татаал этиштерди түрк тилиндеги эквиваленттери менен салыштырып, араб жана фарс тилинин таасири күчтүү болгон түрк тилиндеги накта түрк татаал этиштерин табууну максат кылып койгон. Окумуштуу токтолгон “Манас” эпосундагы жана Түркия Түркчөсүндөгү орток татаал этиштердин айрымдары:

Түркия Түркчөсү “Манас” эпосунан мисалдар

Тунжер Байкара90 “”Манас” дастанынын Түркиядагы алгачкы изилдөөчүлөрү – М.Ф.Көпрүлү, З.В.Тоган, А. Инан” аттуу макаласында91 Түркиядагы “Манас” дастанынын изилденишинин 3 баскычтан тургандыгын белгилейт:

Түздөн-түз дастандарга байланыштуу изилдөөлөр Манас атынын жана “Манас” дастанынын эң алгач изилдене башташы “Манас” дастанын көптөгөн түрк окумуштуулары тарабынан ар түрдүү аспектиден изилдене башташы Тунжер Байкара  Түркия Түрктөрүнүн “Манас” дастаны менен жыйырманчы кылымда гана жана В.Радовдун жазган эмгеги аркылуу таанышкандыгын белгилейт. Окумуштуу “Манас” дастанынын Түркиядагы алгачкы изилдөөчүлөрү – М.Ф.Көпрүлү, З.В.Тоган, А. Инандын биографияларын кыскача баяндап, бул үч улуу илимпоздун түрк дастандарын изилдөө (анын ичинде “Манас” дастанын да) Осмон күбөлүгүнөн Түрк күбөлүгүнө өтүүгө жардам бере турган элементтерден  болгондугуна ишенгендигин жазат.

Көрүнүктүү түрк драматургу Режеп Билгинер92   “Манас” дастаны драмалык искусство катары” макаласында93 бардык дастандардын опера жана трагедиялардын жерпайы болгондугун белгилеп, “Манас” дастанынын башталышынан аягына чейин көптөгөн бөлүмдөрдөн турган пьесага окшоштурат жана  дастандын ар кыл эпизоддорунан драмалык үзүндүлөрдү берет. Айта кете турган нерсе, Режеп Билгинер аты аталган макаласында Жакыптын Чыйырды байбичесин жаңылыш түрдө  “Чайыржы, Чыйрычы” деп берген94. Драматургдун айтуусу боюнча, Жакыптын балага зар болуп, ызаланып Чыйырдыга айткан ачуу сөзү операнын алгачкы ариясы сыяктанат. Алмамбеттин тагдыры да трагедияга жыш толгон. Режеп Билгинер Алмамбеттин “Капырдын өлкөсүндө хан болгончо, мусулман өлкөсүндө хандын кулу болом” деген оор чечим кабыл алганын белгилөө менен бирге эпосто мусулмандыктын белгиси катары “ассалоому алейкум, алейкум ассалоом” деген сөздөрдүн көбүнесе колдонулгандыгын, бирок Курандан, анын мазмунунан эч айтылбагандыгын белгилейт. Режеп Билгинер дастандын баш каарманы Манастын көп учурларда  каарданып, ачууланса да тагдырга моюн сунганы анын кызыктуу трагикалык каарман болгондугу жөнүндө пикирин айтат.

Драматург “Манастын үйлөнүшу” эпизодун Шекспирдин “Тажаал кыз” пьесасына окшоштурат. Ошентип, Р. Билгинер Манастын төрөлүшү, Алмамбеттин Эр Көкчөгө жолугуусу, Алмамбеттин Манаска жолугушуусу, Манастын үйлөнүшү ж.б. эпизоддорго кененирээк токтолуп, ал эпизоддорду драматург катары анализдеп, дастандын негизинде опералар, трагедиялар, жаңы түрдөгү (модерн) пьесалар жана комедиялар жазыла алат деген пикири менен макаласын жыйынтыктайт.

Надир Девлет95 “Кыргызстан жана “Манас” эпосу Түркиядагы тарых, тил жана адабий изилдөөлөрдө” аттуу макаласында96 Кыргызстан жана “Манас” дастанынын Түркияда тарых, тил жана адабият боюнча изилдөө иштеринде интерпретацияланышына арналган. Окумуштуу Түркияда кыргыздар тууралуу илимий изилдөө иштеринин канагаттандырарлык деңгээлде болбогондугунун негизги себептери катары эки өлкөнүн акыркы 70-80 жылда пайда болгон саясий, мунун натыйжасында маданий кыйынчылыктар, кыргыздардын өзүнүн маданиятын таанытуудагы кыйынчылыктар, Түркияда Түркчүлүк илиминин  акыркы кылымда гана өнүгө башташы, мунун натыйжасында ар бир түрк уруусун бирдей деңгээлде изилдөөгө керектүү илимий топтун али калыптанбагандыгын эсептейт. Н.Девлет кыргыздарга байланыштуу Түркияда алгачкы басылмалардын 1910-жылга таандык экенини белгилөө менен бирге97 Түркияда кыргыздарга байланыштуу изилдөө иштеринин бүдөмүк болгондугунун себеби катары “кыргыз” атынын эмне билдиргендиги туурасында так пикир жана маалыматтын болбогондугун эсептейт. Мисалы, “кыргыз-казак” сыяктуу сөздөр  колдонулганда эки эл бири бири менен чаташтырылган. Н.Девлет бул  пикирин Али Рыза Сейфинин беш макаладан турган “Орто Азиядан көрөнөктөр: кыргыздар жана мекени” аттуу изилдөө иши бекемдейт98. Окумуштуу Түркия жана СССР арасындагы байланыштын абдан начар болгон убакта кыргыздарга тиешелүү маалыматтын өтө аз болгондугу мектептерде кыргыздар  Уйгур мамлекетин кулаткан түрк уруусу катары гана таанытылгандыгын  белгилейт. Ага карабай кийинчерээк кыргыздарга байланыштуу энциклопедиялык макалалардын, ошондой эле түрк тарыхына байланыштуу эмгектерде кыргыздарга арналган бөлүмдөрдүн чыккандыгын айтып, Н.Девлет ал эмгектерге жалпы обзор берген99.

Надир Девлет макаласында кыргыз маданиятын түрк элине таанытууда эң чоң эмгек сиңирген илимпоз А. Инандын эмгектерине да кайрылат.

Окумуштуу Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан кийин Түркияда кыргыздарга байланыштуу эмгектерге да токтолуп, Эмине Гүрсой-Наскалинин “Манас” эпосунунун котормосуна100, Мехмет  Сарайдын  “Кыргыз Түрктөрүнүн тарыхы” аттуу китебине101 жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын түрк тилиндеги котормолоруна102 токтолгон.

Түрк дастандарынын этникалык түзүлүшүбүздүн жана улуттук күбөлүгүбүздүн эң эски документтери болгондугун түрк окумуштуусу Кемал Эраслан103 “Огуз жана Манастын ата-бабасы тууралуу” аттуу макаласында белгилейт104. Окумуштуу эки дастандын ар башка аймак жана чөйрөдө пайда болгондугуна карабай, Огуз жана Манастын төрөлүшү, сыйкырдуу өзгөчөлүктөргө ээ болуулары, күрөштөрү, идеалдары сыяктуу бир катар окшоштуктардын болгондугун белгилейт. К.Эраслан “Огуз” эпосунун уйгур вариантындагы жана Исламий варианттарындагы Огуздун ата-теги менен Манастын ата-тегин салыштырат. Белгилей кете турган нерсе, К.Эраслан макаласын жазууда “акыркы жолу Москвада жарыяланган “Манас” эпосунда” деп айтуу менен гана чектелип, эпостун кимдин вариантынан мисал келтирип жаткандыгынан кабар бербейт. Шилтеме да мындайча түшүнүксүз берилген: “Bkz. Moskova Yayını, s.12”105. Биздин баамдообуз боюнча, К.Эрасландын макаласында  Манастын тегинен кабар берген үзүндү 1978-жылы Фрунзеде “Кыргызстан” басмасынан басылып чыккан С.Орозбаковдун вариантынан алынган. Ал эми ал үзүндү басылган бет 12-бет эмес, 15-бет106.

Окумуштуу В.Радлов жазып алган варианттагы Манастын ата-тегинин баяндалган үзүндүгө да көңүл бөлгөн.

Өзүнүн берген мисалдарына таянып К.Эраслан Огуз Хандын жана Манастын теги тууралуу так маалымат алуу мүмкүн болбогондугун айтып, эки эпосто баш каармандардын тегиндеги орток ат “Кара Хан” болгондугун белгилейт: “Огуз” эпосунда Кара Хан Огуздун атасы болсо, “Манас” эпосунда Кара Хан – Манастын чоң атасы. Бул тыянакты К.Эраслан В.Радлов жазып алган вариантка негиздеп чыгарган. Бирок окумуштуу өзү мисал келтирген С.Орозбаковдун вариантында Кара Хан – Огуз Хандын атасы, Манастын түпкү атасы107.

Маалым болгондой “Кара Хан” энчилүү ат эмес, титул билдирген сөз, б.а. Караханилер империясында колдонулган108. Мына ушуга таянып К.Эраслан “Огуз” эпосунун Исламдык варианты менен “Манас” эпосунун Караханилер доорунда пайда болгондугун айтууга болот деген тыянак чыгарат109.

Түрк маданиятынын бир элементи болгон үйлөнүү салтынын түрк маданиятынын “эки эстелик-чыгармасында” кандайча чагылдырылгандыгын профессор Решат Генч110 “Үйлөнүү салтынын Дивани Лүгати-т Түрктө жана “Манас” эпосунда кездешкен орток элементтер” аттуу макаласында баяндаган111. Окумуштуу Жакыптын, Манастын, Семетейдин жана Алмамбеттин кандай кырдаалдарда үйлөнүшкөндүгүн анализдеп, кыргыздарда эки жаштын бири-бирин көрбөй үйлөнгөндүгү, кээ бир учурларда кайын менен баш кошуу, кээде кыз ала качуу болгондугу, эркектердин бирден көп аял ала алгандыгы тууралуу бүтүм чыгарат. Р.Генч “Дивани Лүгати-т Түрктө” кыздын үйүнө жиберилген адам “sawçı, yorığçı, arkuçı” деп аталгандыгын белгилеп112 Жакып хандын Темир ханга кыз сурап келген эпизоддон үзүндү келтирет113. Р. Генч “Дивани Лүгати-т Түрктө” мааниси кенен чечмеленген “калым, бычыш, йүфүүш (сеп – А.Д.), кезүт (кийит – А.Д.), сагдыч” түшүнүктөрүнүн “Манас” эпосунда кеңири колдонулгандыгын эпостун айрым эпизоддорунан үзүндүлөр берүү аркылуу далилдеген.

М. Өжал Огуз114 “Манас” жана “Деде Коркут” эпосторунда бир туугандар арасындагы мамилелер”аттуу макаласы115 ХV кылымда табылган “Деде Коркут” эпосу жана ХIX кылымдын башында кагаз бетине тушүрүлгөн “Манас” эпосундагы бир туугандар арасындагы мамилелердин чагылдырылышына арналган. Окумуштуу “Деде Коркут” эпосунун 8-аңгемеси болгон “Basat, Depegözi Öldürdüğü Boy”116  аңгемесинде байкеси Кыян Селчуктун Тепегөз тарабынан өлтүрүлгөндүгүн билип калган Басаттын:

Karşı yatan kara tağum yüksegi kartaş
Akındılu görklü suyumun taşkunı kardaş
Güçlü bilüm kuvveti
Karangılu gözlerimün aydını kardaş117

деп  айткан сөздөрү, “Uşun Koca Oğlı Segrek Boyı”118 эпизодундагы 16 жаштагы Сегректин байкесинин туткунда болгондугун билип калгандагы:

Üçyüzaltmış alp ava binse
Kanlu geyik üzerine gavga kopsa
Kardaşlu yiğitler kalkar kopar olur
Kardaşsuz miskin yigit ensesine yumruk tokınsa
Ağlayuban dört yanına bakar olur
Ala gözden acı yaşın döker olur119

деп айткан сөздөрү менен “Манас” эпосунда “Көз Каман” окуясында Манастын калмактар арасында байкесинин болгондугун билип калгандагы

Benim atam Cakıp-bay, çorom
Özü calgıs kiş ele, çorum
Cumurtkadan ak elem, çorom
Bir eneden tak elem, çorom
Canım edim kıyadan, çorom
Bür tuuganım cok edi, çorom

Anın beri cagında, çorom
Arkamda kuyruk coğ-ele, çorom
Astımda calı coğ-ele, çorom
Er calğısı bal’elem, çorom120

деп айткан сөздөрү арасында параллель жүргүзгөн.

“Манас” – тарыхый булак катары” аттуу макалада121 тарыхчы Мехмет Сарай122 эки нерсеге токтолгон:

“Манас” эпосунун улуттук эпос катары кыргыз элине берген рухий күчү
“Манас” эпосу кыргыз тарыхына кайсы даражада булак боло алат?

М.Сарай “Манас” эпосун финдердин “Калевала”, ирандыктардын “Шехнаме”, орус элинин “Игорь”, немецтердин “Никелууглу” эпостору менен салыштырып, булардын эч биринин элдин жашоо-турмушунда ойногон ролу же тийгизген таасири жагынан “Манас” эпосуна жете албастыгын жана “Манас” эпосунун кыргыз элинин орусташуу жана советтешүүгө каршы маанилүү бир коргонуу элементи болгондугу тууралуу пикирин айтат.

Окумуштуу эпостун сыйкырдуу мотивдерин алып салса, калганы накта тарых деп эсептейт, б.а. тарыхчылар эпосторду тарыхый булак катары колдоно алышат. Мисалы, герман жана иран байыркы  тарыхын бул элдердин эпосторунун негизинде жазышкан.

Мехмет Сарай: “Манас” эпосун тарыхый булак катары колдонсо болот. Бирок кыргыз элинин тарыхын эң объективдүү түрдө жазуу үчүн оболу кытай булактардын, орус жана жергиликтүү булактардын эң кыска убакытта изилдениши керек,” – деп эсептейт123.

Түркиянын эң алдыңкы ЖОЖдорунан бири болгон ОДТУ университетинин профессору, тарыхчы Исенбуке Тоган124 “Каныкейдин үйлөнүү-үлпөтү: аял тарыхы аспектинен анализдөөнүн негизинде “Манас” эпосунун варианттары жана “Деде Коркут”жөнүндө ой-толгоолор” аттуу көлөмдүү макалада125 “Манас” жана “Деде Коркут” эпосторунун негизинде түрк элдеринин тарыхындагы аялдардын коом ичинде жана үй-бүлөлүк турмушта ойногон ролу маселесин көтөргөн. Макалада аялдардын ишмердүүлүк жүргүзгөн жана таасир  эткен тармактар, ошондой эле макро даражадагы саясат алкагы да анализденген. Окумуштуу эпостор көбүнесе эркектер тарабынан  айтылгандыгына байланыштуу эки эпосто тең, “кырк кыз” түшүнүгүн эсепке албаганда, аялдар жалгыз сүрөттөлгөндүгүн, бирок ал жалгыздыктын аялдарды көз карандысыз, өз тагдырын өзү чечкен аял катары сүрөттөгөн жалгыздык болгондугун белгилейт.

Исенбуке Тоган эки эпостогу аялдардын образдарын салыштырып “Манас” эпосунда аялдардын окуялардын агымы ичинде активдүү роль ойногондугун, ал эми “Деде Коркут” эпосунда аялдардын образдары окуялардын өнүгүш нугуна таасир эте албагандыгын, тескерисинче айланасында өнүккөн окуялардын таасиринин астында калгандыктарын  белгилейт.

Окумуштуу аялдардын ишмердүүлүгүнүн жана таасиринин күчтүү экендиги С.Орозбаковдун вариантында гана алдыңкы планда сүрөттлөлүп, А.Инандын котомосунда126 (И.Тоган С.Орозбаковдун вариантынан кыскартылган которулушу деп эсептелген А.Инандын котормосун өзүнчө вариант катары алган – А.Д.), “Деде Коркут”эпосунда127, В.Радлов жазып алган вариантта128, С.Каралаевдин вариантында129  болсо аялдардын ишмердүүлүгүнүн жана таасиринин күчүнө анчейин маани берилбегендигин  айтат.

Макалада негизинен “Манастын Каныкейге үйлөнүүсү” эпизодунун эпостун варианттарынын арасындагы айырмачылыктар жана бардык варианттарда өзгөрүлбөгөн, туруктуу өзгөчөлүктөр анализденип, “деде Коркут” эпосу менен салыштырылган. Мисалы, идеалдуу аялдын кандай болуусу керек маселесине  кайрылып, “Деде Коркут” эпосундагы Бамсы Бейрек жана Кан Туралынын айткандарын, С.Орозбаковдун вариантында Манастын айткан сөздөрү менен салыштырып, бул вариант жана “Деде Коркут” эпосунда идеалдуу аялдын образынын айырмаланып турганына көңүлүбүздү бурат: “Деде Коркутта” аялдын тие турган эрине жасаган мамилесине карай жана үй иштеринин кандай жасагандыгына  байланыштуу баа берилсе, “Манас” эпосунда аялдын коомго, дүйнөгө канчалык пайдалуу болгондугу, кандай рухий наркка ээ болгондугу биринчи планда турат.

Исенбуке Тоган Манастын Каныкейге үйлөнүшүн баяндаган эпизоддун С.Орозбаковдун, С.Каралаевдин  варианттарында, В.Радлов жазып алган вариантында жана А.Инандын котормосунда чагылдырылышын деталдуу түрдө салыштырып чыккан. Темир Хандын кызын кантип чоңойткондугу Радлов тарабынан жазылып алынган вариантта мындайча:

Menin canıs kısım Kanıkey
Bir tündüktön kün körgön,
Bir tütüktön su içken,
Corgodon taldap bos mingen,

Аraktan taldap bal içken,
Celbegey celge çıkpağan,
Cel salkının körbögön,
Tündö eşikke çıkpagan,
Tünögön aştı içpegen130

(75, III/856-866)

Исенбуке Тоган “araktan taldap bal içken” сабын Эмине Гүрсойдун “Uzaktan gelme bal yedi”, б.а. “узактан келген бал жеди” деп которгондугун туура эмес деп эсептеп, “arak” сөзүн ичимдик маанисинде түшүнгөндүктөн бул сап “ичимдиктердин арасынан балдан жасалган ичимдикти тандаган” дегенди билдирсе керек деген божомолун айтат. Бирок, биздин оюбузча, Эмине Гүрсой “araktan” сөзүн “узактан” деп туура которгон, анткени бул сөз “ыраактан” болуп, Радлов эпосту кагаз бетине түшүрүүдө укканын уккандай жазгандыгы үчүн  жөн гана фонетикалык ката кетирген болуусу керек.

Садык Турал131 “Дүйнөнүн орток дөөлөттөрү же орток дөөлөттөр дүйнөсү”аттуу макалада132 “Манас” эпосунун бүтүн түрк ааламынын орток дөөлөттөр дүйнөсүнүн адабий жана түбөлүк символу болгондугун айтуу менен бирге жигиттик, алптык кыргыз элинин, деги эле Түрк ааламынын орток дөөлөтүбү? деген суроону коет. Окумуштуунун пикири боюнча, “Манас” эпосу отурукташа элек түрк урууларынын мамлекет куруу, көз карандысыз болуу, маданиятын өркүндөтүү үчүн күрөшүн чагылдырган улуттук дөөлөттөрдүн энциклопедиясы болгондугу үчүн Падышанын убагында, кийин Совет убагында да орус элин жана анын башында турган башкаруучуларды кооптондурган .

С.Турал Жалгызкөз мотивинин “Деде Коркуттагы” Тепегөзгө, гректердин “Одиссеясындагы” Циклопко окшогондугун, канаттуу аттар мотивинин да дүйнөнүн орток дөөлөттөрүнөнэкендигин белгилейт. Эпостун сюжети аркылуу берилген келин жана кайнене, аял жана эр, эне жана бала, ата жана бала арасындагы психологиялык жана биологиялык мүнөздөр да дүйнөнүн орток дөөлөттөрүнөн деген пикирин айтат Садык Турал.

Түрк окумуштуулары “Манас” эпосун изилдөө ишин жаңы ракурстардан колго алып, эпосто камтылган маселелерге жаңы жана кызыктуу көз караштарын билдиришкен. Көрүнүп тургандай, түркиялык окумуштуулар “Манас” эпосун изилдөөдөгү кайрылган маселелер ар түрдүүлүгү жана оригиналдуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Айта кетчү нерсе, түркиялык окумуштуулардын  илимий эмгектеринин басымдуу көпчүлүгү салыштыруу формасында жазылган, башкача айтканда, “Манас” эпосу түрк тектүү башка элдердин  эпостору менен салыштырылган.   Жыйынтыктап айтканда, боордош түрк элинин окумуштуулары дүйнөлүк дөөлөттөрдүн айрылгыс мүчөсү болгон “Манас” эпосун изилдөөдө олуттуу аракеттерди жасап, илимий эмгектери менен кыргыз жана түрк элдеринин арасындагы  маданий жана руханий жакындык, окшоштуктарды далилдеп жатышат. Кыргыздардын  улуу эпосу болгон “Манас” эпосуна  кызыгуу дагы да артып, боордош түрк окумуштууларынын кыргыз коллегаларына   эпосту терең  изилдеп, сырларын ачууда эң  олуттуу иштерди жасоону   дагы да улантарына үмүт кылып терең ишенебиз.

11 пікір »

  • Мирбек says:

    Өтө чоң макала экен. Кызыктуу дегим келет, бирок окуш татаал экен. Стилистикасы анчейин жага бербеди. Абзацтар арасында ойдун агымын байкаш татаалыраак экен.
    Жөн гана copy-paste кылып коюлгандай. Сегизинчи пункт ордуна эмотикон турганы жылмайтты :) .

    [Reply]

  • Мен кечээ комментарий жазып жатпадым беле. Кайда кетип калганын озум дагы билбей калдым. Тан калыштуу. Абдан сонун создорду, сага каалоолорду жазган элем. Мейли эми, даы жазайын.

    Жаш изилдоочу эмес жаш окумуштуу болуп калаарына ишенем!

    [Reply]

  • Ajara says:

    Salamatsingbi, Mirbek! Cin – pikir aytkaninga abdan kubanichtamin.
    Tuura aytasing, kolomduu makala. Stildin ustundo dagi da ishteshim
    kerek. Albette, algachki ilimiy makalam bolgonduktan muchulushtuktor
    bar. Al muchulushtuktordu joyuu ichun ishtesh, izdenish kerek.
    Ozungdun pikiringdi bildiruunu ulantasing degen umut menen Ajar.

    [Reply]

  • Арууке Байгана says:

    темасы кызыктырды эле…бирок коломун коруп алып…:0 Аягына чейин окуганга баары бир чыдамым жетмек эмес…:) убакыт болгондо созсуз окуйм. Озум да “Манаска” абдан кызыгам. Андагы каармандардын прототиптери тууралу иликтоо жасасамбы деп да ойлонуп журом…Бирок кимди жетекчи кылам? Манасты “сообирательный” образ деген “эски” окумуштуулар менен иштешким келбейт:)

    [Reply]

  • Ajara says:

    Salamatsingbi, Aruuke! Blogdun emne ekenin, kanday kolomdo jaygashtirilaarin bilbey uzatip jiberipmin:) Eng kiziktuu ishterdi ele kamtisam bolmok dep oylonup kaldim tushton kiyin:) Ozung kaysi universitette okuysung? “Manas” oto kiziktuu epos, anin dagi tolgon tokoy chechile elek sirlari bar. Epostun protoipterin iliktesh uchun tarihti mikti bilish kerek, tataal problema. Silerdin okuu jayda kanday folkloristter bar? Folklor boyuncha kadrlardin azdigi da kirgiz folklorunun tereng izildenishine bogot bolgondugu okundurot…

    [Reply]

  • Арууке Байгана says:

    Ажар, салам! Мен эпостун тарыхый прототиптерин иликтейин деп аракет жасагам. Тарыхчы В.М. Плоскихтин жетекчилиги астында. Сен айткандай “татаал проблема” экен :)

    [Reply]

  • [...] kg.kyrgyzstan.neweurasia.net: Neweurasia-кыргызча: Жылдын жыйынтыгы (Жаңы медиа) [...]

  • Asel says:

    Ajara, birinchi ilimiy makalandin jariyalanishi menen chyn jurokton kuttuktaym. Azirki mezgilde, cheksiz inetrnet resurstarinin arasinan chinigi ilimiy makalalardi tabuu da oor bolup kaldi. Birok senin Manas dastani jonundogu makalan, adabiyatchilardi gana kiziktirbastan jonokoy karapayim kalkibizdin madaniy bayligina salim kosho turgan makala bolooruna ishenemin. Onorun orkundop, kalemin kurchuy bersin!!! Iygilikter!!!

    [Reply]

    Ajar Reply:

    Asel, rahmat! Arakettenem:)

    [Reply]

  • J.T. says:

    Ajara iygilik saga.

    [Reply]

    Ajar Reply:

    Jenish, chong rahmat!

    [Reply]

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.