Кыргыз дастандары Америкалыктын көз-карашында
Кыргызстанда 5-июндан тартып “Кыргыз дастанынын театры” долбоору стартка чыгат Бул туурасында “Кабар” агенттигинин кабарчысына долбоордун пиар-менеджери Алтын Капалова билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында Бишкекте америкалык сүрөтчү Маргарет Мортондун жеке фотосүрөт көргөзмөсү, “Сахна” театрынын “Керээз” спектакли, ошондой эле америкалык “Яра Артс Групп” эксперименттик театрынын көркөм жетекчиси Вирляна Ткачтын коюусунда “Эр-Төштүк” спектакли көрсөтүлөт.
Спектаклдер сүрөтчүлөрдүн мурдагы шаарчасында өтөт. Ошол эле убакта америкалык сүрөтчү Маргарет Мортондун чыгармалары Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт искусствосунун музейинде коюлат.
Менин оюмча бул абдан кызыктуу болсо керек. Кимде-ким барууну кааласа, бул жерге пикир таштап коюнуздар, балким ошол жерден жолугуп калаарбыз!
![]()



Созсуз келиниз, 7 жана 8 Дружба кочосундо “Эр-Тоштук” спекктакли болуп отот. Чынында эле абдан кызыктуу.
[Reply]