Кыргыз Ырчылары АКШда болуп келишти
Лос Анжелес шаарында кыргыз ырчыларынын АКШ дагы жыйынтыктуу концерти болуп ѳтту. Кыргыз элинин суйуктуу жаш эстрада жылдыздары Омар, Максат Бегалиев, Бактыгуль Бадыева, Арсен жана Микаэль ѳз мекендештерине эстен кеткиз, шандуу кече тартуулап кетишти . Ырчыларды чыдамсыздык менен куткѳн жердештерибиз, “Кыргыз Клуб” бей ѳкмот уюму уюштурган бул кечеде, кѳптѳн толгон сагынычтарын жазып, жан эргиткен кыргыз обондорун угуп, кѳнулдуу маанайда уйлѳрунѳ кайтышты.
Эскертип айта кетсек, кыргыз ырчылырынын бир айга созулган гастролдук концерттери Нью Йорк, Чикаго, Филадельфия жана Лос Анжелес шаарларында ийгиликтуу болуп ѳтту. Концерттердин жыйынтыгын чыгаруу менен бирге, ѳзумдун жана жалпы эле “Кыргыз Клуб” уюмунун жааматынын атынан бардык мекендештерибизге чон ыраазычылык билдиргим келет. Ошондой эле, кыргыз эстрада жылдыздарынын АКШ га келуусунѳ колдоо кѳрсѳткон Кыргыз Республикасынын маданият жана байланыш министри Раев Султан Акимовичке терен ыраазычылыгыбызды узатабыз.
Жаныш Осмонов, Лос Анжелес



Акыркы пикирлер