Уруучулук Ууручулук Эмеспи?
МаданиятПікір жоқ
Дастан Сарыгуловду бардыгыбыз теңирчи катары таанып, анын кыргыз уруулары тууралу көптөгөн кепти козгоп келгендигин билебиз. Бүгүн анын Назар гезитине берген интервьюсуна көз салып, идеяларына ой жүгүрттүм. Анын айтымында уруучулук маселеси төмөнкүдөй маңызга ээ:
Бул да болсо 70 жыл жүргүзүлгөн саясаттын калдыгы. “Уруучулук элди бөлүп, жарат” деген саясат Совет доорунда жүргөн. Ал кыргызды алсыратып, ынтымагын ажыратууну гана көздөп, уруучулукту атайын жамандаган. Атамзамандан бери кыргыз эли уруучулук менен жашап келген. Уруу түзүлүштүн түптөлгөнүнө бери дегенде эле 15 миң жыл болду. Ошондуктан, биз аны жок кыла албайбыз. Кыргыз өзүн тааныймын десе уруучулукка кайрылыш керек. Бирок, бир шартта гана. Ал – Мекен, улутту туу тутуп, “мен кыргызмын” деп сыймыктанып, кырк уруу кыргызды бийик коюсу керек.[inspic=266,right,,300]Мундуз уруусунун чакыруусу менен барып, алардын Курултайына катышып келдим, саясат жөнүндө бир дагы сөз болгон жок. Мен ал жерден бөлүнүп-жарылууну байкаган жокмун. Болгону Текебаевдин айылында өткөндүктөн бийлик тараптагылар жыйындан чочулашып, аңдып, коопсузданышты…Сол канаттын эки уруусу курултайын өткөрдү, эми оң канат, ичкилик туугандар өткөрөт, биз, буйруса өткөргөнү турабыз. Тарыхты, санжыраны аныктап алсак эмнеси жаман? Мекенчил, улутчул сезим күчөсө мунун эмнеси жаман? Бүгүнкү күндөгү жаштарга тарыхыбызды, санжырабызды, ата-тегибизди айтып, түшүндүрүп бергенибиздин эмнеси жаман? Азыркы жаштардан ата-тегин сурасаң билбейт. Анан аларда кайдагы мекенчил сезим болот?Санжыра кыргызды, кыргыз санжыраны сактап келди. Ошентип кыргыз жок болуп кетпей, 21-кылымдын босогосун аттап олтурат.Союз урагандан кийин Баш мыйзам сегиз жолу өзгөрдү. Кыргыз эли Баш мыйзам менен жашаган жок. Атүгүл, ал канча жолу өзгөргөнүн да унутуп коюшту. Жамандык-жакшылыкта бийлик жардам бербейт. Биз ошону эске алышыбыз керек. Уруучулук менен, жамааттын жардамы менен салтыбызды, наркыбызды сактап келатабыз. Биз эки жылдан бери ушул ишти түшүндүрүп, акырындап мекенчиликке үндөп келатабыз.



Акыркы пикирлер