Өкмөт «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизүү үчүн документ даярдап жатат
Авторы Мирсулжан Намазалиев on Friday, 5 March 2010
МаданиятПікір жоқ
МаданиятПікір жоқ
Азыркы учурда Кыргызстан “Манас”, «Семетей» жана «Сейтек» эпосторун ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине киргизүү сунушу менен өкмөттүн атынан аталган уюмдун кароосуна документ даярдап жатат. Бул тууралуу бүгүн КРнын өкмөтүнө карашуу мамлекеттик маданият агенттигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка таянып АКИpress булагы кабарлады. Аталган ведомоствонун жетекчиси Ибрагим Жунусов коомдук ишмерлердин жана маданият форумунун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда бул жөнүндө билдирген.
Эске сала кетсек, Кытай тарабынан Манас эпосу ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилген. Бул окуя Кыргызстанда чоң талкууну жаратып, акыркы учурларда кичине басаңдап калган.



Акыркы пикирлер