Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Маданият

7973 кыргыз Кыргызстанга келди

Kyrgyzy v KitaeБүгүн эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинде 2009-жылдын жыйынтыгы жана 2010-жылга карата план, программаларды иштеп чыгуу үчүн жыйын болуп өттү. Анда, 2009-жылы 7 миң 973 этникалык кыргыздар (16 жашка чейинкилери эсептелген эмес) тарыхый мекенине кайтып келгендиги айтылды.

Бүгүнкү күндө, Чүй областында 1 миң 920 адам, Ош-504, Жалалабат-2 миң, Баткен-2 миң 980, Талас-19, Ысык-көл-1, Бишкек-300 жана Ош шаарында-27 этникалык кыргыз келген. 2009-жылы кыргыз жарандыгын алуу үчүн 1миң 121 атуул арыз менен кайрылып, учурда кароодо турат.

Аты аталган министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстан эгемендүүлүктүү алгандан бери 25 миң этникалык кыргыздар келишип, анын 22 миңи кыргыз жарандыгын алышкан. Учурда, алардын 40% ка жакыны турак-жайга муктаж жана 70% жакыны жерди ижарага алып, айыл-чарба өсүмдүктөрүн эгип, жан багышат. Ал эми 20%ка жакын атуулдар жер алышып, үй салууга жетишкен. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги билдирди.

Кыргызы в Китаев

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.