Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Экономика

Бишкек Таймс: Энергетика тармагын менчиктештирүүгө кандай карайсыз?

Авторы Mirsulzhan on Monday, 28 April 2008
Экономика
Пікір жоқ

Бишкек-таймс гезити белгилүү адамдардан энергетиканын менчиктештирилүүсү тууралуу сурак жүргүзгөн. Кыргызстандагы солчул идеялардын күчөп турганын жооптордон окуп билсе болот.Төлөйкан Исмаилова, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун директору:- Кай жакка баратабыз, биз баарын ачык көрүп турушубуз керек. Биздин өкмөткө канчалык ишенсек болот? Ал жарандардын социалдык-экономикалык укугун коргой алабы? Мен терең гуманитардык кризис болуп кетеби деп чочулап турам. Мындай кризис жаштардын, студенттердин, пенсионерлердин катмарына тиет. Төрт инвестор бар деп атышат. Депутаттар болсо приватташтыруу жөнүндө мыйзам кабыл алыша элек. Ачык тандоо, конкурс, тендер кайда?Кутбидин Мураталиев, мугалим:- Энергетика тармагы стратегиялык маанидеги тармак катары мамлекеттин эле колунда калса болмок. Жаңылык деле жок, параны мурда контролер алса, эми милиционер алат экен, айырмасы канчалык?Азиза Абдрасулова, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы:- Бизди эртең эмне күтүп турат? Тариф кандай болот жана аз камсыз болгон үйбүлөлөргө кандайча колдоо көрсөтүлөт? Биздин энергетика кимдин колуна тиет? Эң башкысы убада этилгендей болбой калса ким жооп берет? Туура, ачык маалымат берип приватташтыруу жакшы экенине бизди ынандырышса болмок. Кийин таптакыр жарыксыз отуруп калбасак болгону.Турсун Турдумамбетов, Маммүлктү башкаруу боюнча мамкомитеттин төрагасы:- Өлкөнүн бюджети жылдан-жылга биринчи иретте жеке менчиктеги ишканалардын төлөгөн салыктарынын эсебинен көбөйүүдө. Жеке менчик ишканалар гана ийгиликтүү иштешүүдө. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик ишканалардын жабдуулары эскирди, аларды оңдогонго мамлекеттин алы жетпейт. Ошондуктан биз аларды жеке инвесторлорго берүүгө аракеттенүүдөбүз. Энергетика тармагы деле ошондой. Биз бөлүштүрүүчү компанияларды гана сатканга уруксат бердик. Энергия иштеп чыгуучу жана жеткирип берүүчү компаниялар сатылбайт. Бардык рычагдар мурдагыдай эле биздин колдо калат.Юрий Данилов, ЖК депутаты:- Энергетика тармагын приватташтыруу боюнча 1997-жылы кабылданган. 1999-жылы аягына чыгышы керек эле, бирок бүткөн эмес. Тармактын абалы кейиштүү чекке жетти, алардын бирин да ремонттоп же жаңылаган жокпуз. Муну мындан ары создуктурууга болбойт.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.