Визасыз режимди колдоо боюнча ачык кат
ЭкономикаПікір жоқ
Коомдук уюмдардын коалициясы жана бизнес коомчулук Жогорку Кенешти 41 өнүккөн мамлекеттер үчүн визасыз режим боюнча, мыйзамды кабыл алуу процессин тездетүүгө чакырат.
Биринчи сунушталган тизмеде 57 мамлекет үчүн визасыз режимдин киргизилгендигине карабастан, коомдук уюмдардын коалициясы жана бизнес коомчулук даярдалган мыйзам долборун толук колдойт.
Кыргызстан азыр оор экономикалык абалда турат. Апрель революциясынан кийин болгон трагедиялык окуялар, мамлекеттин инвестициялык жана туристтик жагымдуулугун төмөндөттү. Ушул жылдын 1 июлунан баштап толук иштеген Бажы Уюму мамлекеттин экономикасына терс таасир тийгизип жатат, мындай таасир келечекте дагы күчөшү мүмкүн. Бажы Уюму товарлардын экспортуна жана реэкспортуна чоӊ тоскоолдук болуп калды. Ушуга байланыштуу башка тармактардын өнүгүшүнө болгон тоскоолдуктарды алып салуу, актуалдуу жана маанилүү болуп саналат.
Биздин мамлекет туристтик статусу менен Меккедей болуп мактана албайт. Кыргызстандын конкуренттик артыкчылыктары Түркия, Франция, Малайзия, Таиланд мамлекеттерине салыштырмалуу аз. Туристтик агымдар үчүн мамлекеттер арасында конкуренциянын деӊгээли бийик. Парламент өзүнүн чечими менен Кыргызстандын конкуренттик артыкчылыктарына бир маанилүү артыкчылыкты кошо алат – бул визасыз режим.
Виза потенциалдык туристтерди качыра турган бюрократиялык тоскоолдук. Туристтер документтерди чогултууну, татаал процедураларды өтүүнү жана визаны күтүүнү талап кылбаган мамлекеттерди тандашат.
Манас аэропортуна учуп келер замат виза алуунун жеӊилдетилген режими иштейт. Бирок, учуп келген адамдар үчүн ал жеӊил болуп сезилбейт. Ал жерде катар катар элдер топтолуп, консулдар көп учурларда кечигип, 2 сааттык түшкүтамак ичүүгө кетип калышат, туристтерден акча талап кылып, коркутуп-үркүтүүлөр болот, виза алгандарга дайыма эле калган акчасын беришпейт жана башкалар. Белгилеп кетиш керек, мамлекетке кирүү үчүн башка өткөрүүчү пункттарда жеӊилдетилген виза алуу режими жок.
Өнүккөн мамлекеттер бири бирине визаларды мурда эле алып салышкан, ошону менен өздөрүнүн жарандары үчүн туристтик, иш боюнча, маданияттык жана жеке максаттар менен эркин жылып жүрүүгө жол ачышкан. Эгер өнүккөн мамлекеттердин жарандары үчүн визалык режим сакталып калса, балким Францияга 2010 жылы 76,8 млн. адам, кичине Малазияга 24,6 млн. адам барбайт болчу.
Визаны алып салуу бизнес абалды жакшыртат жана бай мамлекеттер менен иш боюнча жана маданияттык байланыштарды бекемдөөгө жардам берет. Туризм тармагы кичине жана орто бизнестин өнүгүшүнө жардам берет, жүз миӊдеген жумуш орундарын жаратат жана мамлекеттин социалдык-экономикалык стабилдүүлүгүнө салым кошот. Бул тармак мамлекеттик чоӊ салымдарды талап кылбайт, өнүгүшүнө бир гана жагымдуу шарттар керек. Кыргызстанда туризм тармагынын өнүгүшү, ушуга чектеш тармактардын өнүгүшүнө жардам берет.
2010 жылы эл аралык туризмден түшкөн кирешелер 919 млрд. долл. түздү. Дүйнөлүк соодасында туризм тейлөөс менен 30дан ашык пайызды түзөт. Дүйнөлүк базарда туристтик продукциялар нефть сыяктуу эле бирдей деӊгээлде турат. Жыл сайын туризм тармагына түшкөн инвестициялар 35 пайызга өсүп турат. Туризм эӊ пайдалуу бизнестердин бир түрү болуп, бүгүнкү күндө дүйнөлүк капиталдын 7 пайызына чейин колдонот. Көпчүлүк мамлекеттерге туризм негизги экономикалык тармак болуп саналат (Кипр, Малайзия, Таиланд, Египет жана башкалар).
Мурдагы Союз мамлекеттердин арасынан Грузия жана Украина өнүккөн мамлекеттер үчүн визаны алып салуу боюнча тажрыйбасы бар. Визаны алып салуунун натыйжасында туристтердин саны Грузияда 300 миӊден 2003 жылы 2 млн. адамга чейин 2010 жылы өстү, алардын арасынан өнүккөн мамлекеттерден келген туристтер 30 пайызды түзөт (600 миӊ адам). Туристтердин агымы 6,5 эседен ашуун өстү.
Украина дагы туристтердин агымынын өсүүс менен оӊ натыйжаларга жетти. Украина визаларды 2005 жылы алып салды. 2004 жылы Украинага 15,6 млн. адам барса, 2008 жылы алардын саны 25,5 млн. жеткен. 3 жылдын ичинде туристтердин агымы 10 млн. адамга өстү. Туризм тармагынан түшкөн кирешелер $5,8 млрд. чейин өстү.
Малайзия 80 өнүккөн мамлекеттер менен визасыз режимди колдонот. Ушуну менен 2009 жылы чет өлкөлүк туристтердин саны 3 эсе өстү, тармактын кирешелери визалык режим бар учурдагы жылдарга салыштырмалуу 300 пайызга өстү.
Визанын алып салуусу туристтердин агымын көбөйтөт деп туризм тармактагы адистер айтып жатышат. Адистердин эсеби боюнча, мыйзам кабыл алынса, 2012 жылда өнүккөн мамлекеттерден келген туристтердин агымы 30 пайызга өсөт, бул мамлекетке кошумча 670 млн.сом киреше алып келет. 2014 жылы өнүккөн мамлекеттерден келген туристтердин агымы эки эсе өскөн учурда, туризм тармагынын жалпы кирешеси 4,6 млрд. сом түзөт.
Башка тармактар менен байланышы жок экономиканын тармактары болбойт, бир тармакта кирешенин өсүшү, башка тармактардагы кирешелердин өсүшүнө алпарат. Мультипликативдүү эффект менен экономиканын жалпы кирешеси, туризм тармагынын кирешесине салыштырмалуу чоӊ акчаны түзөт. Элдин сарптоого болгон шыгын эске алуу менен кирешелердин мультипликатору төрткө барабар. Демек, 2014 жылы туризм тармагынын кирешелери менен байланыштуу, экономиканын жалпы кирешеси 18,4 млрд. сомду түзүшү мүмкүн.
Туристтердин агымынын өсүшү туризм тармагындагы конкуренциянын, тейлөөнүн, инвестициялык активдүүлүктүн өсүшүнө, инфраструктуранын жакшырышына жана бюджетке түшүчү каражаттардын өсүшүнө алпарат.
Визасыз режимди киргизүү туристтик тейлөөлөрдүн экспортун диверсификация кылууга жана КМШ мамлекеттеринин туристтеринен көз карандуулукту азайтууга жол берет.
Визасыз режимди киргизүү мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч болот деген айтуулардын түбү жок. Өнүккөн мамлекеттердин жарандары улуттук коопсуздукка эч кандай коркунуч туудурбайт.
Белгилеп кетиш керек, Жогорку Кенеш визасыз режим жөнүндө мыйзамды кабыл алуу менен виза берүү процессиндеги коррупцияны жана көмүскөй агымдарды жоготот.
Визасыз режимди киргизүүнүн натыйжаларын талкуулоо учурунда визасыз режимдин пайдалары зыянына караганда көбүрөөк болуп чыгат.
Сооданын жана тейлөөнүн оазиси болгонго, Борбор Азиянын туристтик жана иш борбордун статусун алганга Кыргызстандын потенциалы бар.
Борбор Азиядагы эркин базар институту (CAFMI)
Эл аралык ишкерлер совети (ЭИС)
Кыргызстандагы ишкерлер союзунун туризм боюнча совети (КИС)
Жаш Ишкерлер Ассоциациясы (ЖИА)
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы
Жарандык анализ институту
Партнерлук группа «Прецедент»
Либералдык жаштардын клубу (КЛМ)
Жарандык билим берүү институту (ICE)
Коррупцияга каршы ишкерлер совети (КИС)
Мүмкүнүлүгү чектелген жаштар кыймылы
“Психикалык саламаттуулук жана коом” коомдук фонду



Акыркы пикирлер