КыргызТелеком Оффшорго Кетти
ЭкономикаПікір жоқ
«Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун 78% акциясы курамында «Ала-Тоо Кени» ачык акционердик коому бар төрт юридикалык тараптан турган концорциумга сатылды.
«Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстандын мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов маалымдагандай, акциялар пакети Кыргызстандын алыскы айылдарын максималдуу түрдө телефон байланышы менен жабдуу, мамлекеттик телеканалдарды көрсөтүүнү камсыз кылууда КРнын гана тариф саясатын колдонуу шарты менен 1 млрд. 628 млн. сомго бааланган.
Консорциум 1 млрд. 788 млн. сом башкача айтканда 40 млн. АКШ долларын “Кыргызтелекомдун” 78% акциясы үчүн сунуштаган. Консорциум жакынкы төрт жыл аралыгында компанияны өнүктүрүү үчүн 200 млн. доллар инвестиция бөлүүнү да убада кылган.
Кыргызтелекомдун азыркы учурда оффшордук компанияларга сатылып кеткендигинен кажет жок. Ал тууралуу мисалы Joeface төмөндөгүдөй “No Comment” пост жазган.



Акыркы пикирлер