Кыргыз Протекционизми: Алкологду коргоо катасы
ЭкономикаПікір жоқ
[inspic=235,,,200]Кыргыз Өкмөтүн чочулаткан дагы бир көйгөй пайда болду: өлкөгө болгон алкоголдук продукциянын импорту көбөйүүдө. Биринчи вице-премьер, бизнесмен Өмүрбек Бабанов бул маселени жыйындан уккан соң, импорттун санын азайтуу үчүн акциздик налогдорду чоңойтуп, алкоголду сатуу үчүн кандайдыр бир бөлүк жергиликтүү продукция болуусу керек деген пикирге келишти. Бул кантип Кыргызстандык кардарларга жардамын тийгизет?Ансыз деле өлкөдө расмий маалымат боюнча алкоголдук бизнестин 40% легалсыз түрдө ишке ашырылат. Чет өлкөдөн келген продукциянын салыгын көбөйтүү бул анын баасына абдан чоң таасир тийгизет, жана кардар аны кымбат баада сатып алып баштайт. Арзандатуу негизинде башка ишмерлер мыйзамсыз түрдө алып кирип, сатуунун камын көрүшөт. Бул учурда, мамлекетке салык катары акча дагы түшпөй калат да, баягы эле паракорлордун маңдайына чырак тамызылат.



Recent Comments