Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Экономика

Северэлектрону Тышкы Инвесторго сата албадыкпы?

“Түндүк электр” ачык акционердик коомунун (ААК) мамлекеттик акциялар пакетин «Чакан ГЭС» ААКы  тендерде утту деп табылды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстандын мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов билдирди.

Анын айтымында, тендерге үч компания- Кыргызстандын «Чакан ГЭС» ААКы,  Россиянын «Союзгидроспецстрой» жоопкерчилиги чектелген коому жана   Казакстандын «ГЭС ЭнергоАлматы» жоопкерчили чектелген шериктештиги  катышкан.

Министр белгилегендей, өткөн жылы “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун (ААК) мамлекеттик акциялар пакетин сатуу эки жолу жүргүзүлгөн. Бирок конкруска катышуу тууралуу  билдирүү болбогондуктан, ал өткөн жок деп табылган. Мындан соң баа коюлбаган конкрус жарыяланган.

Тендердин жеңүүчүсү «Чакан ГЭС» ААКы- 88% мамлекеттик акция үчүн   3 млн. доллар сунуштап жана 10 жыл аралыгында  компанияга 74 млн. доллар  инвестиция жумшоону убада кылган.

Чакан ГЭСти көпчүлүк учурда эффективдуу жергиликтүү компания деп билдиришет. Бирок, тышкы инвесторлорго чыксак балким жакшы болоор беле?

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.