Ысык-Көлдө эсалуунун баасы дагы кымбаттады
Баалардын өсүүсү албетте берметтей болгон Ысык-Көлдөгу эс алуу жайларына тийишпей коймок беле. Кай-бир бейформал билдирүүлөргө караганда, пансионатта эсалуунун баасы быйыл 20 пайыздан дагы ашып түштү деп билдиришет.Бул баанын өсүшүнүн негизги себептери болуп газ, нефть жана электрокүчтөрдүн туруш баасынын көтөрүлүштөрүндө, жана албетте алардын натыйжасында келип чыккан тамак-аш продуктуларынын кымбатташы. Кабар агенттиги «Бүгүнкү Казакстан» гезитине чыккан маалыматты өз бетине чыгарган:
“Казакстан сегодня” маалымат агенттигинин иликтөөсү боюнча Ысыккөлдөгү пансионаттарга путевканын баасы быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 15 – 20 пайызга жогорулаган. Мындай өзгөрүү азык – түлүккө карата баанын өсүүсүнө байланыштуу болууда. Мисалы, анчалык кымбат эмес деп саналган пансионатта бир күн эс алуу акысы үч маал тамак – ашын кошкондо 25 АКШ доллары турат. 2007 – жылы бул баа 20 доллар болгон. Мындан шарты жакшы пансионаттардын баасы 120 – 140 доллар (2007 – жылы 100 – 110 доллар). Ал эми ысык суусу, бассейни жана башка баардык шарты жогорку деңгээлдеги “Карбен 4 сезонго” пансионатында бир күн эс алуу баасы 200 доллар (2007 – жылы 150 – 160 доллар болгон).Бирок казакстандык эс алуучулар Кыргызстан туристтик сезонго канчалык көңүл бурган менен путевканын баасы наркына жараша болбой жатат дешүүдө. Кыргыз өкмөтүнө караштуу Туризм агенттигинин маалыматы боюнча быйыл Ысыккөлгө бир жарым миллионго жакын турист келиши мүмкүн. Алардын 60 пайызы казакстандыктар жана калганы Россия, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин эс алуучулары болот.
Баса, кошумчалай кете турган нерсе, Ысык-Көлдүктөр туристтик акыбалдын жакшы болуп туруусун гана көздөйт. Ал тургай, кээде пансионаты бар, же болбосо ошол жерде иштеген адамдарга жолугуп калсаң, алар «бизге саясаттагы туруксуздук абдан терс таасирин тийгизишет. Көпчүлүк учурда биздин конкуренттер – бөлөк өлкөлөр – ушундай мүмкүнчүлүктөн колдоно калышып, өздөрүнүн өлкөлөрүнө туристтерди алып келип калышат», деп калышат.



Биздин эле Ысык-Колдо ар кандай жакшы пансионаттар бар. Ошол пансионаттар да жетпей эл коптугунон дагы котедждер, гостиницалар салынып жатат.Мисалы алсак, Былтыр биздин Ыссык-Колдо эс алуучу эл коп болуп пансионаттарга батпай жатышты. Ошол себептен биздин Ыссык-Колдо эс алуунун баасы кымбаттап жатат. Азыркы учурда пансионаттар жетишпей дагы салынып жатат бирок дагы которулобу деген суроо турат ал жонундо кантип билебиз?
[Reply]