Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Экономика

Экономиканы либералдаштыруу тенденциясы кризистен алып чыгуусу абзел.

Кыргызстандагы экономика адистери тээ 2005 жылдан бери эле Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө экономиканы либерализациялоо керектигин айтып келишкен. Тилекке каршы, булл суранычтар иш жүзүндө тургай, өлкө башчысынын декларативдик кайрылууларына дагы кирген эмес. Ал эми 2007-жылдан баштап башын көтөрүп калган экономикалык кризис, булл абалдан кантип чыгуу амалдарын издөөгө мажбурлады. Эми, бийликтин директиви боюнча, Кыргызстандын экономикасы эркин экономикага айланышы керек.Ошол эле ушул жылдын 20 январында Курманбек Бакиев тарабынан айтылган жаңы экономикалык программа (НЭП) либералдык нормаларды камтыганы менен, көптөгөн суроолорду жаратат.Ошол эле менчиктештирүү процесстери кандай түрдө ачык жана таза өтүү механизмдери, мамлекеттик кызматта иштеген кадрлардын аң-сезимин жана ишке болгон мотивин жогорулатуу, жана ошондой эле бажы саясатын реформалоо багытындагы ачык-айкын иш-аракеттердин басылып белгиленбей калгандары, бул программанын канчалык деңгээлде эффективдүү болоору тууралуу божомол курууга тоскоолдук кылууда.Жеке менчик баалуулуктары, жумуш берүүчүлөрдүн укуктары, административдик жана бажы тоскоолдуктарды жоюу маселелеринин көтөрүлүшү жүрөк жылытпай койбойт. Ошентсе дагы, инвесторлордун үрөйлөрүн учурган Промстройбанк, Ысык-Көл банкатарынын үстүндө болгон рейдерстволор, «Кумтөр оперейтинг компании», «Андаш голдмайнинг компани» аттуу алтын-кен менен иштешкен ишканалардын үстүнөн жөнү жок сурактарды жүргүзүп, контракттарды өзгөрткөнгө чейин барган окуялардын азыр кайтадан кайталанбасына ким кепилдик берет деген суроо дагы пайда болот.Ошондой эле, Жаңы экономикалык саясат тууралуу К.Бакиев кеп кылганда, ал соттук корпустун көз-карандасыздыгы жөнүндө сөз козгогон. Бирок, үч жылдан бери бул сектордогу реформа ишке ашпай, алигече саясый куугунтуктар болуп, соттор көз-каранды болуп тургандыгы азыр бардыгына эле белгилүү. Бул учурда, чет элдик инвестицияны тартуу абдан кыйынчылыкка тураарын бийлик башындагылар түшүнүшсө керек.Курманбек Бакиевдин ушул айдын жыйырма үчүндө сүйлөгөн сөзүнө маани бурмак элем. Анын айтымында, белди бек байлап, баарынан биринчи мамлекеттик башкаруу системасында кажетсиз чыгымдардан баш тартуу керек. Бул реформалардын кандайча өтөөрүн көрө жатарбыз.Неси болсо дагы, эркин рыноктун нарктарын көтөрүп чыгып, ал системанын Кыргыз экономикасына жардам берээрин түшүнүшкөндөрүнө деле чоң рахмат. Бир гана, айтылган сөз балп этип жолдо калбастан, кичине дагы болсо аракеттер көрүлсө экен деген гана үмүт.

1 пікір »

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.