Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Медиа

Беш себеп: Эмне үчүн блогдошуу Кыргызстанда өнүгүшү керек

Алгач, тизмелеп жаза кетсем:1. Сөз эркиндиги2. Массалык маалымат каражаттарынына альтернатива түзүүчү күч3. Саясый маданияттын/демократиянын өнүгүүсү4. Коомдук тармакташуу5. Интернеттешүү процессин тездетүү үчүнАлбетте, бул менин талдоом жана классификациям. Демек, балким бардык тармакты ала албай, толук эмес болуусу мүмкүн. Бирок, менин оюмду түшүнүү үчүн ушул макаланы акыр-аягына чейин окуп чыгыңыз.Эми ар бир пунктка бирден параграф берип, эмне үчүн блогдошуу (блоггинг) биздин өлкөбүздүн өңүгүүсүнө жардам берээрине көз жүгүртөлү.1. Сөз эркиндиги. Ооба. Азыркы учурда бардык өлкөлөрдө интернет өнүгүп-өрчүп жаткандыктан, мамлекет башчылары интернет-колдонуучуларга каршы эмне гана уюштура койсом деп башын мыкчып олтурушат. Ал эми интернетте аныгы сөз эркиндигин көтөрүп чыгып, ММКлар бербеген маалыматтарды, эч кандай тыюуга карабай өз блогдоруна чыгарып жаткан кербездери. Авторитардык өлкөлөрдөгү блоггерлер көбүн эсе атын жашырып, ар-кыл жасалма аттарды өздөрүнө ыйгарып, эч кандай коркпостон нака чын маалыматтарды таркатышууда. Бул албетте интернеттин эң позитивдүү жетишкендиктери болуп эсептелет. Демек, азыркы Кыргызстандын жаңыдан демократия жолуна түшүп, алигече кепилдик бере албаган бийлик жөнүндө жазуу үчүн блогду колдонсо – эч кандай коркунучсуз, жана калын аудиторияга маалымат тарката алышат.2. Массалык маалымат каражаттарынына альтернатива түзүүчү күч. Жогоруда айтып кеткендей, блогдор массалык маалымат каражаттарын кандайдыр бир деңгээлде ээлеп, чыныгы журналисттердин ролуна киришет. Блог жазууда эч кандай цензура, редактор жок болгондуктан, адамдар өз ойлорун так жана айкын билдиришип, мамлекетте эмне болуп жаткандыгы жөнүндө кабар беришет. Биздин Кыргызстанда кай-бир эларалык радио, интернет-гезиттеринен башка маалыматты эч кимге тартпастан бере ала турган каражат деле жок. Мына ошондуктан, интернет колдонуучулар, блог ачса боло турган бекер платформаларга (маселен: livejournal.com, wordpress.com, kloop.kg, blogs.akipress.org) киришет да, ал жерден өздөрүнө счет (account) ачышып, андан соң, кадимки эле электрондук дарек менен колдонгондой эле ар-кыл макалаларды (блог тилинде «пост» деп аталат) жазуу менен аудиториясын кеңейтип, ойлогон оюн, билген маалыматын жаза алат.3. Саясый маданияттын/демократиянын өнүгүүсү. Албетте. Кантип эле сөз эркиндиги менен альтернативдик массалык маалымат каражаттары пайда болгон соң укуктук мамлекет түзүүгө, демократиялык институттарды өлкөдө орнотууга эшик ачылат. Мындан тышкары, блоггерлер жөндөн-жөн жалаа жаап, же болбосо туура эмес маалыматтарды таркатуудан алыс болушат: себеби алар өздөрүнүн даражасын сый тутуп, ар-дайым туура, так жана керектүү маалыматтарды таркатуу менен алек болот. Кыргызстанга дал ушул нерсе керек болбогондо, дагы эмне керек?4. Коомдук тармакташуу. Бул термин аркылуу мен англисче «social networking» дегенди түшүндүрмөкчүмүн. Мунун негизги фишкасы – биздин өлкөнүн дүйнөлүк интернет тармагын колдонуучулардын бири-бири менен байланышып, бири-биринин ой-пикири менен таанышууга жол берет. Бул аркылуу, бири-бирине ишенген адамдар маалыматтардын туура-туура эмес экендигин талдап, анан туура чечимдерге баруусуна алып келет. Демек, блогдун «коомдук тармакташуу» касиети – биздин өлкөбүзгө дагы абдан керек(!).5. Интернеттештирүү процессин илгерилетүү. Албетте блогдошуунун ушул акыркы функциясы дагы биздин коомчулук үчүн көптөгөн натыйжаларды алып келүүсү – алакандай ачык көрүнүүдө. Интернетте канчалык туура маалымат болуп, адамдар ага ишенип башташса, анда ошончолук интернет тармагын колдонуучулардын саны өсүп, дегеле интернеттештирүү процесси кыйла илгерилейт.Сиздин кандай оюңуз бар?

6 пікір »

  • [...] Пять причин, почему блоги в Кыргызстане должны развиваться Автор Mirsulzhan | в Кырнет, Молодежь, Блогсфера | October 15th, 2007 метки: нет меток Это перевод статьи Кыргызстанского блоггера Мирсулжана Намазалиева. Оригинал статьи находится здесь. [...]

  • Причины конечно, достойные, но блогосфера должна развиваться и там, где все эти пять причин не являются причинами.
    Айыр қалпақты ағайындарға шоң сәлем жолдаймын! ҚырғызНЕТ дами берсін, алға, қырғыз бауырлар! Қазақ – Қырғыз – бір туған!!!

    [Reply]

  • [...] | in Blogging, Opinion | on October 15th, 2007 Tags: No Tags This is a translated excerpt of Misulzhan’s post from the Kyrgyz-language [...]

  • Арууке Байгана says:

    “мамлекет башчылары интернет-колдонуучуларга каршы эмне гана уюштура койсом деп башын мыкчып олтурушат.” :) Мирсулжан, сенин ушул суйломун оло сонун, образдуу берилиптир. Анан да кыргызчам жаман деп коесун :)

    [Reply]

  • Mirsulzhan says:

    technosyndrom, абдан чон рахмат. Казакча кыргызча окшош болгондуктан, бири-бирибизди жуз пайызга эле тушуно тургандайбыз :)

    [Reply]

  • Mirsulzhan says:

    Арууке, эптеп септеп ушундай создор эсиме келип атышпайбы. Ит клыып, ТВден же радиодон суйлогондо такалып-какалып калам :) Рахмат!

    [Reply]

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.