Блогчулар Блогду Талкуулоодо
МедиаПікір жоқ
27 мартта Алтын Ажыдаар мейманканасында Бишкектеги Тирүү Журнал, kloop, Дизель, Акипресс ж.б. платформаларынын блогчулары жолугушту. Жолугушуу Сорос-Кыргызстан фонду тарабынан каржыланып, незизги максаты блогдорго жаштардын кошулуп, коомдук талкуулоолорду күчөтүүсү болду.Талкуулоо тарабын мен модерация кылып жатып, көп нерселерге көңүл бурдум.Биринчиден, блог деген түшүнүк интернет колдонуучулардын арасында терең камтылган эмес. Көпчүлүгү электрондук даректер, одноклассники ж.б. чаттарда олтуруп, убакыттарын өткөзүшөт.Экинчиден, блогго коомчулукту тартуу үчүн алардын ар бир сегментке баалуулуктарды жаратып, кандай пайда табуулары мүмкүң экендигин көргөзүү зарыл. Маселен, Нарындык блогчуга анын Бишкектеги адамдар менен таанышаарын, Таластан дос күтөөрүн, Баткенден окулаарын көрсөтсөк, анда мотивация пайда болот.Үчүнчүдөн, блогду өнүктүрүү боюнча иштешип келген уюмдар блог коомчулугу менен келишимге келип, бириккен иш-аракеттери жасалса, анда жыйынтык андан дагы көбүрөөк болот.



Акыркы пикирлер