Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Медиа

“Правда” чындыкты гана жазат?!

Мамлекеттик гезиттерди сатып алууга мажбурлоо алигиче уланып келе жаткандыгын бардыгыбыз деле билсек керек. Ошентсе дагы, бул фактылар мамлекеттик ишканалардын кантип “жыйынтыктуу” иштеп жаткандыгы тууралуу кабар берсе керек. [inspic=270,left,fullscreen,300]Азаттык үналгысыны Нарын шаарындагы мектептерде «Эркин Тоо», «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Кут Билим» жана жергиликтүү облустук «Теңир Тоо» гезиттерине алдыдагы жыл үчүн жаздыруу жүргүзүлүп, анын акчасын мугалимдердин эмгек акысынан кармап калуу пландары тууралуу билдирген.

- Биз ар бирибиз 96 сомдон акча берет экенбиз. Мындай бөлүштүрүү Нарын шаарына аябай көп берилген экен. Биз минтип гезиттерге жаздырууга каршыбыз, -дешет мугалимдер.

Административдик ресурс шайлоо учурунда гана иштебестен, күнүмдүк турмушта дагы терең колдонулуп келе жаткандыгы, жана мугалимдердин өз аттарын айтуудан айбагып жаткандыктары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин кескин кыскаргандыгын, жана Совет доорунун тажрыйбасына кайрадан баш багып жаткандыгын түшүндүрөт.

Сүрөт 2008 жылы Нарын шаарында тартылган, жана ал Мирсулжан Намазалиевге таандык

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.