Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

Кыргызстан секс кызматкери!

Авторы Асель Шабданова on Sunday, 30 January 2011
Коом
2 пікір

20 январда Бишкекте “ Секс-жумушчулардын (СЖ)  тең коргоону жана мыйзам менен соттун алдында теңдикке болгон укугун сактоо” боюнча тегерек стол болуп өттү. Чогулуштун организаторлору -коомдук бирикме “Таис плюс”  : “Күнүгө мыйзам коргоочулар секс-жумушчулардан 150 сомдон 150 долларга чейин опузалап алышат,”- деген жарыялоону кылышты.

Айтып кетсек, жогоруда эскерип кеткен организация 2000-жылы  официалдык түрдө каттоодон өтүп, алдыңкы максат катары секс-жумушчулардын укуктарын сактоону эсептешет. Мүчөлөрүнүн көбүраак саны азыркы кезде же мурда  секс-жумушчу болгон.“Таис Плюс” организациясынын мүчөсү Жанна Абдышованын  маалыматы боюнча, 150 сомдон СЖлар мыйзам коргоочуларга приемникке барбаш үчүн беришет. Эгерде түнкү көпөлөк приемникке түшсө, 3-4миң төлөп гана чыга алат. Алардын айтышы боюнча, бир чоң рейд убактысында милиция 70 ке жакын элиталык, көчөдө турбаган, проституткалар кармалып, приемниктин башчысы имараттын ремонтуна деп, 150 доллардан чогултуп алган. Мындан башка төмөнкүдөй да окуялар айтылган. Эгерде СЖнын жанында акчасы болбой калса, кыз досторуна чалып, алар аны “сатып алышат”.Эгере достору да жок болуп калса, милиционерден карызга алып турушат, колундагы болгон кымбат нерселерди беришет, же приемникте полдорду жуушат, же “натура” менен  төлөп чыгышат. Милиционерлер проституткалардын телефондорун тартып алышып, туугандарынын же досторун  даректерин, номерлерин билип алышып, денесин сатып тиричилик кылган кызды, кылган жумушунун чындыгын айтып коеру менен коркутушат.

Мындан тышкары, проституткалар топтук  зордук-зомбулуктарга “субботниктерде”   учурашат. Тегерек столдо айтылып кеткен окуя боюнча, төмөндөгүдөй көрүнүш Токмок шаарында 2010 жылдын июль айында болуп өттү. Милиционер кызды саунадан алып келишип, тоодо сабап салышкан. Кыз милицияга арыз менен кайрылганда, дежурный алгандан моюн тарткан, ошондой эле прокуратурада да албай коюшкан. Прокуратурадан кайтып келе жатканда, жолдон кармап калышып, милиционерлер кызды эки сааттын ичинде шаардан кетип калуусун талап кылышкан. Айткандарын аткарбаса, “тоодо чиримек”. Ал кыз шаардан кетүүгө аргасыз болгон.

Секс-жумушчулар эркиндикке жана коопсуздукка, дискриминацияланбоого укугу бар экенин, организациянын мүчөлөрү жарыялашты.

Болуп жаткан көрүнүштөр бул себеп-натыйжалуу байланыштардын жыйынтыгы. Мындайча айтканда, мындай “экинчи сорттук” жумуш кылбаганда, бул “байкуштар” мындай азаптарды тартмак эмес.

Азыркы күндө проституция сферасы Кыргызстанда  өөрчүп-өнүп жатат. Ошондой эле чет өлкөдөгу кыргыз кыздар туугандарын алдашып,  бузуку жолго түшүшү сейрек кездешүүчү көрүнүш эмес. Албетте, талап  сунушту пайда кылат. Форумдарды ушул суроо боюнча карап, бир докладка кезиктим. Darel аттуу жазуучу 8 айдын ичинде проституткалардын арасында изилдөө жүргүзүп, төмөнкү чечимдерге келиптир: көбүнчө бойдок кыздар түшүнгөн, жакшы күйөөнү издешет экен. Бирок, эгерде күйөөлөрү сексуалдык жактан канаатандырбаса, анда башка эркектердин кызматына кайрылаарын жоктогон жок. Башка бөлүгү турмушка чыккандар.Алар акча табууну гана көздөшөт, көбүнчөлөрүнүн күйөөлөрү билет, жадагалса жумушунан тосуп алышат, балдары бар. Үчүнчү бөлүгү, жаш кыздар, жумушунун жакканына иштешет. Албетте, алардын келбети да сүйкүмдүүрөөк, баасы да кымбатыраак. Оокаттуу  эле үй-бүлөдөн, машинасы бар, сауналарда жана чакырым  боюнча иштешет.

Кээ бирлери жашоонун жакшылыгынан келбегенин айтышса, кээ бирлери кыйналып башка жумуш аткаргандан моюн тартып, оңой акчадан жийиркенбегенин танышпайт. Албетте, ар биринин башка жолу бар, башка мүмкүнчүлүктөрү бар.

Проституция бүгүнкү күндө  мыйзам боюнча легалдык эмес болуп саналбаса дагы, легалдык да түргө айланган жок. Коомдо бир топ эле көрүнүктүү адамдар легализациялоо үчүн.Статистика боюнча, бул сфера абдан кирешелүү болгондуктан, азыркы учурда теневой бизнеске кошулуп кетет. Секс-жумушчулары “крышаларына”, сутенершаларына бергендин ордуна, мамлекеттик казынага салынышын көздөгөн чиновниктер аз эмес. Албетте, мамлекет үчүн бир гана киреше алып келеби эмес, коомдун моралдык бузулушу  чоң социалдык көйгөйү болуш керек. Азыркы түнкү көпөлөктөрдүн балдары -кийинки муун кандай болот?

Эмне үчүн мамлекеттеги акыркы маалдагы исламдын өөрчүшүн эске алсак , эски салттардын бузулушун айтпай эле коёюун, бузуку кыздардын саны өсүүдө?

2 пікір »

  • Bakytbek says:

    Kyrgyzsstandagy business sektorlordun arasynda kölömü eng chon sektor ushul sektor dep aytılıp jurot.Miyzamdashtyryp mamleketke kireshe kirsin degender da jok emes.Birok koomdun buzulushu ushul nersede jatat. Bul sektordu tamyrynan joyup saluu mumkun emes.Tarihiy jana socialogiyalık fakt bul.Bolgonu bir kıyla azaytuuga mumkun.Al da jalpı ekonomikalık onuguu menen chechse bolot. Eldi jumush ordu menenn kamsyzdalganda gana chechilishi mumkun.

    [Reply]

    Максат Reply:

    ishtegenge azyr dele jer tapsa nolot degen oidomun.ozulorunun vyboru

    [Reply]

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.