Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом, Маданият

Москвадагы «Ѳзгѳн» кафеси

Москва шаары дүйнѳдѳгү ири шаарлардын бири. Ал жерде биздин мекендештер аябай кѳп. Кѳбү кара жумушта иштегени менен, ал жакка кеткендердин арасында , ѳз алдынча бизнес ачып, бир эле материалдык жактан эмес, Кыргызстандын маданиятын, тамак ашы аркылуу тараткандар да бар. Ошолордун бири,  Москвадагы,  бир нече кыргыз улуттук тамак – аштар кафелеринин кожоюну 43 жаштагы Жапар Калыков.

Ал «Кыргыз Ордо» сайтына берген интервьюсунда тѳмѳндѳгүлѳрдү айтып берген.  Мен орус тилинен кыргыз тилине үзүндүсүн котордум, сиздерге кызыктуу болот деп ойлойм. Жапар  Калыковдун айтымында, анын 5 бир тууганы баардыгы бизнес менен алектенет. Ѳзү үйүндѳ эң улуусу болгондуктан, аларга жол кѳрсѳткѳн.

- Кафелериңизге азык-түлүктү кайдан сатып аласыз?

- Бүт азык-түлүк, бул менин ѳзүмүн чарбаман. Кафеден сырткары, кой ѳстүрѳм, мал бактырам, жашылча жемиштен бери ѳзүбүздүкү. Менин бизнес менен алектенгениме кѳп жыл болду. Башында 20 гектар жер алып буудай септим, түшүм начар болуп, мол түшүм ала албай калганымда, кой, уй багууну чечтим. Аларга эккен данымдын жемин берип семиртип базарга саттым. Базарда соодалашып тургандан жадап, кафе ачууну чечтим.  Ошентип, алгач Бишкекте «Бахчисарай» кафесин ачтым.

- Бахчисарай деп хан ордонун урматына аталдыбы?

- Жок. Бахчисарайдын мааниси- гүлдѳп турган бак. Менин баардык кафелерим, ѳзүм жаратылышты сүйгѳндүктѳн, жаратылыш койнунда. Бишкектеги кафе да шаардан бир аз четирээкте, ВДНХанын жанында, Москвада да ВДНХнын жанында. Себеби бул жерлер жапжашыл, токойлор, суулар бар. Москвадагы кафени да «Бахчисарай» коен деп ойлогом, бирок, бул жакка тура келбейт, кардарлар түшүнбѳй калмак. Ошондуктан, элдин бары билген Ѳзгѳн күрүчүнурматына «Узген» деп атадым.

-Сиз кайдан билим алгансыз?

- Мектепти бүтѳѳрүм менен Россиянын Новосибирс шаарына келип кооперативдик сода институтунун «коомдук тамактануунун инженер-техноллог» адитигин алгам. Аяктаган соң Бишкекте «Ырыскы» ресторанын директору болуп иштеп калдым. 91 жылдары союз урап, кайрадан Новосибирск шаарына келип, Бишкекке Кытайдан келген «Адидас» фирмасынын кийимдерин сата баштадым. Киреше аябай таптым, анда акчаны санабай эле таразага тартып калганмын (күлүп). 93 жылы кайра Бишкекке  келсем,таможняда иштѳѳнү сунуш кылышып, ал жерде 7 жыл иштеп, катардагы инспектордон, жетекчиликке чейин кѳтѳрүлдүм. Ал жактан эл аралык бизнести ѳнүктүрүүнүн жолдорун изилдедим. Андан кийин, дагы бир жарым жыл «Манас» аэропортунда иштеп, аба майданынан жүк ташып ѳтүүнүн жолдорун кѳрдүм. Бул билгендеримдин баарынын менин бизнесимин ѳнүгүүсүнѳ шарт түздү.

- А ресторан бизнесин качан баштадыңыз?

-  2002- жылдан  баштап Финансылык полиция кызматында, жѳнѳкѳй кызматкерден бѳлүмдүн жетекчилигине чейин кѳтѳрүлүп иштедим. Ал жерден салык кодексин, дегеле салык боюнча билимиди терееңдеттим, изилдедим.  2004 жылы бизнеске баш отум менен ѳттүм. Башында, Новосибирскийге жер жемиш, мѳмѳлѳрдү ташыдым. Мен бул бизнестин жолдорун жакшы үйрщнгѳндүктѳн, бат эле пайда таба баштадым.  Мисалы, базарда алма 30 рубльдан сатылса, мен 27 рубльдан сатып жатым. Эмнеге? Себеби, менин жеке 4 принцибим бар: туруктуулук, сапат, башкалардан арзаныраак баа жана жарнама. Башкалар, 20 тонна алпарып, ошол камаздагы алманы  батыраак сатууну кѳздѳсѳ, мен 200 тоннаны арзаныраак, батыраак саттым. Кийин да сатууну ойлодум. Азыркы Убакта, Бишкектен Оштон жерлерди сатып алдым. Ал жакка бактарды эгип, келечекте Россиянын бааардык булуң-бурчуна ташыйм.

- Командаңызга адамдарды тандап аласызбы?

-Менин кол алдымдагылардын баардыгы жакшы адамдар, байлыкка, жакшы жашоого умтулган эмгекчилер. Мен тандабайм, болгону, жылдызыбыз келишсе иштешип кетебиз. Бишкекте ашпозчуларды даярдаган мектебим бар, кафеге ошолор келип иштешет. Менин системам, жѳн гана жумуш ордун түзүү, ар ким ѳзү үчүн иштейт.

- Сиз ѳзүрүздү бактылуумун деп ойлойсузбу?

- Албетте бактылуумун. Эркек киши үй куруш керек, дарак отургузушу керек, анан бала ѳстүрүшсүү керек. Мен кѳп үй курдум, бак-дарактарды эктим, эки уул эки кыздын атасымын.

- Келечекте кандай пландарыңыз бар?

- Роберт Киосаки айткандай, бизнеске тийбеш керек, ал ѳз нугу менен ѳнүгѳт. Ошондуктан менин кѳңүлүм ток, бизнесим ѳз жолу менен ѳсѳ берет. Себеби адамдар, кайсы убак болбосун тамактанышат.

Мени Кыргызстандын келечеги ѳтѳ ойлондурат. Эл менен бийлик тил табыша албай, мамлекетибизде стабилдүүлүк орнобой, ѳнүгүү жолуна түшпѳй жатабыз. Жерибиз керемет, туризмди ѳнүктүрсѳк, мал баксак, бактарды тигип, мѳмѳ-жемиш сатсак жакшы жашамакбыз.  Анын ордуна, ѳзүбүзчѳ согушуп атабыз. Менин эң чоң кыялдарымдын бири, Кыргызстанда мекендештерим, бактылуу, сулуу, бай, болуп, дайыма жылмайып жүргѳндѳрүн каалаймын, алардын арасында мен да жүрсѳм. Андан ѳткѳн бакыт барбы.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.