Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

Сенин добушуң- сенин чечимиң!

Авторы zarina on Wednesday, 11 April 2012
Коом
Пікір жоқ

Жарандык пассивдүүлүк адам укуктарын тепсөөгө алып келет! Ал эми адам укуктарын сыйлоо жана урматтоо көз карандысыздыкты алгандан бери түзуп келе жаткан демократиянын негизги принциптери эмеспи?! Ошол адам укуктарынын бири шайлоого катышып, өз добушуңду өзүң тандаган талапкерге берүү, эч кимдин кыйноосу, алдоосу менен эмес, бир гана өзүң чечим чыгарып келечегиңди кайсы бир деңгээлде оңдогонго кадам таштоо.  Акыркы жылдарда өлкөбүздө чечүүчү көптөгөн шайлоо процесстери болуп өттү. Өлкө тагдырына кайдыгер карабаган жарандар активдүүлүк көрсөткөнү менен өз добуштарынын чечүүчү күчүнө ишенбеген, шайлоонун таза өтөрүүнө ишенбеген жарандар дагы аз эмес. Өзгөчө бул пассивдүүлүктү жаштар арасында байкоо мүмкүн. Же ар кандай саясый өзгөрүүлөрдөн тажагандай же чынында эле келечекке баары бир айтор пессимист, мекенинен эптеп эле Рссия, Казакстан ж.б. өлкөлөргө кетип калуунун айласын издеген жаштар жарандардын бул тизмесине кирет.

Өлкөбүздөгү дагы бир демократиянын көрсөткүчү  болгон өкмөттүк эмес уюмдар бул өзгөчө процесстер убагында активдүү түрдө жарандарды өз добуштарын сатпай, туура чечим кабыл алуусуна багытталган көптөгөн иш чараларды өткөрүшөт. Бирок бул иш-чаралар бир гана шайлоо убагында болуп, башка учурларда тынчып калышат.

Жакында эле бир эл аралык фонддун колодоосу менен өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган жаш активисттер кичинекей болсо да жарандык активдүүлүккө жаштарды чакырып, шайлоо темасында комикстерди чыгарышты. Комиксттердеги окуялар ар кандай жанрда иштелип чыккан. Баарыдыгы болуп 5 кыргыз тилинде, 5 орус тилинде жашоодон алынган, ар кандай мультфильм каармандарынын катышуусунда, карикатура стилинде, позитивдүү, америка комикстер маданиятындагы стильдерге ылайыкталган түрү бар.

Мисалы, кыргыз тилиндеги бир окуяда эки жаш жигит колуна тепкич алып кайсы бир багытта кетип бара жатса аларды байкап калган башка бир улан каякка бара жатканын сурайт. Алар “келечекти оңдогону” деп жооп беришет. Келечекти оңдоого өз салымын кошкусу келген жаш жигит алар менен чогу барууну өтүнүп, жаркын келечек болсун деп лампочканы тагып өз салымын кошот. Дагы  башка окуяда болсо, бир киши шайлоо учурунда кайсы бир талапкердин агитаторунун жумшак, көптү үмүттөндүргөн сөздөрүнө ишенип, экинчиден акчасына кызыгын өз добушун сатып жиберет. Кийин, шайлоо бүтүп, ошол талапкер шайланганда өлкөдө ар кандай ызы-чуу, нааразычылыктар, свет улам-улам өчүп, жашоо жакшырбай эле, тескерсинче начарлай баштайт. Ошондо баягы агитаторго келип, чоо-жайын сураса, оозун акча менен бүтөп (скотчтоп), “Сенин эми нараазычылык көрсөткөнгө акың да жок, анткени сен добушуңду саткансың! Ал эми бизде сатылып алынган добуштар кайтарылып берилбейт жана алмаштырылбайт!”- деп жооп берет. Ушул сыяктуу окуялар камтылган бул комикстер 120 нуска менен жарык көрдү. Кичи долбоор болгондуктан нускасы дагы аз болду . Ошого карабастан көптөгөн жаштар уюмдары, активдуу жаштар, ММК өкүлдөрү бул идеяны колдошууда.

Бул долбоордун негизги идеясы жаштар менен иштеген ӨЭУ (Өкмөттүк эмес уюмдар) лардын жаштарды активдештирүүдө жаңы инновациялык метод катары бул маанилүү окуяларды камтыган, өлкө тагдырын жана өз келечегин ойлондура турган комикстерди колодонууну тестирлөө. Башкача айтканда бул комикстер аркылуу жаштарды активдүүлүккө мотивациялоодо колдонуу. Эффективдүү болобу же болбойбу аны убакыт көрсөтөт, бирок азыртадан эле бул кичинекей китепчени окуп чыккан жаштар позитивдүү ой-пикирлери менен бөлүшүүдө.

Долбоордун баштапкы этабында албетте чыгармачыл топ түзүлүп, идеялар, сюжеттер, стилдер талкууланып туруп андан соң ишке киришишкен. Бул долбоордун катышуучулары 20-22-жаштагы борбор шаарыбыздын ЖОЖдорунун таланттуу, сүрөт тартууга кызыккан студенттер. Долбоордун жаңылыгы жана көтөрүлүп жаткан маселенин актуалдуулугу ал студенттерди кайдыгер калтырбай, бул ишти баштоосуна түрткү болду. Азыркы учурда өз эмгектеринин продуктусун колго алып бир четинен сыймыктанып, экинчи четинен ушуну менен токтоп калбай мындан ары өз чыгармачылыктары аркылуу жаштарга кайрылып туруунун жаңы жолун издеп жаткан убактары. Иштерине ийгилик каалап, чыгармачылыгынын өркүндөөсүн тилейбиз.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.