Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом, Маданият, фотоблог

Naga Jiu Jitsu боюнча Дүйнө чемпиону болдук !!!

Америкада өткөн Naga Jiu Jitsu боюнча таймашта биздин спортсмен жигиттерибиз чемпион деген наамга эр болушту.
Таймаш 2012-жылы 4-февралда Америкада Пенсильвания штатында Филадельфия шаарында өткөн.

Керим Кушубаков БИРИНЧИ орунду алды. (60 кг салмак категориясы менен (132 pound))
Абдыкеев Болот БИРИНЧИ орунду алды (85 кг салмак категориясы менен (187 pound)).
Мирбек Сагынбеков ҮЧҮНЧҮ орунду алды. (70 кг салмак категориясы менен (149 pound)).


Керим Кушубаков

Керим Кушубаков жана Мирбек Сагынбеков

Керим Кушубаков

Керим Кушубаков,  Абдыкеев Болот, Мирбек Сагынбеков

Мирбек Сагынбеков

Чын журөктөн куттуктайм!
Алга Кыргызстан!

6 пікір »

  • Төлөгөн Аматов says:

    Эгерде Керимди куттуктайм десенер бул телефонго чалыныз +1 215 554 9672 :)

    [Reply]

    Мирсулжан Намазалиев Reply:

    Кирүүчү чалуулар бекер бекен? =)

    [Reply]

  • Төлөгөн Аматов says:

    kerim2712@mail.ru агент
    kojo2712kg скайп бекер :)

    [Reply]

  • Төлөгөн Аматов says:

    Эр уруш, кармаш, самбо боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык таймаштардын байгелүү катышуучусу Болот Абдыкеев Филадельфияда өткөн эрежесиз эр уруштун эки түрү боюнча жеңүүчү аталды. Ал жиу-житсу боюнча дүйнөлүк биринчиликте эки версия боюнча жеңүүчү болуп, эки алтын кур тагынды. Таймаш 4-февралда өттү. Ага ар мамлекеттен келген 20 киши катышты. 83-85 килограмм салмактык категориядагы балбан Болот Абдыкеев Ат-Башыда төрөлгөн.

    [Reply]

  • kanat says:

    Америкада өткөн джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандык спортчулар 3 алтын 1 коло байгенин ээси болушту. Бул туурасында чемпиондуктун алтын байгесинин ээси Керим Кушубеков билдирди. Анын айтымында дүйнө биринчилиги 4-февраль күнү АКШ нын Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында жыйынтыкталган. Ага 30 тан ашуун мамлекеттен 1 миңге жакын спортчулар катышкан. Кыргызстандан бул мелдешке 3 спорчту катышып, баардыгы тең олжолуу болушкан.

    60 кг салмак ченинде джиу-джитсунун нага түрү боюнча Керим Кушубаков биринчи орунду жеңсе, 85 кг салмак ченинде Болот Абдыкеев джиу-джитсу жана джиу- джитсу нага версиялары боюнча 2 беттеште тең алтын байгени утуп дүйнө чемпиону аталышкан.

    Ошондой эле 70 кг салмак ченинде дагы бир Кыргызстандык Мирбек Сагынбеков 3-орунду камсыз кылып коло байге тагынган.

    Джиу-джитсунун нага жааты боюнча алтын байге алып дүйнө чемпиону аталган Керим Кушубаков белгилегендей, жогоруда аты аталган кыргыз спортчулары АКШ аймагында 6 айдан бери машыгып келишет. Узаган жылы Америкада өткөн кармаш уруш боюнча дүйнө кубогунда мыкты чеберчилик көрсөткөн Кыргызстандыктарга, АКШ тараптан сунуш түшүп, келишимдин негизинде иштеп башташкан. АКШ тарапта машыгып, клубдун атын чыгарганыбыз менен дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын желеги астында таймашууга чыктык, дейт Керим Кушубаков.

    Ал кошумчалагандай келишимдин шартында эгер спортчу жакшы жетишкендиктерге ээ болсо, келишимдин мөөнөтү узартылып, кошумча артыкчылыктар берилип, бийик дарадалуу мелдештерге катышууга жолдомолор ыйгарылат.

    [Reply]

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.