Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

«Дордой-Динамо» – Чемпион!!!

Авторы Марлен Акималиев on Wednesday, 17 October 2007
Коом
10 пікір

Бул кабар ZAMAN Кыргызстан сайтынан алынды.

Кыргызстандын чемпиону, Нарындын «Дордой-Динамо» клубу экинчи жолу катары менен Азия Футбол Федерациясынын «Президентинин кубогун» утту.Финалдык беттешүүдө, биздин команда Непалдын «Махендра Полис» командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңип чыкты.«Дордой-Динамо» «Механдро Полис» менен ойноп, 3:0 эсебинде чоң эсеп менен жеңип чыккан. Ал эми финалдык оюн таптакыр башкача болуп, оюн абдан курч мааниде өттү (Непалдын чемпиону жарым финалда Тажикстандын «Редар-ТадАЗ» командасын утуп, финалга чыккандыгы да бекеринен эмес экен). Бирок, ошондой болсо да акыркы оюндун 10-мүнөтүндө Азамат Ишенбаев 11 метрден эсепти ачып, «Дордой» алдыга чыгып, оюндун 74-мүнөтүндө гана бул турнирде Азамат Ишенбаев сыяктуу эле өзүнүн бомбардирлик чеберчилиги менен таанылган Андрей Красновдун ордуна дагы бир бомбардирибиз Роман Корнилов чыгып, эсепти 2:0гө жеткирди. Непалдыктар оюндун аягында, кошумча мүнөттө гана 11 метр айып тобун тээп, эсепти өзгөртүштү. Ошентип, оюн 2:1 эсебинде «Дордой-Динамонун» жеңиши менен аяктады.«Дордой-Динамо» быйыл да күчтүүлүгү жана маанилүүлүгү жагынан Азияда үчүнчү орунда турган турнирди жеңип, бул мелдеште аларга бир да команда тең эмес экендигин далилдеди. Демек, эми Кыргызстан Футбол Федерациясы АФКга кайрылып, Азиядагы экинчи, же мүмкүн биринчи даражадагы турнирлерге кошуп коюусун суранышы керек деп ойлойм.Айтмакчы, «Дордой-Динамо» жарым финалда Шри-Ланканын «Ратнам» командасы менен ойноп, негизги убакыт 1:1 эсебинде аяктап, оюндан кийинки 11 метрден тебүүдө гана 5:4 эсебинде утуп чыккан. Ал оюндун 21-мүнөтүндө биздин команданын Ганадан келген легионери Дэвид Теттех Валерий Березовскийдин пасынан эсепти ачкан. Бирок, биринчи тайм бүтөрүнө 1 мүнөт калганда шри-ланкалыктар да эсепти теңеп, андан кийин бир да команда гол киргизе албай, жеңүүчү 11 метрден тебүү аркылуу аныкталган. Анда бизден Руслан Сыдыков, Азамат Ишенбаев, Игорь Кудренко менен Роман Корнилов гол киргизип, Валерий Березовский гана гол киргизе албай калган. Бирок «Дордойдун» дарбазачысы Валерий Кашуба атаандаштарынын эки тобун тосуп, командасына жеңишти алып келген.Финал: «Дордой-Динамо» – «Механдро Полис» – 2:1Гол. А.Ишенбаев-10, Р.Корнилов- 74. – Раи- 92-мүн.«Дордой-Динамо»: Кашуба, Самсалиев, Сыдыков, Князев, Бокоев (Д. Аскаров, 68), Березовский, Ишенбаев (Касымов, 81), Краснов (Корнилов, 54), Харченко, Кудренко, Теттех.http://www.zaman.kg/2007_10_05/pages/sport.php#dor

Жайында Дордой-Динамо Абдыш-Ата беттешүүсүн Спартак стадионунда көрдүм эле. Дэвид Теттех чынында эле күчтүү оюнчу экен. Дордой ал оюнчуну кантип тапса да жакшы кылыптыр. Жакында Локомотив Москвада ойноп калса таң калбайм. Анткени, Локомотив чакырды деп өзүнөн уккам.

10 пікір »

  • Mirsulzhan says:

    Ооба. Мен дагы жанагы кабарды окуп алып абдан суйундум. Лена деген блоггер кыз аларды суротко тартып журду. Оло сонун суроттор бар: morrire.livejournal.com :)

    [Reply]

  • Марлен Акималиев says:

    Оова Мирсулжан, сүрөттөр абдан кооз, профессионалдуу тартылыптыр. Фото архивиме жүктөп алат окшойм. Мындай сүрөттөр табылбас. Дордойдон үмүт чоң, буйруса башка кубоктордо ойноп, өлкөбүздүн даражасын көтөрөрүнө ишенем.

    Дагы кыстарып кетейин, Кыргызстандын Футзал командасы абдан күчтүү экен. Дүйнөлүк ранкта [ranking] жаңылышпасам 16-орунда турат экен.

    Алга Дордой, Алга Кыргызстан!!!

    [Reply]

  • Марлен Акималиев says:

    Мирсулжан сага бир суроо. Бул жактан сүрөт жүктөйүн дедим эле. Image баскычын бассам сүрөттүн шилтемесин сурайт экен. Сайттын өзүнө жүктөсөк болобу? Болсо, кантип?

    [Reply]

  • Mirsulzhan says:

    Марлен, бул сайтта сонун программа бар. Мен аны тушундуруу учун коп убакыт кетет. Ошондуктан, мен аны общая рассылка менен жонотойун, макулбу? Бугунку кундун ичинде жаза коем.

    Мирсулжан

    [Reply]

  • Сейитбек Тилеков says:

    Birinchiden Dordoi komandasyn kuttuktap, choong yraazychylyk bildirebiz. Kut bolsun jenishibiz!!! Bul Kyrgyzstandyn jenishi.

    Chyndygynda bul jenish dordoi komandasy uchun kutulbogon bir okuya bolgon jok. Jakshy dayardanyshty, chempionduktu saktap kaluu uchun. Kluptun sostavy da tajriybaluu jana talanttuu oyunchulardan turat. Albette bul jerde mashyktyruuchusu jana klupta talykpay ishtegender jonundo do kop nerse aytylyshy kerek. alardyn da salymy chon.

    2000 jilinda Galatasaray UEFA kubogun alganda suyungon elek.
    2 jildan beri Dordoi klubu Azianyn UEFA day baaluu siyligina ee bolup oturat. dagy da mindan kop iygilikterge jetishine tilekteshpiz.

    [Reply]

  • Сейитбек Тилеков says:

    David Tettehti biltir Kipr ga turnirge barganda alyshkan. Marlen aytkandai komanda uchun oto paydaluu oyunchu.

    [Reply]

  • Марлен Акималиев says:

    Бирок Девид Теттех жөнүндө информация бар бекен деп Дордойдун сайтына кирсем эч нерсе жок экен. Бирок аны менен сүрөткө түшкөнгө жетишип калдым. :)

    [Reply]

  • Арууке Байгана says:

    Чынын айтсам футболду жакшы тушуно бербейм. Бирок бугунку кыргыз футболчуларынын женишине кубанычтамын. Азаматтар! :)

    [Reply]

  • Mirsulzhan says:

    Мен дагы куттуктайм!!!!

    [Reply]

  • [...] жеңип чыккан, деп Туркияда жашаган биздин авторубуз Марлен Акималиев спортту унутпай жазып чыккан. [...]

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.