Мен Кыргызстанга тынчтык каалайм
КоомПікір жоқ
Бишкек жана Ош шаарларында «Мен Кыргызстанга тынчтык каалайм» аттуу коомдук кампания өтуп жатат. Анын тармагында тынчтык жана ынтымак, абалды чогуу чечүү идеялары көтөрүлүүдө. Кампаниянын демилгечилери жана аткаруучулары болуп интернеттин активдүү колдонуучулары жана жарандык активисттер эсептелет.
Азыркы учурда тынчтыкка жана ынтымакка чакыруучу маалыматтык кагаздар, наклейкалар жана футболкалар даярдалууда жана таркатылууда. Ошондой эле кампаниянын негизинде Ош жана Жалалабад шаарлары боюнча гуманитардык жардам жана медициналык борборлор тууралуу маалымат бере алган атайын карта түзүлдү.
Мындан тышкары, активисттер Бишкектен түштүккө кетип жаткан гуманитардык жардамды маалымат менен камсыздоо жана өз ыктыяры менен келген волонтерлордун иштерине көмөктөшүү иштерин аткарышууда. Кампаниянын бир нече катышуучулары Ош шаарына атайын барышып, ал жактан бийлик жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен, андан тышкары шаардын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүштү.
Кампаниянын демилгелүү тобу Бишкек жана Ош шаарларындагы ар кыл топтор менен чогуу иштешүүдө. Алардын ичине Youth of Osh уюму жана көзкарандысыз маалымат борбору дагы кирет. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, Улуттук демократиялык институт жана Даниялык чиркөө жардамы бул кампанияга финансылык каржы жардамдарын көрсөтүүдө.





Акыркы пикирлер