«Asia News»: Экономикалык кризис Кыргызстандагы өзбек эмгек мигранттарын кыйын абалга калтырды
КоомПікір жоқ
Кыргызстан менен Өзбекстандын жардыларынын арасында “согуш” башталды, себеби Өзбекстандын эмгек мигранттары Кыргызстанга жумуш издеп келүүдө деп жазат Asia News.
Өзбектер мезгилдүү жумуштарды марттан баштап ноябрга чейин издей баштайт. Алар айлыгы аз, ал тургай кээде акы төлөнбөгөн мүмкүн болгон баардык жумуштарды аткарышат. Себеби өзбектер легалсыз иштеп жатышкандыктан арыздана алышпайт. Эмнеси болсо да жумуш анча деле көп эмес, ал эми кыргыз жумушчулары өзбектердин жүргөнү үчүн нааразы болушат.
Бишкек. Дүйнөлүк каржы кризиси Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасын начарлатты. Өзбекстанда жумушсуздуктун деңгээли бийик жана квалификациясы жок өзбектердин легиондору коңшулаш Кыргызстанга эмигрант болуп жумушсуз кыргыздар менен жумушчу орундарга атаандаштыкты жаратып жатат.
Ар жазда, айрыкча түштүктө бир күндүк ишке келген өзбек кара жумушчулары аз акы төлөнгөн мезгилдүү жумуштар үчүн кыргыз-өзбек чегарасын кесип өтүшөт. Алар жергиликтүү жумушчуларга атаандаштык пайда кылат, себеби жашап кетүү үчүн болгон күрөштө алар аз акчага макул.
Өзбектер дыйкан чарбаларында,курулуштарда, кирпич чыгарган жерлерде легалсыз иштейт, себеби эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, бул мамлекеттердин атуулдары чегарадан эркин өтүп коңшу мамлекеттин аймагында 60 күнгө чейин визасыз жүрүүгө укуктуу.
Бирок Кыргызстандын көптөгөн жумуш берүүчүлөрү өзбектерди жалдашат,анткени алар аз акчага, мезгилдүү жумушка макул болушат жана арызданышпайт. «Eurasianet»тин суроосуна жооп берген алардын бири өзбек мигранттары эки кирпичти даядоо үчүн 1 кыргыз сомуна (2 америкалык центке) макул болушаарын, ал эми кыргыз жумушчулары эки эсе көп алышаарын айтты. Кышында Кыргызстанда жумуш азаят, ал эми өзбектер мекенине кайтышып келерки жазды күтүп жатышат.
Айрым мигранттар убада кылынган акчаны толук ала албайбыз деп нааразы болгондору менен арыздана алышпайт, себеби алар легалсыз иштегендиктен полиция тарабынан кайсыл убакыт болбосун куулуп чыгышы мүмкүн.” Өзбек жумушчулары эң кыйын жумуштарды аткарышат”,-дейт адам укуктарын коргоо боюнча алектенген жана юридикалык кызматтарды сунуш кылган “Аба” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азимжан Аскаров.”Кыргызстандын атуулдарынын көбү эле аптаптуу күнгө какталып талаада иштегилери келбейт”
Кыргыз мигранттары айлык акы көлөмү көп төлөнгөн Россияга кетүүнү эп көрөт. Алар мектепте окуткандыктан орус тилин билишет, ал эми өзбектердин көбү тил билбейт. Эмнеси болсо да жумуш аз, ал эми мигранттардын болушу квалификациясы жок “иштермандардын” аз төлөнүүчү жумушун пайда кылат. Эксперттер бул жумушсуз кыргыздар менен улуттар аралык чыңалууга алып келүүсү мүмкүн деп тынчсызданышат. 1990-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Кыргызстандын Ош областы өзбек менен кыргыздардын кандуу кагылышынын орду болуп калган.
Бир аз мурда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өлкөнүн экономикасы калыбына келип жатат деп билдирди, бирок эксперттер буга анча ишенбейт, алар ИДПнын жана жумушсуздуктун көрсөткүчтөрү так эмес деп эсептешет. 2009-жылдын соңунда «Standard & Poor» Өзбекстанды абдан жогорку коркунучта турган категорияга киргизген. АКШдагы «Heritage Foundation»
Өзбекстанды 179 мамлекеттин ичинен 158- орунга коюп экономикасы “репрессияланган” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Кыргызстан буга караганда «Heritage Foundation»дун тизмесинде 80- орунду ээлеп “ жетишээрлик эркин” делген мамлекеттердин катарына кирген.




Акыркы пикирлер