Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

Бизге кыргыз тилдин кереги жокпу?

Авторы Гульсали on Friday, 4 June 2010
Коом
8 пікір
Касым Тыныстановдун иштери текке кеттиби?

Касым Тыныстановдун иштери текке кеттиби?

Акыркы мезгилде кыргыз тилинин коомчулукка тийгизген  ролу, маани-манызы , ээлеген орду   тууралуу эл арасында  ар туркун  ойлор  жаралып  келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Ар кандай массалык  маалымат булактардан бири-бирине таптакыр туура келбеген ойлорду чагылдырган пикирлерди окуйсун.  Лингвисттер тобу,  кыргыз тили жоголуп кетуу  коркунучунун алдында  турат деп,  буга алдыртан кам коруубуз зарыл десе, кээ бири муну менен кыргыз элинин тил тагдырын чечууго болбойт , коом бизден эмнени талап кылса биз коомго жараша озгоробуз деп айтып келишуудо.

Ал эми биз кыргыз элинин откон тарыхына кайрыла кетсек, орус  баскынчылыгы кыргыз элин басып ала элегинде, кочмон эл азыркыдай корея, кытай,  англис, турк,  орус тилин суйлоп уйронуу тургай, болок элдин тилин небере-чоборолорум суйлоп калат деп,  уч уктаса да тушуно  кирген эмес эле да. Ал эми азыр болсо,  бала-чака, неберелерин орус, чет тилдерге озгочо басым жасап окуткан бала бакчадан баштап, кымбат мектеп гимназиялардын акчасына карабай берип окутуп жатышат.  Демек, бизге кыргыз тилдин кереги жокпу деген ойго жетеленесин.

Чет болгон тилдердин таасири

Орус тили болсо талашсыз байлыгы жана туркундуулугу дуйно таанымды кенитет, орус тили аркылуу илим-билимди, техниканы, медицинаны, маданиятты, деги койчу баарын билдик.  Бул болсо,  этникалык цивилизациянын  улуттук тил маселеге, салт-санаага   устомдук  кылып, кыргыздардын дуйно таануу, тил билуу, маданият  таануу аракети,  оз тилинин жоголуп кетуу коркунучун андабай калуу коопсуздугун жаратууда.

Англис  тилин оздоштуруу ишенимдуу, бул- чындык.  Дуйно жузунун копчулук болугу англис челенди,  ал тургай  коп калктуу  Кытай мамлекети бугун максаттуу турдо англис  тилин уйронуп жатышат, себеби аларга ири артыкчылыктарды берээрин жакшы тушунушот.

Эгерде,  биздин жаштар оз иштерине  тын болуп, оздорунун ийгилигин кааласа, анда мунун зарыл шарты болуп  англис жана орус  тилдерин кошумча оздоштуруу болуп саналат. Чет тилдерин уйронуу тил байытууга алып келет, мисалы копчулук создор чет тилдеринен келип (референдум, амнистия, инфекция ж.б толтура) биздин тилде суйлонуп келе жатат.  Бул алардын ан-сезим, дуйно таануусун  кенейтип, заманбап дуйнолук тенденцияларды сезе билууго  жана мезгилден артта калбоого мумукунчулук берет.

Маалымат кимдин колунда болсо дуйно ошонун колунда деп бекеринен айтылбайт. Ошондуктан улутту бир эле тил менен чектоого болбойт.

Кыргыз тили карьерага каршы

Айыл жергесинде болсо мейли, ал эми шаар ичинде орус тилин оздоштуруп алуу –  бул зарылчылдык, себеби шаар ичиндеги дээрлик  жумуш орундарын камсыздоочу тармактар, чакан ишканалар, 90% орус тилинде жургузулгондуктон,  айылдан  келген коп жарандар жумушка орношо албай,  айласыздан кара жумуштарга иштеп жан сактап  кетишуудо.  Бул нерсе б.а тил билбегендик,  алардын  айлык акысына  жана кызматтык карьерасына дагы чон тоскоолдук жаратууда.

Демек, А.Пушкин күчтүүрөөк экен да?

Демек, А.Пушкин күчтүүрөөк экен да?

Мисалга ала кетсек, Тилек жердиги Таластан, 19 жашта, ОСОО ТД Народный магазининде,  грузчик б.а жук ташыгыч  болуп 1 жылдан бери иштеп келет,  ордунан которулойун деген ойу да жок. Себеби,  орус тилин билбегенден кийин мен  сатуучу-консультант болуп иштей албайм да – деп отурат.  Ал эми ушул эле тармакта иштеген Замир, 18 жашта, жердиги Чуй облусунан, билим денгээли жогорураак, орус тилин жакшы оздоштургон жигит,  жук ташуучудан сатуучу-консультантка,  андан администраторго которулуп , эми менеджерге которулойун деген ойдун ичинде журот.

Ал эми орус тилинен тышкары англис, турк  , корей тилдерин мыкты билген жарандар   жакшы жумушта, жакшы маянага иштешет. Канча тил билсен ошончо адамсын дегендей,  карьералык которулууго, бакубат турмушка, профессионалдык билимди улантууга  дагы тил оздоштуруу чон таасирин тийгизип, адамдын ан-сезимин остуруп гана тим болбостон, онуккон цивилизация менен тыгыз байланыштырып,  чон жетишкендик алып келет.

Эми эмне кылабыз?

Биринчи, тил адамдын баарлашуу ыкмасы. Илгери ат араба менен журсок, азыр автомашина, демек тилди да ат арабага тенеп салабызбы?  Эне тилибиздин кооптуу абалын томондогундой болукторго болдук.

  1. Кыргыз тилинин   жоголуп кетуу  коркунучу- азыркы биздин  экономикалык  маселелерибизге байланыштуу.
  2. Эн  башкы маселе  – дуйно таануу дилгирлигибизде, ар тараптуу онугуу жолун издегенибизде.

Япониянын 90% япон эли тузуп, калкы япон тилинде суйлошот  жана  онуккон мамлекет болгондуктан тил коопсуздугу маселеси аларды ойлондурбайт.  Исландияда калкынын саны бизден аз дагы, бирок  бай калк болгондуктан тил маселеси аларда дагы коркунучсуз абалда.  Ал эми, Россия менен Улуу Британияда тил коопсуздугу тургай , кантип оз тилдерин жайылтуу максатын коздошот.

Бизди курчап турган айлана-чойробуз б. а бир мамлекетте чогуу жашап жаткан улуттагы болок жарандарыбыз, цивилизацияга умтулуу, дуйно таануу аракетибиз, болок элдер менен оз жерибизде жашап жатып, алардын тилинде ээрчиме болуп суйлошуубуз, чет тилдерди оздоштурууго болгон муктаждыгыбыз биздин тилди, биздин коомду тузуубузго жол бербейт. Эгерде биз ушундай денгээлде тил билуу зарылчылыгында турсак, 50- 100 жыл аралыгында кыргыз тилин сактап турган жергиликтуу айыл калкы биздин шаар абалына тен  келип, нукура кыргыз тили толук бойдон суйлонбой, жок болуп кеткен латын тили менен барабар болуп калат.

Андыктан , жогорку тараптын ийне-жип, баскычынан баштап, жаны торолуп келе жаткан ымыркайга чейин кыргызчалаштыруу зарыл. Тил уйрон, ал тургай  илгертен эле 70 тей  тил билген Жедигер аттуу адам болгон деген аныз кептер бар, бирок кыргыз тилин ыйык тутуп кыргызча суйло! Оз тилин сактап калуу  ар бир атуулдун жеке колунда. Башка тилге муктаж болсон да оз эне тилинди алтындан кымбат тутуп, аяр мамиле жаса, анткени сенин тилин, сенин дуйнон жоголуп кетуу коркунучунда!

8 пікір »

  • Mirsulzhan says:

    Гули, кыргыз тили адамдарга жеке жыйынтык алып келе албагандыгын айтып туруп, кайра жыйынтык болбосо дагы муну суйуубуз керек дегениниз кандай? :)

    Кыргыз тили эгерде өлкө өнүгүп, бул Борбор Азиялык регион дагы өнүксө, ошондо гана талапка дуушар болот деп ойлойм. Себеби, бизди курчап турган өлкөлөр дагы түрк группасындагы тилдерде сүйлөшөт.

    [Reply]

    Guli Reply:

    Филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаеванын пикиринде, кыргыз улутундагы айрым ата-энелердин кайдыгерлигинен улам алардын балдары эне тилинде сүйлөөнү каалашпайт.

    - Ар бир баланын тили үйдөн чыгат. Эне тили деп бекер айтпайт. Ошол үйүндө кыргыз ата-энелер болуп туруп орус тилинде балдарын тарбиялап, орус тилинде окуткан адамдар бүгүнкү күндө толтура. Экинчиден, кыргыз тилиндеги китептер жетпей жатат деген бул ар кандай шылтоо. Китепти бардыгына жеткирүү керек бирок, 20 жылдан бери реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү колдонсок болмок.
    http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_Politics/1829648.html

    Туура, бирок бардыгыбыз оз тилибизде суйлогонубуз артык эмеспи?

    [Reply]

    Mirsulzhan Reply:

    Күч колдонуу менен кыргыз тилин үйрөтө албайсыз да.
    Андыктан, кандай бир стимулдар берилиши керек. Ал эми стимул, бул качан бу тилде сүйлөшүүдө пайда тапканда пайда болот.

    [Reply]

    Guli Reply:

    Ал эми биз онукконго дейре кыргыз тилибиз унутулуп калсачы? Бардыгыбыз англис жана орус тилдерине отуп кетсекчи?

    гулзур Reply:

    жаштар айтат тиги деле орусча суйлоп жатпайбы деп, ар кимибиз оубуздон башташыбыз керек да!!!!!

    [Reply]

  • Murat says:

    Кыргыз тилинин начар абалы жөнүндө кыргыздын үч тамгасын колдонбой жазганыңыз мен үчүн таңкалыштуу болуп жатат…
    Балким, ыкмасын билген эмессиз, же уюлдук телефон аркылуу жазгансыз…
    Бул шилтеме аркылуу “нукура кыргызча” жазуу ыкмасын үйрөнсөңүз болот: http://jumasheff.kloop.kg/2010/04/29/windowsto-tekstti-kyrgyz-tilinde-ter%D2%AF%D2%AF-ykmasy/

    [Reply]

    Guli Reply:

    Туура, мен кыргызча тамгаларды алигече орнотконго башым жетпей келген. Мага эми, ворддон ичинен эле кантип кошууну корсотушту :)

    [Reply]

    Mirsulzhan Reply:

    Мурат, жакшы :)

    [Reply]

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.