Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

Биз кайсы диндебиз?

Авторы Асель Шабданова on Friday, 11 March 2011
Коом
6 пікір

Кичинекей кезибизде тиш түшкөндө: ” Жаман  тишимди сен ал, жакшы тишиңди мага бер”,- деген сөздөр менен күчүккө бергенибиз,же идишти сындырып алганда,аны баштан үч жолу тегеретип туруп, түкүрүп  ыргытканыбыз ар бирибиздин  эсибизде болуш керек. Дегеле теңирчиликтин ырым-жырымдарынынын көп түрлөрүн  биз байкабай эле аткарып жүрөбүз. Менин оюмча, бул накта кыргыздардын тарыхый идеологиясы ген аркылуу  тукумдан тукумга берилет.  Эмнегедир, акыркы маалда коомдо кеңири тараган исламга караганда, теңирчилик  жан-дүйнөмө  жакын. Ата-бабаларыбыздын дини, анын ислам  менен мамилеси  жөнүндө айтып кетсем.

Биринчиден, терминдин этимологиясы жөнүндө коомдук ишмер, кыргыздардын тарыхын изилдөөчү – Дастан Сарыгуловдун айтымы боюнча, “теңир” деген сөз “тең” жана “ири” деген сөздөрдөн түзүлөт да, чексиз теңдик дегенди билдирет. Кеңирирээк айтканда, жашоодо баардык нерсе -  жакшылык – жамандык, аял- эркек, кедей -бай, жаратылыштагы процесстердин баардыгы тең баланста болуш керек. Конфуцианстводогу инь жана ян концепциясы туура келет.  Ар бир нерсенин баркын билүү үчүн анын тескерисин көрүү зарыл, ак карасыз болбойт. Чыгыш культурасын көпкө чейин басынткан Европада 18 кылымда гана Гегель Г. карама-каршылыктардын биримдиги жана каршылыктары жөнүндө диалектика теориясын жаратат. Ошону менен бирге, байыркы кыргыздардын жаратылыш менен болгон зор байланышты айтып кетүү зарыл. Кыргыздар өздөрүнун пайда болушу жөнүндө: “биздин атабыз- нур, энебиз-жер, каныбыз -суу, жаныбыз- аба”,- деп эсептешкен.

Жашоо – жол, жакшылык жана жамандыктарды кездештирген, башкысы – эмнени тандаарың.  Бир жерден экинчи жерге көчкөнү – жерди эс алсын, күчкө кирсин дегени, майда болобу, чоң болобу, тирүү жанга аяр мамиле кылган. Азыркыга чейин, жаш балдар “Биз нурдан жаралдык” деп, ал эми элде Жер эне деген сөздөр кеңири таралган.  Дагы бир теңирчиликтин ток этээр жери-  баардык нерсенин башталышы жана аягы бир, же убакыттын кайталана турган касиети. Менимче,  жашоого мындай көз карашты эч ким бизге үйрөтпөсө дагы, теңирчиликтин биздин аң-сезимибизге терең сиңилген. Бугүнку күнгө чейин ыйык сууларга жалынуу, бактарга чүпүрөк таңуу, арбактардын колдоосуна ишенүү, адамды аттап өтпөө, түндөсү тырмактарды кесип албоо, боюнда бар аял чачын кеспөө ж.б. адаттарды кыргыз эч качан бузбайт. Негизи, “бакшы” деген сөз “жакшы билген” дегенди түшүндүрөт.

Ал эми бакшыларга, окутуп коюу, кирне салуу, көз тийип калуу көрүнүштөрүнө кээ бири скептикалык мамиле кылса дагы, такыр жок дей албайт. Кайра эле өзүмдүн мисалымды айтып кетсем, кээде өзүмдү начар сезип. шалдырап калган убакытта, апам кирнелеп койсо, кадимкидей жеңилдеп калам, ал эми апам абдан жаман болуп, терс энергияны өзүнөн чыгарат.  Ислам дининин тараган күндө дагы, бул адаттар элдин аң-сезиминде бар жана ар дайым бар болот. Жада галса, адамды көмүү салты мусулманчылыкча эмес, 3 күн өткөң соң аткарылат.Дагы айтып кетчү нерсе, илгерки кыргыздар эч качан байлыктын артынан жүргөн эмес, ошондуктан заңгыраган үйлөрдү, кымбат-баалуу нерселерди колдонушкан эмес, өзүнө чындап эле керек болгон нерселерди гана баалашкан.

Жогоруда белгилеп кеткен далилдөөлөр боюнча, ислам дини кыргыздарга 10-кылымда зордук менен киргизидген болсо да, азыркыга чейин өзүнүн ордун так баса элек. Биздин бакшыларыбыз деле молдо, ал эми молдолор бакшы. Чындыгын айтканда, азыркы күндөгү Кыргызстандагы ислам кандайдыр бир моданын көрүнүшүнө айланды. бир таанышым айткандай :” Бешинчи күнкү намазга бандиттер жана милиционерлер гана келишет, бир жума арам иштерди кылган соң, бир күн менен жууп кете тургансып”. Ислам динине мен такры каршгы эмесмин, бирок, ачыгын айтканды кыргыз элинин менталитетине келишпейт десем, жаңылышпайм го. Ал эми политолог Кадыр Маликовдун оюнда, теңирчилик кыргыздардын монотеизмге келе турган жолунда транзит болуп турат. Ошондуктан, теңирчилик терең тарай албайт, андан соң. эгерде тараса, элдин уруулар боюнча бөлүнушүнө түрткү болуп, элдин биримдигин бузат”. Албетте, мамлекеттик көз караштан, монотеизм ыңгайлуураак, ал эми теңирчилик эч качан башчылардын тарабын колдогон эмес.

Ар бир адамдын өзүнүн ишенген дини болот. Ал же  өз жолуңду издеген даосизм болобу, бир кудайга ишенген ислам же башка түрлөрү болобу, эн башкысы адамдын жан-дүйнөсүнө тынчтыкты алып келиш керек.

6 пікір »

  • Ajymurat says:

    Урматтуу Shabdanova,макаланыздагы ток этээр жери бул эн акыркы суйлом экен. аны дагы теренирээк ачыктагыныз келсе бул жактагы ырды окунуз.
    http://altynbek.ucoz.com/index/0-4 КАРАҢГЫ ТАМДАГЫ ПИЛ

    [Reply]

  • Ajymurat says:

    Кыргыздын менталитетине эркекче кийинген,кыска чач,кыска этек,кыска койнок булар дагы кирбейт.Менимче дин бул адамзаттын жан дуйносун толтура турган эн маанилуу фактор.жума намазга мейли бандит, мейли жаман адам барсын,ким барса дагы баардыгынын максаты куноодон арылуу,жан дуйносун байытуу.карап корсок куноосу жок ким бар? аларды сен жаман адамсын,барганга акын жок дей албайбыз.бир куну Иса пайгамбар бир топ адамдардын бир куноолуу адамды таш баранга алып олтуройун деп туурган жерге туш болот.ошондо айткан экен “кимдин куноосу жок, таза адам болсо ошол адам биринчи атчын ташты” деп.

    [Reply]

    Maksat Abasov Reply:

    Сиз тенирчилик адамдын жан дуйносун толтура албайт деп ойлойсузбу?

    [Reply]

  • Ajymurat says:

    тенирчиликке караганда адамдар авраамисттик диндерге ишенсе жакшыраак болот. эмне болсо да системалашкан диндер булар.

    [Reply]

  • Maksat Abasov says:

    Менин оюмча, акыркы убакытта тенирчиликтин кучогондун себеби – бул кыргыз эли озунун улуттук иденттуулугун активдуу турдо издеп баштаганы. Техникалык онугуш географиалык, тил жана башка тоскоолдуктарды жокко чыгарып, биздин коздорубузду ачып дуйнонун баарын корсотуп жатат. Бул процесс коптогон суроолорду жаратат:
    Азыркы кундо кыргыз деген ким? Бугункуго чейин кыргыз ким болуп жашап келген? Кыргыз башкалардан эмне менен айырмаланат? Тоолук эл болуп кантип кыргыз чолдун эрежелерин сактасын?
    Мен ойлойм, бул суроолорго туура жооп таап алганда биз руханий онугуунун маанисин дагы формасын дагы таба алабыс.

    [Reply]

  • Ajymurat says:

    Эми бул кыскасы мындай да “жылдыз курттун же шам чырактын шооласын “жарык” деп билгендер жана ошого ыраазы болгондор, KYНдун нурунун баркына жетишпейт жана чыдай алышпайт” дегендей эле маселе да.Сизге да Алтынбек агайдын бул котормосун окуунузду сунуш кылам http://altynbek.ucoz.com/index/0-4 КАРАҢГЫ ТАМДАГЫ ПИЛ
    анан азыркы глобалдашуу шарттарында кичине ааламга ачылбасак болбойт,тоолукпуз деп эле башка маданияттарды четке кага берсек эн эле аркада калабыз го. Салттуу Ислам жонундо кабарынынз жок экен.Анткени ИСЛАМ бул чол маданияты эмес.Малайзия,Татарстан мисалы,чол болбосо деле жашап жатышпайбы.

    [Reply]

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.