Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

БӨТӨНЗОРДУК | Бөтөнгөндүгүбүз бөтөндөлгөн

Авторы Шайлообек Дуйшеев on Monday, 31 August 2009
Коом
1 пікір

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эларалык сыйлыктын лауреаты. Дүйшеев агайдан бүгүн “Бөтөнзордук” аттуу ыр саптар менен коштолгон макаласынын биринчи бөлүгүн чыгарып жатабыз.

Адам сыягы барларыңды айбанга айлантып, акыл-эстүүлөрүндү жолго жолотпой ыргыштап, бар байлыгыңды жалаң дүнүйөкор ач көздөргө жулуп берип, жейин, ичейин, жутайын, мен гана болоюн, менин бала-чакам, туугандарым гана болсун, менден кийин эмне болсо ошол болсун деп, өзүңдөн бойлууларыңды өз-жатка бөлө тартып, басса басынтып, турса тушап, жүрсө жүдөтүп, тиктесе тизеге чаап…Бийлериң менен бектериңе баш көтөрүп кылапат айтканга жарабаганыңа, тегизиңин келки болгонуна, эгизиңин телки болгонуна, ээгиңин буркуйганына, ээриңин кыйшыйганына, булагыңын булганганына, жериңин уурдалганына, кабыргаңын эзилгенине, каалгаңын бекилгенине, тытылганыңа, жүдөгөнүңө, чачылганыңа, түктүүнүн бутун жалаган Жеркарамалыгыңа, күчтүүнүн күлүн чыгарган Күнкарамалыгыңа кейийм!.. Ушунун баарын көрүп, билип туруп ЖЫРТЫГЫҢЫН ТЕШИГИҢЕ, ТЕШИГИҢИН ЖЫРТЫГЫҢА күлүп турганына кейийм!х х хДарак чирип жок болордо кайсыл тамыры кантип соолуп баратканын сезбей калат деген ушулбу? Бул өңдүү бутак-тамырларыбыздын буга чейин канчасы кыйрап, канчасы кыркылып жок болду?Үй-жайсыз балдардын өзүнчө бир үйүр-тобу келатат келечекке… Таштанды күрмө жыттанып, түрмө жыттанып…Кейпи начар, кийими ала-дүлөк,Керзи өтүгү өзүндөй кара жүдөөк.Тачка сүйрөп, жан багып таңдани кечке,Ош базарда бир жетим бала жүрөт.Каргадайдан башына токмок салган,Каректерин карадым кош-кош жанган.Каректерин карасам от айланбай,Чоң кишинин көзүндөй токтоп калган.Жеңи менен мурунун сүртүп алып,Желип барат жүгүн ал түртүп алып.Кесел болгон кемпирдей туралбастанЖерде жатты жетимге тийчү жарык.Кап көтөрүп карааны караңдаган,Кабагынан баланын салаңдаган.Ата Журтум бечара сени көрдүм,Ала качып көздөрүн алаңдаган.Билем кыргыз баласы экендигин,Тилеп турдум Кудайдан эсендигин.Жалгыз ушул баланын тачкасындаКелаткансыйт сүйрөлүп Мекен бүгүн…х х хКөрсө көр дүйнө ушундай экен да, Абыке–Көбөш көбөйгөн элде Манас азаят экен да. Кошомат көбөйгон элде Азамат азаят экен да. Айчүрөктүн ордун адам албагырлар, Курманжандын ордун кудай албагырлар басат экен да!Кечирип кой, бир кездеги Улуу Кыргыз урпагы!Бир кездеги көкжал Манас тукуму!Мен сени жаманатты кылайын деген кымындай оюм болсо, карегим аягыңа коргошундай агып түшсүн! Минтип кемзаара кейбир, маңгибаш мал гана жашайт. Малдын да малы бар. Мал ичинен кой гана ушинтип жашайт. Биз чын эле кой болуп калдыкпы, кагылайын Кыргызым!х х хМатай олуя: «Акылы абжип эл бузаар,Жатыны абжип эр бузаар» деген экен.Арстанбек олуя: «Адашы кесел ардыкчыл,Алаасы кесел каргышчыл» деген экен.х х хУшул олуя бабаларым айткандай устаранын мизинде аласалып турган бу жалган дүйнөдө өзүмдү эмес, өмүр өзөгүмдө, жүрөк жүлүнүмдө жаткан кагылайын элим, Арстанбап токоюмдай аз элим, Сен, өнөгөлүү салтың туруп өнүккөн элге окшоп бакубат жашоо кура албай, көрүнгөндүн намазын окуп, көрүнгөндүн сакалын коюп, көрүнгөндүн дамбалын кийип жүрүп, жок болуп кетпегей элең деп корком.Энем жок болор, Атам жок болор, бирок Ата Журтум сен жок болсоң, асыл Элим сен жок болсоң, алтын Тилим сен жок болсоң, анда мага бул дүйнөдө жашап эмне кереги бар?Элин атка эмес, итке мингизип, эл эсебинен жашап, «эл» болуп көрүнгүсү келген бир ууч төбөлдөрдүн эмне кереги бар?х х хБиз акырындап БӨТӨНЗОРДУК жашоого көнүп бүттүк. Жерде жаткан таштай тепселгенге, мелтейип үн катпаганга, чирип атса да, сийип атса да эч нерсе сезбегенге көнүп бүттүк. Мындай БӨТӨНЗОРДУККА көнгөн элдин өмүрү ыпыр-сыпыр салган таштанды челекке окшоп каларын, бир калыптагы кайдыгер турмуш жүрөктүн отун өчүрүп, жандүйнө кедерине кетип, коом кылмыш менен баңгиликтин жана аягы суюктуктун батташкан этегинин алдында каларын билип туруп көнүп бүттүк.х х хҮзөңгү – Куушуң дагы, Каркыраң дагы БӨТӨНЗОРДУК менен кетти. Алдуу-күчтүү жана айбаттуу мамлекеттердин БӨТӨНЗОРДУГУНАН кутулуу үчүн адегенде кыргыз өз үйүңө өзүң КОЖОЮН болушуң керек. Адегенде өзүң өзүңө, бириң бириңе жасап келаткан БӨТӨНЗОРДУКТАН кутулушуң керек. Антиш үчүн тирилишиң керек. Жылан эски терисин алмаштыргандай сен да буга чейинки «териңди» таштандыга ташташың керек. Эгер антелбасак, биз кыргыздар БӨТӨНДӨЛГӨНҮБҮЗ БӨТӨНДӨЛГӨН…

Соңу. Биринчи жана экинчи бөлүмдөрү.

1 пікір »

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.