Дарыгерди кызматтан алуу энелердин өлүмүн азайткан жок
КоомПікір жоқ
Би-би-си маалымат кызматынын саламаттык сактоо боюнча макаласына мен көңүл бурмакчымын. Ал жакта автор дарыгерди кызматтан алуу төрөттөгү энелердин өлүмүн азайткан жок деп билдирет.
2009-жылы өлкө боюнча 97 эне төрөттөн каза таап, анын 27си дарыгерлердин күнөөсүнөн болгону аныкталса, 49у өнөкөт оорусуна байланыштуу сактап калууга мүмкүн болбогон. Дагы 21 аялдын өлүмүнө ким күнөөлүү экени талашты жаратууда.
Автор, өткөн жылы эки айга жетпеген убакытта бир эле төрөт үйүнөн 6 эне мерт болгону коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөнүн жазган. Оорукананын жетекчилери кызматтан алынып, кылмыш иши да козголгон. Бирок, мындай чаралар энелердин өлүмүн кыскартууга таасир бербегендигин адистер белгилешүүдө. Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов энелердин өлүмүнүн саны өсүп жатканын себебин териштирүү максатында ар бир жооптуу кызматкерди угуп чыккан сон, өз чечимин жарыялаган
“Ар бир өлүм боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр өз жазасын алат, андыктан министрлик сөгуш менен гана чектелүүнү чечтик” дейт министр Мамбетов.
Перинаталдык борбордун жетекчиси Мира Султанова анын борборунда болгон окуялардын чоо-жайын мындайча түшундүрөт:
“Республикалык төрөт үйү жабылып, бизге оорулар абдан көп келип жаткан убак болчу. Бир күндө 35 төрөт кабыл алып жатканбыз. Согуш майдандагыдай шартта иштеп жаттык, бардык операциялар күндүзгү маалга туш келип, 7 операцияга чейин болуп атты. Биз жаңы кызматка келгенден 3 күндөн кийин бир эне каза болуп калды. Ал башынан бери геппатит менен каттоодо турган аял экен, өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болбоду. Аз өтпөй дагы бир аял көз жумду. Ал операцияга макул болбой өзүм төрөйм деген. Бирок төрөт убагында кыйналып, кесерово кылганга туура келди. Тилекке каршы, бир нече күндөн кийин каза болуп калды. Азыр бул иш боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат” дейт Мира Султанова.
Чындап эле сөгүштүн же соттоонун бул жерде жетишсиздигин врачтар, журналисттер гана эмес, ал түгүл укук коргоочулар түшүнүшүүдө.



Акыркы пикирлер