Кадыржан Батыров өзбектерди университетине алдап чакырган
Коом1 пікір
Жалал-Абад облусуна кырдаал менен таанышуу максатында редактордун орунбасары Назгүл Мамытова сапар алып, ал жактан облустун учурдагы абалы менен таанышып, 19-майда чыккан кыргыз-өзбек чыр-чатактары боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Ал төмөндөгү маекти даярдап редакцияга жиберди. Жалал-Абаддагы абалды, ошондой эле башаламандыктын толук иликтөө варианты кызматкерибиз Бишкекке келген соң гезитибизге жарык көрөт. Маек, Сузак районундагы “Давр” укук коргоо коомунун укук коргоочу айымы Сатыбалдиева Рано Вахабжановна менен уюштурулган. Көпчүлүк элдин маалыматына караганда 19-майда кызуулукка алдырган өзбек туугандарды сабырдуулукка чакырып, ынтымакка үндөгөн өзбек айым ушул болгон, деп билдирет Алиби гезити.
- Рано Вахабжановна, айтсаңыз “Давр” коому эмне иш алып барат?
– “Давр” коому коомдук мекеме болуп саналат. 2005-жылы түзүлгөн. Биз негизинен адамдардын укугун коргоп, карапайым элдин үнүн угуп, жардам беребиз.
- Эже, Жалал-Абаддагы өзбек-кыргыз чырлары боюнча сизди жакшы билет дешет?
– Кадыржан Батыровдун өзбек-кыргыз ортосуна экинчи жолу от жагышы. 2004-жылы да эки элди кагыштырган. Анда да эч бир майнап чыккан эмес. Быйыл ошол адатын дагы карматты.
- Эмне себептен?
– Кыргызстанда жашап жаткан 1млн 250 миң өзбек улутундагыларга өзбек статусун берсин деген талап койгон. Ошондо, биз Жалал-Абадда жашаган өзбектер, Кадыржан Батыровдун бул идеясына каршы чыкканбыз. Анткени, биз Кыргызстандын жарандарыбыз. Бардыгыбыз мамлекеттик тилди колдойбуз. Керек болсо, мамлекеттик тилде сүйлөшүп жазабыз. Ошол учурда ушул биздин коомдун адамдары баш көтөрүп Кадыржан Батыровго каршы чыгып, ошонун негизинде “Давр” коому түзүлгөн. Бул коом учурда Адилет министрлигинен каттоодон өтүп, мыйзамдуу иш алып барууда. Жетекчиси Абакадир Бахарижан. Биз коомдук укук коргоочулар акча албайбыз. Кайрылган элдерге колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Биз улуттук чыр-чатактарга эч качан жол бербейбиз! Бардыгыбыз Кыргызстандын жарандарыбыз. Кыргызстанда ар кандай улуттун диаспоралары бар. Бардыгы өздөрүнүн маданияты боюнча иш алып барышат. Дагы кайталайм, биз башынан өзбек-кыргыз араздашууларына жол бербейбиз жана мындай нерсеге каршы турабыз.
-19-майдагы башаламандык тууралуу кеп козгосоңуз?
– Кыргызстан өзү кыйналып турган учурда Кадыржан Батыров өзү өзбектерди университетине топтоп, аларды көкүткөнү үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Эки элди бөлгөнү үчүн жазага тартылышы керек. Бардыгыбыз Кыргызстандын жараныбыз. Бүгүнкү күндө бул адам официалдуу түрдө издөөдө. Элди уюштуруп, жок жерден өзбек-кыргыз кылып чыр-чатак чыгарып, өзү качып кетти. Эми Убактылуу өкмөт Батыровго тиешелүү чараларды колдонсо, жакшы болот эле. Бейкүнөө адамдар өлүп, жарадар болушту.
- Кадыржан Батыров эмнени көздөп жатат?
– Кадыржандын коюп жаткан маселесин айтсам, Кыргызстанда өзбектердин кадыры жок имиш. Эгерде Кыргызстандагы өзбектердин диплому болуп, билимдүү болсо анан кадыр баркы болуп, жетекчилик кызматтарда иш алып барышат да. Бардык жагынан тажрыйбалуу болсо, буларды тиешелүү жерлер ишке алат да. Колунда диплому болгон күндө да кыргыз тилин билбей жатышпайбы.
- Эже, Батыров Кыргызстанда өзбектердин кадыры жок деп жатат дедиңиз. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Кыргызстанда өзбектердин кадыры жок деген карандай калп. Мен бул маселеге өтө каршымын. Эмне дегенде, бизде жашаган өзбектер абдан жакшы жашайбыз. Бардыгыбызда бир эмес экиден машина, эки кабаттан үйүбүз бар. Дүкөндөрүбүз, кафелерибиз, жерлерибиз бар. “Силер өзбектерсиңер”-деп эч бир кыргыз кадырыбызды жерге урган эмес. Бардыгыбыз тең укукта жашап жатабыз. Эркин жашайбыз. Кыргыз туугандар бизге эч качан кысым көрсөтүшпөйт жана көрсөтүшкөн дагы эмес. Сузак айылындагы круговойду барып көрсөңүз, ошол жердеги кафелердин бардыгы өзбектердики. Бир дагы милиция, УКК, прокуратура, каржы полициясы барып кысымга алып жаткан жери жок. Анан дагы өзбектерге эмне керек? Мен дагы бир жолу айта кетейин, бир да кыргыз өзбектерге каршы каяша айткан эмес. Бул бир гана Кадыржан Батыровдун идеясы. Себеби ал өзбек элинин атынан “Милли Маркес” коомун түзүп, элдин эсебиндеги бардык мүлктөрдү өзүнө приватташтырып алган. Сөзүм кургак болуп калбаш үчүн мисал келтире кетейин. Сузак районунда Сузак айылында кинотеатр “Спутник” деген бар эле. Бул кинотеарт “Милли Маркес” наамына берилип баланста турган. Азыркы күндө Кадыржан ушул кинотеатрды өзүнө приватташтырып алып аны кайра элге 600 миңге сомго сатты. Кадыржан Батыров өзбектер деп жан тартканы менен элди ойлогон жок. Ал Жалал-Абадда өзүнүн мүлктөрүн сактап калуу максатында өзбектерди курал катары пайдаланууда. Кадыржан өзбектерди ойлосо, эки элдин ортосуна от жаккандын ордуна аларды ынтымакка чакырып, тынчтыгын сактамак. Өзбекстанга караганда Кыргызстанда демократия күчтүү.
- Учурда абал кандай болууда?
- Азыр тынчып калды. Кадыржандын тилине кирип, жаңжал чыгарган өзбектер катачылыктарын мойнуна алышууда деп ойлойм. Анткени Кадыржан өзбектерди университетине алдап чакырган. Өзбектер ал жакка эмне себептен чогулганын да билген эмес. Алардын чогулганынан пайдаланып, жогорудагыдай маселени көтөргөн. Анан эл деген ким жакшы сүйлөсө, ошону ээрчип кетет да.



Рано эже, коркпой чындыкты айтканыныз учун чон рахмат. Сиз Кыргыз элинин эле эмес Кудай Тааланын алдында акыйкат учун курошуп жатасыз. Сизге, уй-булонузго жана ниети туура бардык озбек туугандарыбызга тынчтык, бакыт таалай, ден соолук калаймын.
[Reply]