Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Категориясыз

Кыргызстан 80 эркин өлкө

Авторы Эмир Аалы on Friday, 22 January 2010
Категориясыз
Пікір жоқ

Эл аралык саясатты иликтөө жаатында алгылыктуу иш алып барган АКШнын The Heritage Foundation (Мурас фонду) стратегиялык изилдөө институтунун ар жылкы “Экономикалык эркиндиктин индекси – 2010” рейтингинде Кыргызстан 80-орунду ээледи.

Ар жылкы изилдөөгө ылайык, 2009-жылдын жыйынтыктары менен Кыргызстан 0,5 пункта төмөндөп, жалпысынан 61,3 балл алган. Натыйжада республика рейтингдеги экономикалык эркиндиктин “кайсы бир деңгээлде эркин” категориясына илинген.

Экономикалык эркиндик

Heritage Foundation рейтингинде 50 баллдан аз алган өлкөлөрдүн экономикасы “репрессивдүү”, 50дөн 60ка чейинкилер – “өзгөчө эркин эмес”, 60-70 балл – “кайсы бир деңгээлде эркин”, 70-80 – “негизинен эркин”, ал эми 80ден жогору 100 баллга чейинкилер – “эркин” деп эсептелет.

Былтыркы жыл боюнча Кыргызстан соода эркиндиги жана коррупциядан эркиндик категорияларында начар көрсөткүчтөргө ээ болуп, өлкөнүн экономикалык эркиндиги 0,5 пунктка төмөндөгөн. Ал эми жалпысынанреспубликада экономиалык эркиндик жай темп менен болсо да өсүү жолунда деп бааланган. Кыргызстан ишкердик, каржы, эмгек эркиндиктери жана өкмөттүн чыгымдары категорияларында жакшы көрсөткүчкө жеткен. Бирок жеке менчик укугу жана коррупциядан эркиндик категорияларында республика начар бааланган.

Экономикалык эркиндикти баалоодо категориялар боюнча алсак, Кыргызстан “ишкер эркиндигинде” – 76,6, “соода эркиндиги” – 75,9, “каржы эркиндиги” – 92,9, “өкмөттүк чыгымдар” – 80,2, “акча-кредит эркиндиги” – 62,2, “инвестициялык эркиндик” – 50, финансылык эркиндик – 50, “менчик укугу” – 25, “коррупциядан эркиндик” – 18, “эмгек эркиндиги” боюнча – 82,6 баллга ээ болгон.

“Экономиалык эркиндиктин индекси – 2010” рейтингинде биринчи орунда 89,7 балл менен Гонконг, андан кийин Сингапур (86,1), Австралия (82,6) турат. Аталган рейтингде АКШ 8-орунда (78 балл) болсо, Кытай 140-орунда (51) турат. Ал эми Казакастан 82 (61), Тажикистан 128 (53), Россия 143 (50,3), Өзбекстан 158-орундарга (47,5) илинген.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.