Куру Факты: Балдар Бакчалары
Коом6 пікір
Республикабыз өз алдынча эгемендүүлүгүн алгандан бери көптөгөн бала бакчалардын саны кыскарган. 1991-жылы Бишкек шаарында 207 бала бакча иштеген болсо, 2005-жылы 92 гана бала бакча калган. Ушулжана томондогу маалыматтар Кыргыз Руху гезитинен алынды.Имараттары жеке адамдарга же ар кандай мекеме-уюмдарга берилип кеткен. 2005-жылга чейин бала бакчаларды куруу болгон эмес. Акыркы беш жылдын аралыгында жыл сайын жаңы бала бакча ишке киргизилип жатат, бирок буга карабастан, шаар боюнча бакчалар балдар менен ашыкча жүктөлгөн жана орун жок экендиги анык.Мисалы, шаар боюнча бала бакчалардын проекттик кубаттуулугу 12288 балага ылайыкталган болсо, учурда 18741 бала катталып, бакчага барып жатышат, ал эми 1000ге жакын бала балдар бакчасына кирүү үчүн кезек күтүү тизмесинде катталган. 2008-жылы бала бакчанын даярдоо тобун 3015 бала бүтүрсө, ал эми 2009-жылы 3563 бала бүтүрдү.Жалпы билим берүүчү мектептерге быйылкы 2009-2010-окуу жылында 10 миң 317 бала 1-класска кирди. Мындан канча бала жеке менчик балдар бакчаларынан, канчасы мектепке даярдыгы жок келгенин так айтуу мүмкүн эмес. Бирок шаардын бардык мектептеринде жалпы эле балдарга 1-класска кирүүгө даярдык көрүү максатында 100 сааттык программанын алкагында окутуучу сабактар өтүлдү.КР Президентинин 1992-жылдын 12-февралындагы №УП 48 “КР мектепке чейинки мекемелериндеги балдарды кармоо жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмунда аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга тамактанууга төлөнүүчү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди берүү үчүн иштелип чыккан Жобонун 2.3 бөлүгүндө 4 жана андан көп балалуу ата-энелерди 50 % жана үй-бүлөсүндөгү бир мүчөнүн киши башына келүүчү киреше эң аз айлык акыдан ашпаган ата-энелерди 100 % бошотуу каралган. Ата-энелердин арызы жана тиешелүү документтерди тапшыруусунун негизинде атайын түзүлгөн комиссия бир жылдык мөөнөткө жеңилдиктерди берет.Бишкек шаарынын социалдык жактан корголбогон калктын катмарындагы үй- бүлөлөрдөн 1920 бала мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барышат, алардын ичинен 232 бала (37 бала 25%, 97 бала 50%, 57 бала 100 %) тамактануу үчүн төлөмдөрдөн бошотулган, бул 2009-жыл боюнча жергиликтүү бюджеттин 10813353 сомун түзөт. 100 % бошотулгандыкы 9480 сомду, 50 % бошотулгандыкы 4689 сомду, ал эми 25 % бошотулган бир баланын тамактануусу мамлекет үчүн бир жылда 2340 сомду түзөт.



Булардын бардыгы расмий маалымат да. Сиз билбейсизби, расмий
эмес маалыматтарды ким даярдайт жана кандайча алар откорулот? Баары бир рахмат, муну дагы билбептирмин.
[Reply]
“Бир баланын тамактануусу мамлекет үчүн бир жылда 2340 сомду түзөт”. Бул бир кундо 8 сомбу?
[Reply]
Мирсулжан, сиз озунуз эркин рынокту колдойсуз. Балдар бакчасында эркин рынок кандай иштейт деп ойлойсуз? Менин оюмча, Туштук Азияда жеке бала бакчалар абдан жакшы иштешип жатат.
[Reply]
Nazgulya, Тилекке каршы расмий эмес маалымат менен ким иштешээрин билбейм. Бул маалыматтын расмийлигине жарага мунун аты “Куру факты” деп аталат
[Reply]
Айбек, эсептеп келсек ошондой болуп калат. Ошондуктан ата-энелер ай сайын бакчаларга акча берип турат.
[Reply]
@Amir эгерде имарат куруу, иш алпаруу, билим беруу учун лицензияларды алуунун, бюрократиялык документтердин баарын толтуруп жана салыктарды чон денгээлде толоонун кереги жок болсо анда биздин деле бул сектор онугушу чон мумкунчулукто болмок деп ойлойм.
[Reply]