Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом, Маданият

Кыргыз тилине байланышкан 17 кызыктуу сайт

Авторы Төлөгөн Аматов on Friday, 27 January 2012
Коом, Маданият
2 пікір

Акыркы убакта кыргыз тили тууралуу жана анын тегерегинде көбүрөөк кеп кылына баштады. Тил үйрөнүүгө арналган же жардам берген интернет булактарына кыскача сереп сала кетүүнү чечтим.

Бирок буга чейин “Кыргыз тилин эмне үчүн үйрөнүш керек?” деген суроого өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын биринин студенти Маргарита Скочилодон мекендештерибизге лирикалуу жооп:

«Биздин жер жылуулукка, жарыкка, көк-жашылга, сүйүүгө каныктырылган. Баарында жеңилдик жана мээрим сезилет.

Ал эми кыргыз тили – желдин аймаганындай жумшак. Ушул жер үчүн атайылап ушундай жаралгандай. Ал биздин тоолорубузду, өзөн сууларыбызды, кайталангыс токойлорубузду сүрөттөө үчүн жаралган. Жана жерде жок сулуулук, Кыргызстандын жүрөгү – Ысык-Көл так ушул тилде сүрөттөлүшү керек.

Биздин Ысык-Көлгө бир да океан, бир да деңиз тең келбейт. Ысык-Көл – бул кичинекей, жылуу көл. Ошол эле учурда горизонтко, оролуп келген толкундарга көз жүгүртсө, анын жаны бар экенин, ал жандуу экенин жана өз толкундарынын шыбыры менен биз менен сүйлөшүп жатканын сезсе болот.

Кай бир жерде, сенден болгону эки жүз чакырым аралыкта Ысык-Көл шарпылдап турганын билүүнүн өзү – бакыт. Ал эмес ушул көз ирмемде, так сенин өлкөңдө. Жана мен кыргыз жеринде – эң кооз жерде – жашаарымды, кыргызстандык катары ушул ыйык сууга кол тийгизе аларымды, тоо-токойдун, албууттанган дарыялардын, бутка оролгон чөптүн тилинде, көк карагай, кызгылт күн чыгыш менен көпкөк көлдүн тилинде – КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ – сүйлөөрүмдү сыймык менен айтам!»


Бул постто тил үйрөнүп жаткандарга жардам бере турган же ошого багытталган ресурстар тууралуу сөз болмокчу.


http://kyrgyz.lugovsa.net Алекс Луговскойдон кыргыз тил курсу.

Мыкты жана кыйла иштетилген сайт. Анда автордун терең илимий-методикалык даярдыгы жана окутуу тажрыйбасы байкалып турат.

Сайтта тил тарыхынын теориясы менен бирге кеңири грамматикалык, фонетикалык окуу материалын камтыйт. Эң башкысы – жакшы (ар дайым эмес, бирок автордун Израилде жайгашып, бул тилде сүйлөгөндөргө жана булактардан алыс, чамасы чарк экенин эске алуу керек) мисалдар жана тилдик конструкциялар берилген.

Тилди тартип менен, илимий негизде үйрөнгүсү келгендер үчүн must use катары сунуш кылынат. Албетте, ресурсту дагы өнүктүрүп, материалга толтуруу керек, анткени менен сайттын азыркы абалы деле тилди үйрөнө баштоого кыргыз тилин үйрөнө баштаганга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

http://tili.kg/ Кыргыз тилин online үйрөнүү.

Бул жап-жаңы долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү деп мен колдонуучулардын кыргызча-орусча сөздүк түзүү мүмкүнчүлүгүн жана тил үйрөнүү курсун (азыр Бишкектеги эң белгилүү жана натыйжалуу кыргыз тил окуу китептеринин авторун ишке тартуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат) көрсөтөр элем. Ошондой эле медиакитепкана толтурула баштаган, мындай http://kyrgyz.lugovsa.net сайтында жок.

Ресурсту иштеп чыгуучулардын бири Александр Туманов мындай дейт: «… кыргыз тилин үйрөнүү боюнча колдо болгон материалдар кагаз түрүндө гана жана кыйла эскирип калды. Мындан тышкары, кыргыз тилин үйрөнүү боюнча көп программаларда интерактив курамы жок болгондуктан кызыксыз. Сайтта кыргыз тили сабактары, жаңы ыңгайлуу сөздүк жана чат бар. Ал гана эмес, каалаган киши базабызга кошуу үчүн өз материалдарын: сөздүктөрдү, китептерди, медиафайлдарды бизге жиберсе болот».

Эгер бул ресурстун башкаруусу жарашса, келечеги кең деп эсептейм. Жеке мага кыргыз катары сөздүккө жаңы сөздөрдү краудсорсинг аркылуу киргизүү пикири өзгөчө жакты.

Муну неологизмдерди мыйзамдаштыруу катары караса болот: алар сөздүк макаласынын өзүндө талкууланат.

Дүйшеева Гүлмира Самтыевнадан «Кылым карыткан тил» окуу китеби.

Борбор Азиядагы Америка Университетинин «Кыргыз тилинин практикалык курсу» кафедрасынын окутуучусу.

Бул курс оозеки жана жазуу жүзүндөгү кепке комплекстүү окутууну талап кылат. Автор тилди натыйжалуу өздөштүрүү үчүн сабактарды, жадыбалдарды, схемаларды иштеп чыккан жана сабактарда колдонуу үчүн лексикалык минимум түзгөн.

Менин баамымда, Гульмира Самтыевна жана анын кесиптештери кыргыз тили үчүн TOEFL тилдик тестинин аналогун иштеп чыгышкан. Бул окуу китеби боюнча окутуу програмынын кеңири сүрөттөлүшүн Борбор Азиядагы Америка Университетинен алсаңыздар болот.

http://www.sanjyra.kg/ Санжыранын генетикалык байланышы аркылуу кыргыз элди бириктирүү

Шрек кырыгзча.

Фильмдерди жана мультфильмдерди кыргыз тилине которуу керек экенинин даана өрнөгү. Кесипкөй котормочу болбосо да, ыктыярчылар которгон мультфильмдин кыска эле үзүндүсүн көрө алдым, абдан жакшы болуптур! Менин 2 жашар жээним орус тилиндеги “Маша жана аю”, “Том менен Жерри”, “Ну погоди!”, “Мадагаскар” жана “Кунфу Панда” мультфильмдерин ичине кирип кетчүдөй болуп көрөт.

Белгилүү мультфильмдерден бир нечеси КТРКнын студияларында кыргыз тилине которулган, бирок баары бир аздык кылып жатат. Мен өз балдарыма эне тилимдеги мультфильмдерди көрсөтө алам деген үмүттөмүн :)

http://EneTil.kg

Кыргыз тилин Google Translate сервисине киргизүү боюнча долбоор. Бул ресурста каалаган адам котормолор базасын толтуруу үчүн англисче жана кыргызча тексттерин кошо алат.

Киргизилген тексттер (сөзмө-сөз котормо) тилдик түгөйлөргө ажыратылган соң модераторлордун текшерүүсүнөн өтүп, алар кабыл алса Google Translate Toolkit котормолор базасына жүктөлөт. Ошентип, Google Translate котормолор кампасы жаңы тилдик түгөйлөргө толуп, белгилүү бир чекке жеткенде кыргыз тилинен сервисте болгон башка бардык тилдерге которуу механизмин иштеп чыгуу процесси жолго коюлат деп күтүлүүдө.

Ошону менен бирге, долбоордун максаттары муну менен чектелбейт. Котормолор базасына жаңы тексттерди кошуу каалаган кесипкөй котормочуларга текст менен иштөөдө Google Translate Toolkit куралын колдонууга мүмкүнчүлүк берет.


http://Jumasheff.kloop.kg Тил үчүн күйгөн, интернетте жана турмушта кыргыз тилине кам көргөн Motorola жана Nokia телефондорун (Nokia расмий чыгарганга чейин) кыргызчалаткан Жумашев Мураттын сайты. Ушул эле постто буга чейин аталган Эне Тил долбоорунун демилгечилеринин бири. Ал кыргыз тилинде болуп жаткан кубулуштарды чечмелеп, сүрөттөп берүүгө аракеттенет.

http://tamgasoft.kg Windows жабдыктарында кыргыз тилин колдоочу програмдарды жайылтууга арналган сайт. Азыркы убактагы эң кызыктуу колдонмо – KyrSpell 2.0 – MS Office үчүн кыргыз тилинин орфографиясын текшерүү системи.


Skype кыргызча. Илья Лукаш үн жана көрмө чалуулар боюнча белгилүү сервис болгон Skype ты ыктыярчылар менен бирдикте кыргыз тилине жергиликтештирүү боюнча долбоорду кечээ жакында эле аяктады.

кыргызча жайым файлы. Бул үчүн көптөн бери, 2007-жылдан тарта эле жергиликтештирилген жайымды түзүү үчүн расмий колдонмо бар. Бектур түзгөн жайымдын аркасы менен көп эл кыйналбай интернетте, MS Office жабдыктарында кыргызча тексттерди ӨҮҢ тамгалары менен туура жаза башташты.

http://azattyk.org.

http://diesel.elcat.kg/index.php?showforum=274


Кыргыз тилине жаңы кирип, талаш-тартыш туудуруп жаткан сөздөрдү талкуулоо боюнча портал

http://keyboard.isoc.kg

Кыргыз арибиндеги компьютердик тергич.

Кыргызча тергичти (клавиатураны) “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” мүчөсү, ишкер Нурмухаммед Абдыкадыров иштеп чыккан.
Бул идеянын чыгышына бир окуя себеп болду. Кайсы жыл экени эсимде жок. Жакынкы эле жылдары бардык интернет кафелерде текст терип бере турган кызмат бар болчу. Бир күнү ошондой кафелердин биринин жанынан өтүп бараткам. Ал жерде бир кагаз илинип туруптур. “Текст теребиз. Орусча, англисче тексттер 15 сом, башка тилдер 20 сомго терилет” деп жазылган экен. Ушул нерсе менин намысыма тийди. Өзүбүздүн жерибизде өзүбүздүн эне тилибиз кандайча башка тилдердин арасында кирип калсын деген ой мага түрткү болду деп айтып берди.

Кыргызстандын жаңы адабияты

http://literatura.kg

http://Bizdin.kg

Кыргыз тилиндеги адабияттардын интернет китепканаларынын эң кызыктууларынын бири. Жакындан бери бул жерде Аудио жана Видео, Сөздүк бөлүмдөрү. Бирок алар азырынча жакшы толтурула элек.

http://KMB3.kloop.kg

Эң белгилүү кыргыз тилдүү сайттардын бири, анда макалалар, блогдор, кыргыз тилиндеги адабият, улуттук оюндар, салттар, ашкана тууралуу маалымат жана, эң негизгиси, ар кандай сөздүктөргө жана окуу куралдарына шилтемелер бар. Социалдык тармактардагы аккаунттары:

http://ky.wikipedia.org Акыркы жарым жылдын ичинде жаңы макалаларга толтурулуп отуруп, 4 483 макалага жетти.


Кыргыз Википедиясынын санын көбөйтүү жана элге жайылтууга чоң салым кошкондор катары «Азаттык» радиосунун Кыргыз кызматынын веб-редактору Тынчтыкбек Чоротегин жана IREX Кыргызстан уюмунун тренинг координатору Тынчтык Жанадыловду атап кетким келет.

http://presskg.com/ негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.

http://kutbilim.narod.ru/isim.htm Кыргызча аттардын маанилеринин чечмелениши. Бул жерде кызыккандар үчүн негизги аттар менен алардын маанилери келтирилген. Албетте, көп кездешүүчү аттардын тизмеси такай толукталып турат, бирок салттуу аттар ал жакта бар. Кызык жери – ат кайсы тилден киргени да көрсөтүлгөн. Адатта араб жана перс.

http://www.barakelde.org

Сайттын контенти – ар кандай булактардан алынган кыргыз тилиндеги жаңылыктар (Кыргызстандагы, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн жаңылыктары жана окуялар).
Долбоор кыргыз тилин ушул тилде көп колдонулуучу контент түзүү аркылуу өнүктүрүүгө арналган.

http://www.super.kg/

Маалыматтык-көңүл ачуучу портал, баарынан көп киши кирген медиаресурстардын бири. Мында жаңылыктар, музыка, аудио жана видео, форум, эл сурамжылоо жана башка көп нерселер бар. Кыргыз тилиндеги тренддерди окуп, байкап турууну каалагандарга пайдалуу. Мисалы, «селсаяк» деген сөз Юдахин түзгөн сөздүктө «лошадь, отделившаяся от табуна» же «бродячий, оторвавшийся от коллектива» дегенди билдирсе, «Суукта селсаяктар кантти экен» деген макалада «бомж» деген мааниде колдонулат.

http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/

BBC корпорациясынын кыргыз тилиндеги жаңылык порталы. Бул жерден кыргыз тилиндеги жаңылыктарды окуп гана эмес, бул жандуу оозеки кептин үлгүлөрү (тил кадимки турмушта кандайча колдонулары) менен таанышыш үчүн подкасттарды да укса, видео көрсө болот. Мисалы, Кыргызстандын белгилүү ырчысы Каныкейдин Би-Би-Си радиосуна берген маегин угууга мүмкүн. Негизги басымды оозеки кепти түшүнүүгө жасагандар үчүн пайдалуу.

Бул макала 24.kg сайтынан алынган.
Автор: Улан Жумашев жана Кыргыз тилге которгон жана кошумча кылган Аматов Төлөгөн.

2 пікір »

  • Rasul says:

    2011-жыл кыргыз тилдүү интернет барактары бир кыйла өстү. Бул чындык. ошондой эле кыргыз тилинде толук кандуу маалыматтарды 2011-жылдын октябрь айынын ортосунан баштап “кыргыз информ бюро” http://www.kg.kib.kg агенттиги да ишке кирип, өз окурмандарын таап келет. (Убакыттан пайдаланып реклама кылып кетейин. :-) )))

    [Reply]

  • Мээрим says:

    Рахмат!Ушундай сайттар көбөйсө Кыргызстан өнугөт!

    [Reply]

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.