Минималдык бааны орнотуу – туура эмес саясат
«Орто профессионалдык билим берүүдө (ОПББ) ЖОЖдогудай кылып минималдык бааны орнотуунун орду бар», – деп кечээ күнү Билим берүү Министри Ишенгүл Болжурова билдирди. Бул сунуштун терс жактары көп, жана аларга биз бул жерде токтолобуз.
Министрдин оюнда, сапаттуу ОПББ билим бааны көтөрүүдөн пайда болот.«Дүйнөлүк тажрыйба сапаттуу билим арзан болбос экендигин тастыктады», – деп кошумчалады ал.
Азырга дейре профбилиминин сапаты жоктугу биринчиден мамлекеттик окуу мекемеси болгондугунан, ал жакта материалдык-техникалык жабдыктардын жоктугу, ал мекемелердин параколугу жана мугалимдик сапатынын абдан төмөндүгүнөн келип чыгат.Анан дагы, бул билим мекемелери, эгерде жеке секторго таандык болушкандарында, керектүү түрдө реклама иштерин жүргүзүшүп, өздөрүнө окуучуларды тартып, аларга терең билим берүүгө аракеттенишмек.Бирок, тилекке каршы бардык проблемаларды камтыган бул чөйрө баанын көтөрүлүшүнөн өзгөрүп кетпейт. Бул, маршрутканын баасынын жогорулаганындай эле жыйынтыкка алып келет: баа жогору, сапат баягы.Анан дагы, эгерде бул секторду приватташтыруу керек болсо, минималдык баа абдан эле жолтоо болуп, чыныгы конкуренциянын пайда болушуна тоскоол болот.



Акыркы пикирлер