Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

Саясатпы же Криминалбы

Авторы Гульсали on Saturday, 18 April 2009
Коом
Пікір жоқ

Жогорку Кеңеште депутат Кадыралиев Санжарбекти өлтүрүү фактысы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы жөнүндө маселе каралып, Ички иштер органынын, Башкы прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрүнүн маалыматы угулган. Ал жактан бийликчил саясатчылар бул ишти саясатка аралаш деп билдиришти.Ички иштер министринин орунбасары Курманалиевдин айтымына караганда, Санжарбек Кадыралиевдин өлүмү тууралуу алгачкы маалымат 2009-жылдын 14-апрелинде саат 17.00дө келип түшкөн. Дароо ыкчам иштөө тобу түзүлүп, «Перехват» операциясы жарыяланган. Кылмышкер түшө качкан автомашина ошол эле күнү табылып, анын айдоочусу Перфильев деген жаран сурак берүүдө. Ал акыркы мезгилде жеке таксист болуп иштеген. Азыр бул кылмыш иши боюнча 500дөн ашуун адам суралды. Алардын жардамы менен кылмышкердин фотороботу түзүлгөн. Учурда Казакстандын Чымкент шаарында эки оперативдүү топ иштеп жатат.Негизинен үч жоромолдун үстүндө иш жүрүүдө: депутаттын саясий ишмердүүлүгү, кылмыштуу топтордун өзара чатагы, коммерциялык ишмердүүлүк. Башкы прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү да ушундай эле маалымат бар экендигин, азыр баары чогуу иш алпарып жаткандыгын айтышты.Азыр Кыргызстандан 6 ири кылмыш тобу бар. Күч органдары тарабынан кылмыштын алдыналуу чаралары көрүлүп, былтыр 98 кылмыштуу топ мүчөсү, быйыл 8 кылмыштуу топ мүчөсү камакка алынган. Тилекке каршы, кылмыштуу топ башчылары аргандай кылмыштарды тикелей өздөрү эмес, башка бирөөлөрдүн колу менен жасап жатышат. Ички иштер министринин орунбасары учурда кылмышкерлер тобун ооздуктай турган атайын мыйзам долбоору иштелип жаткандыгын маалымдады. Ушу тапта жеке куралдарды криминалдык экспертизадан өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.Алишер Мамасалиев бул окуяны анын саясый иши менен байланыштырды. Ким аны оппозиция “заказ” бериптирби. Менин обмча бул криминалдык эле окуя.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.