Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

Тукумсуздук Ар Бир Экинчи Аялда

Ребенок; фото happydoctor.ru

Азыр Кыргызстандагы ар бир экинчи аял тукумсуздук дартынан жапа чегишет. Канча жылдап дарыгерлерге, көз ачыктарга, бакшыларга, мазарларга барганын айтышат. Эндокринологиялык тукумсуздукту лабораторияларда аныктоо өтө көп акчаны талап кылат. Анализдерди кайра-кайра изилдөөгө көптөгөн каражат керек, карапайым калк үчүн бул албетте өтө кыйын, – дейт Заман Кыргызстан гезитине берген интервьюсунда перинатология боюнча эксперт Арсен Аскеров.

Анын айтымында, мындан он жыл мурдагыга салыштырмалуу тукумсуздук абдан эле өстү, ал бара-бара үй-бүлөлүк көйгөйгө айланууда. Аялдар арасындагы тукумсуздук үчкө бөлүнөт. Биринчиси, тукум куучулук проблемалары же болбосо турмуш курганга чейин эле төрөлгөндөн тартып жыныс бездеринин иштешинин бузулушу. Бул генетикалык ооруларга байланыштуу.

Учурда лабораториялык изилдөөлөр жогорку деңгээлде өнүккөндүктөн мунун себептерин аныктоого мүмкүнчүлүк бар. Бирок, бул багытта иштөөгө өтө чоң каражат талап кылынат. Экинчиси, жугуштуу оорулардан улам келип чыгууда. 1990-жылы союз жоюлуп, “сексуалдык революция” кулач жайып, медициналык кызматтын деңгээли төмөндөгөнүнө байланыштуу жугуштуу оорулар күч алган.Ошонун кесепетинен жатын түтүкчөлөрүнүн бүтөлүп калышы бул көйгөйдүн тереңдешине алып келген. Мамлекеттик эмес уюмдар иштеп жаткандыгына карабастан азыр деле жугуштуу оорулар олуттуу проблема катары калууда. Үчүнчүсү эндокринологиялык оорулардан улам пайда болгон тукумсуздук.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.