Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

Чынгыз Айтматов ооруканага жатып калды

Авторы Гульсали on Saturday, 17 May 2008
Коом
Пікір жоқ

16-майда Татарстандын борбору Казань шаарында КР эл жазуучусу Чынгыз Айтматов ооруканага жатып калды. Бул туурасында Кабар агенттиги билдирди. Татарстанда Россиялык телеканал жазуучунун 80 жылдыгана байланыштуу «Кылымга тете бир күн» аттуу телефильм тартып жаткан. Чынгыз Төрөкулович өзүн жаман сезип, “тез жардам” менен республикалык клиникалык ооруканасына жаткырылды. Врачтардын аныктамасына караганда жазуучунун бөйрөгүндө дарт бар экени байкалган.Эки күндүк чыгармачылык командировка учурунда Ч. Айтматов Татарстандын президенти Минтемир Шаймиев менен жолугушуусу, ошондой эле жазуучу маркум энеси Нагима апанын урук туугандары турган жерде болуп, алар менен баарлашуусу пландашылган. “Татар-инфо” агенттиги жазуучунун жардамчысы Алимжан Мирзаевдин сөзүнө таянып, анын абалы бир калыпта оор экенин билдирет. Бирок ушул убакта Ч.Айтматов өзүн жакшы сезип калды. Республиканын саламаттык сактоо министри Айрат Фаррахов жазуучунун тез арада сакайып кетиши үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.Кабар агенттигинин маалыматына караганда мындан төрт жыл илгери Ч.Айтматов инфарк оорусуна чалдыгып Анкарада Түркиянын медициналык аскер академиясынын кардиохирургиялык ооруканасында жазуучунун жүрөгүнө операция ийгиликтүү жасалып айыгып чыккан.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.