Эки Бишкек
Фото: benpaarmann, Flickr
Борбор калаабыз Бишкек – дуйнө жүзүндөгү жаӊы жана жашыл шаарлардын бири. Бул жер бир караган адамга өтө эле жөнөкөй, бөлөк өлкөлөрдүн баш калааларына салыштыра келгенде, анча кооздугу жок болуп көрүнгөнү менен турмуш тиричиликке бай, ар бир нерсеси өз алдынча кызыктуу жана көркөм. Бул шаарга шаар ичи жана шаарга жакын аймактар кирип, жалпы жонунан Бишкек деп аталат.
Бишкек шаарынын тузулуу тарыхы дагы өзүнчө бир кызык, бирок бугун биз бул шаар жөнүндө эмес, шаар жашоочуларынын жашоо айрымачылыктарынын бир нечесин гана көрсөтүүнү эп көрдүк. Бишкек бир шаар болгону менен бул жерде турмуштук татымдары, жошоо шарты бири-бирине дал келбеген адамдар эки башка жерлерде жашап келишет. Муну менен биз шаар тургундарын жашоо шартына, аймагына ылайык биринчи жана экинчи Бишкек деп экиге бөлдүк.
Экинчи Бишкек- бул жаӊы конуштарда жашаган адамдардын жашоо шарты.
Шаарга жакын жайгашкан жаӊы конуштар (жол журуу убактысы 5 мүнөттөн баштап 25-30 мүнөткө чейин)-Арча-Бешик, Ак-Босого, Ак-Бата , Бакай-Ата ж.б Бул жаӊы конуштарга элдер 1990-жылдан тартып, өз мээнеттенип тапкан акчаларына жер улушун сатып алышып, үй курушуп, бак тигип, өз жаӊы конуштарына мектеп курулганда бала-чакаларын окутушкан. Биринчилерден болуп түзүлгөн жаны конуштардын окуучулары азыркы учурда мектепти аяктап, алды окуу жайларга тапшырып, окуп жаткан убактары. Өз убагында бул жерлерде жашаган адамдарды свет жана суу маселелери кыйнаган. Ал эми азыркы учурда алар андай кыйынчылыктарды унутуп олтурган убактары.
Ар бир жаӊы конуштардын аталышынан баштап , өзүнчө жаӊы конуш болуп түзүлүу тарыхтары дагы бири-биринен айырмаланып турат. Алсак, 2004-2005 жылдары ар кайсы жер-жерлерди күч колдонуп, астыларына ажылдаган, саясат жөнүндө биртике түшүнүгү бар аял-эркектерден салып алышып, өкмөт бизди бакканга жана өз жарандарына жер берүүгө милдеттүү деп, Бишкек шаарына республиканын ар тарабынан, көбүнчөсү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана Нарын, Ысык-Көл, Талас шаарларынын өзүндө жашаган, бирок жер үлүштөрү жок атуулдар мыйзамсыз турдө басып алышып, акыры жер бөлдүрүп алышкан( Озерное, Маевка, Кара-Жыгач ж.б). Ошол жылдардагы басылып алынган жерлерде мектептер курулуп эбак бүткөн жана азыр ал жерлерде окуучулар окуп жатышат, айылда 70% үйлөр курулуп, бирок светтери толук тартылып бүтө элек жана суулары таза эмес чыгат. Бирок, ал жакка барганда кадимкидей өз айылыӊ көз алдыӊа элестейт. Таза аба, жаш-балдардын ызы-чуу салып ойногондору жана кечкурун иттердин добуштары угулуп, үйлөрдөн түтүн чыгып турат.
Ар бир жаӊы конуштардын өз алдынча ички маселелери болуп келет жана алар төмөндөгүдөй:
- Суу көйгөйү – Ай аккан суу аккан суу, ар адамга жаккан суу демекчи, адамдарды таза суусуз жашоосун элестетүүгө эч мүмкүн эмес. Жаӊы конуш тургундарын таза суу маселеси абдан кыйнайт, алыстан челектеп суу ташышып, суунун баркын түшүнүп, аз коротконго аракет кылышат.
- Жол маселеси- жай мезгилинде асфальтталбаган жолдору чаӊга толуп, үйлөрдү бат-баттан чаӊ басып турат, ал эми жаз, күз б.а жаанчыл айларда өӊгүл-дөӊгүл болгон жолдору өтүүгө кыйынчылык жаратып, белчеден баткакка батырат. Кыскасы, автомашиналардын жана батинкелердин шору болгон жер деп да айтсак болот.
- Энергетика тармагы – кыш мезгилинде өчүрүлгөн жарык, көпчүлүк тургундарды кыйнап келет, айрыкча, жаш балдары бар үй-бүлөлөргө оголе азап, түнкүсүн тамак бере албай кыйналышат. Ал эми Лермантовдун тамсилиндеги, кышында калчылдап бийлеген ийнеликтей болуп, жайды жайлай ырдаган атуулдар, отун-сууну жетиштүү түрдө камдап албагандыктан, свет жарыгы түнкүсүн өчүрүлөөрү менен жылуу кийимдерин кийип, чүмкөнүп жатып алышат. Бир жагынан бир калыптагы температуранын жоктугунан жана сууктан, жаӊы конуштарда өзгөчө, жаш балдардын өпкөгө суук тийүү жана грипптин бардык түрлөрү менен катуу оорушу, шаар ичиндеги жашаган жаш балдарга караганда оголе көп кездешет, буга мисал, шаардык ооруканалардын 70-80% ошол экинчи Бишкектен келген жаш балдар түзүшөт.
- Газ – газ колдонууну азырынча айтпай эле турсак болот, себеби, ал жердиктердин үч уктаса түшүнө да кире элек.
- Маршруткалык каттам – Бул аймактарда маршруткалык каттам ар бир 10 мүнөттөн баштап, 30 мүнөткө чейин созулат.
- Сапаттуу мугалим жетишсиздиги – жаӊы ачылган мектептерде кадимки эле тоолуу айылдар сыяктуу сапаттуу мугалимдердин жетишсиздиги байкалат, мамлекетибиздин башка облус, райондорунун алыскы жана тоолуу айылдарындагы мектептерине көӊүл бурганы менен 2-Бишкек көнүл чордонуна бурула элек. Окуучулар толук түрдө бардык билимди жеткиликтүү ала алышпайт, себеби сапаты жогору деӊгеелдеги мугалимдер жетишсиз.
- Дарыкана жана ооруканалардын алыстыгы. Бул жерде ооруп калган адам тез жардамдан жардам сураганды эп корушпойт, себеби жолу алыс жана начар болгондуктан тез жардамдын кызматкерлери барууда дагы көп кыйынчылыктар туулат.
Экинчи Бишкектин элдеринин соода түйүндөрү:
Бул албетте ош базары жана өз жаӊы конуштарына жакын жайгашкан майда базарлар, соода сатык дүкөндөрү. Ош базарында азык-түлүк, кийим кечелердин баасы башка жерлерге салыштырмалуу арзан баада болгондуктан, көпчулук шаар тургундары мына ошол жерден соода-сатык кылышат.
Экинчи Бишкектин тургундарынын эс алуучу жайлары:
Бул албетте Бишкек шаарынын борбордук аянтчасы. Баш калаабыздын көркүнө көрк кошуп турган бул аянтчадан жаӊы конуш тургундарын аябагандай көп кездештирүүгө болот. Шаар көрөбүз деп келген Кыргызстандын ар булун-бурчунан келген адамдар, борбордук аянтчаны бир көрүп кетүүгө жана ошол жерде эс алып, эл көрүүгө умтулушат. Мындан 20 чакты жыл мурун ар тараптан эс алам деп келген элдер тарых музейлерине, ВДНК азыркы Фламинго атракциондук эс алуучу жайларын көрүп кетишчү.
Биринчи Бишкек
Ал эми биринчи Бишкек менен экинчи Бишкектин айырмачылыктары жөнүндө сөз кыла турган болсок, асман менен жердей болот. Биринчи Бишкек- бул бардык шарты бар кабат-кабат уйлор, айлана-чөйрө таза, айрыкча борбордун так ортосунда жашаган адамдардга өтө ыӊгайлуу шарттар бар.
- Ысык суу жана муздак суу. Бир жылда бир жолу 30 күнгө ысык суу өчүрүлгөн учурда гана элдер жүдөп калганы гана болбосо, калган 11 ай бою ваннада ысык суу, муздак сууну ченелбей колдонушат.
- Жолу- жолдору кышы-жайы түз, таза болот жана жол коопсуздугу гана адамдарды тынчсыздандырбаса, ар бир жылы жолдор түздөлүп, оӊдолуп турат.
- Свет – биринчи Бишкекте кышы да жайы да техникалык мүчүлүштөрдөн улам гана өчпөсө, мындай күндөрү шаардын дээрлик жарыгы өчпөйт.
- Газы бар.
- Маршруттук каттамдар бат-баттан жүрүп турат.
Соода кылчу түйүндөрү- бул жерде жашаган шаар тургундары чоӊ-чоӊ магазин, супер маркеттерден, бутиктерден соода кылышат. Мындай соода түйүндөрдө соода кылуу сапаттуу, ынгайлуу жана коопсуздугу бекем болот. Андан тышкары билим сапаттуулугу, эс алчу жайлары, ооруканалар, дарыкана, деги койчу толгон токой адамдарга эӊ зарыл болгон жерлерин, мекемелерин айта берсек сөз түгөнбөйт. Бул жерде жашоо абдан кызыктуу, жеӊил, ар кандай ооруулардан сырт болуу менен бирге көпчүлүк жаны конуш тургундары сыяктуу турмуштук маселелери жок жашоо кечиресиӊ.
Мына замандаш, эки Бишкектин айырмачылыгын көрдүӊөрбү. Эмесе, баардык окурмандарды, мээнеткеч болуп коп иштешине жана жакшы, жеӊил жашоосуна чакырамын.




Акыркы пикирлер