Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

Эмил Үмөталиев: Жасалма дипломго эмес, реалдуу билимге ээ болсок

Алдыда ЖОЖдордо абитуриенттерди кабыл алуу сезону жакындап келе жатат. Бүтүрүүчүлөр жайнаган окуу жайлардын каягына кирсек оң болот деген бүдөмүк суроолорго чалынып, түйшүк тартып турган чактары. Мектепти аяктап, турмуштун чоң жолуна сапар ала турган ар бир өспүрүм кеп-кеңешке зар болуп турган маалда бул кенемтени аз да болсо толтурсак деген ой менен “Kyrgyz Concept” аттуу борбордук Евразиялык тейлөө оазиси эки жылдан бери эл аралык байланыштар тармагындагы ишкердиктеринен тышкары жаштарга кесиптик багыт берүү кызматын киргизип, бул багытта курстарды уюштуруп келет. Бул курстарда атайын адистер кыска мөөнөттө баланын эмнеге жөндөмдүү экендигин аныктай алат. Төмөндө биз аталган мекеменин президенти Эмил Үмөталиев менен ушул темалардын тегерегинде кеңири маек курдук.

– Урматтуу Эмил Сатарович, өспүрүмдөр кандай кесипти тандаса адашпашы мүмкүн деп ойлойсуз? Биз эми балдарыбыздын келечегин эмнеден көрөбүз, кайда багыт беребиз деген чалкеш суроо өзгөрмөлүү дүйнөдө өтө актуалдуу экендиги айдан ачык болууда. Сиз дүйнө кыдырып, эл, жер көргөн адам катары буга кандайча жооп берер элеңиз?

- Совет коомчулугунда балдарга билим берүү жоопкерчилиги мамлекетке жүктөлгөн эле. Бул маселеге кийлигишкен адамдарды бийлик колго чаап турчу. Ошондонбу, кыргыздар жалкып калгансып буга көп кийлигишпей келет. Мындай мамиле туура эмес. Дүйнө цивилизациясында, өнүккөн өлкөлөрдө ата-эне баласынын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурат. Баласы эмнени окуп, эмнени билиш керек, мугалиминин деңгээли кандай деген маселелерге өтө олуттуу карашат. Ал эми баланы мамлекеттик мектепке же ЖОЖдорго тапшырып коюп, ошондон жыйынтык күтүп олтура берүү – бул баланы жөн эле тагдырдын тамашасына таштап коюу дегендик. Көзү ачыла элек балдарыбызды окуу жай менен бетме-бет жалгыз калтырбай, эне-ата биринчи кезекте көзөмөлдөп, өздөрү катышып турушу парз. Бул биринчи эреже деп коёлу.

Экинчиден, тил маселесине келсек, илгери кыргыз баласы орус тилин үйрөнүп алса оокаты тыңырак өтсө, бүгүнкү күндө ал аздык кылат. Дүйнө азыркы учурда англис тили аркылуу баалуулуктарын сактап, бул тил аркылуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, кайра өздөрүнүн жетишкендиктерин англис тили аркылуу элге таратып, сатып ийгиликке жетишүүдө. Азия өлкөсүндөгү алдыңкы элдер балдарына биринчиден, англис тилин, экинчиден, эсеп-санды, чыгаша, кирешени эсептегенди, үчүнчүдөн, компьютерде иштегенди, Интернет дайрасында жеңил сүзгүдөй өнөрдү берүүнүн үстүндө болууда.

Өткөн замандагыдай биз балага эт туураганды, жиликтегенди үйрөтүп эле чектелсек, эскинин чеңгелинде калган болобуз. Азыркы өспүрүм өзүнүн тилин унутпай туруп, англис тилин үйрөнүүгө, акчаны тапканга, эсептегенге, сарптаганга үйрөнүшү абзел. Марксизм, Ленинизм 70 жыл ичинде акчаны бизге жек көрүндү кылып койгон. Биз ошондон толук чыга албай жатабыз. Өнүккөн өлкөлөрдө балага бирге экини кошсо канча болот деп үйрөтүп баштаганда дароо эле эки сомго үч сомду кошсо канча болот деп үйрөтүп башташат. Температура, узундук, салмак деген ченемдердин ортосундагы универсалдуу ченем бул акча экен. Сан өзү соода мамилелерине ыңгайлуу шарт, түзүү үчүн жаралган. Бирок биз санды соодадан алыстатып үйрөтүп келгенбиз. Акчаны жаман көрсөткөн идеология кыска эле мөөнөттө урабадыбы. Бирок, биз андан батырак баш тартып, чалынбай бутубузду тез чыгарып, өнүгүү жолуна түшүшүбүз зарыл.

- Бирок элибизде заманга карабай, эптеп эле диплом алсам болду деп ЖОЖдорду сагалап, акчасын көтөрүп жүргөндөр андан көп…

- Жөн эле билим алып, дипломдуу болгондор азыр үйдө дивандарда бирөөлөрдүн багуусунда олтурса, айрымдары өздөрүн да, балдарын да багалбай кыйналып жүрүшөт. Ошон үчүн жөн эле билимди мээге топтой бербей, алган билимиңди ишке жумшай алганды үйрөнүш керек. Диплом – бул эч нерсеге далил эмес. Иш берүүчү дипломго ишенбей турган учурга өсүп жеттик. Себеби көпчүлүк ЖОЖдор коррупцияга баткан. Эми мен ишке алыш үчүн баланын касиеттерин, жөндөмүн өзүм акча, убакыт коротуп аңдап билип, анан жумушка алышым керек.

Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыргыздарда жогорку билимге ээ болуу аракети илгертен эле зор болгон. Бирок туура жолдон адашкан жерибиз бар. Совет мезгилинде окууга эптеп өтүп алса, эптеп бүтүрсө, эптеп диплом алып, эптеп папка, үстөлгө, айлыкка ээ болуп, 20 жыл квартира күтүп жүрчүбүз да. Анын азыр бири да жок. Жогорудагы стеоретиптен азыр да чыга албай жатканыбыз өтө өкүндүрөт. Бул чоң жаңылыштык. Диплом азыр эч нерсе бербей калганын түшүнбөй, ошонун аркасынан кубалап шор тартып жатабыз?

- Анда эмненин аркасынан кубалап, эмнеге таянабыз?
- Бүгүнкү заманга эмне керек деген суроону коюп, ошону изилдеп, иштөө парз. Мисалы, совет доорунда кардарга мамиле кылууга тарбиялаган эмес. Тейлөө кызматында кардарга орой эмес, сый-сыпат мамиле жасоодон уялган адамдар дале болсо бар. Бирок жаштар кардарга эң жакын адамына мамиле жасагандай мамиле кылууну эми үйрөнүп келатышат. Жапондордо “Кардар кудай” деген түшүнүк бар. Алар экспорттоо боюнча дүйнөдө эң бийик деңгээлге жеткен эл. Кардарга канчалык жакшы мамиле жазасаң, ошончо ийгиликке жетишесиң, ага кудайыңдай мамиле жаса деген түшүнүктөрдөн улам соода-сатыктын эң жогорку даражасына өсүп жетишти.

Ал эми кесип тандоо жөнүндө айта турган болсок, ар бир бүтүрүүчү кандай өнөргө жөндөмдүү экендигин билүү менен бирге кандай өнөрлөргө ээ болсом оокат кылып кете алам деп өзүнө суроо берип, анысына туура жооп таап, ошонун негизинде өз касиетин андан ары өнүктүрө ала турган ЖОЖдорду тандоолору оң. Башаламандыктын баары ушул жерден чыгууда. Өзүнүн ким экендигин аңдап билбей эле бирөөнү туурап, каяктан коңгуроо кагылса ошол жакты көздөй жөнөшүүдө. Бажычылар, салыкчылар, милициялар байып жатышат дегенди угуп алып балдардын баары бир кезде ошол толкунга түшүп кетишти. Алар кай жерде толкун көп болсо, ошол жерде өзүн таба албай, сыртта калып калышы мүмкүн экенин ойлонбойт. Ошондуктан ата-эне кесипти тандоодо балдарына маалыматты туура берүүлөрү парз.

- Бизде ЖОЖдордун рейтинги жок. Ар бир окуу жайы өзүн апендинин кызындай мактай берет. Бирок жыйынтыгы жумушсуздардын армиясын көбөйтүүгө алып келүүдө.

- Өзүн мактаган окуу жайды бүткөндөр жумушсуз көчөдө жүрүшөт. Ошол эле учурда айрым бир окуу жайын бүткөндөр оңой эле иш таап жатышат. Ошондуктан кайсы окуу жайын бүткөндөр турмуштан ордун таап жатса, ошолорду мактап, рейтингин аныктап беришибиз керек. Мындай маалыматтар тилекке каршы, азыр жок. Андай рейтингден көпчүлүк ЖОЖдор өздөрү да коркот. Анткени дээрлик ЖОЖдор студенттерди окутууда сапатка көңүл бурбай, эптеп эле топтоштуруп алып, акча алганга көнүп алышкан. Ушундан улам алардын каршылыгын аттап өтүп, ЖОЖдордун реалдуу рейтингин түзүп берсек, бүтүрүүчүлөргө адашпай турган жолду таап берген болоор элек.

- Бала эмнеге жөндөмдүү экендигин кантип аныктап, байкаса болот?

- Ар бир баланын өзүнө жараша психологиялык, эмоционалдык, физиологиялык өзгөчөлүктөрү бар. Балдар жакшыбы, жаманбы өзүнө ылайыктуу кесипти тапканга аракет кылат. Бирок ата-энелер балдарына көпчүлүк учурда өздөрү туура көргөн кесипти эле таңуулай берет. Ушунун натыйжасында балким биз көптөгөн генийлерден куржалак калып жаткандырбыз. Балабыздын көп учурда өзүнүн уникалдуу сапаттарына көңүл бурбай, натыйжада багын байлайбыз.

- Сиз жетектеген мекемеде кесипке багыт берүү боюнча атайын адистер иштеп жаткан экен. Ушул туурасында да айта кетсеңиз?

- Бул багытта атайын курстар ачылып, мында психологдор, билим берүү жаатындагы кызматкерлер биргелешип иштеп, ар бир баланын каалаган жана мүмкүнчүлүгү жете турган адистиктерди тандап алышына көмөк көрсөтүшүүдө. Бул жерден бала кыска мөөнөттө өзүнүн ким экендигин тааный алат. Мындай тейлөө кызматы Кыргызстанда бизде эле бар десем жаңылышпайм. Тейлөө кызматынан түшкөн акча каражаттарына ушул сыяктуу жаңы тармактарды ачып, тейлөө шарттарын кеңейтүүгө жумшасакпы деген изги тилек бар.

- Ушундай чалкеш мезгилде өнүккөн өлкөлөрдө өспүрүмдөргө кесиптик багыт берүү практикасы кандай деген суроо туулбай койбойт экен? Ушуга да токтоло кетсеңиз?

- Ар бир өлкөдө ар кандайча чечилет. Өнүккөн өлкөлөрдө балдарды бирдей тарбиялабай, ар бир баланын жеке талантынын ачылышына көмөк көрсөтүшөт экен. Мында жеке баланын баалуулуктарын жоготпошко аракеттенишет. Ал жакта жадагалса баа да койбой калышыптыр. Коюлган баа баланы бир четинен стреске туш кылса, бир четинен жалган ийгиликтерге умтулуусуна б.а. бааны кууп окуп калуусуна шарт түзөт деген ой таасирдүү. Ошондуктан мугалим окуучунун жалпы деңгээлин аныктайт.

Экинчиден, окуучулардан классыңарда ким жакшы окуйт десең, жооп бере алышпайт. Себеби мугалим ар бир окуучунун жетишкендигин, жетишпегендигин өзүнө гана айтат. Алардын максаты ар бир баланын өзүнүн дараметинен да бийик мүмкүнчүлүктөрдү, шык-жөндөмдөрдү ачууга, жетишүүгө шарт түзүп берет. Биз да совет мезгилиндеги билим берүүнүн жагдайларынан баш тартып, Британ, Америка системасынын үлгүлөрүн кабыл алып, идеологиялык туткундан чыгышыбыз керек.

Балдарыбызды эски технологияда калтырбай, жаңы, алдыңкы технологиянын шартында билим алуу жолуна үйрөтөлү. Андан кийин ал ошол билимди улам ийгиликтүү кабыл алып, турмушта колдоно берет. А эгер мектеп менен эле токтоп калса, анда алган билимин пайдалана албай, турмушта аябай кыйналып калышы турулуу иш. Совет мектептери билим алуу жолун эмес, билимди жөн эле топтош жолун үйрөтүп келген. Бизде жакшы билим бар, бирок колдонгонду билбейбиз. Батышта билимди, маалыматты жөн эле топтой бербейт. Керектүүсүн гана алат. Кереги жогун кабыл албайт. Бүгүнкү биздин мектептер билимди гана топтоп жатат. Аны ишке ашырууга жөндөмдөрү жок.

- Дүйнөлөшүү шартында билермандар да, көз ачыктар да көбөйдү. Айрымдар 20-30 жылдын ичинде кытай тили биринчи орунга чыгып, англис тилинин таасири азыркыдай болбой калат дешет? Алар айтмакчы 20-30 жылда эмне өзгөрөт, каякка басым жасайбыз деп элдин башы маң болуп турган чакта сиздин көз карашыңыз кандай?

- Кыргыз эли өзүнүн жеринин, элинин касиетине жараша ачык эл, ачык жер. Биз дүйнөнүн алгылыктуу баалуулуктарынын шартында байышыбыз керек. Бардык тармакта ийкемдүү болуп, бири-бирибизге тажрыйба таратып, өнүгүп, байыганыбыз оң. Ал үчүн жети өнөргө эмес, жүз өнөргө ээ болушубуз парз. Кыргыз мурда ат мингенди кандай билсе, компьютерди, тилди да ошондой билүүгө тийиш. Кыргыз кырк тилди билсе да аздык кылаар. Бирок сөзсүз түрдө англис тилин билсе дээр элем. Себеби дүйнөдө маалыматтын биринчи булагы англис тили аркылуу алынат.

Ал эми кытай калкы дүйнө жүзүндө саны жагынан көптүгүнө карабай балдарына англис тилин үйрөтүп жатышат. Батышта Кытайдан келип окуп жаткандар өтө көп. Демек, аларда тилибиз аркылуу дүйнөнү башкарып алабыз деген ой жок. Тескерисинче, англис тили аркылуу өнүгүүгө жетишебиз деген максатта иш кылышууда. Дэн Сяопиндин койгон беш максатынын биринде англис тили бар. Алар англис тилин үйрөтө турган адистердин баарын Кытайга уялбай эле чакырышууда. Арабдарда да ушундай аракет күч.

- Эми өзүбүзгө келсек. ЖОЖдордо төрт-беш жыл окубай эле кыска мөөнөттө кесипчилик окуу жайларынан билим алып, оокат кылганга кандай карайсыз?

- Ар ким өз мүмкүнчүлүгүн билиши парз. Дагы бир айтарым, өз мүмкүнчүлүгүн чектебеш керек. Изилдөөлөргө караганда ар бир адам өмүрүндө орточо эсептегенде турмушунда жети жолу өнөр кызматын алмаштырат экен. Мен да өмүрүмдө жети өнөрдү алмаштырдым. Эстей келсем, 1991-жылы бир шымымдан башка эч нерсем жок эле. Тилекке каршы, бүгүнкү заманда алган өнөрүң тез эле эскирип калууда. Ошондуктан адам заманга, агымга жараша билимин да, адистигин да тез өзгөртүп алган касиеттерге ээ болушу абзел.

Ал интеллектуал деп биз тез өзгөрмөлүү заманда баалуулуктарын, принциптерин тепсебей туруп, өзүнүн жолун тез таап, жаңы учурга тез ыңгайлашып кеткен адамды айтсак туура болоор деп ойлойм.

Өнөр же адистик жөнүндө токтоло турган болсок, бүгүнкү күндө адам өзүнүн гана тегерегинде, айылында калбай дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы жетишилген ийгиликтерге карап түзөлүүгө, ага жетүүгө аракет кылуулары тийиш. Ошондо гана жакшы жашоого жетише алабыз.

Аңгемелешкен Майрамбек Токторов, “Кутбилим

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.